Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-майы № 284
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 "6 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 226 "6 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 6 жылдык мөөнөткө кошумча нарк салыгынан бошотулуучу ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (товарлардын акциздик топторун чыгаруудан тышкары) жүргүзгөн экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегинде:
- 1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"
1 | 01.15.0 | Тамеки өстүрүү. Бул класс төмөнкүнү камтыбайт: - тамеки буюмдарын өндүрүү (12.00) |
";
- 5, 14, 18, 19, 20, 25, 28 жана 31-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |