Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-майындагы № 290 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге милиция кызматчыларынын катышуусун уюштуруу жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге милиция кызматчыларынын катышуусун уюштуруу тартибин, ошондой эле аталган чөйрөдөгү мамлекеттик органдардын компетенциясын аныктайт.
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына (мындан ары - укук коргоо органдары) карата колдонулат.
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
милиция кызматчылары - укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткаруу үчүн тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн полициялык компонентинин (мындан ары - полициялык компонент) курамына жиберилүүчү Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери (мындан ары - кызматкерлер);
алдын ала тандоо - укук коргоо органдарынын ичиндеги өздөрүнүн моралдык-иштиктүү сапаты, ден соолугунун абалы жана даярдыгынын деңгээли боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ), региондук эл аралык уюмдардын (мындан ары - эл аралык уюмдар) койгон талаптарына ылайык келген кызматкерлерди аныктоо максатында мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын комплекси;
окутуу - милиция кызматчыларына зарыл болгон билимге, көндүмдөргө жана жөндөмдөргө ээ болууга жана аларды жакшыртууга багытталган иш-чаралардын комплекси;
медициналык күбөлөндүрүү - эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышууга кызматкерлердин ден соолугунун абалынын жарамдуулугун аныктоо максатында белгиленген тартипте мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын комплекси.
3. Кызматкерлер тынчтыкты орнотуу миссияларына Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына, ушул Жобого ылайык катышат.
2. Милиция кызматкерлерин тандоо жана даярдоо
4. Тынчтыкты орнотуу миссияларына кызматкерлердин катышуусунун полиция компонентинин курамында камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - ИИМ) ишинин негизги багыттары:
- кызматкерлерди тандоо жана даярдоо;
- тынчтыкты орнотуу миссияларына кызматкерлерди жөнөтүүнү уюштуруу;
- тынчтыкты орнотуу боюнча операцияларынын милиция кызматчыларынын түзүмүндө катышуучуларынын тизмесин түзүү.
5. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышууга каалоосун билдирген кызматкерлерди алдын ала тандоо тиешелүү укук коргоо органдарынын кадрдык бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылат.
6. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке катышууга каалоосун билдирген кызматкерлер (мындан ары - талапкерлер) белгиленген тартипте тиешелүү укук коргоо органынын жетекчисинин атына билдирме жазат.
Берилген билдирменин негизинде укук коргоо органынын жетекчиси, түз жана тике начальниктеринин сунуштамаларын эске алуу менен, алдын ала тандоо боюнча иш-чаралардан өтүү үчүн талапкерге уруксат берүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
7. Талапкерлерди алдын ала тандоо кызматкер кызмат өтөп жаткан укук коргоо органында ишке ашырылат.
8. Талапкерлерге коюлуучу жалпы талаптар:
- укук коргоо органдарында календардык же льготалык эсеп менен 7 жылдан кем эмес укук коргоо органында кызмат кылган жетекчилик жана катардагы курамдагы адамдар;
- чет тилдеринде (англис, француз, араб тилдерин жана эл аралык уюмдар кабыл алган талаптар боюнча башка тилдерди) эркин сүйлөө;
- транспорт каражатын (мындан ары - автоунаа) эки жылдан кем эмес айдоо тажрыйбасы бар, механикалык которуу коробкасы менен толук кыймылдуу транспорт каражаттарын айдоого жөндөмдүү, "В" категориясындагы транспорт каражаттарын башкарууга укук берген анык айдоочулук күбөлүгүнүн болуусу.
Талапкерлер болуп төмөнкүлөр эсептелбейт:
- кылмыш иши боюнча шектүү же айыпкер катары тартылгандар;
- талапкердин мурда кызмат өтөгөн тиешелүү укук коргоо органдары, же эл аралык уюмдары тарабынан талапкерге берилгендер кызматтык терс мүнөздөмө алгандар;
- талапкердин мурда кызмат өтөгөн жеринен кызматтык же тартиптик тергөөнүн болушуна байланыштуу талапкерди кайтарып алуу же чакыртып алуу жөнүндө эл аралык уюмдардын чечимин алгандар.
9. Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келген учурда кызматкер алдын ала тандоодон өттү деп эсептелет. Талапкер тууралуу маалыматтар жана тастыктаган документтер талапкерлерди жалпы тизмесине киргизүү жөнүндө сунуштама менен ИИМге жөнөтүлүүгө тийиш.
10. Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш эместик же тыюу салуулар табылган учурда талапкерлер ИИМ тарабынан четтетилиши мүмкүн. Мындай учурда ИИМ талапкерлерге билдирүү үчүн тизмеге кызматкерлерди кошууга негизделген баш тартууну тиешелүү укук коргоо органдарына жиберет.
11. Талапкерлердин түзүлгөн тизмесин бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине (мындан ары - Ички иштер министри) берилет.
12. Талапкерлер ИИМдин медицина башкармалыгында алдын ала медициналык текшерүүдөн өтүшөт.
Медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкерлер окуу курсунан өтүүгө жолдомо алышат.
13. Окутуу курсу Ички иштер министри бекиткен окуу программасы боюнча жыл сайын бир айдын аралыгында ИИМдин билим берүү мекемелеринде ишке ашырылат.
14. Окуу программасы төмөнкү сабактардан турат:
- тынчтыкты орнотуу иштеринин негиздери;
- тилге даярдык (чет тилдерин билүүнү жакшыртуу);
- эл аралык гуманитардык укуктун жана адам укугунун ченемдери;
- биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн негиздери (алгачкы медициналык жардам көрсөтүү);
- механикалык которуу коробкасы бар толук кыймылдуу транспорт каражаттарын айдоо;
- байланыштын жана коммуникациянын (радиокоммуникациянын) негиздери;
- топографиянын жана жеринде багыт алуу жөндөмдүүлүгүнүн негиздери;
- физикалык таасир этүү чараларын колдонуу;
- атайын каражаттарды колдонуу;
- ок атуучу куралдарды колдонуу жана пайдалануу;
- маданият аралык коммуникациянын негиздери жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн эрежелери;
- моралдык-психологиялык даярдык.
Көрсөтүлгөн предметтерден тышкары, чакыруучу эл аралык уюмдун кошумча талаптары болгон учурда Ички иштер министринин чечими менен кошумча окутуу сабактары киргизилиши мүмкүн.
Милиция кызматчыларын окутуу программасы теориялык жана практикалык сабактардан түзүлөт.
15. Окутуунун жыйынтыгы боюнча талапкерлер тиешелүү теориялык жана практикалык экзамен тапшырышат.
Экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкерлерге даярдоо курсунан өткөндүгү тууралуу ИИМдин сертификаты ыйгарылат.
16. Талапкерлер эл аралык адистештирилген борборлордо (чет өлкөлүк укук коргоо жана жарандык окуу жайлары/уюмдар/мекемелер) даярдыктан өтүшөт.
17. Тынчтыкты орнотуу миссиясына жиберүү үчүн тандоодон өткөн жана окуу программасын өздөштүргөн талапкерлердин тизмеси, бардык талапкерлер тууралуу маалыматтар жана башка зарыл документтер белгиленген тартипте эл аралык уюмдарга жиберүү үчүн тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга (мындан ары - ТИМ) жөнөтүлөт.
18. Эл аралык уюм талапкерлерди жактыргандан (чакыргандан) кийин алар тынчтыкты орнотуу миссияларына жиберилет.
19. Укук коргоо органдары тынчтыкты орнотуу миссиясына жөнөтүлүп жаткан өздөрүнүн кызматкерлерин зарыл болгон жабдуулар, форма кийимдери менен камсыз кылышы керек.
20. Ушул Жобонун 12-пунктунда белгиленген тартипте эл аралык уюмдарга өздөрү жөнүндө маалыматтары жөнөтүлгөн жана жарандык полиция катары тынчтыкты орнотуу миссияларына жиберилбеген кызматкерлер, тынчтыкты сактоо миссиясына жиберүү үчүн талапкерлердин кезектеги тизмесин түзүүдө, алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен медициналык күбөлөндүрүүдөн алдын ала өткөндөн кийин аталган тизмеге киргизилүүгө тийиш.
21. Тынчтыкты орнотуу миссияларына катышуу үчүн милиция кызматчыларынын курамына ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине кирген укук коргоо органдарынын кызматкерлери гана, анын ичинде тынчтык орнотуу миссиясына мурда катышкан кызматкерлер жиберилиши мүмкүн.
3. Тынчтыкты орнотуу миссияларына милиция кызматчыларынын катышуусу
22. Тынчтыкты орнотуу миссияларында болгон учурда кызматкерлер Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте эл аралык келишимдер менен күчүнө кирген, жалпыга таанылган эл аралык укуктун ченемдерин жана принциптерин жетекчиликке алышат, жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарын сакташат, полиция миссиясынын башчысынын карамагында болушат жана уюмдун мандатына ылайык максаттарды жана милдеттерди аткарышат.
23. Тынчтык орнотуу миссиясына барганда кызматкерлерге мамлекеттик жана кызматтык сырлар тууралуу маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
24. Тынчтыкты орнотуу миссияларында кызмат өтөөгө келген кызматкерлердин мөөнөтүн узартуу кызматкердин каалоосун эске алуу менен, ИИМдин, тиешелүү укук коргоо органдарынын жана эл аралык уюмдардын макулдугу боюнча жүргүзүлөт.
4. Тынчтыкты орнотуу миссияларына катышкан милиция кызматкерлерин кайтарып алуу жана чакыртып алуу
25. Милиция кызматчыларын чакыртып алуу тууралуу чечим ИИМ жана тиешелүү укук коргоо органдары менен макулдашылган ТИМдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен эл аралык уюмдун жетекчисинин өтүнүчү боюнча Ички иштер министри тарабынан кабыл алынат.
26. Тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча эл аралык операцияларга катышууга жөнөтүлгөн кызматкерлер мөөнөтү бүткөндөн же операция аяктагандан кийин Кыргыз Республикасына кайтып келишет.
27. Кызматкерлер эл аралык уюмдун жетекчисинин өтүнүчү боюнча Ички иштер министри тарабынан төмөнкү учурларда чакыртылып алынышы мүмкүн:
- эл аралык аренада өлкөнүн аброюна жана беделине зыян келтирген фактылар аныкталса, кызматтык тартипти, уюмдун талаптарын сактабаганда, улуттук формалык кийимди кийүүнүн жана айырмалоо белгилерин тагуунун эрежелерин бузганда;
- жеке же кызматтык мүнөздөгү маанилүү жагдайлар боюнча жеке каалоосун билдиргенде.
28. Кызматкер тынчтыкты орнотуу миссиясында кызматы аяктаганда 20 күндөн кечиктирбей аткарган иши, алган тажрыйбасы, айкын сунуштары менен отчет түзөт жана ИИМге, ТИМге, тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтөт.
5. Мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ыйгарым укуктары
29. ИИМ өзүнүн компетенциясынын чегинде:
- милиция кызматчыларынын курамын жана санын аныктайт;
- жыл сайын кызматкерлерди тандоо жана даярдоо иштерин жүргүзөт;
- тандоонун натыйжасы боюнча тынчтыкты сактоо миссиясынын курамына жөнөтүлүүчү талапкерлердин тизмесин бекитет;
- ТИМ аркылуу эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге милиция кызматчыларынын катышуу маселеси боюнча БУУнун компетенттүү органдары жана башка эл аралык региондук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат.
30. ТИМ өзүнүн компетенциясынын чегинде:
- эл аралык уюмдардан келип түшкөн эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча сунуштар жөнүндө укук коргоо органдарын маалымдайт;
- эл аралык уюмдардын суроо-талаптарына ылайык эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуу үчүн тиешелүү категориядагы адистерди даярдоо жөнүндө тиешелүү укук коргоо органдарына сунуштарды жөнөтөт;
- талапкерлерди даярдоо боюнча иш-чараларга катышуу үчүн эл аралык уюмдардын адистерин тартууга тиешелүү укук коргоо органдарына көмөктөшөт;
- эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге Кыргыз Республикасынын катышуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ар бир конкреттүү учуру тууралуу эл аралык уюмдарга маалымдайт.
31. Мамлекеттик органдар, менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуу үчүн жөнөтүлүп жаткан кызматкерлерди даярдоого окуу материалдарын сунуштоо, тиешелүү адистерди жөнөтүү, аймактарды жана объектилерди, транспорт жана башка материалдык-техникалык каражаттарды убактылуу берүү аркылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыкмалар менен белгиленген тартипте көмөк көрсөтүүгө укуктуу.