Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-майы № 290
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге милиция кызматчыларынын катышуусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Бириккен Улуттар Уюмунун жана региондук эл аралык уюмдарынын тынчтык орнотуу миссиясына милиция кызматчыларын жиберүү үчүн сапаттуу тандоо максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге милиция кызматчыларынын катышуусун уюштуруу жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусун уюштурууну жүзөгө ашырууга байланышкан чыгымдар кызматкерлер жөнөтүлүп жаткан тиешелүү укук коргоо органдарынын бюджеттик каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен төлөнөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 602 "Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча ишке Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусун уюштуруу тууралуу убактылуу жобону бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |