Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-майы № 295
2014-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган
“Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын жана Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- 2014-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган “Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын жана Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2014-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган “Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын жана Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри жана Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча) аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
2014-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган “Ош шаарынын коомдук транспортун жакшыртуу” долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын, Ош шаарынын мэриясынын жана Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын жана Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу жана Кыргыз Республикасы менен Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кирүү үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы тууралуу Европа Кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КыргызРеспубликасынын
Президенти