Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-майы № 294
Атайын салык боюнча отчеттун формасын жана аны толтуруунун жана берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-декабрындагы № 229 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашуунун 10-беренесине жана 1-тиркемесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- атайын салык боюнча отчеттун формасы (FORM STI-122) 1-тиркемеге ылайык;
- Атайын салык боюнча отчетту толтуруунун жана берүүнүн тартиби (FORM STI-122) 2-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
FORM STI-122
Атайын салык боюнча ОТЧЕТ
Графикалык көчүрмөнү караңыз
2-тиркеме
Атайын салык боюнча отчетту толтуруунун жана берүүнүн ТАРТИБИ (FORM STI-122)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-декабрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-декабрындагы № 229 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) ылайык иштелип чыкты жана атайын салыкты эсептөө жана төлөө үчүн арналган атайын салык боюнча отчетту (FORM STI-122) толтуруу тартибин аныктайт.
2. Макулдашуунун 10-беренесине ылайык Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы (мындан ары - салык төлөөчү) квартал сайын отчеттук кварталдан кийинки экинчи айдын 15ине чейин салыктык каттоо орду боюнча салык органына атайын салык боюнча отчет берет.
3. Көрсөткүчтөр жок болгондо атайын салык боюнча отчеттун тийиштүү уячасына "0" мааниси көрсөтүлөт.
4. Атайын салык боюнча отчетко салык төлөөчү же салык төлөөчүнүн кызмат адамы жана/же салык өкүлү кол коёт жана салык төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Атайын салык боюнча отчеттун төмөнкү бөлүгүндө ушул отчетко кол койгон адамдын толук аты-жөнү, ээлеген кызмат орду көрсөтүлөт.
5. Отчет кагаз жүзүндөгү документ түрүндө баруу тартибинде берилиши, тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоосу бар заказдык кат менен почта аркылуу жиберилиши, ошондой эле электрондук документ түрүндө берилиши мүмкүн.
6. Атайын салык боюнча отчет колмо-кол берилгенде эки нускада толтурулат. Салык органынын кызмат адамы бул отчетту алган датасын, аны кабыл алган кызмат адамдын ИСНин көрсөтүү менен уячаларды толтуруп, салык органынын штампын коёт.
Атайын салык боюнча отчеттун экинчи нускасы салык органынын белгиси коюлуп, салык төлөөчүгө кайтарылат жана анын сактоосунда калат.
7. Кабарлоо менен заказдык кат түрүндө почта аркылуу берилген учурда, атайын салык боюнча отчет салык органына эки нускада жөнөтүлөт.
Салык төлөөчү заказдык каттын жеткендиги тууралуу почта байланышынын билдирүүсүн алат, ал атайын салык боюнча отчеттун берилгендигинин ырастоосу болуп саналат.
Салык органынын кызмат адамы салык төлөөчүнүн заказдык катын алгандан кийин атайын салык боюнча отчетту алган датасын, бул отчетту кабыл алган кызмат адамдын ИСНин көрсөтүү менен уячаларды толтуруп, салык органынын штампын коёт.
Атайын салык боюнча отчеттун бир нускасы салык органынын белгиси менен, билдирүүсү бар заказдык кат аркылуу төлөөчүгө жөнөтүлөт.
8. Атайын салык боюнча отчет электрондук түрдө берилгенде, салык төлөөчү бул отчеттун салык органы тарабынан электрондук түрдө кабыл алынгандыгы тууралуу маалымат алууга мүмкүндүгү бар.
2. Атайын салык боюнча отчеттун формасын толтуруу (FORM STI-122)
9. 001-уячада:
1) эгерде отчеттук мезгил ичинде атайын салык боюнча отчет биринчи жолу тапшырылып жатса, "X" түрүндөгү белги "алгачкы" уячасына коюлат;
2) эгерде мурда ушул эле отчеттук мезгил үчүн атайын салык боюнча отчет тапшырылган болсо, бирок кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, алар берилип жаткан атайын салык боюнча отчетто оңдолсо, "X" түрүндөгү белги "такталган" уячасына коюлат;
3) эгерде атайын салык боюнча отчет салык төлөөчүнүн жоюлушуна байланыштуу тапшырылса, "X" түрүндөгү белги "Жоюулуучу" уячасына коюлат;
10. Атайын салык боюнча отчеттун уячалары төмөнкүдөй толтурулат:
1) 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада уюштуруучулук документтерине ылайык уюмдун толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада уюмдун салыктык катталган жери боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада уюмду каттоо учурунда статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПО коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада уюмдун иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада уюм иш жүзүндө орун алган калктуу конуштун (облус, шаар, кыштак, шаарча, айыл ж.б.) аталышы көрсөтүлөт;
7) 114-уячада уюмдун иш жүзүндө орун алган дареги (көчөнүн аталышы, үйдүн, батирдин, кеңсенин номери) көрсөтүлөт;
8) 115-уячада уюмдун телефон номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада уюмдун электрондук почта дареги көрсөтүлөт.
112, 113, 114, 115 жана 116-уячалардын маалыматтары атайын салык боюнча отчёт берилген датага карата толтурулат.
11. I бөлүмдүн аягында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) бухгалтердик эсепти жүргүзүү методу;
2) уюмда бекитилген эсеп саясатынын болушу.
12. 201-уячада уюм үчүн отчеттук мезгилдин башталган датасы, ал эми 202-уячада отчеттук мезгилдин аяктаган датасы көрсөтүлөт.
13. 050-уячада, эгерде отчеттук мезгил ичинде транзиттик газды жана технологиялык газды газ түтүктөрү боюнча ташууга тариф жогорулабаса, отчеттук мезгилде ташылган транзиттик газдын көлөмү көрсөтүлөт. Бул учурда 051 жана 052-уячаларда "0" мааниси көрсөтүлөт.
Эгерде отчеттук мезгил ичинде тарифтин мындай жогорулоосу болсо, ташылган транзиттик газдын көлөмү:
1) тариф жогорулаганга чейин 051-уячада көрсөтүлөт;
2) тариф жогорулагандан кийин 052-уячада көрсөтүлөт.
Мында 050-уячага 051 жана 052-уячалардын маанилеринин суммасын көрсөтүү керек.
14. 053-уячада, эгерде отчеттук мезгил ичинде транзиттик газды жана технологиялык газды газ түтүктөрү боюнча ташууга тариф жогорулабаса, Макулдашууда каралган атайын салыктын өлчөмү көрсөтүлөт. Бул учурда 054 жана 055-уячаларда "0" мааниси көрсөтүлөт.
Транзиттик газды жана технологиялык газды газ түтүктөрү боюнча ташууга тариф жогорулаган учурда, Макулдашууга ылайык атайын салыктын өлчөмү да ушундай эле пайыздык катышта жогорулайт.
Эгерде отчеттук мезгил ичинде тарифтин мындай жогорулоосу болсо, атайын салыктын өлчөмү:
3) тариф жогорулаганга чейин 054-уячада көрсөтүлөт;
4) тариф жогорулагандан кийин 055-уячада көрсөтүлөт.
Мында 056-уячада "0" маанисин көрсөтүү керек.
15. 056-уячада, эгерде отчеттук мезгил ичинде транзиттик газды жана технологиялык газды газ түтүктөрү боюнча ташууга тариф жогорулабаса, атайын салыктын суммасынын мааниси АКШ долларында көрсөтүлүп, төмөнкү формула боюнча эсептелет: 050-уячанын мааниси х 053-уячанын мааниси.
Эгерде отчеттук мезгил ичинде тарифтин мындай жогорулоосу болсо, атайын салыктын суммасынын мааниси төмөнкүдөй формулалар боюнча эсептелет:
1) 051-уячанын мааниси х 054-уячанын мааниси жана 057-уячада көрсөтүлөт;
2) 052-уячанын мааниси х 055-уячанын мааниси жана 058-уячада көрсөтүлөт.
Бул учурда 056-уячанын мааниси 057 жана 058-уячалардын маанилеринин суммасына барабар болот.
16. 059-уячада отчеттук мезгилдин акыркы иш күнүнө карата валюта курсу (АКШ доллары) көрсөтүлөт.
17. 060-уячада атайын салыктын суммасынын мааниси сом менен көрсөтүлүп, төмөнкү формула боюнча эсептелет: 056-уячанын мааниси х 059-уячанын мааниси.
18. Атайын салык боюнча отчетко ушул Тартиптин 4-пунктуна ылайык кол коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.