Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-майы № 296
“2015-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” жөнүндө Насыялык макулдашууну жана Европа союзунун каражаттарынан Борбордук Азия үчүн ЕС Инвестициялык фонду жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду аркылуу каржылануучу “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору үчүн Кыргыз Республикасынын, Токмок шаарынын мэриясынын, “Токмоксууканал” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну” ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- “2015-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” жөнүндө Насыялык макулдашууну жана Европа союзунун каражаттарынан Борбордук Азия үчүн ЕС Инвестициялык фонду жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду аркылуу каржылануучу “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору үчүн Кыргыз Республикасынын, Токмок шаарынын мэриясынын, “Токмоксууканал” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2015-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” жөнүндө Насыялык макулдашууга жана Европа союзунун каражаттарынан Борбордук Азия үчүн ЕС Инвестициялык фонду жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду аркылуу каржылануучу “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору үчүн Кыргыз Республикасынын, Токмок шаарынын мэриясынын, “Токмоксууканал” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору жана Токмок шаарынын мэри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене
2015-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган “Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” жөнүндө Насыялык макулдашуу жана Европа союзунун каражаттарынан Борбордук Азия үчүн ЕС Инвестициялык фонду жана ЕБРРдин уюштуруучуларынын Атайын фонду аркылуу каржылануучу “Токмок шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо” долбоору үчүн Кыргыз Республикасынын, Токмок шаарынын мэриясынын, “Токмоксууканал” муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти