Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 19-майы № 301

“Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр жактырылсын:

- “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин короосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп  дайындалсын.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө

 

1-берене

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун  Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Ак-Буура-1 калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагынын Ак-Буура-1 айылы деп аталсын.

 

2-берене

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Ак-Буура-2 калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагынын Ак-Буура-2 айылы деп аталсын.

 

3-берене

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Ак-Буура-3 калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагынын Ак-Буура-3 айылы деп аталсын.

 

4-берене

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун  Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Ак-Буура-4 калктуу конушу айыл категориясына  киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагынын Ак-Буура-4 айылы деп аталсын.

 

5-берене

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун  Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Камыр-Суу калктуу конушу айыл категориясына  киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагынын Камыр-Суу айылы деп аталсын.

 

6-берене

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун  Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Жар-Башы  калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагынын Жар-Башы айылы деп аталсын.

 

7-берене

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун  Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Чычкан-Кол калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагынын Чычкан-Кол айылы деп аталсын.

 

8-берене

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун  Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Андагул калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал  Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагынын Андагул айылы деп аталсын.

 

9-берене

 

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун  Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын Жаңы-Турмуш калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагынын Жаңы-Турмуш айылы деп аталсын.

 

10-берене

Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын жаңы  түзүлгөн Ак-Буура-1, Ак-Буура-2, Ак-Буура-3, Ак-Буура-4, Камыр-Суу, Жар-Башы, Чычкан-Кол, Андагул, Жаны-Турмуш  айылдарынын чек араларынын сүрөттөлүшү  бекитилсин.

 

11-берене

Ушул  Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти