Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-майы № 303
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары З.И.Бекбоев жана К.Ж.Рыспаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-майындагы № 303 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары З.И.Бекбоев жана К.Ж.Рыспаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясы менен шаар куруу жана архитектуранын объектилеринин тизмеги аныкталган, аларга отурукташтыруу системасы, аймактык объектилер, шаар куруу зоналары, калктуу конуштар, инженердик-техникалык инфратүзүм кирет. Электр тармактарына кошулуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 100 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында техникалык шарттарды берүүнүн жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу тартибинин эрежелеринде аныкталган. Аталган Эрежелерге ылайык инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошуу архитектура органынын суралуучу кубаттуулук, жайгашкан жери, кырдаалдык план жана кошулуучу объекттин дареги камтылган суроо-талабынын негизинде жүргүзүлөт. Суроо-талаптын негизинде энергия менен камсыздоочу уюм белгиленген тартипте талаптарды, анын ичинде энергия жабдууларын орнотуу боюнча талаптарды көрсөтүү менен техникалык шарттарды берет.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"Кардар - бөлүштүрүүчү ишканага объектти энергия менен камсыздоого суроо-талап менен кайрылган жеке же юридикалык жак.".
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгү менен "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 14-1-берене менен толуктоо сунушталат, ага ылайык суроо-талап менен кайрылган кардарларды электр менен жабдууну камсыздоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Ошону менен бирге, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз ыйгарым укуктарынын негизинде аларды жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда алар жөнүндө жоболорду бекитүү жолу менен бөлүштүрөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тийиштүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзамдын деңгээлинде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда аталган беренелерине каршы келет.
Мындан тышкары, 14-1-берененин биринчи бөлүгүнүн жогоруда аталгандай берилиши "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине шайкеш келбейт, ага ылайык электр менен жабдууга суроо-талап ишке ашырылган аймакта турган бардык кардарларды энергия менен жабдууну камсыздоо милдети, анын ичинде алыскы райондордогу кардарларды электр менен жабдууну камсыздоо милдети ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эмес, энергетика компанияларынын компетенциясына киргизилген.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды алып келбейт деп жазылган. Бирок, Мыйзамдын долбооруна ылайык кардарларды электр менен жабдуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
Ошону менен бирге, ресурстар чектелүү болгон шарттарда, капиталдык салымдарга бюджеттен каралган каражаттардын олуттуу бөлүгү өзгөчө кырдаалдар менен байланышкан иш-чараларга (табигый кырсыктардан жабыркаган социалдык объектилерди курууга, бузулган көпүрөлөрдү, мектептерди калыбына келтирүүгө ж.б.) жумшалат.
Капиталдык салымдардын олуттуу өлчөмү Бишкек шаарынын жалпы жеке курулуш зоналарындагы инженердик жана социалдык инфратүзүм объектилерин өнүктүрүүгө багытталат. Бюджеттен аз камсыз болуу "капиталдык салымдарды" калдык принциби боюнча, биринчи кезекте аларды табигый кырсыктардан жабыркаган объектилерге, авариялык объектилерге, жогорку курулуш даярдыгындагы объектилерге, ошондой эле маанилүү мамлекеттик максаттуу программаларга багыттоо менен пландоого мажбурлайт. Бөлүштүрүүчү энергетика компаниялары иши киреше алууга жана керектөөчүлөрдүн суроо-талабын канааттандырууга багытталган, чарба жүргүзүүчү субъекттер болуп эсептеле тургандыгын эске алуу менен, жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдууга чыгымдар капиталдык салымдардын эсебинен каралбайт.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу жаңы керектөөчүлөрдү электр менен жабдуу боюнча ченемдерди аткаруу менен байланышкан республикалык бюджеттин каражаттарынан кошумча чыгымдарды алып келет, бул бюджеттин учурдагы тартыштык шартында көйгөйлүү болуп эсептелет.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбайт.
"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренеси менен ушул жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылдагы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралуусу тапшырылган.
Кардарлардын аларды электр менен жабдууга багытталган материалдык чыгымдарынын ордун энергетика компанияларынын каражаттарынын эсебинен толтурууга карата азыркы убакта аталган компанияларда финансы каражаттарынын тартыш экендигин белгилей кетүү керек. Анткени 2013-жылы компаниялардын чыгымы менен кирешесинин ортосундагы айырма - 3 млрд. сомду, 2014-жылы - 6,7 млрд. сомду түзгөн.
Энергетика секторунда финансы каражаттарынын тартыш болушу бардык энергетика компанияларынын каражаттарды реконструкциялоо, модернизациялоо жана жаңы курулушка жумшоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болбостон, милдеттүү төлөмдөрдү гана төлөшүнө, зарыл болгон жана шашылыш иш-чараларды (күндөлүк жана авариялык оңдоолор) гана жүргүзүүсүнө алып келет.
Жаңы конуштарга энергетика компанияларынын эсебинен энергетикалык объекттерди куруу чыгымдардын олуттуу көбөйүшүнө жана буга байланыштуу аталган уюмдарда каражаттардын тартыштыгынын дагы көбөйүшүнө алып келет.
Мында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 токтому менен бекитилген 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү тарифтик саясатын ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча гана энергетика системасындагы акча каражаттарынын тартыштыгы кыскара тургандыгын белгилей кетүү керек, бул энергетика объектилерин реконструкциялоо, модернизациялоого жана жаңы курууга мүмкүндүк берет.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесине ылайык "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 3-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү сунушталат, ага ылайык менчигинин түрүнө карабастан шаар куруу ресурстарын пайдалануучу ишканалар жана уюмдар жашоо-турмуш чөйрөсүнүн, инженердик-техникалык жана транспорттук инфратүзүмдүн сапатынын ченемдик деңгээлин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз кылууга милдеттүү болушат.
Ошону менен бирге, "мыйзамдар" түшүнүгү жалпыланган түшүнүк болгондуктан, жогоруда белгиленген тартипти кабыл алуу ыйгарым укуктарына киргизилген конкреттүү субъектти аныктоону сунуштайбыз.
Долбоордун 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболорун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин талаптарын эске алуу менен кайра карап чыгууну сунуш кылабыз, ага ылайык ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып 7 иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилет. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилбеген ченемдик укуктук акт юридикалык күчкө ээ болбойт.
Муну менен бирге жогоруда аталган Мыйзамдын 19-беренесине ылайык сунушталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген методикага ылайык жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылат, анткени электр жана жылуулук энергетика ишканаларынын жеке каражаттарынын эсебинен кардарларды энергия менен жабдууну камсыз кылуу ченемдерин киргизүү жолу менен ишкердик субъекттердин ишине таасирин тийгизүүдө.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мезгилсиз деп эсептейт жана 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү тарифтик саясатын ийгиликтүү ишке ашыруудан кийин аны кароого кайрылууну, ошондой эле республикалык бюджетте зарыл болгон финансы булактарын кароону сунуш кылат.