Редакцияот 21.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 21-майы № 311

Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жүк ташуу чөйрөсүндө калкты транспорттук тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында, "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүк ташууларды уюштуруу эрежелери бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев