Редакцияот 22.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 22-майы № 313

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда 2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛТА:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда 2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда 2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Аба катнашы жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри жогоруда аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда 2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлгандан Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда 2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Аба катнашы жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Сауд тарапка билдирүү жиберсин.

 

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашууну Жарандык авиациянын эл аралык уюмунда каттоодон өткөрсүн.

 

4-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти