Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-майы № 321
"Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы ушул мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-глава. Жалпы жобо
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу).
2-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун максаты
Ушул Мыйзамдын максаты болуп өрттүн жана табигый кырсыктардын кесепетинен турак жайдын бузулушуна же жок кылынышына байланышкан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү саналат.
3-берене. Милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
4-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
пайда табуучу - турак жайдын менчик ээси же менчик ээсинин мураскору, же болбосо укугун улантуучу болуп саналган жак;
турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча кепилдиктүү төлөмдөрдүн фонду - камсыздандыруу уюмдары - милдеттүү камсыздандыруу тутумунун катышуучулары тарабынан кепилдиктүү төлөмдөр туруктуу негизде төлөнүүчү чегерүүлөр;
кепилдиктүү төлөмдөр - камсыздандыруучуну мажбурлап жойгон учурда, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп берилүүгө тийиш болгон жоопкерчиликтин белгиленген лимиттеринин чектеринде милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп берилүүгө тийиш болгон кепилдик төлөмдөрү фондунун каражаттарынан төлөнүүчү акча каражаттарынын суммасы;
турак жайды милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) - бул камсыздандыруу келишими, ал боюнча камсыздандыруучу келишимде шартталган акыны (камсыздандыруу сыйлыгын) келишимде каралган окуя (камсыздандыруу окуясы) болгондо, ошол окуянын кесепетинен турак жайга келтирилген залалдардын орду камсыздандырылуучуга же пайда табуучуга милдеттүү камсыздандыруу келишиминде аныкталган сумманын чектеринде (камсыздандыруу суммасы) толтурулуп берилет (камсыздандырып ордун толтуруу жүзөгө ашырылат);
турак жай - туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган жана пайдаланылган, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген техникалык, санитардык жана башка милдеттүү талаптарга жооп берген жеке адамдын же юридикалык жактын жеке менчигиндеги турак жай фондусунун өзүнчө бирдиги (жеке турак үй; жеке турак үйдүн бөлүгү; көп квартиралуу үйдөгү квартира; коммуналдык квартира; адистештирилген турак жай фондусунун үйлөрүндөгү бөлмө; мейманкана, мейманкана түрүндөгү турак үй;
турак жайды пайдалануу - турак жайды пайдалануу;
көз каранды эмес эксперт - ушул Мыйзамда каралган камсыздандыруу окуясынын кесепетинен турак жайга келтирилген залалдардын өлчөмүнө баалоо жүргүзүү үчүн милдеттүү камсыздандырууга катышуучулар (камсыздандыруучу, камсыздандырылуучу, пайда табуучу) тарткан кызыкдар эмес жеке же юридикалык жак;
өрт - турак жайга материалдык залалдарды келтирген, контролдоого мүмкүн болбогон күйүү процесси;
табигый кырсык - өзгөчө мүнөзгө ээ жана турак жайдын бузулушуна жана/же кыйрашына алып келүүчү жаратылыш кубулушу;
камсыздандырылуучу - мыйзамдуу негизде турак жайдын менчик ээси болуп саналган, ээлик кылган, пайдаланган же тескеген юридикалык жак же ишке жөндөмдүү жеке адам, же болбосо менчик ээсинин үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле жеке адам ишке жөндөмсүз болуп калган учурда камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полисин) түзгөн анын өкүлү;
камсыздандыруу сыйлыгы - милдеттүү камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруучуга төлөөгө милдеттүү түрдө төлөнүүчү, келишимде шартталган акы;
камсыздандыруу суммасы - милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүгө милдеттенген сумманын чеги;
камсыздандыруу ордун толтуруусу - милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу окуясы болгон учурда камсыздандыруучу тарабынан төлөнүүчү сумма:
камсыздандыруу окуясы - камсыздандыруу объектисине тийген түздөн-түз таасиринин натыйжасында камсыздандырылуучунун турак жайынын жок болуусуна жана бузулуусуна алып келген окуя, анын болушу менен камсыздандыруучунун ушул Мыйзамда жана камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) каралган камсыздандыруу ордун толтуруусун төлөп берүүгө милдеттүүлүгү келип чыгат;
камсыздандыруу тобокелдиги - камсыздандыруу жүргүзүлгөн учурдагы болжолдонгон окуя;
камсыздандыруу тарифтери - милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын аныктоодо камсыздандыруучу колдоно турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген баа ставкалары;
камсыздандыруучу - коммерциялык уюм болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырууга лицензиясы бар юридикалык жак (камсыздандыруу уюму);
камсыздандыруунун аймагы - милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуунун мезгилинде камсыздандыруу окуясы болгон аймактын чеги.
5-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери
Милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Мыйзамда белгиленген чектерде турак жайга келтирилген залалдын ордун толтуруп берүүгө кепилдик;
2) ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен менчик ээсинин турак жайды камсыздандыруунун жалпылыгы жана милдеттүүлүгү;
3) турак жайды пайдалануунун бардык мөөнөтүнүн ичинде милдеттүү камсыздандыруунун үзгүлтүксүз колдонулушу.
6-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун объекти
1. Турак жайдын, алардын конструктивдүү элементтеринин (чатырынын, дубалынын, пайдубалынын, каалгаларынын, газ түтүк, суу түтүк, жылытуу жана каналдаштыруу тутумдарынын) жок кылынышы же бузулушу менен байланышкан камсыздандырылуучунун мүлктүк кызыкчылыктары милдеттүү камсыздандыруунун объектиси болуп саналат.
2. Төмөнкүдөй турак жайлар милдеттүү камсыздандырылууга тийиш эмес:
1) авариялык абалда болсо;
2) ыйгарым укуктуу орган бузуу жөнүндө чечим кабыл алган учурдан тартып бузула турган же багытын өзгөртүү жөнүндө арыз ыйгарым укуктуу органга берилген учурдан тартып турак жай эмес курулушка багыты өзгөртүлүүчү үйлөрдө (курулуштарда) жайгашкандар;
3) милдеттенмелер боюнча өндүрүп алууга чегерилсе;
4) жер тилкесинин алынышына байланыштуу менчиктен ажыратылуучу үйлөрдө (курулуштарда) жайгашкандар;
5) техникалык талаптарды бузуу менен курулгандар;
6) конфискацияланууга тийиш болсо;
7) белгиленген тартипте табигый кырсыктын коркунучу жөнүндө жарыялаган же коркунуч фактысын ырастаган тиешелүү документтерди ыйгарым укуктуу орган түзгөн учурдан тартып табигый кырсыктын коркунучу бар зонада жайгашса.
2-глава. Милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби
7-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси)
1. Милдеттүү камсыздандыруу камсыздандырылуучу менен камсыздандыруучунун ортосунда түзүлгөн келишимдин (камсыздандыруу полисинин) негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) төмөнкүдөй негизги шарттарды камтууга тийиш:
1) камсыздандыруу полисинин тараптарын (камсыздандыруучуну, камсыздандырылуучуну);
2) анын пайдасына камсыздандыруу полиси түзүлгөн адамды (пайда табуучуну);
3) камсыздандыруунун объектисин - турак жайды;
4) камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнүп бериле турган камсыздандыруу окуяларын;
5) камсыздандыруу суммасынын өлчөмүн;
6) камсыздандыруу сыйлыктарынын өлчөмүн жана аны төлөө мөөнөтүн;
7) колдонуу мөөнөтүн;
8) аймактык турган жерин жана камсыздандыруу аймагынын дарегин көрсөтүү менен камсыздандыруу аймагын.
3. Камсыздандыруу полисинин шарттары ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык кабыл алынган Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринин шарттарына шайкеш келүүгө тийиш.
4. Камсыздандыруучунун, Кыргыз Республикасынын аймагындагы анын бардык өкүлдөрүнүн турган жери жана почта боюнча даректери, алар менен байланышуу каражаттары жана алардын иштөө убакыттары жөнүндө маалыматтар камсыздандыруу полисинде көрсөтүлүүгө тийиш.
8-берене. Камсыздандыруу окуялары
1. Камсыздандыруу окуясы деп төмөнкүлөр эсептелет:
1) өрт (жалындын, түтүндүн, жогорку температуранын тийгизген таасири), анын ичинде камсыздандырылган жайдан сырткары чыккан өрт кырсыгы;
2) өрттү өчүрүү боюнча мыйзамдуу аракеттерди жасоонун кесепетинен суунун кириши;
3) табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктары:
а) жер титирөө - жер кыртышынын же мантиясынын жогорку бөлүгүнүн күтүүсүз оошуусунун жана жарылуусунун кесепетинен келип чыккан күчү 6 баллга чейинки жана андан жогору жер алдындагы силкинүүлөр жана термелүүлөр;
б) сел - анча чоң эмес тоо дарыяларынын бассейндеринде жана кургак кокту-колоттордо эреже катары, нөшөрлөгөн жаандан же кардын тез эришинен күтүүсүздөн келип чыккан минералдык бөлүкчөлөрдүн, таштардын жана тоо тектеринин сыныктарынын (агымдын көлөмүнүн 50-60 пайызына чейин) абдан чоң аралашмалары менен келген агын суу;
в) суу ташкыны - кардын, мөңгүнүн эришинин күчөшүнөн же нөшөрлөгөн жаандан келип чыккан дарыядагы суунун деңгээлинин салыштырмалуу кыска убакытка жана мезгилдүү эмес көтөрүлгөн дарыянын суу режиминин фазасы;
г) бийик тоолордогу табигый көлдөрдүн тосмолорун жырып кетүү - тосмонун толук же жарым-жартылай кыйрашынын кесепетинен дарыянын суу режиминин табигый фазасына же убактылуу суу агымына кошулган, кыйратуучу күчкө ээ селдин жана суу ташкынынын агымы;
д) кар көчкү - кыйратуучу күчкө ээ, тоолордун боорлорунан кардын жана (же) муздун тез, күтүүсүз кулап түшкөн кыймылы;
е) уроо - оордук күчүнүн басымы астында тоо боорлорунан төмөн карай тоо тектеринин массасынын кулап түшүшү жана урашы. Жер көчкүлөрү дарыя жээктериндеги жана өрөөндөгү, тоолордогу, көл жээктериндеги жарларда пайда болот. Салмак күчүнүн урашынын жана аны кармоо күчүнүн ортосундагы теңдемдин бузулушу уроонун жаралышынын себеби болуп саналат;
ж) таштардын кулоосу - чоң ташка чейинки тоо тектеринин сыныктарынын урап түшүшү же боордон тоголонуп түшүшү;
з) жер көчкү - гравитациялык күчтүн таасири астында боордон же жантаймадан тоо тектеринин чоң көлөмдөгү массасынын төмөн карай көчүшү;
и) суу каптоо, кыртыштагы суунун деңгээлинин жогорулашы - суу сактагычтарды жана плотиналарды курууда дарыядагы суулардын горизонтунун жогорулашы, суу түтүктөрүнөн жана каналдык тутумдардан жана башкалардан суулардын жоголушунан келип чыккан кыртыштагы суунун деңгээлинин күтүүсүздөн жогорулашы, мунун баскычтары:
- инженердик курулуштарды залалга, кыйроого кириптер кылган, жер үстүнөн 0-0,3 м деңгээлде кыртыштагы суунун күчтүү каптоосу;
- инженердик курулуштарды залалга, кыйроого кириптер кылган, жер үстүнөн 0,3-2,0 м деңгээлде кыртыштагы суунун орточо каптоосу;
- инженердик курулуштарды залалга, кыйроого кириптер кылган, жер үстүнөн 3,0-5,0 деңгээлде кыртыштагы суунун анчалык катуу эмес каптоосу;
к) күчтүү шамал - катуу шамалдын күчү 25 м/сек. жана андан ашык, тоолуу райондордо 35 м/сек. жана андан ашык болот;
л) ак жаан - суулардын киришине, суунун каптап кетишине, басып калуусуна алып келген, бир нече сутка бою атмосферадан тынымсыз жаап түшкөн суюктук. Жаандан түшкөн суунун көлөмү 60 мм жана андан жогору;
м) катуу жаан, нөшөр (кар аралаш жаан, нымдуу кар) - суулардын киришин, суунун каптап кетишин, басып калышын жараткан, сутка ичинде атмосферадан тынымсыз жаап түшкөн суюктук. Жаан-чачындардын саны 30 мм жана андан ашуун;
н) катуу жааган кар - кардын узакка жаашы - 20 мм жана андан ашуун;
о) бороон - ылдамдыгы 12 м/с болгон жер үстүндөгү бороон, кардын жаашы менен да коштолушу мүмкүн;
п) мөндүр - диаметри 20 мм жогору болгон муз бөлүгү сыяктанган, жылдын жылуу мезгилинде жааган атмосферадагы жаан-чачын;
4) табигый мүнөздөгү жаратылыш кырсыктарынын болушунун кесепетинен турак жайлардын бузулуу (жок болуу) коркунучу жарыялангандыгына байланыштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча камсыздандырылган турак жайды бузуу жана коопсуз зонага алып баруу.
2. Камсыздандыруу окуясы деп ушул мыйзамга ылайык түздөн-түз камсыздандыруу аймагындагы болгон окуя таанылат.
Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) колдонулуп жаткан мезгилде иш жүзүндө болгон жана күтүүсүздөн турак жайдын бузулушунун же кыйрашынын себеби болгон жана тиешелүү компетенттүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын документтеринин негизинде ырасталган окуя камсыздандыруу окуясы деп таанылат.
3. Төмөнкүлөрдүн натыйжасында болгон окуялар камсыздандыруу окуясы болуп саналбайт:
1) камсыздандырылган турак жай арналышы боюнча пайдаланылбаса;
2) аскердик, мамлекеттик жана сот органдарынын буйругу боюнча согуш аракеттеринде жана алардын кесепеттеринде, террордук актыларда, жарандык толкундоолордо, жапырт башаламандыктарда, иш таштоолордо, конфискациялоодо, камоодо, жок кылууда же бузууда;
3) бардык түрдөгү ядролук күчтөн кыйратылса;
4) турак жайдын же анын бөлүгүнүн урап түшүшү, эгер андай уроо ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган окуялардан улам келип чыкпаса;
5) техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык жана конфликттик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда;
6) камсыздандыруучунун, пайда табуучунун же болбосо алардын бойго жеткен мүчөлөрүнүн атайылап жасаган аракеттери;
7) ушул берененин 1-бөлүгүндө саналгандан башка себептер.
Ушул бөлүктө аталган аракеттер, себептер жана окуялар тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын документтеринин негизинде ушундай окуялар деп таанылат.
4. Жер көчкүдөн, жардыруу иштерин жүргүзүүдөн келип чыккан жер кыртышынын чөгүүсүнөн же кыртыштын башка кыймылынан же котловандарды же карьерлерди казуудан, жер астына коммуникацияларды коюудан, боштукту толтуруудан же боштукту толтуруу иштерин жасоодон, ошондой эле пайдалуу кендерди алуудан келип чыккан чыгымдар камсыздандыруучунун чыгым келтирген жакка койгон талабына (суброгациясына) ылайык төлөнүп берилет.
5. Камсыздандырылган турак жайга жабылбай калган терезеден, каалгадан же башка тешиктерден жаандын, кардын, мөндүрдүн, ылайдын киришинин натыйжасында келип чыккан зыяндардын орду толтурулбайт, эгерде бул тешиктер шамалдын, бороондун же аба массаларынын башка кыймылдарынын кесепетинен болбосо.
9-берене. Камсыздандырылуучунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) жоголуп кеткен учурда анын дубликатын алууга;
2) камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасына макул болбогон учурда турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн аныктоо үчүн кез каранды эмес эксперттин кызматын пайдаланууга;
3) камсыздандыруучу жүргүзгөн келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун жыйынтыктары жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсептери менен таанышууга;
4) камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө камсыздандыруучунун чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талашууга;
5) камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга.
2. Камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууга лицензиясы бар камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полисин) түзүүгө;
2) милдеттүү камсыздандыруу келишимине (камсыздандыруу полисине) киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды камсыздандыруучуга берүүгө;
3) милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө камсыздандыруу сыйлыктарын төлөөгө;
4) камсыздандыруунун ошол эле объектисине башка камсыздандыруу келишими түзүлгөндүгү жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө;
5) камсыздандыруу тобокелдигинин өсүшү (камсыздандыруу келишими боюнча зыяндын ордунун толтурулушуна же толтурулбашына карабастан, турак жайдын ижарага, күрөөгө, башка адамдын пайдаланышына же карамагына берилиши, турак жайга болгон менчиктин башка адамга өтүшү, турак жайга оңдоолордун жасалышы, кайра курулушу же кайра жабдылышы, коопсуздук тартибинин өзгөрүшү, мүлктүн бузулушу же жок кылынышы) жөнүндө камсыздандыруучуга эки иш күндөн кечиктирбей билдирүүгө;
6) камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) эки иш күндөн кечиктирбестен камсыздандыруучуга камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө билдирүүгө (телефон, факс, электрондук почта менен билдирүүнүн жазуу жүзүндөгү нускасын кийин жөнөтүү аркылуу);
б) камсыздандыруу окуясынын болуу коркунучунун жаралышы жөнүндө ага белгилүү болгон учурдан тартып өрткө каршы күрөшүү жана авариялык кызматтардын органдарына токтоосуз билдирүүгө;
в) мүмкүн болуучу зыяндардын алдын алуу же анын көлөмүн азайтуу чараларын көрүү, анын ичинде мүлктү жана турак жайды сактоо боюнча чараларды көрүүгө;
г) камсыздандыруу окуясы болгондон кийин камсыздандыруучунун өкүлүнүн турак жайды кароо мүмкүнчүлүгүн камсыздоого;
д) камсыздандыруу окуясынын болушун далилдөөгө жана камсыздандыруучунун талабы боюнча ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык керектүү документтерди берүүгө;
е) камсыздандыруу окуясынын болушуна жоопкер адамга карата талап коюу укугунун (суброгациянын) камсыздандыруучуга өтүшүн камсыздоого.
3. Камсыздандыруучу жок учурда камсыздандырылуучунун бардык милдеттери анын үй-бүлөсүнүн жаш курагы жеткен мүчөсүнө же болбосо ал ыйгарым укук берген адамга жүктөлөт.
4. Милдеттүү камсыздандыруу келишими менен камсыздандырылуучунун Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктары жана милдеттери каралышы мүмкүн.
10-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери
1. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) камсыздандыруу окуясы келип чыккан фактыны жана турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн ырастоочу документтерди мамлекеттик органдардын иш-билгиликтеринин негизинде тиешелүү мамлекеттик органдардан жана уюмдардан суроого;
2) турак жайдын бузулушунун же жок кылынышынын себептерин аныктоочу иш-билги органдардын комиссиясынын ишине катышууга;
3) камсыздандыруу окуясы болгондо келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо үчүн көз каранды эмес эксперттин кызматтарын пайдаланууга.
2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүүгө;
2) камсыздандыруу окуясы жөнүндө актыны түзүүгө жана аны камсыздандырылуучуга таанышууга берүүгө;
3) камсыздандыруу окуясы таанылганда бардык керектүү документтер алынган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүгө;
4) камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөй коюуга негиз болсо бардык керектүү документтер алынган учурдан тартып отуз календардык күндүн ичинде баш тартуунун себептерин негиздөө менен жазуу жүзүндө камсыздандырылуучуга билдирүүгө;
5) камсыздандыруунун купуялуулугун сактоого.
3. Милдеттүү камсыздандыруу келишими менен Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктар жана милдеттер каралышы мүмкүн.
11-берене. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу мөөнөтү
Милдеттүү камсыздандыруу келишими камсыздандыруу сыйлыгы төлөнгөн учурдан тартып күчүнө кирет. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулуу мөөнөтү мындай келишимди колдонуунун башка мөөнөттөрү ушул Мыйзам менен каралган башка учурларды кошпогондо милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзгөн датадан тартып бир жылды түзөт.
12-берене. Камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмүн аныктоо
1. Камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмдөрү төмөнкү өлчөмдөрдө аныкталат:
- шаар жерлериндеги турак жайлар үчүн - 1200000 сом;
- айыл жерлериндеги турак жайлар үчүн – 600000 сом.
13-берене. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү
1. Камсыздандыруу суммасынын чектеринде пайда табуучуга зыяндардын ордун толтуруп берүү жөнүндө камсыздоочу камсыздандыруучуга талап коюуга укуктуу. Камсыздандыруу төлөмдөрү жөнүндө талапты камтыган камсыздандырылуучунун арызы ага тиркелген документтер менен бирге камсыздандыруучу турган жердеги камсыздандыруучуга же болбосо камсыздандырылуучу көрсөткөн талаптарды кароого жана камсыздандыруу төлөмдөрүн жүзөгө ашырууга камсыздандыруучу ыйгарым укук берген анын өкүлү жөнөтүлөт.
Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
1) камсыздандыруу полисинин көчүрмөсү;
2) камсыздандыруу окуясы жөнүндө акт;
3) камсыздандыруу окуясынын болушун бышыктаган компетенттүү мамлекеттик органдардын документтери;
4) камсыздандырылуучунун паспортунун көчүрмөсү (жеке адамдар үчүн), уюштуруу документтери, каттоо жөнүндө күбөлүк жана өкүлгө берилген тил каттын түп нускасы (юридикалык жак үчүн).
2. Камсыздандырылуучудан, жабырлануучудан же болбосо пайда табуучудан кошумча башка документтерди камсыздандыруучунун талап кылышына жол берилбейт.
3. Арыздануучудан документтердин алынгандыгын камсыздандыруучу бышыктоого тийиш.
4. Камсыздандыруучу камсыздандырууну төлөп берүү жөнүндө камсыздандыруучунун арызын бардык зарыл документтер алынган учурдан тартып отуз календардык күндүн ичинде карайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде камсыздандыруучу жабырлануучуга камсыздандыруу төлөмүн төлөөнү жүргүзүүгө же ага жүйөө-себептүү баш тартууну жөнөтүүгө милдеттүү.
5. Камсыздандыруучунун күнөөсү боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн убакыты узартылган учурда, анын ичинде мындай убактысын узартуу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдө камсыздандыруучу негизсиз баш тарткан учурда камсыздандыруучу тарабынан убакыты узартылган ар бир күн үчүн камсыздандыруу төлөмүнүн суммасынын 0,1 пайызы өлчөмүндө туум төлөнөт.
6. Камсыздандыруу төлөмү камсыздандыруу суммасынын чектеринде жүргүзүлөт. Камсыздандыруу төлөмүнүн суммасынын эсеби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методиканын негизинде жүргүзүлөт.
7. Камсыздандыруу окуясынын болушу жөнүндө билдирүүнү алганда, камсыздандыруучу андай билдирүүнү алган күндөн тартып 3 (үч) иш күндүн ичинде бузулган мүлктү кароого милдеттүү. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча орду толтурулуп берүүгө жаткан бузулган мүлктү кароо камсыздандыруу окуясынын болушун жана зыяндын өлчөмүн ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербесе, анда камсыздандыруучу көз каранды эмес экспертизаны (баалоону) уюштурууга укуктуу.
8. Көз каранды эмес экспертизанын (баалоонун) негизинде төлөнүп берилген камсыздандыруу төлөмүнүн наркы милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу төлөп берүүгө тийиш болгон чыгымдардын курамына кирет.
9. Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы өлчөмү, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн курамына киргизилген көз каранды эмес экспертизаны өткөрүүгө жумшалган чыгымдарды кошуп алганда, милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген камсыздандыруу суммасынын өлчөмүнөн ашышы мүмкүн эмес, милдеттүү камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) колдонулушунун ичинде мурда төлөнүп берилгендерди эске алуу менен.
14-берене. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн камсыздандыруучунун баш тартышы жана аны бошотуу
1. Төмөнкүдөй учурларда камсыздандыруу төлөмдөрүн камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) төлөп берүүдөн баш тартылат:
1) эгерде камсыздандыруу окуясы болгонго чейин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонулушу токтотулса;
2) милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүнө киргенге чейин камсыздандыруу окуясы болсо;
3) камсыздандырылган турак жайдын жок болушу же бузулушу камсыздандыруу окуясына тиешеси жок себептен улам келип чыкса;
4) милдеттүү камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) шарттарына ылайык камсыздандыруу сыйлыктары төлөнбөсө;
5) милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде каралган негиздер боюнча арзыбай турган болуп саналса;
6) милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылган турак жай кылмыш жолу менен алынса, кылмыштын предмети болсо же конфискацияланууга жатса;
7) милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлүп жаткан учурда камсыздандыруу объектиси жок болсо;
8) камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин жараксыз деп таануу жөнүндө, же болбосо төмөндөгүдөй негиздер боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишимин бузуу жөнүндө доо койсо:
а) камсыздандыруу окуясынын шарттарын изилдөөгө же келтирилген зыяндардын өлчөмүн аныктоого камсыздандырылуучу тоскоолдук кылса;
б) камсыздандыруу окуясы болгон учурда камсыздандырылган мүлктү сактоо кызыкчылыгында камсыздандырылуучу жана пайда табуучу жокто түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишими;
в) эгерде милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга атайлап жалган маалыматтарды бергендиги белгилүү болуп калса.
2. Ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунун "а" пунктчасында каралган милдеттенмелерди камсыздандырылуучу аткарбаса, эгерде камсыздандыруу окуясынын болушу жөнүндө камсыздандыруучунун өз учурунда билгендигин далилдей албаса, же болбосо бул жөнүндө камсыздандыруучуда маалымат жок болуп, камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү милдеттерин бериши мүмкүн болбосо, анда камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартууга укуктуу.
3. Камсыздандыруучу төмөндөгүдөй негиздер боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулат:
1) эгерде камсыздандыруу окуясы камсыздандырылуучунун, пайда табуучунун же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн атайын оюнун же болбосо орой этиятсыздыгынын кесепетинен улам болсо, зарыл коргонуу, өтө зарылдык абалында атайын жасалгандан башка учурларда;
2) эгерде ушул камсыздандыруу окуясы Мыйзамдын 8-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн окуянын кесепетинен улам келип чыкса;
3) сот органдарынын чечими жана мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын буйругу боюнча камсыздандырылган мүлктүн алынгандыгынан, конфискациялангандыгынан, реквизициялангандыгынан, камакка алынгандыгынан же жок кылынгандыгынан улам пайда болгон чыгымдар үчүн камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулат.
4. Эгерде камсыздандырылуучу (пайда табуучу) камсыздандыруучу ордун толтурган чыгашалар үчүн жоопкер адамга карата талап коюу укугунан баш тартса, же камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) күнөөсү боюнча ошол укукту жүзөгө ашыруу мүмкүн болбосо, камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн толук же тиешелүү бөлүгүнөн бошотулат жана ордун толтуруунун ашыкча төлөнүп берилген суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
5. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана ушул Мыйзамда каралган башка учурларда камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартууга укуктуу, же болбосо камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулушу мүмкүн.
15-берене. Көз каранды эмес эксперттер
1. Турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүнө жүргүзүлгөн баалоо боюнча карама-каршылыктар болгондо камсыздандырылуучу, жабырлануучу, пайда табуучу же камсыздандыруучу көз каранды эмес эксперттерди ишке тартышат.
2. Көз каранды эмес эксперттер теңдик, бейтараптык жана калыстык принциптерине негизденип камсыздандырылуучуга, жабырлануучуга, пайда табуучуга же камсыздандыруучуга болгон мамиледе, 10 календардык күндүн ичинде милдеттүү камсыздандыруу менен байланышкан турак жайга келтирилген залалга баа берип, өлчөмүн аныктоого милдеттүү.
3. Өрттөн жана табигый кырсыктардан улам турак жайларды милдеттүү камсыздандырууга байланыштуу, турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн баалоону жүргүзгөн көз каранды эмес эксперттер, юридикалык жана физикалык жактар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген камсыздандыруу төлөмдөрүн эсептеп чыгуу методун жетекчиликке алууга, өз ишин жүзөгө ашырууга укуктуулугун бышыктаган документтерге ээ болууга жана маалыматтардын ишенимдүүлүгү жана баалоо актысынын туура түзүлүшү үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жарандык чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тартууга милдеттүү.
16-берене. Камсыздандыруу тарифтерин мамлекеттик жөнгө салуу
1. Камсыздандыруу тарифтерин мамлекеттик жөнгө салуу ушул Мыйзамга ылайык экономикалык жактан негизделген камсыздандыруу тарифтерин же алардын деңгээлдеринин чектерин жана милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын аныктоодо аларды камсыздандыруучунун колдонуу тартибин белгилөө аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу тарифтерин, алардын түзүмүн ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
3. Камсыздандыруу тарифтери базалык ставкалардан жана коэффициенттерден турат. Камсыздандыруу тарифтеринин курамына кирген коэффициенттер камсыздандыруу коркунучуна таасир берүүчү, турак жай жайгашкан аймакка анын техникалык абалына жараша белгиленет.
4. Милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу сыйлыктары камсыздандыруу тарифтеринен чыгарылгандар катары жана камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмү катары эсептелет.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген камсыздандыруу тарифтери камсыздандыруучулар үчүн милдеттүү. Камсыздандыруучулар милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү боюнча белгиленгенден айырмаланган ставкаларды жана (же) коэффициенттерди колдонууга укуксуз.
17-берене. Камсыздандыруучуну алмаштыруу
1. Милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруучуну алмаштыруу бул камсыздандыруучу менен тиешелүү уруксаттамасы бар башка камсыздандыруучу түзгөн келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен камсыздандыруучуну алмаштырууга жол берилет.
3. Төмөнкүдөй учурларда камсыздандыруучуну алмаштыруудан баш тартылышы мүмкүн, эгерде:
1) милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруучунун милдеттенмелерди кабыл алышы өзү менен кошо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген камсыздандыруучулардын акы төлөө жөндөмдөрүнүн кепилдүүлүгүнө карата коюлган талаптардын бузулушуна кириптер кылса;
2) милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча милдеттенмелерди кабыл алган камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандырууну жүргүзүү лицензиясына ээ болбосо;
3) камсыздандыруучуну алмаштыруунун шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе.
18-берене. Анык (рыноктук) наркка камсыздандыруу
1. Камсыздандыруучу менен камсыздандырылуучунун ортосундагы макулдашуу боюнча турак жайдын камсыздандыруу суммасы көбөйтүлүшү мүмкүн, бирок ал турак жайдын анык (рыноктук) наркынан ашпайт. Турак жайдын анык (рыноктук) наркы жана камсыздандыруу сыйлыгы мындай учурда камсыздандыруучунун жана ыктыярдуу камсыздандырылуучунун ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат жана камсыздандыруунун өзүнчө келишими түзүлөт.
2. Эгерде камсыздандыруу суммасы турак жайдын чыныгы (рыноктук) наркына барабар суммада болсо, камсыздандыруу толук деп эсептелет. Мындай учурда камсыздандыруу төлөмү камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн камсыздандырууну төлөө шарттарына ылайык көлөмдө төлөнүп берилет.
3. Эгерде камсыздандыруу суммасы турак жайдын чыныгы (рыноктук) наркынан төмөн болсо, камсыздандыруу толук эмес деп эсептелет. Мындай учурда келтирилген зыян турак жайдын чыныгы (рыноктук) наркынын камсыздандыруу суммасына жараша пропорционалдуу төлөнөт.
3-глава. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча кепилдик төлөмдөрү
19-берене. Кепилдиктүү төлөмдөр
1. Камсыздандыруу уюму мажбурланып жоюлган учурда милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп берилүүгө жаткан кепилдиктүү төлөмдөр фондунун каражатынан кепилдиктүү төлөмдөр төлөнөт.
2. Кепилдиктүү төлөмдөрдү ишке ашыруу жөнүндө чечим кепилдиктүү төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн бардык зарыл документтерди кызыкдар болгон адамдар бергенден кийин камсыздандыруучулардын коомдук бирикмеси тарабынан кабыл алынат.
3. Төлөмдөрдү ишке ашыруу жана каражаттарды чыгымдоо тартиби, ошондой эле кепилдиктүү төлөмдөр фондуна сумманы чегерүүлөр камсыздандыруучулардын коомдук бирикмеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен аныкталат.
4-глава. Корутунду жоболор
20-берене. Маалыматтык өз ара аракеттер
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка юридикалык жактар уюштуруучулук-укуктук түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан жана Кыргыз Республикасынын жарандары камсыздандыруучулардын жана алардын өкүлдөрүнүн суроолору боюнча камсыздандыруу окуялары менен байланышкан өздөрүндөгү маалыматтарды 10 иш күндүн ичинде бекер берүүгө милдеттүү.
2. Камсыздандыруу окуясы болгон учурда камсыздандыруу уюму ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана камсыздандыруучулардын коомдук бирикмесине камсыздандыруу окуясы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле камсыздандыруу окуясынын болуу фактысын бышыктаган документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте берет.
21-берене. Камсыздандыруучулардын камсыздандыруу уюмунун жана ыйгарым укуктуу органдын коомдук бирикмелеринин маалыматтар базасына маалымат берүүсү
1. Маалыматтар базасы ар бир түзүлгөн камсыздандыруу келишими жөнүндө, камсыздандыруу сыйлыктарынын көлөмү тууралуу, камсыздандыруу окуялары жөнүндө, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы тууралуу маалыматтарды камтыйт.
2. Маалыматтар базасына маалыматтарды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен белгиленет.
22-берене. Милдеттүү камсыздандыруу тармагындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөл
1. Камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте мамлекеттик жөнгө салынууга жана көзөмөлдөнүүгө жатат.
2. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү боюнча милдеттерди, турак жай ээлеринин аткарышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууга укуктуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
23-берене. Талаштарды чечүүнүн тартиби
Милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан талаштар Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
24-берене. Жоопкерчилик
Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын жарандык, администрациялык жана кылмыш-жаза укуктар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленгендей жоопкерчиликтерди тартат.
25-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:
- ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн керектүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
- өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|