Загрузка документа…
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 токтому менен бекитилген |
Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 224-беренесине ылайык оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөө же алып салуу тартибин аныктайт.
2. Оор жумуштар жана зыяндуу же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөм (мындан ары - кошумча төлөм) оор, зыяндуу, кооптуу же эмгек шарттары өзгөчө башка жумуш орундарынын тизмегине ылайык белгиленет.
3. Оор, зыяндуу, эмгек шарттары кооптуу өзгөчө башка жумуш орундарынын тизмеги (мындан ары - Тизмек) жумуш орундары аттестациялангандан кийин Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегине (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) ылайык жамааттык келишимде же кесиптик бирлик же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу аркылуу иш берүүчү тарабынан бекитилген айрым документтерде каралат.
4. Жумуш орундарын колдонуудагы санитардык эрежелердин жана ченемдердин талаптарына шайкеш келтирүү үчүн шарттарды жакшыртуу жана эмгекти коргоо боюнча жүргүзүлгөн комплекстүү уюштуруу-техникалык иш-чараларды эсепке алуу менен жыл сайын кайра каралып турат.
5. Жумуш орундарын аттестациялоо иш берүүчү тарабынан аттестациялык комиссияны түзүү аркылуу уюштурулат жана жүргүзүлөт.
6. Аттестациялык комиссиянын сандык жана персоналдык курамы, ошондой эле аттестациялоонун графиги жана тартиби иш берүүчү тарабынан аныкталат жана бекитилет.
Аттестациялык комиссиянын курамына иш берүүчүнүн өкүлдөрү, эмгекти коргоо боюнча адис, баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын шайланма органдарынын же кызматкерлердин башка өкүлдүк органынын өкүлдөрү, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистери киргизилет.
Иш берүүчүнүн өкүлдөрү катарында аттестациялык комиссиянын курамына уюмдун түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жетекчилери, кадр боюнча адистер, эмгек жана эмгек акы боюнча адистер, уюмдун башкы адистери, медициналык жана башка жумушкерлер киргизилиши мүмкүн. Аттестациялык комиссияны иш берүүчүнүн өкүлү башкарат.
7. Жумуш орундарын аттестациялоонун натыйжалары жумуш орундарын колдонуудагы санитардык эрежелердин жана ченемдердин талаптарына шайкеш келтирүү үчүн шарттарды жакшыртуу жана эмгекти коргоо боюнча жүргүзүлгөн комплекстүү уюштуруу-техникалык иш-чараларды андан ары жүргүзүү үчүн жана шарттарды жакшыртууга жана эмгекти коргоого, жумушкердин кызматтык маянасына кошумча төлөмдү негиздөөгө жана белгилөөгө мүмкүн болбогон учурда пайдаланылат.
8. Кызматтык маянанын өлчөмү эмгек шарттарынын зыяндуулук деңгээлине жараша кызматтык маянанын пайыздык катышында, бирок эмгек шарттары оор жана зыяндуу болгон жумуштарга 15 пайыздан жана эмгек шарттары өзгөчө оор жана өзгөчө зыяндуу болгон жумуштарга 30 пайыздан кем эмес белгиленет.
9. Жумушкерлер үчүн кошумча төлөм, жетекчинин буйругуна ылайык, эмгек шарттары оор жана зыяндуу же кооптуу жумуштарда жана жумуштун 50%дан кем эмес убактысын иондоочу нурлануу таасиринде иштеген учурларда төлөнөт.
10. Жумушчулардын теңинен көбү ушул цехтерде, участоктордо жана өндүрүштөрдө жумуштун 50%дан кем эмес убактысын өткөрүп, өзгөчө эмгек шарттары үчүн кошумча төлөмдү алышкан цехтердин, участоктордун жана өндүрүштөрдүн жетекчилери менен адистери кошумча төлөмдү белгилөөгө укуктуу.
11. Кошумча төлөм белгиленген кызмат орду боюнча милдеттерди убактылуу аткарган кызматкерлерге карата кошумча төлөм убактылуу иштеген учурларына гана төлөнөт.
12. Жумушчу орундарда зыяндуу өндүрүштүк факторлор жоюлган жана эмгек шарттары жакшырган учурларда, аттестациялык комиссия жумуштардын тиешелүү түрлөрүн эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу категориясынан эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштар же эмгек шарттары нормалдуу категорияга которуу жөнүндө чечим кабыл алат.
13. Эмгек шарттары өтө оор жана өтө зыяндуу категориядан эмгек шарттары оор жана зыяндуу категорияга которулган учурда иш берүүчүнүн буйругуна ылайык үстөк акылар азайтылат, эмгек шарттары нормалдуу категорияга которулган учурда үстөк акы алып салынат.