Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-майындагы № 288
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-майы № 325
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын
3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна ушул токтомдун тиркемесине ылайык толуктоолор киргизилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы
№ 303 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында:
- II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 12-22-баптар менен толукталсын:
“
12. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
| Жалгыз бой жашаган улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды үйүндө социалдык тейлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-бабы, 26-пункту |
2 | Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
| Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыргыз Республикасынын улгайган жарандары: - жалгыз бой жашагандар; - өзүн-өзү тейлөө жана басып-туруу жөндөмдүүлүгү чектелүүсүнөн улам негизги турмуштук керектөөлөрүн өз алдынча канааттандыруунун айрым мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган жубайлар; - жакын туугандарынын кароосуз калган, аз камсыз болгондор; - аларга жардам берип жана багып кете алган туугандары жоктор; Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген, өзүн-өзү тейлөөгө жөндөмсүз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА) төмөнкүлөргө байланыштуу: - оорусуна жана майыптуулугуна; - аларга жардам берип жана багып кете алган туугандарынын жоктугуна. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
| Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2011-жылдын 27-майындагы № 255 “Кыргыз Республикасынын калкына берилүүчү кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө”; - 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 “Үйүнө барып социалдык тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү туралуу”; - 2012-жылдын 29-февралындагы № 157 “Социалдык кызматкер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
| 1) Социалдык-тиричилик кызматтарды көрсөткөн учурда: - азык-түлүк жана өнөр жай товарларын, дары-дармектерди сатып алуу жана жеткирип берүү; - түшкү ысык тамакты үйүнө жеткирип берүү; - тамак даярдоого жардам берүү; - үй буюмдарын жана кийим-кечелерин кир жуучу жайга, химиялык тазалатууга, оңдоого тапшыруу жана кайра алып келип берүү; - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү төлөөгө жардам берүү; - туугандары, достору менен кат алышууга байланышкан өтүнүчтөрүн аткаруу; - мезгилдүү басма сөз басылмаларын сатып келүү, китепканалардан китептерди алып берүү; - үн чыгарып окуу; - баарлашуу жана маектешүү; - турак-жайды майда-чүйдө оңдоодо, тазалоодо (полун жана терезелерин жууп берүү, короо-жайын тазалоо) жардам көрсөтүү; - чарбакты казууга, түшүмүн жыйноого, кышка даярданууга жардам берүү; - кыш мезгилинде отун менен камсыз кылууга, турак жайын жылытууга (мешин жагып берүү) жардам берүү; - расымдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу. 2) Социалдык-медициналык кызматтарды көрсөткөн учурда: - Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык медициналык кызматтарды көрсөтүү; - медициналык персоналды үйүнө чакыруу; - дарыгер келгенге чейин алгачкы жардам көрсөтүү (температурасын ченөө, компрессти, горчичниктерди коюу); - медициналык мекемеге коштоо; - тейлөөдөгү адам ооруканага жаткырылган учурда барып туруу; - биологиялык каражаттарды бейтапканалык лабораторияга жеткирүү; - санитардык-гигиеналык процедурадан өтүүдө (сүртүү, кийинтүү, гигиеналык ванна, тырмактарын алуу, чачын тарап берүү) жардам көрсөтүү; - медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүү; - угуу аппараттарын, көз айнек, протездик-ортопедиялык буюмдарды берүү, тиш салдыруу (баалуу металлдардан жана башка кымбат материалдардан жасалган протездерден башка), медициналык көрсөтмөлөрү бар болсо алга жылуунун техникалык каражаттары менен (жеке кресло-коляска, таяк, балдак) менен камсыздоо. 3) Социалдык-психологиялык кызматтарды көрсөткөн учурда: -психологиялык жардам көрсөтүү: үйүндө тейленген жарандардын турмуш-тиричилик аракеттерин колдоо үчүн маектешүү, баарлашуу, угуу, көңүлүн көтөрүү, активдүүлүккө мотивациялоо. 4) Социалдык-укуктук кызматтарды көрсөткөн учурда: - социалдык камсыз кылуу маселелери боюнча консультация берүү; - пенсиялык жана социалдык камсыз кылууларды алуу үчүн документтерди тариздөөгө жардам берүү; - социалдык стационардык мекемеге аныктоо үчүн документтерди тариздөөдө жардам берүү |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
| Кызмат көрсөтүүлөр кардардын үйүндө социалдык кызматкер тарабынан жүзөгө ашырылат. Социалдык кызматкердин кардарга баруусу анын жеке графиги боюнча жумасына эки жолудан кем эмес ишке ашырылат, графикти аймактык бөлүнүштүн жетекчиси бекитет. Социалдык кызматкердин жумушчу убактысынын узактыгы жумасына 40 сааттан ашпоого тийиш |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Аймактык бөлүнүштөр документтерди 30 мүнөттөн ашырбай кабыл алат. Турак-жай-тиричилик шарттарын текшерүү, тиешелүү актыны түзүү, керек болгон документтерди жыйноо жана аны иштеп чыгуу - 1 айдан ашык эмес. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү: - убактылуу социалдык тейлөө- мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн ден соолугунун абалына жана каалоосуна жараша 6 айга чейин; - туруктуу социалдык тейлөө – ДМЧА жана улгайган жарандардын негизги тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымдоо
| ||
8 | Стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасында; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында www.mlsp.kg; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө жеке кайрылган учурда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы жана анын аймактык бөлүнүштөрүндөгү брошюралардан, буклеттерден жасалган маалымат такталарына. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жана анын аймактык бөлүмдөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалыматты таркатуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашат: - ЖМК (газеталар, радио, телевидение); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты www.mlsp.kg; - маалымат такталары, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүшүнүн тактасына, сайтына жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алышуу | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалымат такталары жайгаштырылат. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде фамилиясын, атын, атасынын атын жана кызматын көрсөтүү менен жекелештирилген таанытмасы (бейждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактайт: сылыктык, ак ниет, сыпайы, чыдамкай, принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтештирет. Бардык кызматкерлер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна жол берилбөөгө, этика ченемдерин сактоону камсыздоого, кызыкчылыктардын келишпестигин болтурбаган жарандарга карата көз карандысыз жана обьекттивдүүлүктү сактаган кызматтык нускамалар (функционалдык милдеттер) жана кесиптик-этикалык ченемдер сакталууга тийиш. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана ыңгайлуу формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Арыз ээсине жана ага көрсөтүлгөн кызмат тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси
| Мамлекеттик кызматты алуу үчүн төмөнкү документтер берилет: - белгиленген түрдөгү арыз; - турак-жай-тиричилик шарттарын текшерүү актысы; - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - пенсиялык күбөлүк (көчүрмөсү); - жашаган жеринен маалымкат; - медициналык картадан көчүрмө; - майыптыгы тууралуу медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу (көчүрмөсү); - Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусунун жана ага теңештирилген адамдардын күбөлүгү (көчүрмөсү); - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарында социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечими. Зарыл болгон учурда социалдык кызматкер социалдык тейлөөгө кабыл алынып жаткан адамдарга жогоруда көрсөтүлгөн документтерди тариздөө боюнча жардам көрсөтөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта белгиленген талаптарга дал келүүсү: имаратка кирүү, жарандар үчүн ыңгайлуу коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын, кабыл алуу графигинин болушу, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүүнүн бүтүн жүрүшүндө консултация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин үмүтүнө ылайыктуулугу; - жеткиликтүү жерде жарандардын даттануу сунуштар китебинин болушу. |
15 | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта кызмат көрсөтүү өзгөчөлүгү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы www.mlsp.kg “Суроо-жооп” бөлүмүндө берилген суроолорго жооптор берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - эгер арыз берүүчүдө үйүндө социалдык жактан тейлөөгө медициналык каршы көрсөтүүлөр болсо: процесстин активдүү стадиясындагы кургак учук, психотикалык айнып калуу (жөөлүү, галлюцинация, агрессия, импульсивдик жүрүм-турум), карантиндик инфекциянын жана адистешкен медициналык уюмдарда дарылоону талап кылган башка оорулар; - арыз берүүчүнүн ушул стандарттын 3- пунктундагы талаптарга ылайык келбеши; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин топтомунун арыз берүүчү тарабынан толук берилбеши; - эгерде арыз берүүчүнүн өздүгүн ырастоочу берилген документтери белгиленген үлгүдө болбосо (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк) же дефекттер бар болсо |
17 | Даттануу тартиби
| Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүнүшүнүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн аралыгында каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан аз эмес мезгилдүүлүк менен туруктуу түрдө каралып турушу керек
|
13. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кыймылдоого жардамчы каражаттарга болгон керектөөлөрүн аныктоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды, майыптык кресло-коляскаларды, тиричиликке ыңгайлашкан жабдыктарды (таяк жана балдактарды) даярдоо жана берүү (буюмдардын белгиленген тизмегине ылайык) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-бабынын 12-пункту. |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ); РПОБМ дин Ош шаарындагы филиалы; Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары-аймактык бөлүнүштөрү). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Кыймылдоого жардамчы каражаттарга муктаж болгон I, II, III топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2003-жылдын 25-июлундагы №469 “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды майыптардын бөлмөдө жүрүүчү кресло-коляскалары менен камсыздоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; - 2011-жылдын 25-августундагы № 511 “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө”; - 2014-жылдын 27-мартындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; - 2012-жылдын 31-январындагы № 68 “Кыргыз Республикасында медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө” |
5 | Көрсөтүлгөн кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кыймылдоого жардамчы каражаттарды берүү: - протездик-ортопедиялык буюмдар (колдун протези, буттун протези, ортопедиялык аппараттар, ортопедиялык бут кийим, бандаждар, корсеттер, тизеден ылдыйкы таянычтар, батек, тери шымдар, кошумча бут кийимдер); - тиричилик шаймандары (балдактар, таяктар, майыптык кресло-коляскалар) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧАлар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ДМЧАлар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имараттар, жайлар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, даараткана (региондордо, борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болгондо-короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет,эгерде алар тепкичтен чыга албаса, кызматкер сыртка чыгып, арызын кабыл алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуу жана күтүү – 15 мүнөттөн ашпашы керек. Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдө ченөөнү кошкондо жалпы мөөнөтү: - татаал ортопедиялык бут кийимдер – 35 жумуш күндөн ашпайт; - аз татаалдыктагы ортопедиялык бут кийимдер – 10 жумуш күндөн ашпайт; - тиричилик шаймандары (чакан өлчөмдөгү коляска, майыптык кресло-коляскалар) - эгерде кресло-коляскалар райондук/ шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында болсо, керектөөчүлөр үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү мөөнөтү Бишкек шаарында жашагандарга 5 жумуш күндөн ашпайт, ал эми Бишкек шаарынан сыртта жашагандар үчүн - 30 жумуш күндөн ашпайт. Кресло-коляска жок болсо - 4 календардык айдан ашпайт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү убактысы 30 мүнөттөн ашпайт. Протездик-ортопедиялык буюмдар керектөөчүгө пайдаланууга берген күндөн тартып 1 жыл өткөндөн кийин алмаштырылат. Кресло-коляска керектөөчүгө пайдаланууга берилгенден тартып 5 жыл өткөндөн кийин алмаштырылат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.kg сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө, РПОБМге жана анын Ош шаарындагы филиалына жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрдүн, РПОБМ жана анын Ош шаарындагы филиалынын брошюралардан, буклеттерден даярдалган маалыматтык такталарынан. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө, РПОБМ жана анын Ош шаарындагы филиалынын жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты- www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштөрдүн, РПОБМдин жана анын Ош шаарындагы филиалынын такталарында, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр тарабынан аракеттердин тизмеги | Протездик-ортопедиялык буюмдарды алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет: - медициналык мекеменин дарыгеринин жолдомосу; - паспорт; - пенсиялык ырастама; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чейинки балдар үчүн); - иштеген жеринен маалымкат (иштеген ДМЧА экинчи протез алуу үчүн); - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты. Протездик-ортопедиялык буюмду мөөнөтүнөн эрте алмаштыруу үчүн РПОБМдун Бишкек шаарындагы медициналык-техникалык комиссиясына жана РПОБМдун Ош шаарындагы филиалына кайрылуу керек. Кресло-коляскаларды алуу үчүн ДМЧАлар аймактык бөлүнүштөргө кайрылат жана төмөнкү документтерди берет. - арыз; - “Майыптык кресло-коляскага муктаж” деген жазуусу бар медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын (мындан ары – МСЭК) корутундусу; - жашаган жеринен маалымкат. Кресло-колясканы мөөнөтүнөн мурда алмаштыруу ДМЧАнын арызынын жана кресло-колясканын жараксыз болуп калгандыгы жөнүндө аймактык бөлүнүштүн актысынын негизинде жүргүзүлөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтин ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы www.mlsp.kg “Суроо-жооп” бөлүмүндөгү суроолорго жооптор берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылат: - арыз ээсинин ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайык келбеши; - ушул стандарттын 12-пунктунда белгиленген зарыл документтерди арыз ээсинин бербеши. |
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда, арыз ээси Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилигине жана РПОБМга оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттап, жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилиги жана РПОБМ тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жана РПОБМдин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш. |
14. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
| Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн протездик-ортопедиялык буюмдарды жана тиричилик шаймандарын оңдоо (буюмдардын белгиленген тизмегине ылайык) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 3-бабынын, 13-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
| Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ); РПОБМдин Ош шаарындагы филиалы; РПОБМдин мастерскойлору |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
| Алга жылуунун көмөкчү каражаттарына муктаж болгон I, II, III топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
| Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2011-жылдын 25-августундагы № 511 “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси жөнүндө” ; - 2014-жылдын 27-мартындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Протездик-ортопедиялык буюмдар оңдоодон кийин. Тиричилик шаймандары оңдоодон кийин |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧАлар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ДМЧАлар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имараттар, жайлар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, даараткана (региондордо, борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болгондо-короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар тепкичтен чыга албаса, кызматкер сыртка чыгып, арызын кабыл алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Арызды берүү жана күтүү убактысы– 30 мүнөттөн ашпайт. Протездик-ортопедиялык буюмдардын жана ортопедиялык бут кийимди оңдоонун жалпы мөөнөтү -7 жумуш күндөн ашпайт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын алууга убакыт – 30 мүнөттөн ашпайт. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.kg сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө жана РПОБМге жана анын Ош шаарындагы филиалына жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрдүн жана РПОБМдин брошюраларынан, буклеттерден даярдалган маалыматтык такталарынан. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө жана РПОБМде жана анын Ош шаарындагы филиалына жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты- www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштөрдүн жана РПОБМдин жана анын Ош шаарындагы филиалынын такталарында, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, аймактык бөлүнүштөрдө жана РПОБМде жана анын Ош шаарындагы филиалында кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр тарабынан аракеттердин тизмеги | Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкү документтерди берет: - эркин формада жазылган арыз; - паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк
|
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу. |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы www.mlsp.kg “Суроо-жооп” бөлүмүндөгү суроолорго жооптор берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Протездик-ортопедиялык буюмдарды, тиричилик шаймандарды же кресло-коляскаларды оңдоого мүмкүн болбогон учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. |
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилигине жана РПОБМга оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилиги жана РПОБМ тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жана РПОБМдин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш. |
15. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
| Реабилитациялоонун жеке программасы боюнча таяныч- кыймылдоо аппараты бузулган ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 3-бабынын 15-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
| Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо борбору (мындан ары – ДМЧА реабилитациялоо борбору) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр
| Таяныч- кыймылдоо аппараты бузулган ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары - ДМЧА): - ар кандай патологиядан улам буттары ампутация болгон ДМЧА; - таяныч-кыймылдоо аппараты тубаса ооруган ДМЧА; - муундардын ар кандай патологиясы бар ДМЧА |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө”; - “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 1999-жылдын 7-сентябрындагы № 486 “Майыптарды реабилитациялоонун мамлекеттик базалык программасы жөнүндө жана майыптарды реабилитациялоонун жекече программасы жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу”; - 2011-жылдын 29-июлундагы № 429 “Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борбору жөнүндө” |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыктары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн кыймылдоо функциясы бузулган буттарын калыбына келтирүү жана жакшыртуу же компенсациялоо үчүн реабилитациялоо иш-чараларынын комплекси, ошондой эле ампутацияланган буттарды протездөө. Тиешелүү документти (реабилитациялоо картасынан көчүрмө бөлүк) берүү менен үй-бүлөгө жана коомго адаптациялоо жана интеграциялоо максатында таяныч- кыймылдоо аппаратынын бузулган функциясын жакшыртуу, турукташтыруу, компенсациялоо. |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧАлар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ДМЧАлар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имараттар, жайлар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, даараткана (региондордо, борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болгондо-короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар тепкичтен чыга албаса, кызматкер сыртка чыгып, арызын кабыл алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Документтерди кабыл алуу жана кезекте күтүү убактысы– 15 мүнөттөн ашпайт. Реабилитациялоо кызмат көрсөтүүсүнүн жалпы мөөнөтү - 1 айдан ашпайт. Протездөөнүн татаалдыгына жараша аткаруу кошумча календардык 30 күндүк мөөнөткө узартылат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ДМЧА реабилитациялоо борборунун коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.kg сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө жана ДМЧА реабилитациялоо борборуна жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн жана ДМЧА реабилитациялоо борборунун брошюраларынан, буклеттерден даярдалган маалыматтык такталарынан. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө жана ДМЧА реабилитациялоо борборунда жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштөрдүн жана ДМЧА реабилитациялоо борборунун такталарында, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн аракеттеринин тизмеги
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ДМЧАды реабилитациялоо борборуна төмөнкү документтер берилет: - реабилитациялоого багыттама (Үй-бүлөлүк медицина борборунан, социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин медициналык- социалдык эксперттик комиссиясынын же медициналык бөлүмүнүн багыттамасы); - заара жана кандын жалпы анализинин жыйынтыктары; - көкүрөк клетка органдарынын флюрографиясы; - текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтин ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы www.mlsp.kg “Суроо-жооп” бөлүмүндөгү суроолорго жооптор берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартса болот: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайыксыздыгы; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтерди арыз ээси бербесе; - арыз ээсинде реабилитациялык кызматтарды алуу үчүн медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн болушу |
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилигине жана ДМЧАды реабилитациялоо борборуна оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилиги жана ДМЧАды реабилитациялоо борбору тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жана ДМЧАды реабилитациялоо борборунун чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра кароо мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен дайыма кайра каралууга тийиш. |
16. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
| Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды дайындоо жана төлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 3-бабынын, 19 - пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Социалдык камсыз кылуу департаменти (мындан ары - СКД) Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары- аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр | Жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды алуучулар: - Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары; - Улуу Ата мекендик согуштун майыптары; - согуштагы эрдиги үчүн сыйланган Советтер Союзунун Баатырлары; - согуштагы эрдиги үчүн Даңк орденинин бардык үч даражасы менен сыйланган адамдар; - “Кыргыз Республикасынын Баатыры” жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамдар; - концлагердин мурдагы жашы жетпеген туткундары; - “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар; - башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштарда жаракат алган майып аскер кызматчылар; - аскер кызматчылардын ичинен СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда алган жараттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болуп калган адамдар; - башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштук аракеттердин катышуучулары; - Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдар; - 1986-1987-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар; - Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптык топко кирген адамдар; - Улуу Ата мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизациялоого дуушарланган жана кийин реабилитацияланган жарандар; - Саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиянын кесепетинен жабыркап, реабилитацияланган жарандар; - 1988-1989-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар; - Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен курман болгондордун, нур оорусунун кесепетинен өлгөндөрдүн, каза болгон майыптарынын жана каза болгон 1986-1987-жылдардагы катышуучуларынын үй-бүлөлөрү; - Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында радиациянын таасирине чалдыккан ата-энелериндеги генетикалык өзгөрүүлөрүнөн улам тукум куучу илдеттери жана өнүгүүсүндө аномалиялары бар биринчи жана кийинки эки муундун балдары; - Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптык топко кирбеген адамдар; - Улуу Ата мекендик согушта курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү; - Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү; - Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде алган жараттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошогондон кийин каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү; - Улуу Ата мекендик согушта каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесирлери); - Улуу Ата мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесирлери); - “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган каза болгон адамдардын майып деп табылган, кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесирлери); - “Кыргыз Республикасынын ардактуу донору” төш белгиси менен сыйланган адамдар; - бала кезинен көрүүсү жана угуусу боюнча (I жана II топтогу майыптуулугу бар) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, көрүү органдарынын ооруларынан (III топтогу майыптуулугу бар) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ошондой эле 2013-жылдын 1- мартына аймактык бөлүнүштөрдө эсепте турган көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар 18 жашка чейинки балдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: - “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө”; - Кыргыз Республикасынын “Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө”; - “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”; - “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө”; - “Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 “Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө”; - 1995-жылдын 28-сентябрындагы № 401 “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укуктары жана гарантиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө”; - 1996-жылдын 31-июлундагы № 348 “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары жөнүндө”; - 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө” |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыктары | Женилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсация |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧАлар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ДМЧАлар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имараттар, жайлар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, даараткана (региондордо, борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болгондо-короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар тепкичтен чыга албаса, кызматкер сыртка чыгып, арызын кабыл алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Кезек күтүү жана документтерди кабыл алуу, арыздарды тариздөө 30 мүнөттөн ашпайт. Керектөөчүгө кызматты алуу үчүн керектүү документтерди кабыл алгандан кийин дароо акчалай компенсациянын дайындалышы кабарланат. Компенсация үстүдөгү жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин (12 айга), кийин компенсация алуучулардын жыл сайын кайра катталып туруусу менен чектелет жана ай сайын төлөнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.kg сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн брошюраларынан, буклеттерден даярдалган маалыматтык такталарынан. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштөрдүн такталарында, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн аракеттеринин тизмеги
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси төмөнкүдөй документтерди тапшырат: - жашаган жеринен маалымкат; - салыштырып текшерүү үчүн түпнускасын көрсөтүү менен паспорттун көчүрмөсү; - компенсация алуучунун статусу жөнүндө белгиленген үлгүдөгү күбөлүктүн көчүрмөсү; - чет өлкөлүк жарандын (Россия Федерациясынын жана КМШнын башка мамлекеттеринин жарандары үчүн) жашай туруу укугунун көчүрмөсү. Кошумча төмөнкүдөй документтер берилет: - башка мамлекеттердеги согуштук аракеттердин катышуучулары жана майыптары үчүн, ошондой эле аскердик кызматтын милдеттерин (кызматтык милдеттерин) аткаруу учурунда майып болгон адамдар үчүн согуштук аракеттерге катышканы жөнүндө коюлган белгиси бар аскердик билеттин көчүрмөсү; - экинчи дүйнөлүк согуштун убагында фашисттер жана алардын союздаштары Германиянын жана ага союздаш өлкөлөрдүн аймактарында, ошондой эле мурдагы СССРдин жана Европа өлкөлөрүнүн басып алынган аймактарында түзүшкөн концлагерлерде, геттолордо, мажбурлап кармаган башка жерлерде болгон фактысын ырастаган согуш мезгилиндеги документтердин, же концлагерлердин жашы жете элек (мурдагы СССРдин басып алынган аймактарында улутчулдук куугунтуктоо колдонулган учурга карата 18 жашка чейинки курактагы) туткундары үчүн архивдик жана башка мекемелерден керектүү маалыматтарды камтыган маалымкаттардын же башка документтердин көчүрмөсү; - Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар үчүн аскердик белеттин же ишкананын маалымкатынын катышкан жылдар көрсөтүлгөн көчүрмөсү, ошондой эле Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусу; - “За оборону Ленинграда” медалына, “Жителю блокадного Ленинграда” белгисине күбөлүктөрдүн копиясы; - “Кыргыз Республикасынын ардактуу донору” төш белгисине күбөлүктүн копиясы; - саясый жана диний ишенимдери үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиялардын кесепетинен жабыркап, акталган жарандар үчүн, ошондой эле Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында жумушчу колонияларга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизацияланган жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, ошондой эле КМШ мамлекеттеринин прокуратура, сот органдары жана ички иштер органдары берген реабилитация жөнүндө маалымкаттын копиясы; - Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдардын биринчи жана кийинки эки муунундагы балдары (18 жашка чейин) үчүн ата-энеси радиоактивдүү нурланышынын мүмкүн болгон генетикалык кесепети менен шартталган тукум кууган оорулар болгон учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн копиясы, ошондой эле Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин алдындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык регистрдин маалымкаты. Майып болуп калган адамдардын өздүк делолорунда Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын күбөлөндүрүү актысынан көчүрмөнүн копиясы майыптыктын тобун жана майыптыкты белгилөөнүн мөөнөтүн көрсөтүү менен милдеттүү түрдө болууга тийиш, анын ичинде: - Улуу Ата мекендик согуштун майыптары үчүн, “жаракат (травма) Улуу Ата мекендик согуштун учурунда алынганы” жөнүндө белгиси менен; - аскер кызматчылар үчүн, “жаракат (травма) 2010-жылдын 12- февралындагы аскердик кызматтын милдеттерин аткаруу учурунда алынганы” жөнүндө “аскер жаракаты” белгиси менен; - Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюучулар үчүн, оору ЧАЭСтеги кырсыкка байланыштуу экени жөнүндө белгиси менен, Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусун тиркөө менен. Курман болгондордун жесирлеринин жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн өздүк делолорунда төмөнкүлөр болууга тийиш, алар: - нике жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - Улуу Ата мекендик согуштун майыбы жана катышуучусу, “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган, майып деп таанылган адам өлгөнү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - аскер кызматчы Улуу Ата мекендик согушта же аскердик кызматтын милдеттерин аткаруу учурунда курман болгондугу жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү; - ички иштер органдарынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгону жөнүндө маалымкаттын же кызмат өтөө учурунда алган жаракаттын, травманын, оорунун кесепетинен кызматтан бошонгондон кийин өлгөнү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетинен курман болгону жөнүндө маалымкаттын же Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюучу майыптын нур оорусунун кесепетинен өлгөнү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү. Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдардын өздүк делолорунда ордендин китепчесинин же сыйлыктардын күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү болууга тийиш. Андай сыйлыктарга Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде шаарларды жана аймактарды коргоодогу өтөгөн эмгегин жана үлгү болгонун сыйлоо үчүн уюштурулган медалдар кирет, алар: - “За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг.”; - “За победу над Германией в Великой Отчечественной войне 1941-1945 гг.”; - “За победу над Японией”; - “За отвагу”; - Медаль Ушакова; - “За боевые заслуги”; - Медаль Нахимова; - “За трудовую доблесть”; - “За трудовое отличие”; - “За оборону Москвы”; - “За оборону Одессы”; - “За оборону Севастополя”; - “За оборону Сталинграда”; - “За оборону Киева”; - “За оборону Кавказа”; - “За оборону Советского Заполярья”. Сыйлоо жөнүндө документтери жоголуп кетсе, согуштан кийинки мезгилде (1945-1949-жылдарда) сыйлангандыгын эмгек китепчедеги жазуулар боюнча, күбөлүктүн номерин жана сыйлык ыйгарылган күндү көрсөтүү менен же архивдик мекемелердин маалымкаттары менен далилдесе болот. “За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг.” медалы менен облустук, шаардык жана райондук мамлекеттик администрациялардын 1988-1995-жылдардагы чечимдери боюнча сыйланган адамдардын өздүк делолорунда медалдардын күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү же аталган чечимдердин көчүрмөлөрү болууга тийиш. - көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧА үчүн - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) маалымкатынын көчүрмөсүн жана МСЭК күбөлөндүрүү актысынан көчүрмөнү майыптуулукту дайындоо мөөнөтүн көрсөтүү менен күбөлөндүрүлөт, андан: - угуусу боюнча ДМЧА үчүн – “бала кезинен угуусу боюнча ДМЧА”-деген жазуусу бар жалпы профилдеги МСЭК берген күбөлөндүрүү актысынан маалымкат жана көчүрмө. МСЭК маалымкаты жана көчүрмө бөлүк тиешелүү МСЭК мөөрү менен күбөлөндүрүлөт; -биринчи же экинчи топтогу көрүүсү боюнча майыптуулугу бар ДМЧА үчүн - МСЭК маалымкаты жана райондор аралык офтальмологиялык МСЭК берген көчүрмө төмөнкү жазуулары менен: “Көрүүсү боюнча ДМЧА”. Тиешелүү офтальмологиялык МСЭК күбөлөндүргөн колу, мөөрү бар МСЭК маалымкаты. Мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн мыйзамдуу өкүлү керектөөчүнүн атынан мамлекеттик кызматты алуу укугуна нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним катты берүүсү зарыл. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтин ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы www.mlsp.kg “Суроо-жооп” бөлүмүндөгү суроолорго жооптор берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартса болот: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайыксыздыгы; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтерди арыз ээси бербесе |
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш |
17. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
| Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын отчетторунун негизинде кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду 11- жумушчу күндөн тартып төлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 3-бабынын 20-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары- аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Юридикалык жактар. Жеке адамдар: - иш берүүчү менен эмгек мамилелеринде турган адамдар; - жеке ишкерлер; - дыйкан (фермер) чарбаларынын (мындан ары - ДФЧ) мүчөлөрү; -ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (мындан ары - ишке орноштуруу кызматы) учетто турган жумушсуз жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 “Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыктары | Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧАлар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ДМЧАлар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имараттар, жайлар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, даараткана (региондордо, борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болгондо-короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар тепкичтен чыга албаса, кызматкер сыртка чыгып, арызын кабыл алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Жарандардын документтерин кабыл алуу, арыздарды тариздөө убактысы - 30 мүнөт. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул 11- жумушчу күндөн тартып юридикалык жактардын отчетунун жана жеке адамдардын арызынын негизинде, отчет тапшырган же арызды берген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде төлөнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.kg сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн брошюраларынан, буклеттерден даярдалган маалыматтык такталарынан. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты- www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштөрдүн такталарында, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси аймактык бөлүнүштөргө төмөнкү документтерди тапшырат: 1. Жеке ишкерлер үчүн: - патенттин же салык контрактынын негизинде иштеген жеке ишкерлердин республикалык бюджеттен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды төлөө боюнча чыгымдар жөнүндө отчету - 2 нускада; - эмгекке жарамсыздык баракчасы; - түпнускасын көрсөтүү менен паспорттун көчүрмөсү; - патенттин көчүрмөсү (патенттин негизинде иштеген жарандарга); - статистика органдарынын мекемелеринин каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү; - салык кызматынын мекемелери менен түзүлгөн салык контрактысынын (статистика күбөлүгүнүн негизинде иштеген жарандар үчүн) көчүрмөсү; 2. Дыйкан (фермер) чарбалары үчүн: - юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбанын мүчөлөрү кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды төлөө боюнча чыгымдар жөнүндө юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермер) чарбанын мүчөлөрү тарабынан - 2 нускадагы отчету; - эмгекке жарамсыздык баракчасы; - салыштырып текшерүү үчүн түпнускасын көрсөтүү менен паспорттун көчүрмөсү; - статистика органдарынан же салык органдарынан каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн; - жер салыгы төлөнгөнү жөнүндө маалымкат. Дыйкан (фермер) чарбага мүчө болгондор бир региондон башкасына көчкөн учурда мурда жашаган жеринен жер участкасына жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн жана жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө маалымкатты тиркейт. 3. Жумушсуздун расмий статусуна ээ болгон, ишке орноштуруу кызматында эсепте турган жарандар үчүн: - салыштырып текшерүү үчүн түпнускасын көрсөтүү менен паспорттун көчүрмөсү; - эмгекке жарамсыздык баракчаларын; - жумушсуздуктун статусун далилдеген ишке орноштуруу кызматынын маалымкаты. 4. Юридикалык жактар: - кош бойлуулук жана төрөткө жөлөкпулдарды төлөөгө чыгымдар боюнча отчет, 2 нускада; - кызматкердин эмгекке жарамсыздык баракчасынын көчүрмөсүн тапшырат. Аймактык түзүлүшкө биринчи жолу кайрылган учурда иш берүүчүлөр отчетко төмөнкү документтерди тиркейт: - статистика органынын каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсүн; - салык кызматынын каттоо карточкасынын көчүрмөсүн; - банктагы которуу эсебинин маалымдарегинин көчүрмөсүн |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы www.mlsp.kg “Суроо-жооп” бөлүмүндөгү суроолорго жооптор берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартса болот: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайыксыздыгы; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтерди арыз ээси бербесе |
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш |
18. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын отчетторунун негизинде расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду төлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 3-бабынын 21-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары- аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар болуп туугандыгына карабастан, чындыгында сөөктү койгонун тастыктаган документтерди көрсөткөн үй-бүлөнүн жашы жеткен мүчөлөрү же башка адамдар эсептелишет. Жөлөкпул төмөнкү категориядагы жарандар каза болгон учурларда дайындалат: - иш берүүчү менен эмгек мамилесинде турган адамдарга же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө; - жеке ишкерлик кылган адамдарга (мындан ары - жеке ишкер) же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө; - дыйкан (фермер) чарбасынын (мындан ары - ДФЧ) мүчөсүнө - ДФЧ башчысына он сегизге чыккан жана андан улуу мүчөсүнө же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө; - ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо турган, жумушсуз деген расмий статусу бар адамдарга (мындан ары - жумушсуз) же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө; - социалдык жөлөкпул алган адамдарга; - иштебеген, ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо турбаган адамдарга (мындан ары - жумушсуз адам); - пенсионерге же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнө |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
| Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: - 2011-жылдын 11- ноябрындагы № 727 “Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”; -2012-жылдын 23-мартындагы № 192 “Расымдык (сөөк коюу үчүн) жөлөкпулду эсептөөгө орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө” токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулга төлөмдөр
|
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧАлар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ДМЧАлар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имараттар, жайлар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, даараткана (региондордо, борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болгондо-короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар тепкичтен чыга албаса, кызматкер сыртка чыгып, арызын кабыл алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Жарандардын документин кабыл алуу, арыздарды тариздөө убактысы - 30 мүнөт. Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул юридикалык жак жана жеке адамдардын отчетунун негизинде, отчет тапшырган күндөн тартып, 30 календардык күндүн ичинде төлөнөт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.kg сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн брошюраларынан, буклеттерден даярдалган маалыматтык такталарынан. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты- www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштөрдүн такталарында, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Арыз ээси мамлекеттик кызматты алуу үчүн каза болгон адамдын жашаган (катталган) жери, юридикалык жайгашкан орду боюнча аймактык бөлүнүштөргө төмөнкү негизги документтерди тапшырат: - сөөк коюуга жөлөкпул төлөө жөнүндө арыз; - каза болгондугу жөнүндө маалымкат (түп нускасы) жана турган аймагына карабастан Кыргыз Республикасынын жарандык абалды мамлекеттик каттоо актылары (ЗАГС) органы тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - каза болгон адамдын акыркы жашаган жеринен жана анын үй-бүлө курамы жөнүндө маалымкат; - арыз берүүчүнүн (сөөктү койгон адамдын) жашаган жерин (каттоосун) көрсөтүү менен анын ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү; - каза болгон адамдын фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган жерин жана арыз берүүчүнүн фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен чындыгында сөөктү койгон фактыны тастыктаган расымдык кызмат көрсөтүү агенттигинен же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан (айыл өкмөтү, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу, аймактык муниципалдык башкаруу, үй жана кварталдык комитеттер) маалымкат. Чет мамлекеттердин тийиштүү органдары, анын ичинде КМШ катышуучу-мамлекеттер тарабынан берилген каза болгондугу жөнүндө маалымкаттар Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн коюуга жөлөкпул төлөө үчүн негиз болуп эсептелбейт. Айрым категориядагы каза болгон адамдардын сөөгүн коюуга жөлөкпул төлөө үчүн жогоруда көрсөтүлгөн тизмеге кошумча төмөнкүлөр тиркелет: - жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү жана салык (ДФЧнын мүчөлөрүнүн же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн сөөгүн коюу учурунда) төлөнүшү жөнүндө маалымкат; - патенттин көчүрмөсү (патент негизинде иштеген жеке ишкердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн сөөгүн коюу учурунда); - статистика органдарынын күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана салык төлөнүшү жөнүндө салык органдарынан маалымкат (патент негизинде иштеген жеке ишкердин же анын багуусундагы үй-бүлө мүчөсүнүн сөөгүн коюу учурунда); - каза болгон адамдын эсепте тургандыгы жөнүндө ишке орноштуруу кызматы тарабынан берилген маалымкат (жумушсуз адамдын сөөгүн коюу учурунда); - социалдык жөлөкпул алганы жөнүндө социалдык өнүгүү башкармалыгынан маалымкат (социалдык жөлөкпул алган адам каза болгон учурда); - каза болгон адамдын эсепте турбагандыгы жөнүндө ишке орноштуруу кызматы тарабынан берилген маалымкат жана эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иштебеген адамдын сөөгүн коюу учурунда). Эмгек китепчеси жок же жоголгон учурда, анын жок экендигинин себеби жөнүндө түшүнүк кат берилет |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтин ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы www.mlsp.kg “Суроо-жооп” бөлүмүндөгү суроолорго жооптор берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартса болот: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайыксыздыгы; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтерди арыз ээси бербесе |
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш |
19. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | 2010-жылдын апрель-июнь окуяларынын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөп берүү -Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеги) 3- бабынын, 22- пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Социалдык камсыз кылуу департаменти (мындан ары- СКД). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары- аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар | 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 2010-жылдын 7-апрелинде - Бишкек жана Нарын шаарларындагы, 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусундагы жана 2010-жылдын июнунда Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү деп таанылган адамдар: - курман болгон адамдын өзүнүн жана асырап алган балдары; - курман болгон адамдын пенсия курагындагы ата-энеси (атасы, энеси), эгерде каза болгон адам жалгыз баласы болсо; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү деп таанылган адамдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | “2010-жылдын апрель, июнь айларында болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22- февралындагы № 91 “2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга ай сайын берилүүчү кошумча социалдык жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби жөнүндө” токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Кошумча ай сайын социалдык жөлөкпул (мындан ары-КАСЖ) дайындоо тууралуу арыз ээсинин кабарламасы |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧАлар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ДМЧАлар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имараттар, жайлар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, даараткана (региондордо, борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болгондо-короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар тепкичтен чыга албаса, кызматкер сыртка чыгып, арызын кабыл алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Кезекке туруу тартибинде күтүү жана жарандардан документтерди кабыл алуу, арызды 30 минуттан ашпаган убакытта тариздөө. Жарандарга адистердин телефон аркылуу жана жеке кеңешүү жолу менен кеңеш берүүсү 15 мүнөттөн ашпоого тийиш. Документтер толук көлөмдө түшкөн учурдан тартып берилген документтердин аныктыгын текшерүүнү эске алуу менен КАСЖны дайындоо, маалыматтар базасына маалыматты киргизүү, төлөөгө протоколду жана документтерди тариздөө тууралуу маселе 10 иш күндөн кеч эмес мөөнөттө каралып чыгат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.kg сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн брошюраларынан, буклеттерден даярдалган маалыматтык такталарынан. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты- www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштөрдүн такталарында, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, СКД, аймактык бөлүнүштөрдө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн арыз ээси жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) аймактык бөлүнүшкө кайрылышы керек. Арыз ээси төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл: а) курман болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө АКСЖ дайындоо үчүн: - паспорт же ким экенин күбөлөндүргөн башка документ; - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк; - жашаган жеринен маалымкат; - каза болгондугу жөнүндө күбөлүк; - соттук-медициналык экспертизанын көчүрмөсү, окуяларда жабыр тарткан адам деп таануу жөнүндө ички иштер органдарынын же прокуратуранын маалымкаты; - камкордукка/көзөмөлдүккө алуу жөнүндө чечим - жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз жарандын камкорчусу/көзөмөлчүсү жөлөкпул алуу үчүн кайрылса; - курман болгон адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү - курман болгон адамдын ата-энеси жөлөкпул алышы үчүн. Эгерде курман болгон баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо китебинен көчүрмө көрсөтүлөт. б) ДМЧА үчүн: - паспорт же ким экенин күбөлөндүргөн башка документ; - баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк - жашы жете элек, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн; - жашаган жеринен маалымкат; - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкаты. КАСЖны алып жаткан учурда керектөөчү паспортту (инсандыгын тастыктаган башка документти) көрсөтүүсү керек |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы www.mlsp.kg “Суроо-жооп” бөлүмүндөгү суроолорго жооптор берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартса болот: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарга ылайыксыздыгы; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди арыз ээси бербесе |
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, СКД, аймактык бөлүнүштүн жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш |
20. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Социалдык стационардык мекемелерде социалдык тейлөө - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 3-бабынын, 25-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Социалдык стационардык мекемелери (мындан ары- ССМ). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар | - психоневрологиялык патологиялары бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар (мындан ары - ДМЧ балдар); - психоневрологиялык оорулары бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга; - I жана II топтогу майыптуулугу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга; - улгайган курагына байланыштуу өзүн өзү тейлөөгө жөндөмсүз адамдарга, анын ичинде жубайларга (мындан ары – улгайган жарандар) |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: - “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө”; - “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө”; - “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору: 2013-жылдын 17-майындагы № 273 “Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык стандарттарды бекитүү жөнүндө” |
5
| Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде жашаган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын минималдуу социалдык стандарттарына ылайык коштоочу социалдык кызматтардын комплексин камсыздоо менен социалдык жана медициналык кызматкерлердин кароосу алдында ССМге жашоо үчүн шарттар |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | ССМде жашоо шарттары санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, имараттардын коопсуздугунун талаптарына, анын ичинде өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык болушу керек. ССМдин имараты тиешелүү тармактардын ченемдерине жана эрежелерине ылайык (уктоочу жай, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу корпустар, тамак-аш блогу, мончо-кир жуучу жай, администрациялык курулмалар ж.б.) жашоонун ыңгайлуулугун, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын аларга тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүгүн, жайлардын ичинде жана ал имараттарга чектеш аймактарга жүрүүнү камсыз кылуу максатында заманбап атайын ыңгайлаштырылган жабдыктар менен жабдылат. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар ден соолугунун абалын, курагын, жынысын эске алуу менен жашоочу бөлмөлөргө жайгаштырылат. ССМде жашаган жубайларга чогуу жашоо үчүн өзүнчө жашоочу бөлмө бөлүнөт. Балдардын психоневрологиялык ССМинде балдар топтор боюнча, алардын курагын, дене боюнун жана интеллектуалдык абалдарын эске алуу менен бөлүштүрүлөт. Ар бир топко туруктуу тарбиячы бекитилет. Психоневрологиялык ССМде ээ-жаа бербеген жана зулум оруулар өзүнчө палаталарда жайгаштырылат. ССМде жашоо тартиби ССМдин жетекчиси бекиткен ички күн тартибинин эрежелери менен аныкталат. ССМде убактылуу болуу шартында кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жашоосу ССМдин жетекчисинин кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу же анын мыйзамдуу өкүлү менен түзгөн келишими менен таризделет, анда убактылуу болуунун мөөнөттөрү, кызмат көрсөтүүнүн көлөмдөрү жана түрлөрү аныкталат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Документтерди кабыл алууга алгачкы санитардык жана медициналык текшерүүнү иштетип чыгууга- 2 сааттан ашпайт; Социалдык стационардык мекемеге кабыл алуу боюнча ССМдин буйругун чыгарууга – ССМге жолдомосу менен керектөөчү келген күнү 1 саатта |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.kg сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн брошюраларынан, буклеттерден даярдалган маалыматтык такталарынан. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты- www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштөрдүн, ССМ такталарында, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, аймактык бөлүнүштөрдө, ССМде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди тапшырат: - кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун жазуу жүзүндөгү арызы, ал эми жашы жете электер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энелердин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы; - турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы (ыйгарым укуктуу органдын социалдык кызматкери тарабынан таризделет); - ДМЧА, анын ичинде ДМЧ балдар үчүн, майыптуулугу тууралуу МСЭКтин маалымкатынын көчүрмөсү менен, ССМдин тибин аныктоо боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) чечими; - туугандарынын камкорчулуктан жана көзөмөлчүлүктөн баш тартуусу. Туугандары, камкорчулары жана көзөмөлчүлөрү жок болгон учурда баш тартуу жөнүндө арыз талап кылынбайт; - салыштырып текшерүү үчүн түпнускасын көрсөтүү менен паспорттун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу ырастама; - медициналык карточкадан көчүрмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 “Үйүнө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген формасы боюнча); - үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат; - кандын жалпы клиникалык анализдери, Вассерман реакциясына, АИВ/ИЖКСге, ичеги-карын ооруларынын козгогучтарына, баңгизатка жана алкоголго көз карандылыгынын анализдери (ичеги-карын ооруларынын козгогучтарынын тобуна бактериялогиялык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар, эгерде аны берген күндөн тартып эки айдан ашык өтпөсө, анык болуп саналат); - көкүрөк клеткасы органдарынын флюорографиясы; - алуучу пенсиясынын (жөлөкпулдун) өлчөмү жөнүндө маалымкат; - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан кыймылсыз мүлкү бар экендиги тууралуу маалымкат; - 6x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт (психоневрологиялык ССМ үчүн 4 сүрөт); - ДМЧА реабилитациялоонун жеке программасынан МСЭК бөлүгүнүн көчүрмөсү ; - пенсия курагындагы адамдар үчүн - пенсиялык ырастаманын көчүрмөсү; - Улуу Ата мекендик согуштун майыптары, катышуучулары жана аларга теңештирилген адамдар үчүн - Улуу Ата мекендик согуштун майыптарынын, катышуучуларынын жана аларга теңештирилген адамдардын статусун ырастаган ырастаманын көчүрмөсү; - аймактык бөлүмдөрүнүн жолдомосу |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт
|
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтин ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы www.mlsp.kg “Суроо-жооп” бөлүмүндөгү суроолорго жооптор берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына ылайык келбесе; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин топтому толук берилбесе. ССМде ДМЧА жана улгайган жарандардын жашоосу үчүн медициналык карама-каршы көрсөткүчтөр болуп төмөнкүлөр саналат: - активдүү стадия процессиндеги кургак учук; - психикалык оорулар (невроздор, соматикалык ооруда неврозго окшогон абалдардагы акыл-эсинин жеңил даражадагы кемтиги, ар кандай этиологиядагы сейрек калтырама синдрому (2-3 айда бир жолудан ашык эмес) кошпогондо, эс учун жоготуу менен акыл эсинин кемтиги жок жана анча өзгөрүүлөрү жок); - карантиндик жугуштуу оорулар, теринин жана чачтын жугуштуу оорулары, венерикалык оорулар, ошондой эле атайын медициналык мекемелерде дарылоону талап кылган оорулар; - өтө тез өнүккөн өнөкөт шишик оорулары; - өнөкөт алкоголизм, баңгилик; - денесинин температурасы жогорулоо менен коштолгон бардык абалдар жана денесинин кызарышы, дарыгердин корутундусуна чейин; - атайын медициналык мекемелерде стационардык дарылоону талап кылган башка оорулар |
17 | Даттануу тартиби | Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жана ССМдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жана ССМдин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш |
21. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дарыгердин жолдомосу боюнча майыптуулук тобу жок муктаж болгон жарандарга, белгиленген тизмектен сырткары протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеги) 3-бабынын, 28-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык протездик- ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары- РПОБМ) |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар | Дарыгердин жолдомосу боюнча майыптуулук тобу жок, протездик- ортопедиялык буюмдарга муктаж болгон жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-мартындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын калкын протездик-ортопедиялык буюмдар менен камсыз кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Протездик-ортопедиялык буюмдарды берүү (колдун, буттун протездери, ортопедиялык бут кийим корсеттер, бандаждар, реклинаторлор, тамандуу тери шымдар, Виленский шинасы, Цито шинасы, балдактар, таяктар) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧАлар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ДМЧАлар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имараттар, жайлар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, даараткана (региондордо, борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болгондо-короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар тепкичтен чыга албаса, кызматкер сыртка чыгып, арызын кабыл алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Билдирмени берүү жана кезекте күтүү мөөнөтү 30 мүнөттөн ашпайт Билдирмени кароо убактысы (кызмат көрсөтүүдө же кызмат көрсөтүүдөн баш тарткан учурда) -10 мүнөттөн ашпайт. Даярдоо мөөнөтү: - протездик-ортопедиялык буюмдар - 30 күнгө чейин; - корсеттер, бандаждар, реклинаторлор, тамандуу тери шымдар, Виленский жана Цито шинасына - 10 күнгө чейин; Даярдоо мөөнөтүнө кошумча: - протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо үчүн 30 күнгө чейин; - ченөөгө, өлчөөгө кошумча -15 күнгө чейин. Акыркы натыйжаны берүү мөөнөтү - 15 мүнөткө чейин (төлөм тууралуу дүмүрчөктү берүүнүн негизинде) Кызматты берүүнүн жалпы мөөнөтү -35 күндөн ашпайт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.kg сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын аймактык бөлүнүштөрүнө жана РПОБМге жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүнүштөрүнүн жана РПОБМдин брошюраларынан, буклеттерден даярдалган маалыматтык такталарынан. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында, анын аймактык бөлүнүштөрүндө жана РПОБМде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык болгон ыкмаларды мүнөздөө же атап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты- www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштөрдүн, ССМ такталарында, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, аймактык бөлүнүштөрдө, ССМде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн арыздануучу төмөнкү документтерди берет: - медициналык мекеменин дарыгеринин жолдомосу; - паспорт; - пенсиялык ырастама; - туулгандыгы тууралуу күбөлүк (16 жашка чейинки балдар үчүн); - иштеген жеринен маалымкат (иштеген ДМЧАларга экинчи протез алуу үчүн) |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Баалардын прейскуранты социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жана РПОБМ маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтин ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы www.mlsp.kg “Суроо-жооп” бөлүмүндөгү суроолорго жооптор берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - арыз ээси ушул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына ылайык келбесе; - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин топтому толук берилбесе. |
17 | Даттануу тартиби | Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жана РПОБМдин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жана РПОБМдин жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жана РПОБМдин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш |
22. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду (АСЖ) дайындоо жана төлөө - мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 3-бабынын, 17-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Социалдык камсыз кылуу департаменти (мындан ары- СКД). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар | АСЖ алуучулар: - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү он сегиз жашка чейинки балдар; - бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар – пенсия менен камсыздоого укугу жок болгондо; - баккан адамынан ажыраган балдар, жетим балдар - пенсиялык камсыздоого укугу жок болгондо, алар он алты жашка чыкканга чейин; жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларына - алар окууну аяктаганга чейин; баштапкы кесиптик окуу уюмдарынын окуучуларына, орто жана жогорку кесиптик окуу уюмдарынын күндүзгү формасында окуган студенттерине - алар окууну аяктаганга чейин, бирок алар жыйырма үч жашка чыкканга чейин; - ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар - алар он сегиз айга толгонго чейин; - улгайган жарандар (эркектер - алтымыш беш жашка чыккандыгы боюнча, аялдар - алтымыш жашка чыккандыгы боюнча) - пенсиялык камсыздоого укугу болбогондо; - элүү беш жашка чыккан баатыр энелер - пенсиялык камсыздоого укугу болбогондо |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Конституциясы; “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29- декабрындагы № 822 “Мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | АСЖ дайындоо тууралуу арыз ээсине кабарландыруу |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧАлар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ДМЧАлар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имараттар, жайлар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, даараткана (региондордо, борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болгондо-короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар тепкичтен чыга албаса, кызматкер сыртка чыгып, арызын кабыл алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
| Кезекке туруу тартибинде күтүү жана жарандардан документтерди кабыл алуу, арызды тариздөө - 30 минуттан ашпайт. Жарандарга адистердин телефон аркылуу жана жеке кеңешүү жолу менен кеңеш берүүсү - 15 минуттан ашпайт. Документтер толук көлөмдө түшкөн учурдан тартып берилген документтердин аныктыгын текшерүүнү эске алуу менен АСЖны дайындоо, маалыматтар базасына маалыматты киргизүү, төлөөгө протоколду жана документтерди тариздөө тууралуу маселе 10 иш күндөн кечиктирилбей каралып чыгат |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8
| Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.kg сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын аймактык бөлүнүштөрүнө жана СКДне жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүнүштөрүнүн жана СКДнин брошюраларынан, буклеттерден даярдалган маалыматтык такталарынан. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында, анын аймактык бөлүнүштөрүндө жана СКДде жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты- www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарында, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | АСЖ дайындоо үчүн арыз ээси (анын ыйгарым укуктуу өкүлү) жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) аймактык бөлүмүнө кайрылуусу керек. Мамлекеттик кызматты алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл: - инсандыгын ырастоочу документти; - анкета-арызды (арызды); Зарыл болгон учурда мамлекеттик жөлөкпул алууга укук берүүчү кошумча документтер (балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, майыптыгы жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) маалыматкаты, көзөмөлчүлүк (камкорчулук) жөнүндөгү чечим, окуган жеринен маалымкаттар, “кайрылман” күбөлүгү жана башка документтер) тапшырылат. АСЖны алып жаткан учурда керектөөчү жарактуу паспортту же “кайрылман” күбөлүгүн көрсөтүүсү керек |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысыз жүргүзүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу
|
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы www.mlsp.kg “Суроо-жооп” бөлүмүндөгү суроолорго жооптор берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - бул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына дал келбеген учурда; - бул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн арыздануучу документтерди керектөөчү тарабынан тапшырбаган учурда |
17 | Даттануу тартиби
| Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жана СКД жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жана СКД жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштүн жана СКД чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш |
- IV бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-баптар менен толукталсын:
“
11. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Майыптыгын, тобун, себебин, мөөнөтүн аныктоо боюнча күбөлөндүрүү/кайра күбөлөндүрүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-бабынын 2-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Республикалык медициналык- социалдык экспертизалоо борбору (мындан ары- РМСЭБ). Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык- социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары- аймактык МСЭК). Аймактык МСЭК тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен кошо социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык МСЭКтин маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Майыптуулук фактысын белгилөө боюнча күбөлөндүрүүдө – Кыргыз Республикасынын жарандары. Кайра күбөлөндүрүүдө: - I, II жана III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар (мындан ары – ДМЧАлар); - 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 “Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө” токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын маалымкаты (мындан ары - МСЭКтин маалымкаты) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧАлар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ДМЧАлар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имараттар, жайлар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, даараткана (региондордо, борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болгондо-короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар тепкичтен чыга албаса, кызматкер сыртка чыгып, арызын кабыл алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезекте күтүү жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү - 10 мүнөттөн ашпайт. Документтерди кароо - 1 күндөн ашпайт, эгерде ДМЧА текшерүүгө жиберилген болсо - 10 күндөн ашпайт. Акыркы жыйынтыкты берүү убактысы - 10 мүнөттөн ашпайт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.kg сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүнүштөрүнүн, РМСЭБ, аймактык МСЭКтин брошюраларынан, буклеттерден даярдалган маалыматтык такталарынан. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында, анын аймактык бөлүнүштөрүндө, РМСЭБ, аймактык МСЭКте жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты- www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарында, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, аймактык бөлүнүштөрүндө, РМСЭБ, аймактык МСЭКте кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди аргументтештиргенди билиши керек. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн арыздануучу төмөнкү документтерди тапшырат: - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - ички иштер органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү маалымкат; - жазаны өтөө ордунан бошонгон жарандар үчүн жазаны өтөө ордунан бошонгондугу тууралуу маалымкат; - калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган берген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жашай туруу укугу; - эмгек ишин жүргүзүп жаткан адам үчүн эмгек китепчеси же эмгек китепчесинен нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмө (бул документтердин көчүрмөлөрү медициналык актыга кошулат). - медициналык документтер: медициналык-социалдык экспертизаны өтүүгө саламаттыкты сактоо уюмунун жолдомосу - № 088-ду формадагы - 18 жашка чейинки жарандарга, № 088-у - 18 жаштан өткөн жарандарга; амбулатордук карта, стационардык дарылангандыгы жөнүндө көчүрмө, ооруну тастыктаган медициналык документтер (консультациялык корутундулар, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы ж.б.); иштеген жарандар үчүн эмгекке жарамсыздык баракчасы. Айрым учурларда медициналык-социалдык экспертизаны жүргүзүү үчүн кошумча документтер талап кылынат. а) кызматтан бошонгон аскер кызматчылары жана ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн: - оорусу тууралуу күбөлүк же Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер-врачтык комиссиясынын (мындан ары - АВК) же тийиштүү ведомствонун АВКсынын токтому; - аскер кызматынан бошотулганы жөнүндө буйрук. б) радиациядан жабыркаган жарандар үчүн: - тиешелүү жаранга радиациянын таасиринин фактысын ырастаган баштапкы документ: - аскердик билет; - Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын кесепеттерин жоюучунун күбөлүгү; - радиациянын таасирине дуушарланган адамдын каттоо картасы; - радиациянын таасиринен ооруп калуунун жана майыптыктын келип чыгышынын себептик байланышын белгилөө боюнча Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин корутундусу; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Профпатология борборунан көчүрмө; в) оорунун өндүрүштүк травма менен себептик байланышын белгилөө жана кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын пайыз менен аныктоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: - иш берүүчүнүн мөөрү менен бекитилген жана күбөлөндүрүлгөн Н-1 формасы боюнча өндүрүштө болгон кырсык тууралуу акт; - иш берүүчү берген өндүрүштөгү кокустуктун кесепеттери тууралуу билдирүү; - жумушка орноштуруу жөнүндө, жумуштун мүнөзү жана шарттары жөнүндө иш берүүчүнүн маалымкаты. г) оору менен кесиптик оорунун себептик байланышын белгилөө жана кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу даражасын пайыз менен аныктоо үчүн төмөнкүдөй документтер берилет: - кесиптик оорунун бар экендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Профпатология борборунан корутунду; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кесиптик оору (уулануу) учуру боюнча текшерүү актысы (362/у формасы); - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору берген эмгек шартынын санитардык-гигиеналык мүнөздөмөсү; - ишке орноштуруу жөнүндө, жумуштун мүнөзү жана шарттары жөнүндө иш берүүчү берген маалымкат. Эмгектик мертинүүнү, кесиптик ооруну тастыктаган документтер жок болсо экспертизаны жүргүзүү үчүн негиз болуп бул учурду өндүрүштүк травма, кесиптик оору деп табуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими саналат. МСЭКтер мөөрлөр менен штамптардын так көчүрмөлөрү бар документтердин түп нускалары болгон учурда экспертиза жүргүзөт |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысыз жүргүзүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы www.mlsp.kg “Суроо-жооп” бөлүмүндөгү суроолорго жооптор берилет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - бул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына дал келбеген учурда; - бул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн арыздануучу документтерди керектөөчү тарабынан тапшырбаган учурда |
17 | Даттануу тартиби | Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучу социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБ, аймактык МСЭК, жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык МСЭК жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык МСЭКтин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш |
12. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Майыптык белгилеринин болушуна сырттан жана каза болгондон кийин экспертиза жүргүзүү жана майыптык боюнча жөлөк пул дайындоо жана төлөп берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-бабынын 3-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору (мындан ары - РМСЭБ). Аймактык (райондор аралык жана шаардык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар (мындан ары - аймактык МСЭКтер). Аймактык МСЭК тизмеси мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылган |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Сырттан болгон экспертизага: - I, II жана III топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары – ДМЧАлар). Каза болгондон кийин экспертиза жүргүзүүгө: - Кыргыз Республикасынын жарандары (каза болгондун жакын туугандары) |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 “Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө” токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Сырттан экспертиза жүргүзүүдө берилет: - күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсү; - медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын маалымкаты (мындан ары – МСЭК). Каза болгондон кийин экспертиза жүргүзүүдө берилет: - МСЭКтин маалымкаты (бир гана жолу) |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧАлар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ДМЧАлар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имараттар, жайлар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, даараткана (региондордо, борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болгондо-короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде алар тепкичтен чыга албаса, кызматкер сыртка чыгып, арызын кабыл алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезекте күтүү жана документтерди кабыл алуу убактысы - 10 мүнөттөн ашпайт. Арыздарды кароо - 1 күндөн ашпайт. Текшерүүгө жиберилген ДМЧАнын арызы - 10 күндөн ашпайт. Акыркы натыйжаны берүү мөөнөтү - 10 мүнөттөн ашпайт. Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү – 1 күндөн ашпайт (бардык керектүү документтер бар болгондо) |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБ, аймактык МСЭКтин коомдук кабылдамасында; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.kg сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, РМСЭБ, аймактык МСЭКке жеке кайрылуу аркылуу; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБ, аймактык МСЭКтин маалыматтык такталарынан, брошюралардан, буклеттерден; Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында, РМСЭБ, аймактык МСЭКте жарандарды кабыл алуу, алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарында, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, РМСЭБ, аймактык МСЭК кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги
| Мамлекеттик кызматты алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет: Мамлекеттик кызматты алуу үчүн арыздануучу төмөнкү документтерди тапшырат: а) жарандын ким экенин тастыктаган документтер: - салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - ички иштер органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү маалымкат; - жазаны өтөө ордунан бошонгон жарандар үчүн жазаны өтөө ордунан бошонгону тууралуу маалымкат; - жашай туруу укугу - чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн, калкты каттоо ыйгарым укуктуу орган берген; б) эмгек ишмердиги жана эмгек стажы жөнүндө документтер: - эмгек ишин жүргүзүп жаткан адам үчүн эмгек китепчеси же эмгек китепчесинен нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмө (бул документтердин көчүрмөлөрү медициналык актыга кошулат). в) медициналык документтер: - медициналык-социалдык экспертизаны өтүүгө саламаттыкты сактоо уюмунун жолдомосу - № 088-ду формадагы - 18 жашка чейинки жарандарга, № 088-у - 18 жаштан өткөн жарандарга; - амбулатордук карта, стационардык дарылангандыгы жөнүндө көчүрмө, ооруну тастыктаган медициналык документтер (консультациялык корутундулар, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы ж.б.); - иштеген жарандар үчүн эмгекке жарамсыздык баракчасы. |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысыз жүргүзүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта көрсөтүлгөн талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричиликтин ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун бүткүл жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү жарым-жартылай электрондук форматта берилет, атап айтканда социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтындагы www.mlsp.kg “Суроо-жооп” бөлүмүндөгү суроолорго жооптор берилет. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - бул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына дал келбеген учурда; - бул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн арыздануучу документтерди керектөөчү тарабынан тапшырбаган учурда |
17 | Даттануу тартиби | Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, РМСЭБ аймактык МСЭКтин жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттануулар жана дооматтар Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык МСЭК жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана аймактык МСЭКтин чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен үзгүлтүксүз кайра каралууга тийиш |
”;
- V бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 5-бап менен толукталсын:
“
5. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалымат банкынан маалымат берүү - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 6-бабынын 5-пункту |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Балдарды коргоо боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзгөн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы (мындан ары – балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган). Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары – аймактык бөлүнүштөр). Аймактык бөлүнүштөрдүн тизмеги, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр стандарты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды асыроого алууну же камкордукка (көзөмөлчүлүккѳ) алууну каалаган, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздерге ылайык келсе, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды асыроого алууну каалаган Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
| Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-мартындагы № 125 “Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу” токтому |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө маалыматтарды алуу
|
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкү шарттарда жүргүзүлөт: - санитардык ченемдерге жооп берген жайларда; - жарандардын имараттарга жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунуучу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, анын ичинде көрүүсү жана угуусу боюнча ДМЧАлар жана кыймылдоо-таяныч аппараты бузулган ДМЧАлар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имараттар, жайлар болгондо; - кезек күтүү принциби боюнча. Имараттын ичинде күтүү үчүн жерлер, даараткана (региондордо, борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошуу мүмкүн болгондо-короодо) жылытуусу, суу түтүгү, телефону болушу керек. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана ага теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет,эгерде алар тепкичтен чыга албаса, кызматкер сыртка чыгып, арызын кабыл алат. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жерде кызмат көрсөтүүнү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Кезек күтүү жана документтерди кабыл алуу - 30 мүнөттөн ашпайт. Арыздарды жана берилген документтерди кароо мөөнөтүнүн убагы – 10 календарлык күндүн ичинде. Акыркы жыйынтыкты берүүгө убакыт - 30 мүнөттөн ашпайт |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | ||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси), аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын www.mlsp.kg сайтынан; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык бөлүнүштөрүнө жеке кайрылууда; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын аймактык бөлүнүштөрүнүн брошюраларынан, буклеттерден даярдалган маалыматтык такталарынан. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жана анын аймактык бөлүнүштөрүндө жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет |
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат: - ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү); - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты- www.mlsp.kg; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы. Даректер, телефон номерлери жана иштөө режими мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүнүштөрдүн такталарында, сайтында жайгаштырылат |
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | ||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу
| Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүнүштөрүндө кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктеринде маалыматтык табличкалар илинет. Калк менен иштөөчү бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкалары (бейдждери) болот. Келүүчүлөр менен пикир алышууда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сактоосу зарыл: сылык, ак ниет, сыпайы мамиле көрсөтүү, сабырдуу жана принциптүү болуп, маселенин маңызын терең түшүнүүгө аракеттенип, маектешип жаткан адамды көңүл коюп угуп, анын позициясын түшүнүп, ошондой эле жүйөлүү чечим кабыл алуусу зарыл. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербей, жарандарга мамиле кылууда этикалык ченемдерди сактоону, адептүүлүктү, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылып, таламдардын кагылышуусун болтурбаган кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерин) жана кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыктагы адамдар (ДМЧА, улгайган пенсионерлер, согуш жана эмгек ардагерлери, кош бойлуу аялдар) үчүн баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формаларда жүргүзүлөт |
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
| Арыз ээси жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн |
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеги | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн арыз ээси төмөнкү документтерди берет: - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын же аймактык бөлүнүштүн жетекчисинин атына жазуу жүзүндөгү арызы; - салыштырып текшерүү үчүн түпнускасы көрсөтүү менен паспорттун көчүрмөсү; - асырап алуучу, камкорчу (көзөмөлчү) же асырап алуучу ата-эне болууга мүмкүндүгү жөнүндө корутундусу; - баланы өз үй-бүлөсүнө тарбиялоого алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жаранынын анкетасы; - Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жаранынын, чет өлкөлүк жарандын жашоо шарттары жана бала асырап алууга мүмкүндүгү жөнүндө корутундусу |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысыз жүргүзүлөт |
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлгөн кызматтардын стандарттарында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактык жана өз убактысында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий жана башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырланышына жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, кызматтарды алуу үчүн жарандардан стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу; - кызматты көрсөтүүнүн шарттарынын бул стандартта белгиленген талаптарга дал келүүсү: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулуктарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма түрдө жана электрондук форматтарда); - мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө кызматкерлердин сылыктыгы жана адептүүлүгү, кызмат көрсөтүү жол-жобосунун толук жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы жыйынтыктын (алган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө дал келүүсү; - жарандардын даттануу жана сунуштар китепчесинин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Электрондук форматта кызмат көрсөтүү | Кызмат көрсөтүү электрондук форматта берилбейт, себеби асыроого тиешелүү болгон, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар тууралуу маалымат жашыруун болуп эсептелет |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - арызчы бул стандарттын 3-пунктундагы талаптарына дал келбеген учурда; - бул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тапшырбаган учурда |
17 | Даттануу тартиби | Кызматтар талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилигине, анын аймактык бөлүнүштөрүнө оозеки же жазуу жүзүндө кайрылууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жашаган дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун кол тамгасын жана датасын камтышы керек. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 иш күндүн ичинде каттайт жана жетекчиликтин кароосуна жиберет. Даттанууларды жана дооматтарды карап чыгуу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги, анын аймактык бөлүнүшү тарабынан белгиленген тартипте каралат. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп берүү мөөнөтү катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоосу зарыл. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүнүшү чечимине сот тартибинде даттанууга укуктуу |

”.