Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 103 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтому менен бекитилген |
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө ЖОБО
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 22-декабры № 862, 2017-жалдын 3-мартындагы № 138, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор жана негизги аныктамалар
1. Ушул Жобо үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен инфратүзүмдүк долбоорлорду тандоонун жана каржылоонун тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги аныктамалар пайдаланылат:
объектини пайдаланууга кабыл алуу актысы - объектини пайдаланууга киргизүүнү ырастаган, укуктук күбөлөндүрүүчү документ;
грант берүүчү - долбоору дем берүүчү (үлүштүк) грантты алууга тандоодон жана бекитүүдөн өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен Макулдашууга кол коюучу мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы;
грант алуучу - долбоору дем берүүчү (үлүштүк) грант алууга тандоодон жана бекитүүдөн өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы;
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар - жергиликтүү бюджеттердин жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу үчүн тартылган башка каражаттардын үлүштүк катышуусу менен долбоордук-конкурстук негизде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражаты;
жергиликтүү бюджеттердин кирешелик камсыздалгандыгы - бир тургунга эсептелген кирешелердин пландалган көлөмү, ал тийиштүү жылга жергиликтүү бюджеттер тарабынан алынышы мүмкүн;
арыз берүүчү - дем берүүчү (үлүштүк) грант алууга долбоор берген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы;
инфратүзүмдүк долбоор - жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча органдары тарабынан демилгеленген капиталдык чыгашалардын социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана ишке ашыруунун мөөнөтүн негиздөө менен инфратүзүм объектилерин түзүүгө же жакшыртууга багытталган милдеттердин, иш-аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеси;
капиталдык чыгымдар - негизги фонддорду курууга, реконструкциялоого, көрктөндүрүүгө, капиталдык оңдоого сарптоолор;
мониторинг - долбоордун ишинин учурдагы жыйынтыктары, долбоорду ишке ашыруунун бардык мезгилиндеги финансылык жана материалдык чыгымдар боюнча үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү жана маалыматтарды топтоо;
баалоо - долбоордун учурдагы абалын аныктоочу, орто аралык же акыркы натыйжага жетүүнү белгилөөчү, долбоор боюнча ишти өзгөртүүгө аны жакшыртуу максатында сунуштама берүүчү мониторингдин маалыматтарын (же баалоо учурунда алган маалыматтарды) талдоонун жыйынтыгы;
биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) - долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн байкоо жана натыйжага жетишүүсүн баалоо үчүн долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычына коомчулуктун кызыкдар мүчөлөрү тартылуучу мониторинг процесси;
дем берүүчү (үлүштүк) грант алууга макулдашуу - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы тарабынан кол коюлган грант берүүнүн шарттары тууралуу документ.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын жалпы өлчөмү жыл сайын тийиштүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралат.
4. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкурстук негизде берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул Жободо жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускамада каралган шарттарга ылайык үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды алууга табыштама берүүгө укуктуу.
5. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар тийиштүү финансылык жылдын ичинде аяктоого жана пайдаланууга берилүүгө (бул долбоордун алкагында) тийиш болгон муниципалдык менчиктин негизги фонддорунун инфратүзүмдүк долбоорлорунун (мындан ары - долбоорлордун) капиталдык чыгымдарына багытталат.
6. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин мобилизациялык ресурстарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактарга кошумча кош каржылоо түрүндө берилет.
7. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын болжолдуу өлчөмү (квоталардын көлөмү) райондор, республикалык жана облустук маанидеги шаарлар боюнча мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген формула боюнча аныкталат.
8. Бир долбоорго республикалык бюджеттен бөлүнүүчү дем берүүчү (үлүштүк) гранттын максималдуу суммасы 5000000 (беш миллион) сомдон ашпоого тийиш. Бир долбоорго керектөө 3000000 (үч миллион) сомдон ашык болсо, арыз берүүчү долбоордун жалпы суммасынын 50%ынан кем эмес өлчөмдө долбоорду кошо каржылоону камсыз кылат. Бир долбоорго керектөө 3000000 (үч миллион) сомго чейин болсо, өздүк салым ушул Жобонун 21-пунктуна ылайык кирешелик камсыз кылуу деңгээлин эсептөө боюнча аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды алууга конкурс 2 этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта берилген документтерди каттоо жүргүзүлөт; экинчи этапта кош каржылоо үчүн долбоорлорду баалоо, тандоо жана бекитүү ишке ашырылат.
2. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кош каржылоого долбоорлорду карап чыгуу боюнча комиссия
10. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду карап чыгуу үчүн төмөнкүдөй комиссиялар түзүлөт:
а) райондук деңгээлдеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия;
б) облустук маанидеги шаарлардын деңгээлиндеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия;
в) республикалык маанидеги - Бишкек жана Ош шаарларынын деңгээлиндеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия;
г) долбоорлорду бекитүү боюнча комиссия.
§ 2.1. Долбоорлорду тандоо боюнча комиссия
11. Райондук деңгээлдеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан түзүлөт; облустук жана республикалык маанидеги шаарларда тийиштүү жергиликтүү кеңештер тарабынан түзүлөт. Комиссиянын саны 9 адамдан турат, ага төмөнкүлөр кирет:
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү;
- мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү;
- (5-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жергиликтүү мамлекеттик администрация/жергиликтүү кеңеш тарабынан сунушталуучу өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын өкүлдөрү. Мында өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын өкүлдөрү долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 50%ынан кем эмесин түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын жыйыны эгерде ага комиссиянын мүчөлөрүнүн 2/3нен кем эмеси катышса, өттү деп эсептелет.
13. Долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын катчылыганын функциясын мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык органы аткарат.
14. Долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө жыйын өтүүчү датага чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, жыйынды өткөрүү мөөнөтү жөнүндө маалымдалат.
§ 2.2. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссия
15. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссия мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын курамы 9дан кем эмес адамды түзөт, ага төмөнкүлөр кирет:
- мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү;
- Мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кеңешинин өкүлү - байкоочу катары;
- өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын өкүлдөрү. Мында өкмөттүк эмес, коомдук уюмдардын өкүлдөрү долбоорлорду бекитүү боюнча комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын 50%ынан кем эмесин түзөт.
16. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын төрагасы болуп мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси саналат.
17. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын жыйыны эгерде ага комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын 2/Знен кем эмеси катышса, өттү деп эсептелет.
18. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө жыйын өтүүчү датага чейин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, жыйынды өткөрүү мөөнөтү жөнүндө маалымдалат.
3. Долбоорлорду даярдоонун жана тапшыруунун шарттары
19. Тийиштүү жылга конкурска жиберилүүчү долбоорлордун тизмеги, алардын артыкчылыгы жергиликтүү кеңештин чечими менен аныкталат жана бекитилет. Шаарды же айылдык аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында берилүүчү долбоорлордун болуусу милдеттүү шарт болуп саналат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тийиштүү жылы конкурска 3төн көп эмес артыкчылыктуу долбоорлорду жөнөтөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды алуу үчүн конкурска берилүүчү долбоор боюнча документтер Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускамага ылайык түзүлөт жана толтурулат.
21. Арыз берүүчү долбоорду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жана тартылган каражаттардан төмөнкүдөй өлчөмдө кошо каржылоону камсыздайт: кирешелик камсыздалуу деңгээли 500 пайыз жана андан жогору болсо - акчалай салым 30 пайыздан кем эмес; 200дөн 500 пайызга чейин - акчалай салым 25 пайыздан кем эмес; 100дөн 200 пайызга чейин - акчалай салым 20 пайыздан кем эмес; 50дөн 100 пайызга чейин - акчалай салым 15 пайыздан кем эмес; кирешелик камсыздалуу деңгээли 50 пайыздан аз болсо - акчалай салым 7 пайыздан кем эмес.
22. Кирешелик камсыздалуу деңгээли мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Жобонун 2-тиркемесинде келтирилген формула боюнча аныкталат.
4. Долбоорлорду каттоо
23. Райондук маанидеги шаарлардын жана айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын долбоорлорун каттоо мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук аймактык органдары тарабынан ишке ашырылат. Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын долбоорлорун каттоо мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын шаардык аймактык органдары тарабынан ишке ашырылат.
24. Пландалган жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен кош каржылоого тандоо жүргүзүү үчүн долбоорлорду каттоо ушул жылдын 1-июлунан 30-ноябрына чейинки мезгилде ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 862, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
25. Конкурска берилген долбоорлорго каттоо номери ыйгарылат. Берилген документтердин тизмеси каттоо баракчасында көрсөтүлөт, анын тараптар кол койгон бир нускасы мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органында калат, ал эми экинчиси арыз берүүчүгө берилет.
5. Тандоо боюнча конкурска берилген долбоорлорду карап чыгуунун тартиби
26. Тандоо боюнча конкурска берилүүчү долбоорлор ушул Жобонун жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманын талаптарына ылайык келүүсү зарыл.
27Мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы ушул Жобонун жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманын талаптарына ылайык келбеген долбоорлордун тизмеси боюнча долбоорлорду каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин 10 календардык күндүн ичинде арыз берүүчүгө маалымдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Арыз берүүчү долбоорлорду каттоо аяктаган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде айтылган сын-пикирлерди четтетүүгө жана долбоор боюнча документтерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органына коштомо кат менен киргизүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Ушул Жобонун жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманын талаптарына ылайык келген жана ылайык келбеген долбоорлордун тизмеси долбоорлорду каттоо аяктаган күндөн тартып 25 календарлык күндүн ичинде долбоорлорду тандоо боюнча комиссияга жана мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун3-тиркемесинде келтирилген форма боюнча берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Тандоо боюнча конкурска берилген долбоорлор жөнүндө маалымат жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
31. Долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын кароосуна жана мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга катталган долбоорлор жөнүндө маалыматтын өз убагында, толук жана жеткиликтүү берилишине мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын жетекчиси жоопкерчилик тартат.
32. Долбоорлорду тандоо боюнча конкурска жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү долбоорлор төмөнкүдөй учурларда каралбайт жана четке кагылат:
- үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылануучу бүтпөй калган долбоорлор болсо;
- мурда түзүлгөн макулдашуулар боюнча аткарылбаган милдеттенмелер болсо;
- үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржыланган долбоорлорго карата аткарылган иштердин наркынын ашып кетиши жана акча каражаттарынын максатсыз пайдаланылышы жөнүндө контролдоочу, укук коргоо органдарынын жазма буйруктары болсо;
- үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржыланган долбоорлорго карата аткарылган иштердин наркынын ашып кетиши жана финансылык тартип бузгандыгы тууралуу соттун чечимдери болсо.
6. Долбоорлорду тандоонун тартиби
33. Долбоорлорду тандоо баалоонун негизинде жүргүзүлөт, ал долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан ушул Жобонун 4-тиркемесинде белгиленген критерийлерге ылайык балл түрүндө коюлат.
34. Долбоор боюнча баллды жалпы эсептөө долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү тарабынан толтурулган баалоо баракчаларынын негизинде жүргүзүлөт.
35. Долбоорлор алган баллдын суммасы боюнча баалоо рейтинги түзүлөт.
36. Тандалып алынган долбоорлордун тизмеси тийиштүү райондун, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын үлүштүк (дем берүүчү) гранттарынын болжолдонгон өлчөмүнүн алкагында (квоталардын көлөмү) баалоо рейтингинде эң көп балл алган долбоорлордон түзүлөт, ага баалоо рейтингинде кийинки орундарды алган 3төн көп эмес кошумча долбоорлор кирет.
37. Эгер баалоонун натыйжасы боюнча долбоорлор бирдей сандагы балл алса, долбоорлорду тандоо боюнча комиссия арыз берүүчүлөрдүн долбоорлору жөнүндө маалыматты кошумча угат жана добуш берүү жолу менен коллегиялык чечим кабыл алат.
38. Долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын чечими протокол менен таризделет.
39. Долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын чечиминин протоколу жана тандалып алынган долбоорлор мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кароосуна жөнөтүлөт.
40. Мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманын талаптарына ылайык долбоорлорду тандоо боюнча комиссия тарабынан чечимдерди кабыл алуу жол-жоболорунун сакталышын текшерет.
7. Долбоорлорду бекитүүнүн жана үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды берүүнүн тартиби
41. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржыланууга тийиш болгон долбоорлордун тизмесин бекитүү тууралуу чечимди долбоорлорду бекитүү боюнча комиссия кабыл алат.
42. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссия кароого тийиш болгон долбоорлордун тизмеси мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан долбоорлорду тандоо комиссиясынын чечиминин негизинде берилет.
43. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссия ушул Жобонун жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманын талаптарына ылайык райондордун, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын деңгээлиндеги долбоорлорду тандоо комиссиясынын чечими менен жактырылган долбоорлордун тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү укугуна ээ эмес.
44. Мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Жобонун жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманын талаптарын бузуу аныкталган учурда мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык органына жана долбоорлорду тандоо боюнча комиссияга документтерди 10 күндүн ичинде талаптагыдай түргө келтирүү зарылдыгы жөнүндө суроо-талап жиберет.
45. Ушул Жобонун 44-пунктунун талаптары аткарылбаган учурда тийиштүү райондор жана шаарлар үчүн квотанын көлөмү жана үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын өздөштүрүлбөгөн каражаттары берилбейт.
46. Ушул Жобонун 45-пунктунда каралган учурларда түзүлгөн квотанын көлөмү жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын өздөштүрүлбөгөн каражаттары баалоо рейтингинде эң көп балл алган тийиштүү облустун башка райондорунун долбоорлоруна бөлүштүрүлөт. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын тийиштүү облуска бөлүштүрүлгөндөн кийинки түзүлүүчү өздөштүрүлбөгөн каражаттары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын республика боюнча баалоо рейтингинин эң чоң баллына ээ болгон долбоорлоруна бөлүнөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
461. Жактырылган долбоорлор боюнча конкурстарды (тендерлерди) өткөрүүнүн натыйжасында түзүлгөн үнөмдөлгөн каражаттар республика боюнча баалоо рейтингинде эң көп балл алган кошумча долбоорлорго учурдагы жылдын 1-августунан кечиктирилбеген мөөнөттө бөлүштүрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомунун редакциясына ылайык)
47. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын чечими комиссиянын катышуучу мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда комиссиянын төрагасынын пикири чечүүчү болуп саналат.
48. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын чечими үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды алууга Макулдашууга грант алуучу менен грант берүүчүнүн кол коюусу үчүн мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органына ушул Жобонун 5-тиркемесинде келтирилген форма боюнча жиберилет.
49. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын чечими жөнүндө маалымат арыз берүүчүгө жөнөтүлөт жана мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланат.
8. Долбоорлорду каржылоонун тартиби
50. Келишимдерди дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жергиликтүү бюджеттен жана башка тартылган каражаттардан төлөөлөр аяктагандан кийин транш боюнча ишке ашырылат. Биринчи транш жергиликтүү бюджеттердин өздүк акчалай салымдарынын жана тартылган каражаттардын жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын каражаттарын кошо каржылоонун эсебинен долбоорлордун жалпы суммасынын 30% өлчөмүндөгү аванс менен каржыланат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Кийинки төлөмдөр аванстык төлөмдөрдү алып салганда келишим боюнча долбоордун наркынын 20%ынан кем эмес өлчөмдү түзгөн иштерди иш жүзүндө аткаруу жөнүндө тапшырылган отчеттун негизинде каржыланат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Курулуш иштерине келишим боюнча долбоордун наркынын 5% өлчөмүндөгү акыркы траншы долбоорду аяктоо жөнүндө отчет тапшырылгандан кийин каржыланат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
53. Долбоорду каржылоо Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускамада көрсөтүлгөн шарттарга ылайык ишке ашырылат.
54. Долбоорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан грант берүүчү менен грант алуучунун ортосундагы макулдашуунун шарттары сакталбаган, каржыланган долбоор боюнча укук коргоо жана контролдоочу органдар тарабынан укук бузуулар табылган учурларда убактылуу токтотулуп турат же токтотулат.
9. Долбоорлордун мониторинги жана баалоо
55. Грант алуучу долбоордун толуктугу, аны ишке ашыруунун натыйжалуулугу, ошондой эле ушул Жобонун жергиликтүү кеңештин, жергиликтүү коомчулуктун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын алдындагы талаптарынын сакталышы боюнча отчет берет.
56. Долбоорлорду ишке ашыруунун мониторингинин жана баалоонун төмөнкү деңгээлдери белгиленген:
а) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы долбоорлорду тандоо боюнча комиссия жана грант алуучулар тарабынан ушул Жобонун жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманын талаптарынын аткарылышынын мониторингин ишке ашырат;
б) жергиликтүү кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан долбоорлордун жүзөгө ашырылышын мониторингдөө жана баалоону ишке ашырат.
57. Долбоорлордун мониторинги жана баалоо Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускамага ылайык ишке ашырылат.
58. Аткарылган иштердин сапатын, алардын долбоордук-сметалык документтерге шайкеш келүүсүн контролдоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды максаттуу пайдалануу, аткарылган иштер жөнүндө отчетту өз учурунда берүү жана объектилерди пайдаланууга кабыл алуу үчүн жоопкерчилик грант алуучуга жүктөлөт.
10. Долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
59. Долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жоопкерчилиги:
а) жумуштарды, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашыруу;
б) подрядчы менен келишимдик мамилелерди аткаруу;
в) долбоорлорду ишке ашырууга багытталган финансы каражаттарын максаттуу пайдалануу;
г) долбоорлорду ишке ашырууда экологиялык, санитардык ченемдерди сактоо.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Райондор, республикалык жана облустук маанидеги шаарлар боюнча дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын квоталарынын көлөмүнүн ЭСЕБИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
Райондор, республикалык жана облустук маанидеги шаарлар боюнча дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын квоталарынын көлөмүнүн эсеби төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Sжалпы = Sbaz(1-бөлүк) + Sraspred(2-бөлүк)
Sbaz(1-бөлүк) = 0,75 * Sжалпы
Sraspred(2-бөлүк) = 0,25 * Sжалпы
Spжш = Sbaz(1-бөлүк) / Кр.+ш.р.+ш.о.
Sp.ш. = 0,025 * Sraspred(2-бөлүк)
Sо.ш. = 0,075 * Sraspred(2-бөлүк)
Sp. = 0,90 * Sraspred(2-бөлүк)
Sraspred.i(2-бөлүк) = (Sp.(2-бөлүк) / Sо.ш.(2-бөлүк) / Sг.p.(2-бөлүк)) / (Нр/Но.ш./Нр.ш.) * Hi * Кдо,
S(р/о.ш./р.ш)i. = Spжшi(1-бөлүк) + Sraspred.i(2-бөлүк),
мында,
Sжалпы - дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын жалпы көлөмү;
Sbaz(1-бөлүк) - дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын базалык жалпы көлөмү, биринчи бөлүк;
Sraspred(2-бөлүк) - дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын бөлүштүрүлүүчү жалпы келемү, экинчи белүк;
Sржш(1-бөлүк) - райондор, республикалык жана облустук маанидеги шаарлар үчүн биринчи бөлүк боюнча бөлүнүүчү дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын базалык жалпы көлөмү;
Кр.+ш.р+ш.о. - райондордун, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын суммалык саны;
Sр.ш.(2-бөлүк) - республикалык маанидеги шаарлар үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын көлөмү;
So.ш.(2-бөлүк) - облустук маанидеги шаарлар үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын көлөмү;
SP(2-бөлүк) - райондор үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын көлөмү;
Sraspred.i(2-бөлүк) - i-райондор/облустук маанидеги шаарлар/республикалык маанидеги шаарлар үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын көлөмү экинчи бөлүк;
S(p/o.ш./p.ш.)i. - i-райондор/облустук маанидеги шаарлар/республикалык маанидеги шаарлар үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын жалпы көлөмү;
Нр/Но.ш./Нр.ш. - Кыргыз Республикасынын тийиштүү түрдө райондук маанидеги шаарларында жана айыл аймактарында/облустук маанидеги шаарларында/республикалык маанидеги шаарларында жашаган тургундарынын суммалык саны;
Hi - i-райондо (райондук маанидеги шаарларда жана айыл аймактарында)/облустук маанидеги шаарларда/республикалык маанидеги шаарларда жашаган тургундардын саны (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматтарына ылайык);
Кдо - райондор жана республикалык жана облустук маанидеги шаарлар үчүн кирешелик камсыз кылуу деңгээли менен бирдей болгон кирешелик камсыздалуу коэффициенти 50%дан аз болсо - 1,4, 50-100% - 1,2, 100-200% - 1, 200-500% - 0,5, 500% жана андан жогору болсо - 0,1.
|
| Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Долбоор боюнча жергиликтүү бюджеттин жана тартылган каражаттардын салымынын минималдык деңгээлин аныктоо үчүн кирешелик камсыз кылуу деңгээлинин ЭСЕБИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-майындагы № 247 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Жергиликтүү бюджеттин салымынын жана долбоор боюнча тартылган каражаттардын минималдык деңгээлин аныктоо үчүн кирешелик камсыз кылуу деңгээли төмөнкү формула боюнча аныкталат:
ДОi деңгээли = "(ПДi / Hi) / (ПДгр / Нгр) * 100 (миң сом),
мында:
ДOi деңгээли - i-жергиликтүү бюджеттин кирешелик камсыз кылуу деңгээли;
ПДi - пландалган жылга i-жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин болжолу;
Hi - i-жергиликтүү коомчулуктун калкынын саны (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык);
ПДгр - пландалган жылга жергиликтүү бюджеттердин топторунун кирешелер болжолу;
Нгр - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын топторунун калкынын саны (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына ылайык).
|
| Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча конкурска тапшырылган долбоорлор жөнүндө МААЛЫМАТ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
Катар № | Каттоо № | Долбоордун аталышы | ЖӨБАО аталышы | Долбоордун наркы | Өздүк жана тартылган каражаттар | Дем берүүчү гранттарга болгон керектөө | Долбоор боюнча сын-пикирлер | Долбоордун максаттары жана милдеттери | Өздүк же тартылган каражаттары кирешелик камсыз кылуу деңгээли боюнча каралгандан көп болгон ЖӨБАО | Бийик тоолуу жана алыскы калктуу конуштар | Дем берүүчү гранттар боюнча мурда каржыланган долбоорлорго карата сын-пикирлердин болуусу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Райондук (шаардык) финансы бөлүмүнүн башчысы | колу жана мөөрү | аты-жөнү |
|
| Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Долбоорду баалоо барагы (тандоо критерийлери)
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
Критерийлердин аталышы | Индикаторлорду баяндоо | Балл |
1. Теңдештирүүчү гранттар боюнча камсыздуулук коэффициенти(*) | Теңдештирүүчү грант албаган ЖӨБ органынын долбоору | 0 |
- 500гө чейин | 5 | |
- 1000ге чейин | 10 | |
- 1500гө чейин | 15 | |
- 2000ге чейин | 20 | |
- 2000ден жогору | 25 | |
2. Аймактык деңгээлдеги маанилүүлүгү | - айыл аймагынын, шаардын деңгээлиндеги маанилүүлүгү | 5 |
| - бир нече айыл аймактарынын, шаарлардын деңгээлиндеги маанилүүлүгү | 10 |
| - райондун деңгээлиндеги маанилүүлүгү | 15 |
3. Калктын артыкчылыктарды аныктоого тартылуусу | - жарандардын айрым топторунун катышуусу менен социалдык мобилизациялоо жүргүзүлгөн | 10 |
| - калкты кеңири камтуу менен социалдык мобилизациялоо жүргүзүлгөн | 20 |
4. Балдарга жана жаштарга байланыштуу социалдык маселелерди өнүктүрүүгө долбоордун багытталгандыгы | - жок | 0 |
- ооба | 10 | |
5. Келечекте долбоордун туруктуулугу | - орто мөөнөттүү келечек (5 жылга чейин) | 5 |
- узак мөөнөттүү келечек (5 жылдан жогору) | 15 | |
6. Ушул Жобонун талаптарынан ашыкча накталай каражаттардын салымынын болуусу | - кошумча салымдын жоктугу | 0 |
| - 5тен 20%га чейин кошумча салымдын болуусу | 10 |
| - 20% дан жогору кошумча салымдын болуусу | 20 |
7. Долбоор ишке ашырылуучу айылда чек арага чектеш аймактардын өзгөчө статусунун болушу | - статусу жок | 0 |
| - статусу бар | 10 |
8. Долбоор ишке ашырылуучу айылда бийик тоолуу жана алыскы айыл статусунун болушу | - статусу жок | 0 |
| - статусу бар | 10 |
9. Жаңы жумуш орундарын түзүү | - түзүлбөйт | 0 |
| - түзүлөт | 20 |
ЖЫЙЫНТЫГЫ: |
|
|
Теңдештирүүчү грант боюнча камсыз кылуу коэффициенти төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
* Квгi = ВГi / Hi,
мында:
Квгi - i-жергиликтүү бюджеттин теңдештирүүчү грантынын камсыз кылуу коэффициенти;
ВГi - пландалган жылга i-жергиликтүү коомчулуктун жергиликтүү бюджетинин теңдештирүүчү грантынын көлөмүнүн болжолу;
Hi - i-жергиликтүү коомчулуктун калкынын саны (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматы боюнча).
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүнде жобого
|
| Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды алууга МАКУЛДАШУУ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жалдын 3-мартындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык)
_________________ (орду) |
| _________________ (датасы) |
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын 20__жылдын "__" _________ № _______ буйругуна ылайык мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ортосундагы ушул Макулдашууга кол коюуга мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иштеп жаткан аймактык органына ыйгарым укук берет.
Бир тараптан мындан ары "Грант берүүчү" деп аталуучу ______________ атынан мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын жетекчиси жана экинчи тараптан, мындан ары "Грант алуучу" деп аталуучу ____________ (ченемдик актынын аталышы) негизинде иштөөчү ___________ атынан ____________ облусунун _______________ районунун _____________ айыл аймагынын/мэриясынын башчысы төмөндөгүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү:
1. Макулдашуунун предмети
1. Бул Макулдашуу дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен ишке ашырылуучу долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын 20__-жылдын "__" _________ чечиминин негизинде түзүлдү.
2. Грант берүүчү тарабынан сметалык наркы _________ (.... сумма жазуу менен) сом ___________ долбоорду (долбоордун аталышы) ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы _____________ (......сумма жазуу менен) сом Грант алуучуга транш боюнча дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды бөлүү бул Макулдашуунун предмети болуп саналат, анын ичинен өздүк жана тартылган каражаттар ____________ (.......) сомду түзөт. Республикалык бюджеттен каржылануучу дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын көлөмү долбоор боюнча курулуш иштерин аткарууга конкурстардын негизинде түзүлгөн келишимдерге (контракттарга) негизделип, сметалык иштердин наркын азайтуу менен такталат.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
3. Грант алуучу:
- ушул Макулдашуунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттарын максаттуу багыттар боюнча так пайдаланууга;
- республикалык бюджеттен алынган акча каражаттарынын, ошондой эле Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускамага ылайык өздүк жана тартылган каражаттардын пайдаланылышы тууралуу отчет тапшырууга милдеттенет.
4. Грант берүүчү:
- долбоорлорду дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоону жергиликтүү бюджеттен жана башка тартылган каражаттардан төлөөлөр аяктагандан кийин транштар боюнча:
1) биринчи транш - жергиликтүү бюджеттердин өздүк акчалай салымдарынын жана тартылган каражаттардын жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каражаттарды кошо каржылоонун эсебинен долбоордун жалпы суммасынын 30% өлчөмүндөгү аванс менен;
2) кийинки төлөмдөр - аванстык төлөмдөрдү алып салганда келишим боюнча долбоордун наркынын 20%ынан кем эмес өлчөмдү түзгөн иштерди иш жүзүндө аткаруу боюнча тапшырылган отчеттун негизинде;
3) долбоордун наркынын 5% өлчөмүндөгү акыркы траншы курулуш иштерине келишим боюнча долбоорду аяктоо жөнүндө отчет тапшырылгандан кийин ишке ашырууга милдеттенет.
5. Грант берүүчү ушул Макулдашуунун негизинде бөлүнгөн акча каражаттарын, ошондой эле өздүк жана тартылган каражаттардын максаттуу пайдаланылышын текшерүүгө укуктуу.
6. Которулган акча каражаттарын максатсыз пайдалангандыгы жана ушул Макулдашуунун шарттары Грант алуучу тарабынан аткарылбагандыгы белгиленген учурда Грант берүүчү төлөөлөрдү убактылуу токтотуп туруу же токтотуу, бир тараптуу тартипте Макулдашууну бузуу тууралуу мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуш даярдайт.
3. Башка шарттар
7. Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Ушул Макулдашуу долбоорду ишке ашыруунун бардык мезгилинде колдонулат.
9. Ушул Макулдашуу бир тараптуу тартипте Грант берүүчүнүн демилгеси боюнча ушул Макулдашуунун 6-пунктуна ылайык бузулушу мүмкүн.
10. Ушул Макулдашуу боюнча келип чыккан бардык талаш-тартыштарды жана кайчы-пикирлерди Тараптар сүйлөшүү жолу менен чечишет. Эгерде Тараптар талаш маселелер боюнча макулдашууга келишпесе, талаш сот тартибинде чечилүүгө тийиш.
11. Ушул Макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ болгон расмий жана мамлекеттик тилдерде эки нускада, Тараптардын ар бири үчүн бирден түзүлдү.
4. Тараптардын реквизиттери
Грант берүүчү |
| Грант алуучу |
Мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органы |
| Арыз ээси |
Юридикалык дареги ____________________ |
| Юридикалык дареги ____________________ |
БИК __________________________________ |
| БИК __________________________________ |
ОКПО ________________________________ |
| ОКПО ________________________________ |
ИНН __________________________________ |
| ИНН __________________________________ |
А/э ___________________________________ |
| А/э ___________________________________ |
Аты-жөнү __________________________________ |
| Аты-жөнү __________________________________ |