Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-майы № 329
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планын ("Жол картасын") ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына буудай унун ташып келүүдө коргоо чараларын киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункттагы "2017-жылдын 22-июлуна чейинки мөөнөттө" деген цифралар жана сөздөр алып салынсын;
- 4-пункт "күчүнө кирет" деген сөздөрдөн кийин "жана 2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө киргенге чейин колдонулат" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |