ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы № 338 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338»Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу«токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция02.06.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 2-июну № 338

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин натыйжалуулугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттагы "184" деген цифралар "191" деген цифраларга алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 2-июнунан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев