Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-июну № 341
Кыргыз Республикасынын жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык менчигине автотранспорт каражаттарын өткөрүп берүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 18-январы № 17 токтомдун редакциясына ылайык)
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен бирге автотранспорт каражаттарын айыл өкмөттөрүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте тиркемеге ылайык өткөрүп берсин.
2. Аталган токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн айыл өкмөттөрүнө белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн автотранспорт каражаттарын муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык автотранспорт каражаттарын кайра каттоону жүргүзүү;
- автотранспорт каражаттарын суу менен камсыздоо жана булганыч сууну чыгаруу системаларын техникалык жактан тейлөө үчүн максаттуу арналышы боюнча пайдалануу.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Айыл өкмөттөрүнүн муниципалдык менчигине берилүүчү автотранспорт каражаттарынын ТИЗМЕГИ
(КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 18-январы № 17 токтомдун редакциясына ылайык)
№ | Авто машинанын маркасы | Мамномери | Чыккан жылы | Кыймылдаткычынын номери | Кузовунун номери | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы |
1 | "BJ 2024" | 7518 ВВ | 2010 | XG491QME845450 | LNBRCFD5A N 31250 | Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айыл өкмөтү |
2 | "ДЭУ Нексия" | 8103 ВВ | 2010 | F16D37613811 | XWB3K32BDBA097354 | Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Октябрь айыл өкмөтү |
3 | "ВАЗ 21213" | KGBM 2350 | 2003 | 7176232 | ХТА21213031707057 | Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кара-Буура айыл өкмөтү |
4 | "ВАЗ 21213" | 0331 АК | 2001 | 6558405 | ХТА21213011561911 | Баткен облусунун Лейлек районундагы Сүмбүл айыл өкмөтү |
5 | "ВАЗ 21213" | 2271 KGBM | 2002 | 7056576 | ХТА21213021662959 | Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айыл өкмөтү |
6 | "BJ 2024" | 7519 ВВ | 2010 | XG491QME845460 | LNBRCFD3A N 31250 | Ош облусунун Өзгөн районундагы Кароол айыл өкмөтү |
7 | "ВАЗ 21213" | 0030 DC | 2001 | № 0568371 | ХТА 21213011561913 | Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтү |
8 | "Ауди-А6" | 1041 ВВ | 1999 | ALGO18 349 | WAUZ Z4BZX N01234 9 | Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэриясы |
9 | "ГАЗ-3110" | 4315 ВВ | 1998 | 3383012 | 0176534 | Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Капчыгай айыл өкмөтү |
10 | "ВАЗ 2131" | KGBM 2351 | 2000 | 6549918 | ХTА 2131001 0026693 | Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтү |