Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-июну № 344
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 230-1-статья менен толукталсын:
"230-1-статья. Автомобилдин огуна карата рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди жүргүнчүлөрдү, багаждарды жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн пайдалануу, -
Автомобилдин огуна карата рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди жүргүнчүлөрдү, багаждарды жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн пайдалануу, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракет бир жылдын ичинде кайталанганда, -
бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 235-статьянын Эскертүүсү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
3. 508-статьянын биринчи бөлүгү "230-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө," деген цифралардан жана сөздөрдөн кийин "230-1-статьянын экинчи бөлүгүндө" деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.
4. 511-статьяда:
- экинчи абзац "230-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүгүндө," деген цифралардан жана сөздөрдөн кийин "230-1-статьянын биринчи бөлүгүндө" деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын;
- алтынчы абзац:
"практиканын инспекторлору" деген сөздөрдөн кийин ", жол кыймылынын коопсуздугуна маалыматтык талдоо жана мониторинг жүргүзүү башкармалыктарынын, бөлүктөрүнүн бөлүмдөрүнүн (бөлүмчөлөрүнүн) начальниктери, ошондой эле алардын орун басарлары, башкы, улук тескөөчүлөр жана администрациялык практиканын инспекторлору" деген сөздөр менен толукталсын;
"230-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүгүндө," деген цифралардан жана сөздөрдөн кийин "230-1-статьянын биринчи бөлүгүндө," деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.
5. 516-статьясынын биринчи бөлүгү "222-статьяларында" деген цифралардан жана сөздөн кийин "230-1-статьясынын биринчи бөлүгүндө" деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.
6. 556-1-статьянын 1-бөлүгүндө:
- 1-пунктунун он алтынчы абзацы "230-статьянын үчүнчү бөлүгү," деген цифралардан жана сөздөрдөн кийин "230-1-статьянын экинчи бөлүгү," деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын;
- 1-пунктунун он жетинчи абзацы "230-статья" деген цифралар жана сөздөн кийин "230-1- статьянын экинчи бөлүгү" деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.
7. 559-статьянын үчүнчү бөлүгүнүн биринчи абзацы "Ушул Кодекстин" деген сөздөрдүн алдында "Судьялардын компетенциясына таандык административдик укук бузуулардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.
8. Кодекстин 39-главасынын аталышы "алып коюу" деген сөздөрдөн кийин "транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 562-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо.".
10. 568-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "234 жана 238-статьяларында" деген цифралар жана сөздөр "230-1, 234 жана 238-статьяларында" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
11. Төмөнкүдөй мазмундагы 568-1-статья менен толукталсын:
"568-1-статья. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо
Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо иштин туура жана өз убагында каралышын, административдик укук бузуу боюнча токтомдун аткарылышын камсыз кылуу максатында колдонулат. Мажбурлап эвакуациялоо - ушул Кодекстин 20-главасында каралган административдик укук бузуу жасалган жерден же жол-транспорт окуясы болгон жерден адистештирилген токтотмо жайга мажбурлап көчүрүү. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоодо менчик ээси (айдоочу, ээсинин өкүлү) транспорт каражаты жайгашкан жер жөнүндө кабарландырылат. Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо жөнүндө административдик укук бузуу тууралуу протоколго тийиштүү белги коюлат, ал эми зарыл болгон учурда транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоо тууралуу протокол түзүлөт. Транспорт каражатын адистештирилген токтотмо жайга мажбурлап эвакуациялоонун, көчүрүүнүн жана аны сактоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
12. 584-берененин экинчи бөлүгү "228-статьясынын экинчи-төртүнчү бөлүктөрүндө" деген цифралардан жана сөздөрдөн кийин "230-1-статьяда" деген цифралар жана сөз менен толукталсын.
13. 614-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган жол кыймылы коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерин бузган административдик укук бузуулар жасалганда алынуучу администрациялык айыптардын суммалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте республикалык бюджетке чегерилет, ушул Кодекстин 559-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө белгиленген тартипте табылган административдик укук бузууларга салынган айыптарды кошпогондо, жогоруда аталган акча каражаттарынын 25 пайызы ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык камсыздалышын жакшыртуу жана алардын кызматкерлерин жүйөлөштүрүү үчүн пайдаланылат.
Ушул Кодекстин 559-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө белгиленген тартипте табылган административдик укук бузууларды жасагандыгы үчүн алынган административдик айып суммасы Кыргыз Республикасынын бюджеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте калыптандырылат жана пайдаланылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, мында ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-бөлүгү 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 6 айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|