Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-июну № 352
"Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын калкынын электр энергиясы үчүн акы төлөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.З.Мурзабеков, Д.А.Жумабеков, А.А.Арапбаев, Б.О.Шаршеев, Р.Төлөгөнов, Ж.А.Саматов тарабынан демилгеленген "Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын калкынын электр энергиясы үчүн акы төлөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 352 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.З.Мурзабеков, Д.А.Жумабеков, А.А.Арапбаев, Б.О.Шаршеев, Р.Төлөгөнов, Ж.А.Саматов тарабынан демилгеленген "Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын калкынын электр энергиясы үчүн акы төлөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкү корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоорунда Таш-Көмүр шаарынын калкынын тиричиликтик керектөөсү үчүн 150 кВт/саатка чейинки өлчөмдө пайдаланылган электр энергиясы үчүн акы төлөөнү Таш-Көмүр ПС ГЭСи тарабынан иштелип чыккан электр энергиясынын өздүк наркы боюнча жүргүзүүнү белгилөө каралган. Ошол эле учурда аталган адамдар үчүн башка мыйзамдарда белгиленген жеңилдиктер жана кепилдиктер сакталат.
Ошону менен бирге азыркы күндө республиканын энергетика секторунда акыркы керектөөчүлөр үчүн колдонулган тарифтер энергетика компанияларынын электр жана жылуулук энергиясынын чыгымдарынын ордун толтурбай тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Энергия булактарына жана жабдууларга болгон баанын жыл сайын жогорулашы чыгымдардын көбөйүшүнө алып келүүдө, бул электр энергиясын жана жылуулук энергиясын сатуудан келип түшкөн кирешеден аз. Ошону менен бирге электр энергиясын керектөө жаңы кубаттуулуктардын өсүшүнөн да ашууда. Мисалы, 2014-жылы энергетика системасы боюнча акча каражатынын дефицити 6,7 млрд. сомду түзгөн, 2015-жылы 8,5 млрд. сом өлчөмүндөгү финансылык каражаттын дефицити болжолдонууда.
Ошол эле учурда аталган мезгилдеги дефициттин негизги суммасы "Электр станциялары" ачык акционердик коому боюнча түзүлгөндүгүн белгилей кетүү зарыл. Аталган энергетика компаниясына мамлекеттик колдоо көрсөтүү, калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында республикалык бюджеттен 2014-жылы 3,7 млрд. сом, 2015-жылдын башында - 400 млн. сом өлчөмүндө ссудалар бөлүнгөн.
Ошону менен бирге эле республикалык бюджеттин туруктуу жана бир кыйла көлөмдөгү дефицити учурунда (азыркы учурда - 14,7 млрд. сом) өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында энергокомпанияларды колдоо үчүн кошумча булактарды дайыма издеп табуу өтө кыйынчылыкты туудурууда.
Буга байланыштуу "Жалалабад электр" ачык акционердик коомунун маалыматы боюнча Таш-Көмүр шаарынын калкынын тиричиликтик керектөөсү үчүн 150 кВт/саатка чейин электр энергиясынын өздүк наркындагы тариф белгиленсе, энергокомпаниянын жоготкон кирешеси жылына 15,5 млн. сомду түзөт.
Ошентип, Таш-Көмүр шаарында жашаган тургундардын электр энергиясына акы төлөөсү боюнча кошумча жеңилдиктерди киргизүү электр энергетика секторунун ишине терс таасирин тийгизет. Энергетика секторундагы финансылык каражаттардын дефицити бардык энергокомпаниялар милдеттүү төлөмдү гана жүргүзүп, эң керектүү жана шашылыш иш-чараларды (учурдагы жана авариялык ремонтторду) гана өткөрүп, реконструкциялоого, модернизациялоого, курууга жана жаңы кубаттуулуктарды эксплуатациялоого берүүгө каражаттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырашына кириптер кылууда, бул энергокомпаниялардын өнүгүүсүнө жана натыйжалуу иштөөсүнө терс таасирин тийгизүүдө.
Мыйзамдын долбоору энергетикалык компаниялардын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогондуктан жөнгө салуучу таасир анализин даярдоону, ошондой эле негиздеме-маалымкатта жоготулуучу акча каражаттарынын суммасын көрсөтүүнү сунуштайбыз.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата орто мөөнөттүү тарифтик саясатын ишке ашыруунун натыйжасында энергетика системасы боюнча акча каражаттарынын дефицити кыскара тургандыгын белгилейбиз. Айрым керектөөчүлөргө электр энергиясы үчүн акы төлөө боюнча жаңы жеңилдиктерди киргизүү Орто мөөнөттүү тарифтик саясатты ишке ашырууга жана аталган документте белгиленген максаттарга жетүүгө терс таасирин тийгизет.
Ошондой эле Сектордук саясатка, социалдык коргоого жана мамлекеттик финансылоону башкарууга колдоо көрсөтүү программасынын алкагында бюджеттик колдоо катары Кыргызстанга 35,0 млн. евро суммасында гранттык каражаттын келиши пландалып жаткандыгын маалымдайбыз.
Программанын негизги максаты калктын аялуу катмарынын абалын жакшыртууга жана мамлекеттин жоопкерчилигин жогорулатууга көмөктөшүүгө, ак ниет башкарууга жана мамлекеттик чечимдердин ачык-айкындуулугуна багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясатына колдоо көрсөтүү, ошондой эле мамлекеттик финансылык башкаруу процессин жана системасын жакшыртууга салым кошуу болуп саналат.
Социалдык коргоо компоненти боюнча программанын контекстинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин багыттарынын бири азыркы учурда саны 25ти түзгөн компенсациялык төлөмдөрдү жана жеңилдиктерди көбөйтүүгө мораторий киргизүү болуп саналат.
Ошону менен бирге Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында жашаган адамдарга электр энергиясы үчүн акы төлөөгө жеңилдиктерди берүү башка калктуу пункттардын жашоочулары үчүн прецедент жаратаарын эске алуу зарыл, алар да ушул сыяктуу жеңилдиктерди берүү демилгесин көтөрүп чыгышат. Ал эми электр энергиясын төлөө боюнча жеңилдиктер ага муктаж болгон адамдарга гана берилет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү азыркы учурда "Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын калкынын электр энергиясы үчүн акы төлөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.