Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июну № 361
«Исламабад шаарында 1995-жылдын 15-мартында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы жѳнγндѳ макулдашуунун беренелерин ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жѳнγндѳ”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттин ички жол-жоболорун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- «Исламабад шаарында 1995-жылдын 15-мартында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы жѳнγндѳ макулдашуунун беренелерин ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Исламабад шаарында 1995-жылдын 15-мартында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы жѳнγндѳ макулдашуунун беренелерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене
Исламабад шаарында 1995-жылдын 15-мартында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкы жѳнγндѳ макулдашуунун беренелери ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Экономикалык кызматташтык уюмунун Соода жана өнүктүрүү банкына ратификациялоо жѳнγндѳ грамотаны депонирлесин.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндѳн он кγн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти