Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июну № 362
"Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде бул мыйзамдын долбоору каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Ломбарддардын иши жөнүндө
1-бап. Жалпы жоболор
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
ломбард - жарандардын күрөөдө турган кыймылдуу мүлкүнүн ордуна кыска мөөнөттүү зайым берүүнү жүзөгө ашырган юридикалык жак (адистештирилген уюм);
ломбарддардын иши - бул жарандардын күрөөдө турган кыймылдуу мүлкүнүн ордуна кыска мөөнөттүү зайымдарды берүү боюнча лицензиясы бар юридикалык жактын иши;
ломбарддын аймагы - зайымчыларды кабыл алуу, кыска мөөнөттүү зайымдарды берүү, финансылык документтерди, накталай акчаларды, күрөөгө коюлган мүлктү сактоо үчүн арналган негизги жайдын кайтарылуучу адистештирилген аймагы;
тыш өлчөмү кичинекей мүлк - ломбарддын аймагында орнотулган ломбарддын күйбөй турган сейфинде сакталган зергердик буюмдар, ошондой эле башка кыймылдуу мүлк;
тыш өлчөмү чоң мүлк - ломбарддын аймагында сакталган кыймылдуу мүлк;
зайым документтери - зайым келишими, күрөө чыптасы, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасындагы жарандык укуктук мамилелерди жөнгө салган башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка документтер;
зайым келишими - күрөө билетин берүү менен ломбард менен зайымчынын ортосунда белгилүү мөөнөткө түзүлгөн келишим;
күрөө билети - мыйзамдарда белгиленген тартипте салык органында катталган, зайым жөнүндө келишимге кол коюуда зайымчыга берилүүчү күрөөлүктү эсепке алуу документи;
күрөөлүк - күрөөнүн түрү, мында күрөө жөнүндө келишимге ылайык күрөөгө коюлган мүлк күрөө коюучудан күрөө кармоочунун ээлигине берилет;
талап кылынбаган мүлк - зайым келишиминде аныкталган мөөнөттө ломбардга берилген жана зайымчы талап кылбаган мүлк.
2-берене. Ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, ломбарддардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
3-берене. Ломбарддардын ишин лицензиялоо
Ломбарддардын ишин лицензиялоо Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген орган лицензиар болуп саналат.
4-берене. Ломбарддардын ишине коюлуучу негизги шарттар жана талаптар
1. Ломбарддын мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган, "ломбард" деген сөздү жана анын уюштуруучулук-укуктук түрүнө көрсөтмөнү камтыган аталышы болууга тийиш.
Ломбард Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча жоопкерчиликтүү коом же толук шериктик коом түрүндө түзүлөт жана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак статусуна ээ болот.
2. Ломбард өзүнүн ишинин процессинде Кыргыз Республикасынын кредит чөйрөсүндөгү жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте кредиттик уюмдардан жана башка уюмдардан алган өзүнүн каражаттарын жана кредиттерди пайдалана алат.
3. Ломбард кыска мөөнөттүү зайымдарды берүү максатында паспортту же зайымчынын ким экендигин күбөлөндүргөн башка документти көрсөткөн 18 жаш куракка жеткен Кыргыз Республикасынын жарандарынан, ошондой эле чет элдик жарандардан жана жарандыгы жок адамдардан жеке керектөө үчүн арналган кыймылдуу мүлктү, жүгүртүүдөн алып салынган мүлктөн, ошондой эле жүгүртүүсү чектелген мүлктөн башкасын күрөөгө алууга укуктуу.
4. Ломбард ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана күрөө жөнүндө мыйзамдарда каралган иштерди жүзөгө ашырат.
5. Ломбард күрөөгө коюлган мүлктөрдү ушул Мыйзамдын 12-беренесинде каралган учурларды кошпогондо тескөөгө укуксуз.
6. Ломбард күрөөгө коюлган тыш өлчөмү кичинекей мүлктөрдү ломбарддын күйбөгөн сейфтеринде, ал эми тыш өлчөмү чоң мүлктү ломбарддын аймагында сактоого милдеттүү.
Эгерде күрөөгө коюлган мүлктүн жоголушу жана бузулушу жеңилгис күчтүн натыйжасында болгонун далилдей албаса, анда ломбард жоголгондугу же бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
7. Ломбарддын аймагында күрөөгө коюлган мүлктү сактоо үчүн анын сакталышын, зыяндуу таасирлердин болбоосун камсыздоочу жана ага чоочун адамдар жетпегидей шарттар түзүлүүгө тийиш.
Ломбардга күрөөгө коюлган ири көлөмдүү мүлктүн мыйзамсыз пайдаланылышына жол бербөө максатында аны пломбалоо же башкача фиксациялоо керек.
8. Күрөөгө коюлган мүлктөр сакталган жерлерге башка мүлктөрдү сактоого жол берилбейт.
9. Отчет берүүнүн тартибин жана түрүн, ломбарддын ишин уюштуруу боюнча минималдык талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
10. Ломбарддын кардарларды тейлеген бардык жайларында төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган стенддер жайгаштырылууга тийиш:
- ломбарддык кызмат көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө;
- ломбарддык кызматты алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги жөнүндө;
- ломбарддардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын тизмеги жөнүндө;
- ломбардда колдонулуучу учурдагы пайыздык коюмдар жөнүндө;
- майнаптуу пайыздык коюм жөнүндө;
- кардарлардын укуктары жөнүндө.
11. Ломбард өз ишин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө террорчулукту каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жетекчиликке алууга милдеттүү.
5-берене. Күрөөгө берилген мүлктү баалоо
Күрөөгө берилген мүлк мындай түрдөгү жана сапаттагы мүлктөрдүн аны күрөөгө алган учурда жана жерде белгиленген бааларга ылайык тараптардын макулдашуусу боюнча ломбард тарабынан бааланат.
6-берене. Ломбард күрөөгө кабыл алган мүлктү камсыздандыруу
1. Ломбард мүлктү күрөөгө кабыл алууда аныкталган жана соода-сатыкта пайдаланылган мындай түрдөгү жана сапаттагы мүлктөрдүн баасы боюнча күрөөгө коюлган мүлктү толук наркында, өзүнүн эсебинен зайымчынын пайдасына камсыздандырууга милдеттүү.
2. Ломбард күрөөгө коюлган мүлктү зайымчынын эсебинен мажбурлап камсыздандырууга укуксуз.
2-бап. Ломбарддарда зайым берүүнүн тартиби
7-берене. Зайым келишими
1. Зайым келишимин түзүүдө ломбард зайымчыга күрөө билетин берет жана ар бир зайымды берген сайын ломбард күрөөнүн жаңы билетин берет.
2. Зайым келишиминин шарттары боюнча ломбард зайымчыга белгилүү мөөнөткө кыска мөөнөттүү зайымды Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен берет.
3. Зайым келишимин түзүүдө ломбард кайтарма жана кайтарымдуу негизде бир жылдан көп эмес мөөнөткө зайымчыга акча каражатын берет. Зайымчы күрөө буюму болуп саналган мүлктү ломбардга берет.
4. Зайым келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана ага тараптар кол коёт. Зайымдын суммасы зайымчыга берилген жана күрөөгө коюлуучу мүлк ломбардга берилген учурдан тартып зайым келишими түзүлдү деп эсептелинет.
5. Күрөөгө коюлган мүлктүн аталышы, ушул Мыйзамдын 5-беренесине ылайык бааланган анын суммасы, берилген зайымдын суммасы, зайымдын пайыздык коюму жана аны берүүнүн мөөнөтү зайым келишиминин олуттуу шарттары болуп саналат.
8-берене. Зайым боюнча документтердин купуялуулугу
1. Зайым келишимин түзүүнүн процессинде зайым чыдан алынган маалыматтардын купуялуулугуна ломбард кепилдик берет, аларды ачыкка чыгаруу зайымчыга материалдык жана (же) моралдык зыян келтириши мүмкүн.
2. Ломбард жана анын кызматкерлери ушул берененин 1-бөлүгүндө аталган маалыматтардын купуялуулугун сактоого милдеттүү, алар ачыкка чыгарылган учурда ушул Мыйзамдын 14-беренесине ылайык жоопкерчилик тартышат.
3. Ломбард зайым боюнча документтерди же аларда камтылган маалыматтарды төмөнкү органдарга жана адамдарга берет:
- көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу зарылдыгынын негизинде тиешелүү мамлекеттик органдарга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте сот жана укук коргоо органдарына;
- мурас маселеси боюнча зайымчы жана нотариалдык контора ыйгарым укук берген адамдарга.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө аталган органдар жана адамдар өздөрүнө берилген маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик беришет.
9-берене. Күрөө билетин тариздөөнүн тартиби
1. Күрөө билети эки нускада таризделет. Күрөө билетинин ар бир нускасына иреттик номер жана ломбарддын мөөрү коюлат. Күрөө билетинин бир нускасы ломбардда сакталат, ал эми экинчи нускасы зайымчыга берилет.
2. Күрөө билети төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- ломбарддын аталышын жана дарегин (турган жерин);
- зайымчынын аты-жөнүн, акын туулган датасын, жарандыгын, паспортунун же зайымчынын ким экендигин күбөлөндүргөн башка документинин маалыматтарын;
- күрөөгө коюлган мүлктүн тизмегин жана сыпаттамасын;
- күрөөгө коюлган мүлктү баалоонун суммасын;
- берилген зайымдын суммасын;
- кайра кайтаруу датасын көрсөтүү менен зайымдын берилген датасын жана мөөнөтүн;
- зайымдын пайыздык коюмун (бир календарлык күндүн эсебинде эсептелген пайыздык коюмду милдеттүү түрдө көрсөтүү менен).
3. Күрөө билети ушул Мыйзамда жана ломбарддардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка кошумча маалыматтарды камтышы мүмкүн.
4. Күрөө билети ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган талаптарга ылайык таризделет жана күрөө билетинин ар бир нускасы ломбарддын өкүлдөрүнүн жана зайымчынын колдору жана ломбарддын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
3-бап. Күрөөгө коюлган мүлктү мажбурлап алып коюу, талап кылынбаган мүлккө карыздарды өндүрүп алуу
10-берене. Күрөөгө коюлган мүлктү мажбурлап алып коюу
1. Күрөөгө коюлган мүлктү мажбурлап алып коюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана жүзөгө ашырылат.
2. Күрөөгө коюлган мүлк мажбурлап алынган учурда зайым келишиминин колдонулушу токтотулат.
3. Күрөөгө коюлган мүлк мажбурланып алынган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде ломбард бул жөнүндө зайымчыга жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Аталган билдирүү коюлган мүлктүн тизими менен тапшырык каты түрүндө жана тапшыруу жөнүндө билдирүү менен почта аркылуу жөнөтүлөт жана анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
- мүлктү мажбурлап алып койгон дата;
- мүлктү мажбурлап алып коюунун негизи;
- мүлктү мажбурлап алып койгон мамлекеттик органдардын аталышы (кызмат адамын көрсөтүү менен).
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган билдирүүнү зайымчы алган учурдан тартып күрөөгө коюлган мүлк мажбурланып алынган же болбосо алып коюлган күнү же ушул Мыйзамдын 11-беренесинде белгиленген жеңилдик мөөнөтү бүткөн күнү зайым келишимине ылайык ломбарддын алдында зайымчынын милдеттенмелери келип чыгат.
5. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык жүктөлгөн милдеттенмелерди ломбард аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда, ломбард зайымчыга карата өз талаптарын канааттандыруу укугунан ажыратылат.
6. Эгерде мажбурлап алынган мүлк кайтарылып берилүүгө тийиш болсо, мындай мүлк ломбарддын алдындагы өз милдеттенмелерин зайымчы аткаргандан кийин ээсине кайра кайтарылышы керек.
7. Зайымчы күрөөгө коюлган мүлккө карызын өндүрүп алуу милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда, ломбарддардын талаптары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык соттук же сотсуз тартипте жүзөгө ашырылат.
11-берене. Зайым келишими боюнча жеңилдетилген мөөнөт
1. Эгерде зайымчы зайымды белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, анда ломбард отуз календарлык күнгө барабар болгон жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде өндүрүп алууну күрөөгө коюлган мүлккө чегерүүгө укуксуз.
2. Күрөө билетинде көрсөтүлгөн зайымды кайра кайтаруу күнүнөн кийинки күн жеңилдетилген мөөнөттүн башталган күнү деп эсептелет.
3. Жеңилдетилген мөөнөттүн ичинде жана андан ары күрөөгө коюлган мүлк сатылган күнгө чейин ломбард зайым келишиминде каралган зайым боюнча пайыздык коюмду жогорулатууга, күрөөгө коюлган мүлктүн сакталуу шарттарын начарлатууга, ошондой эле аны сактоо үчүн сыйакы алууга укуксуз.
12-берене. Талап кылынбаган мүлккө карыздарды өндүрүп алуу
1. Ушул Мыйзамдын 11-беренесинде белгиленген жеңилдетилген мөөнөт аяктагандан кийин, эгерде зайымчы зайым келишиминде каралган ломбарддын алдындагы милдеттенмелерин аткарбаса, коюлган мүлк талап кылынбаган деп эсептелет.
2. Ломбард берилген карыздын өндүрүлүшүн талап кылынбаган мүлктүн эсебинен кайра кайтарууга укуктуу.
3. Талап кылынбаган мүлктүн эсебинен карызды өндүрүү нотариустун аткаруу жазууларынын негизинде жүзөгө ашырылат. Зайым келишиминде нотариустун аткаруу жазууларын аткарбастан, өндүрүүнү талап кылынбаган мүлккө чегерүү мүмкүнчүлүгү каралышы мүмкүн.
4. Зайымчы талап кылынбаган мүлк сатылганга чейин каалаган убакытта ломбарддын алдындагы өзүнүн милдеттенмелерин аткаруу менен карызды өндүрүп алууну токтотууга укуктуу.
13-берене. Талап кылынбаган мүлктөрдү сатуу
1. Зайымчынын талап кылынбаган мүлкүн сатып өткөрүү зайым келишиминин шарттарына ылайык мүлктү саткан күнү жүзөгө ашырылат.
2. Өндүрүп алууга чегерилген талап кылынбаган мүлктү сатуу, анын ичинде ачык соода-сатыктарда сатуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Талап кылынбаган мүлктү ачык сатуу ачык аукцион түрүндө өткөрүлөт.
3. Талап кылынбаган мүлк сатылгандан кийин зайымчыга коюлган ломбарддын талаптары, талап кылынбаган мүлктү сатуудан түшкөн сумма аларды жабуу үчүн жетишсиздигине карабастан, канааттандырарлык деп эсептелет.
4-бап. Корутунду жоболор
14-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын сактабагандыгы үчүн жоопкерчилик
Жеке жана юридикалык жактар ушул Мыйзамдын жана ломбарддардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын административдик жана жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
15-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|