Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-июну № 364
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндө жободо:
6-пунктунун он бешинчи абзацы "кылмыштуулукка каршы күрөшүү" деген сөздөрдөн кийин ", коррупциянын алдын-алуу" деген сөздөр менен толукталсын;
7-пунктунун он бешинчи абзацы "кылмыштуулукка каршы күрөшүү" деген сөздөрдөн кийин ", коррупциянын алдын-алуу" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
6-пунктундагы "361" жана "187" деген цифралар тиешелүү түрдө "358" жана "184" деген цифралар менен алмаштырылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктундагы "коррупциянын алдын алуу саясатын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча функцияларды жүктөө менен," деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коррупцияга каршы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.".
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги белгиленген тартипте бир жумалык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыккан, анын ичинде министрликтин бөлүмүнө бекитилген материалдык-техникалык каражаттарды өткөрүп берүү боюнча чараларды көрсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө, мамлекеттик башкаруу жана кадр иштери бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 2-июнунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |