Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-июну № 355
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинде:
- 12-пунктунда:
экинчи абзацындагы "же болбосо" деген сөздөр "ал жок учурда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "же" деген сөз "ал жок учурда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пунктунда:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өкмөттүн кезексиз жыйындарын өткөрүү, ошондой эле Өкмөттүн кезектеги жыйындарында кошумча (пландан тышкаркы) маселелерди кароо Премьер-министрдин чечими боюнча гана, ушул Регламенттин 33-пунктунда аныкталган тартипте ишке ашырылат.";
төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 18-пункттун экинчи сүйлөмү "берилет" деген сөздөн мурда "Өкмөттүн Аппаратынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүшүнө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 19-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 26-пунктунда:
биринчи абзацындагы ", Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун" деген сөздөр "жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 30-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 31-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 33-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. Премьер-министрдин же Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Өкмөт мүчөлөрүнүн демилгеси менен Өкмөттүн кезексиз жыйындарынын чакырылышы же Өкмөттүн кезектеги жыйынынын күн тартибине кошумча (пландан тышкаркы) маселелер киргизилиши мүмкүн.
Эгер Өкмөттүн кезексиз жыйынын чакыруу жөнүндө чечим жыйын өткөрүлүүчү күндөн 5 календарлык күндөн кем эмес мурдатан кабыл алынса, анда маселени даярдоого жооптуу мамлекеттик орган 3 календарлык күндөн кем эмес мурдатан Өкмөттүн Аппаратынын тейлеген түзүмдүк бөлүнүшүнө төмөнкүлөрдү киргизет:
- мамлекеттик органдын коштоочу катын;
- чечимдин долбоорун;
- чечимдин долбооруна негиздеме-маалымкатты;
- салыштырма таблицаны (актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда;
- жыйынтыктоочу таблицаны, анда эске алынган жана эске алынбаган сунуштар менен пикирлердин баарын (негиздемеси менен) көрсөтүп жана эгер чечимдин долбоору тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылган болсо долбоордун сын-пикирлерсиз макулдашылганын белгилөө менен;
- эгер чечимдин долбоору ишкердик жүргүзүүгө укуктарды, милдеттерди жана талаптарды белгилөөгө, ошондой эле мамлекеттик органдары менен ишкерлердин ортосундагы мамилени жөнгө салууга багытталган болсо, жөнгө салуучу таасирдин анализинин негизинде даярдалган аналитикалык баяндаманы.
Өкмөттүн Аппараты Өкмөттүн кезексиз жыйынынын күн тартибинин долбоорун жана жыйындын катышуучулары үчүн материалдарды түзөт жана аларды жыйынды өткөрүү датасына чейин 1 иш күндөн кечиктирбей жыйындын катышуучуларына жиберет.
Өкмөттүн чечиминин киргизилип жаткан долбоорунун (мамлекеттик жана расмий тилдерде) сапаты жана мазмуну үчүн жоопкерчилик тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисине жүктөлөт.
Кезексиз жыйынды өткөрүү, чечимди кабыл алуу жана протоколду түзүү кезектеги жыйындар үчүн аныкталган тартипте ишке ашырылат.";
- 40 жана 42-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 45-1-пункт менен толукталсын:
"45-1. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка мамлекеттик органдар тарабынан өз алдынча чечилүүчү маселелер боюнча, ошондой эле мамлекеттик органдарга өткөрүп берилген ыйгарым укуктар боюнча Өкмөттүн жана Премьер-министрдин чечимдери кабыл алынбайт.";
- 47-пунктта:
биринчи абзац "иштелип чыгат" деген сөздөрдөн кийин "жана Өкмөттүн кароосуна" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи-алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"Мында бир эле маселе боюнча жаңы чечимдин долбоору мурда кабыл алынган чечимдер аткарылганда же башкача кырдаалдар пайда болгондо гана киргизилет.
Мамлекеттик органдын ведомствого таандык, аймактык жана түзүмдүк бөлүнүштөрү, анын карамагындагы мекемелер, ишканалар Өкмөттүн, Премьер-министрдин, Өкмөттүн Аппаратынын дарегине жогору турган мамлекеттик орган аркылуу гана кайрылышат.
Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Регламентке ылайык Өкмөттүн ишине тиешелүү Өкмөттүн актыларынын долбоорлорун Өкмөткө киргизүүгө укуктуу.
Өкмөткө чечимдин долбоорлорун киргизүүчү мамлекеттик органдардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Регламенттин талаптарына чечимдин долбоорлорунун жоболорунун шайкеш келиши үчүн жекече жоопкерчилик тартышат.
Мыйзамга жана ушул Регламенттин талаптарына ылайык келбеген чечимдин долбоорлорун Өкмөткө киргизген учурда мамлекеттик органдын жетекчисине карата тартиптик таасир берүү чаралары колдонулушу мүмкүн.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 48-1-пункт менен толукталсын:
"48-1. Өкмөттүн чечиминин долбоорлору аларды иштеп чыгуу этабында кызыкдар мамлекеттик органдар менен милдеттүү тартипте талкууланат.
Кызыкдар мамлекеттик органдардын чөйрөсүн иштеп чыгуучу орган өз алдынча аныктайт. Кызыкдар мамлекеттик органдын талкуулоого тартылбашы Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги жана Экономика министрлиги тарабынан чечимдин долбооруна макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болот.
Кызыкдар мамлекеттик органдар иштеп чыгуучу органдын чакыруусу боюнча демилгеленип жаткан чечимдин долбоорун талкуулоого катышууга милдеттүү. Демилгеленип жаткан долбоорду талкуулоого кызыкдар мамлекеттик органдан анын жетекчиси же анын ыйгарым укуктуу адамы катыша алат.
Чечимдин долбоорун талкуулоодо кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусун камсыздоо үчүн жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлөт.
Кызыкдар мамлекеттик органдардан түшкөн сунуштар жана сын-пикирлер, аларды эске алынганы же эске алынбаганы (негиздемеси менен) жөнүндө маалымат тиешелүү протоколдо көрсөтүлөт, ага иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын орун басары, ошондой эле чечимдин долбоорун талкуулоого катышкан кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кол коюшат.";
- 50-1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 51-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"51. Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору аларды Өкмөттүн Аппаратына киргизүүгө чейин төмөнкүлөр менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш:
- долбоорду Өкмөттүн жыйынына алып чыгууда:
Юстиция министрлиги менен;
Финансы министрлиги менен;
Экономика министрлиги менен;
Тышкы иштер министрлиги менен - тышкы саясат жана эл аралык кызматташуу маселелери боюнча;
- чечимдин долбоорун сурамжылоо жолу менен кабыл алууда:
Өкмөттүн сегиз мүчөсүнөн кем эмес, анын ичинде Юстиция министрлиги, Финансы министрлиги, Экономика министрлиги, Тышкы иштер министрлиги менен - тышкы саясат жана эл аралык кызматташуу маселелери боюнча, ошондой эле чечимдин долбоору ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар Өкмөт мүчөлөрү менен;
башка мамлекеттик органдар жана уюмдар менен - алардын ишинин чөйрөсүнө тиешелүү маселелер боюнча.
Кошумча макулдашуу талап кылынган мамлекеттик органдардын жана уюмдардын курамын иштеп чыгуучу органдын жетекчиси ушул пункттун шарттарын сактоо менен өз алдынча аныктайт.
Финансылык жана банктык ишке байланыштуу актылардын долбоорлору Өкмөттө Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын рекомендациялык мүнөздөгү корутундусу болгон шартта карайт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономика министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин (тышкы саясат жана эл аралык кызматташуу маселелери боюнча) корутундулары терс болсо, Өкмөттүн жыйынына коюлуп жаткан чечимдердин долбоорлорунан башка Өкмөттүн чечиминин долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизилбейт.
Иштеп чыгуучу орган Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун Өкмөттүн кароосуна киргизүүнүн тартибин ушул Регламенттин жоболоруна ылайык өз алдынча аныктайт.";
- 53-пункту:
"Макулдашууларды" деген сөздөн кийин "(талкуулоолорду)" деген сөз менен толукталсын;
"42" деген цифра "47" деген цифра менен алмаштырылсын;
- 59-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"59. Чечимдердин долбоорлорун макулдашууда макулдашуучу мамлекеттик органдар өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде корутунду беришет.
Юстиция министрлиги долбоордун мыйзамдарга ылайыктыгы, тийиштүү мамилелерди мыйзамдык жөнгө салууда ички карама-каршылыктардын жана кенемтелердин болушу жана ченем жаратуучу техниканын эрежелерин сакталышы жагынан, ошондой эле долбоордо коррупциогендик факторлордун бар же жоктугу жагынан баа берет.
Финансы министрлиги тийиштүү чечимдерди кабыл алуунун мамлекеттик бюджет жана бюджеттен тышкаркы фонддор үчүн финансылык натыйжалары жагынан, ошондой эле каржылоо булактарынын болушу жагынан баа берет.
Экономика министрлиги тийиштүү чечимдердин макроэкономикалык көрсөткүчтөргө таасирин жана алардын ишкердик субъекттери үчүн натыйжаларына баа берет, ошондой эле ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирине анализди (АРВ) экспертизалайт.
Чечимдин долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашуучу мамлекеттик орган иштеп чыгуучуга жооптун төмөнкү варианттарынын бирин берүүгө тийиш:
1) чечимдин долбооруна сын-пикирлерсиз макулдук берилди (макулдашуу барагындагы жетекчинин визасы);
2) чечимдин долбооруна болгон сын-пикирлерди жойгон жана сунуштарды эске алган шартта гана макулдук берилет. Мында макулдашуучу мамлекеттик органдын коштоочу катында (корутундусунда) долбоорго карата сын-пикирлер жана сунуштар, ошондой эле аны жоюу жана эске алуу боюнча сунуштар милдеттүү түрдө көрсөтүлөт;
3) долбоорго макулдук берүүдөн баш тартылды. Макулдашуу барагына кол коюлбайт, ал эми макулдашуучу органдын коштоочу катында (корутундусунда) актынын долбооруна макулдук берүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлөт.";
- 60-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"60. Чечимдин долбоорун макулдашуунун жыйынтыгы боюнча иштеп чыгуучу орган жыйынтыктоочу таблица түзүп, ага долбоорду макулдашууда айтылган, эске алынган жана эске алынбаган сунуштар менен пикирлердин баары жана аларды эске албоонун негиздемелери көрсөтүлөт же долбоорго сын-пикирсиз макулдук берилгени жөнүндө белги коюлат, ага иштеп чыгуучу органдын жетекчиси же анын ордун алмаштырган адам кол коёт.
Мында жыйынтыктоочу таблицанын тууралыгы үчүн жоопкерчилик ага кол койгон адамга жүктөлөт. Жыйынтыктоочу таблицада туура эмес маалымат көрсөтүлгөн учурда мамлекеттик органдын жетекчисине тартиптик таасир этүү чарасы колдонулушу мүмкүн.";
- 61-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"61. Иштеп чыгуучу орган сын-пикирге макул болбосо өз ара алгылыктуу чечим табуу үчүн 5 иш күндүн ичинде макулдашуучу мамлекеттик органдын жана/же уюмдун өкүлдөрү менен макулдашуу кеңешмесин өткөрүүнү демилге кылат.
Эгер иштеп чыгуучу менен макулдашуучу органдын жана/же уюмдун ортосунда кайчы пикирлер үч иш күндүн ичинде чечилбесе макулдашуу кеңешмесинин тийиштүү протоколуна кол коюлат.
Иштеп чыгуучу орган менен Юстиция министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономика министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин (тышкы саясат жана эл аралык кызматташуу маселелери боюнча) ортосунда консенсуска жетишилбесе, иштеп чыгуучу орган Премьер-министрдин же тейлеген вице-премьер-министрдин дарегине Өкмөттүн демилгеленип жаткан чечиминин долбоорун колдоо өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу. Мында коштоочу катта долбоорду кабыл алуу зарылдыгы жана жогоруда аталган мамлекеттик органдардын жүйөөлөрү менен макул эместиктин себеби жөнүндө информация көрсөтүлөт.
Өкмөттүн чечиминин долбоорун жылдыруу зарылдыгы же зарыл эместиги жөнүндө маселени Премьер-министр же тейлеген вице-премьер-министр чечет.
Долбоорду андан ары алдыга жылдыруунун зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда аталган долбоор кийин Өкмөттүн жыйынында кароо үчүн Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Өкмөттүн Аппаратына киргизилет.";
- 62-пункттун үчүнчү жана төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 63-пункт күчүн жоготту деп таанылсын:
- 64-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"64. Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору макулдашуу үчүн мамлекеттик органдарга ушул Регламенттин 48-1-пунктунда каралган протоколдорду тиркөө менен берилет.";
- 56, 66 жана 67-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 68-пунктунда:
"кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана мамлекеттик башка органдар менен макулдашуунун шарттарын" деген сөздөр "ушул Регламенттин шарттарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"мүчөлөрүнүн көпчүлүгү" деген сөздөр "сегизден кем эмес мүчөсү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 69-пункту:
төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"- экспертизанын адистештирилген түрлөрүн жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча корутунду;";
сегизинчи абзацы "чечимдердин долбоорлоруна" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде электрондук версиясына" деген сөздөр менен толукталсын;
тогузунчу абзацындагы "же жаңы редакциясы" деген сөздөр алып салынсын;
онунчу абзацы "көрсөтүү менен" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде электрондук версияларын" деген сөздөр менен толукталсын;
он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи-он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- ушул Регламенттин 48-1 жана 61-пункттары менен каралган учурларда протоколдун түп нускаларын, анын ичинде электрондук версияларын;
- "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган учурларда эл аралык келишимдин долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү комитеттеринин корутундусун;
- "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган учурларда эл аралык келишимдин долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна ылайыктыгы жөнүндө Юстиция министрлигинин баа берүүсүн;
- "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган учурларда эл аралык келишимди түзүүнүн мүмкүн болгон финансылык натыйжалары жөнүндө Финансы министрлигинин баа берүүсүн;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эл аралык келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештиги жана аны ратификациялоонун мүмкүн болгон финансылык-экономикалык жана башка натыйжаларын баалоо жөнүндө Өкмөттүн корутундусунун долбоорун;
- "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык администрациялык-аймактык түзүлүш жөнүндө мыйзамдын долбооруна Өкмөттүн корутундусунун долбоорун;";
- 70-пункту төмөнкүдөй мазмундагы редакцияда баяндалсын:
"70. Иштеп чыгуучу орган Өкмөттүн чечиминин долбоорун аны Өкмөттүн Аппаратында кароонун ар кандай стадиясында кайра чакырып алууга укуктуу.";
- 71-73-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 74-пунктундагы "42" жана "60" деген цифралар алып салынсын жана "45-1" жана "48-1" деген цифралар менен толукталсын";
- 75-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"75. Өкмөттүн кароосуна киргизилүүчү чечимдердин долбоорлоруна виза коюшкан Өкмөттүн мүчөлөрү, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери алардын мыйзамдуулугу жана сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.";
- 77-79-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 80-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"80. Чечимдердин долбоорлорун кароонун жыйынтыгы боюнча алар аны толуктап иштеп чыгуу үчүн же кабыл алуунун максатка ылайык эместигине байланыштуу ушул Регламентте жана Премьер-министр тарабынан бекитилүүчү Өкмөттүн Аппаратында документтер менен иштөө Регламентинде аныкталган тартипте Премьер-министр, тейлеген вице-премьер-министр же Өкмөттүн Аппарат жетекчиси тарабынан иштеп чыккан органга кайра жиберилиши мүмкүн.
Премьер-министрдин чечими боюнча чечимдин долбоору ар кандай негиздер боюнча кайра артка жиберилиши мүмкүн.";
- 81-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"81. Кароо үчүн чечимдин долбоорун даярдоого эксперттик корутундуну түзүү, маселени кароонун протоколунун долбоорун даярдоо (зарылдыгына жараша) жана кол коюу үчүн документтерди тариздөө кирет. Чечимдин долбоорун кароого даярдоонун тартиби ушул Регламент жана Премьер-министр тарабынан бекитилүүчү Өкмөттүн Аппаратында документтер менен иштөө Регламенти менен белгиленет.
Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка органдар тарабынан Өкмөттүн кароосуна киргизилген чечимдердин долбоорлорун Өкмөттүн Аппараты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүгө жана киргизилген актынын долбоорунун маанисин өзгөртпөстөн редакциялоого укуктуу.
Чечимдердин долбоорлорун Өкмөттүн жыйындарына алып чыгууда долбоорлор Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүнүшүнүн эксперттик корутундусун тиркөө менен иштеп чыгуучу орган тарабынан берилген редакцияда киргизилет.
Долбоорго эксперттик корутундуда анын ченемдик укуктук актыларга шайкеш экендиги, анын ичинде жогорку юридикалык күчкө ээ мыйзамдарга, ушул тармакта мамлекет жүргүзүп жаткан саясатка шайкештиги, ченем жаратуу эрежелери сакталгандыгы, долбоордун текстинин ички шайкештиги, ошондой эле сунушталган рекомендациялар чагылдырылат.";
- 83-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"83. Кеңештерди, комиссияларды, жумушчу топторду, уюштуруу комитеттерин, делегациялардын курамдарын түзүүгө, Өкмөттүн резервдик фондунан финансылык каражат бөлүүгө тиешелүү Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору Өкмөттүн Аппаратынын тийиштүү тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүштөрү тарабынан Премьер-министрге кол коюуга даярдалат.";
- 91-пунктунда:
и) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"и) "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурда эл аралык келишимдин долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттеринин корутундусун;";
к) пунктчасы ("ички мамлекеттик жол-жоболордон өткөндө") деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында каралган учурларда" деген сөздөр менен толукталсын;
л) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"л) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эл аралык келишимдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештиги жана аны ратификациялоонун мүмкүн болгон финансылык-экономикалык жана башка натыйжаларын баалоо жөнүндө Өкмөттүн корутундусунун долбоорун;";
төмөнкүдөй мазмундагы м) пунктча менен толукталсын:
"м) "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык администрациялык-аймактык түзүлүш жөнүндө мыйзамдын долбооруна Өкмөттүн корутундусунун долбоорун.".
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчилери Өкмөттүн иштелип чыккан чечимдеринин долбоорунун сапаты үчүн, алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бекитилген мамлекеттик саясатына шайкештиги үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгын көңүлгө алышсын;
- Өкмөттүн Регламентин кынтыксыз түрдө аткарууга кабыл алышсын;
- кызматкерлердин арасында Регламенттин жоболорун билүү боюнча иштерди уюштурушсун;
- эки жумалык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- аткаруу бийлигинин системасында иштешкен мамлекеттик органдардын Өкмөттүн чечимдеринин долбоорун даярдоо жана макулдашуу боюнча иштерин координациялоо ишин күчөтсүн;
- 2015-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун аткарылышына мониторинг жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү институтун өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 8-июнунан тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |