Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-июну № 372
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.А.Абдиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы № 372 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.А.Абдиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору, "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү карайт.
Берилген Мыйзамдын долбоорунда "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген шарттарга, ченемдерге жана тартипке колдонулгандай прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү пенсия менен камсыз кылуу сунушталат, аскер кызматчыларынан тышкары ички иштер органдарынын, өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, финансы полициясынын, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы атайын байланыш кызматынын жетекчи жана катардагы курамдагы адамдарына жайылтылат.
Бүгүнкү күндө прокуратура органдарында 30 жана андан көп жыл иштеген 81 пенсионер бар, алар Мамлекеттик социалдык пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамга ылайык эсептелген 7000 сомдун чегинде пенсия алышат.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунда прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн башка укук коргоо органдары жана аскер кызматы үчүн каралгандай пенсиялык камсыз кылуу шарттарын түзүү сунушталууда.
Белгилей кетүүчү нерсе, прокуратура органдарынын пенсионерлеринин жалпы саны жылдан жылга азаюуда. Алсак, 2014-жылдын январь айына карата прокуратура органдарынын пенсионерлеринин саны 83 адамды түзгөн. Бүгүнкү күндө каза болгондугуна байланыштуу пенсионерлердин саны 80ге чейин кыскарган, анын ичинен 35 пенсионер 63төн 70 жашка чейинкилер, 35и - 70тен 90 жашка чейинки курактагылар, ошону менен бирге прокуратура органдарындагы иш стажы 30 жылдан ашык болгондогу пенсиялардын орточо өлчөмү 7000 сомду түзөт.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Мыйзамдын сунушталып жаткан долбоорун кабыл алган учурда 81 пенсионердин пенсияларынын жылдык суммасы 15 млн. 800 миң сомду түзөт, иштеген жылдары боюнча (20 жыл) пенсияга чыгуучулардын болжолдуу саны 128 адам, алардын пенсиясынын жылдык суммасы 23 млн. 83 миң сомду түзөт, Башкы прокурордун тескемесинде турган, пенсияга чыгууга потенциалдуу талапкерлердин саны 22 адам, алардын пенсиясынын жылдык суммасы 4 млн. 458 миң сомду түзөт.
Жыйынтыгында жылдык пенсиялык керектөө 43 млн. 422 миң сом.
Бардыгы болуп эмгек акынын жылдык фонду 370 млн. 931,2 миң сомду түзөт. Бул сумма республикалык бюджетте каралган.
Колдонулуудагы мыйзамдар боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Социалдык фондго 80 млн. 510 миң сом которот, бул 2015-жылга республикалык бюджетте каралган жана төмөнкүдөй түзүлөт:
- "Эмгек акы" 2111-беренеси боюнча - 32 млн. 268 миң сом - бул прокуратура органдарынын бардык кызматкерлеринин эмгек акысынын 10%ы. Бул кызматкерлердин эмгек акысынан чегерүүлөр;
- "Социалдык фондго төгүмдөр" 2121-беренеси боюнча - 48 млн. 242 миң сом - бул иш берүүчүлөрдүн чегерүүлөрүнүн эсебинен иш берүүчү тарабынан төлөнүүчү эмгек акы фондунун 17,25%ы.
Пенсиялык камсыз кылуу тутуму жалпы пенсиялык мыйзамдардын аскер кызматчыларын пенсиялык камсыз кылуу жөнүндө мыйзамга өткөн учурда акча агымын кайрадан бөлүштүрүү болот.
Прокуратура органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин жалпы саны 1300 адам. Анын ичинен оперативниктер (прокурорлор жана тергөөчүлөр) 800гө жакын адамды түзөт. Бул пайыздык катыштан алганда жалпы сандын 62 пайызы болот. Бул башка укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо формуласы боюнча пенсиялык камсыздоо тутумуна өтө турган бөлүк. Бүгүнкү күндө прокуратура органдарынын кызматкерлеринин санынын ушул 62 пайызы боюнча эмгек акы фондунан Социалдык фондго 50 млн. сомго жакын которулат (80 млн. сом х 62%).
Оперативдүү кызматкерлер пенсиялык камсыздоо боюнча жалпы мыйзамдын юрисдикциясынан чыккан учурда жана укук коргоо органдарынын жана аскердик кызматтын кызматкерлерин пенсиялык мыйзамынын юрисдикциясына киргенде 50 млн. сом (17,25% катары чегерилген - оперативниктерге карата иш берүүчүнүн чегерүүлөрү жана оперативдик кызматкерлердин эмгек акысынан 10% өлчөмүндө чегерүүлөр) прокуратура системасында - пенсиялык бөлүмдө топтолот. Анын ичинен 43 млн. 422 миң сом пенсияларды төлөөгө пайдаланылмакчы.
Ошентип аскер кызматчыларын пенсиялык камсыз кылуу системасына өтүү прокуратура органдарын республикалык бюджеттен кошумча каржылоого алып келбейт.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү прокуратура органдарында кызмат өтөөнүн чектик курагын Башкы прокурор жана анын орун басарлары үчүн - 65 жаш, ал эми калган прокурорлор жана тергөөчүлөр үчүн - 60 жаш боюнча калтырууну зарыл деп эсептейт.
Ошентип, бул мыйзамдын долбоорун кабыл алган учурда республикалык бюджеттен кошумча каржылоо болжолдонбойт. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзамдын долбоорун 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киришин болжолдойт.