Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-октябрындагы № 663 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-июну № 378
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссияга жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктундагы "Тиркемеге ылайык курамда" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия жөнүндө жобонун 6-пунктундагы "Өкмөтү" деген сөз "Премьер-министри" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Т. Сариев |