Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-октябрындагы № 663 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-февралы № 41
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 3-октябрындагы № 674, 2015-жылдын 17-апрели № 225, 2015-жылдын 19-июну № 378 токтомдорунун
редакциясына ылайык)
Мамлекеттик башкаруунун колдонулуудагы системасына талдоо жүргүзүү, аны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июну № 378 токтомдун редакциясына ылайык)
2. Комиссия жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Комиссия:
- эки жумалык мөөнөттө:
укуктук статусту аныктоо, ал эми зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берилген мамлекеттик органдардын милдеттерин жана функцияларын кайра бөлүштүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- эки айлык мөөнөттө:
аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарын, ошондой эле алардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүн алардын башкаруу схемасын, милдеттерин жана функцияларын, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын жана башка кызматкерлердин жалпы санын оптималдаштырууга багытталган натыйжалуу башкарууну уюштуруу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу боюнча министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон түшкөн сунуштарга аларды ишке ашыруунун максатка ылайыктуулугуна карата талдоо жүргүзсүн;
- 2011-жылдын 1-октябрына чейин:
аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, бийликтин жана башкаруунун аймактык органдарынын ишине талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын администрациялык жана аймактык реформа жүргүзүүсүнүн концептуалдык моделин даярдасын;
аймактык мамлекеттик органдарды кошкондо аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишине талдоо жүргүзүү боюнча ишти аяктасын, анын негизинде төмөнкү критерийлерди эске алуу менен мамлекеттик башкаруу системасынын оптималдуу моделин даярдасын:
- мамлекеттик башкаруу органынын ишинин максатка ылайыктуулугу жана алардын өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына шайкештиги;
- толук иштөө үчүн ыйгарым укуктарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу максатында бир мамлекеттик органда бири-бирине жакын, айкалышкан жана башка функциялардын топтолушу;
- горизонталы боюнча функцияларды кайталоону жокко чыгаруу;
- уюштуруу-укуктук формасы боюнча мамлекеттик органдардын түрлөрүн так классификациялоо.
4. Комиссияга төмөнкүдөй укук берилсин:
- зарыл болгондо мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тиешелүү адистерин ишке тартууга, коюлган маселени чечүү, анын ичинде айрым мамлекеттик органдардын түзүмдөрүн жана функцияларын тыкыр иликтөө үчүн эксперттик (жумушчу) топторду түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тиешелүү чечим долбоору киргизилгенге чейин мамлекеттик органдарды түзүүнүн, кайра уюштуруунун жана жоюунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берүүгө.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери Комиссиянын төрагасынын (төрагасынын орун басарынын) суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана Комиссиянын ишине ар тараптуу жардам көрсөтүшсүн.
6. Комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына Комиссиянын ишин материалдык-техникалык жана башка камсыздоо маселелерин чечүү сунушталсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А. Атамбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамы
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июну № 378 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июну № 378 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) мамлекеттик башкаруу системасынын ишинин натыйжалуулугун талдоо жана аны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн оптималдуу структурасы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн консультациялык-кеңешүүчү орган болот.
2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого таянат.
3. Комиссиянын негизги милдеттери:
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын иштерин функциялардын кайталанышын болтурбоо жагынан талдоо;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарын натыйжалуу башкарууну уюштуруу маселеси боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын администрациялык жана аймактык реформасын жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
4. Комиссиянын функциялары:
- жаңы түзүлгөн жана жоюлган мамлекеттик органдардын милдеттерин жана функцияларын кайрадан бөлүштүрүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;
- башка мамлекеттик органдардын кайталашын болтурбоо максатында жаңы түзүлгөн мамлекеттик органдарга милдеттерди жана функцияларды аныктоого жардамдашуу;
- жарандык коомдун өкүлдөрүнөн, эксперттик жана бизнес жамааттардан, башка субъекттерден мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу маселеси боюнча түшкөн сунуштарды талдоонун жана жалпылоонун негизинде рекомендацияларды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жана мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн чара көрүү боюнча рекомендацияларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин оптималдуу структурасы жана администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча рекомендацияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин кароосуна киргизүү;
- тийиштүү чечимдин долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилгенге чейин мамлекеттик органдарды түзүүнүн, өзгөртүп түзүүнүн жана жоюунун ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берүү;
- комиссиянын милдеттерди аткарышы үчүн керектүү, ушул Жободо каралган башка функцияларды аткаруу.
5. Комиссия өзүнүн функцияларын аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Комиссияга тапшырылган милдеттерди аткаруу үчүн өзүнүн чечими менен Комиссиянын алдында тийиштүү багыттар боюнча эксперттик (жумушчу) топторду түзүүгө;
- комиссиянын карамагына берилген маселелер боюнча өзүнүн жыйындарында мамлекеттик органдардын жетекчилерин угууга;
- мамлекеттик органдардан иш үчүн керектүү документтерди жана материалдарды алууга.
6. Комиссиянын курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июну № 378 токтомдун редакциясына ылайык)
7. Комиссиянын ишин Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри (мындан ары - төрага), ал эми төрага жокто - анын орун басары жетектейт.
Комиссиянын төрагасы Комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат, Комиссиянын ишин уюштурат жана жалпы контролдойт.
8. Комиссиянын ишинин негизги формасы Комиссиянын жыйындары болот, ал зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
Эгер мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса Комиссиянын жыйыны мыйзамдуу болуп эсептелет.
Комиссиянын жыйынына коюлчу маселелер боюнча материалдарды күн тартиби менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрү менен бирдикте даярдайт жана Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйындан беш иш күн мурдатан жиберилет.
9. Комиссиянын ишине эксперттик-консультациялык жардам көрсөтүү максатында Комиссиянын жыйынына башкаруу жана мамлекеттик түзүлүш чөйрөсүндө адистешкен эксперттер, илимий жана башка консультанттар чакырылышы мүмкүн.
10. Комиссиянын чечимдери Комиссиянын жыйынына катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Комиссиянын төрагасы жана жооптуу секретары кол коюшат.
Комиссиянын мүчөлөрү өздөрү өкүлдөрү болгон мамлекеттик органдарга тиешелүү маселелерди кароодо добуш берүүгө укуктуу эмес.
Добуштар тең болуп калганда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот.
Чечимдерди кароодо жана кабыл алууда Комиссиянын мүчөлөрү айтышкан өзгөчө пикирлер милдеттүү түрдө протоколго киргизилет жана Комиссиянын мүчөлөрүнө өзүнчө документ менен берилет.
11. Комиссия өз компетенциясынын чегинде кабыл алган чечимдер тийиштүү мамлекеттик органдарга Комиссиянын жыйынынын протоколунун көчүрмөсү түрүндө жиберилет. Комиссиянын мүчөлөрүнүн өзүнчө документте көрсөтүлгөн өзгөчө пикири зарыл болсо жиберилчү документтерге тиркелиши мүмкүн.
12. Мамлекеттик органдарды түзүүнүн, өзгөртүп түзүүнүн жана жоюунун ылайыктуулугун кароо үчүн ал маселеге демилгечи болгон тарап комиссияга төмөнкүдөй документтерди тапшырат, алар:
- негиздеме, анда төмөнкүлөр так баяндалууга тийиш:
анда мамлекеттик органды түзүүнүн же өзгөртүп түзүүнүн себептери;
бул маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн оптималдуу структурасы аныкталганга чейин ыкчам чечүү зарылдыгы;
эгер ал маселе чечилбесе болуучу ыктымалдуу кесепеттер;
бул маселени чечүү кандай натыйжаларга жетишүүгө багытталган;
- пландаштырылып жаткан мамлекеттик органды бюджеттик-материалдык камсыздоонун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин колдогон корутундусу тиркелген сметасы;
- түзүлүп жаткан мамлекеттик органдын структурасынын жана штаттык санынын долбоорлору;
- тийиштүү токтомдун жана түзүлүп жаткан мамлекеттик органдын милдеттери жана функциялары баяндалган Жобо;
- мамлекеттик органдар менен тийиштүү функцияларды кайталоо жок экендиги жөнүндө макулдашуу барагы.
Документтердин толук пакети мамлекеттик органдарды түзүүнүн, өзгөртүп түзүүнүн жана жоюунун ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берүү кароосуна жиберилет. Керектүү документтердин биринин жоктугу демилгеленип жаткан маселени кароодон баш тартууга негиз болот.
13. Документтердин толук пакети алынгандан кийин 15 (он беш) иш күндүн ичинде Комиссиянын жыйыны өткөрүлөт.
14. Комиссия демилгеленген маселени кароонун жыйынтыгында колдогон же баш тарткан корутунду берет.
Колдогон корутунду чыгарылган учурда Комиссия ал маселени кароо жана биротоло чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынын кароосуна киргизүүнү сунуш кылат.
15. Комиссиянын тийиштүү корутундусу болмоюнча Өкмөттүн жыйынында мамлекеттик башкаруунун иштеп жаткан системасынын натыйжалуулугу, мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, анын ичинде мамлекеттик органдарды түзүү, өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө маселелерди карашка болбойт.
16. Комиссиянын ишин уюштуруу жагынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмү камсыздайт.
17. Комиссиянын ишин материалдык-техникалык жана башка жактардан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы камсыздайт.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
|
А. Атамбаев |