ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 382 «Көчмө турак жай фондунун турак жайын берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция19.06.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 19-июну № 382

Көчмө турак жай фондунун турак жайын берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көчмө турак жай фондунун турак жайын берүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев