Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июну № 385
Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү концепциясын ишке ашырууну координациялоо бөлүгүндө жумушчу орган болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аныкталсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |