Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 385 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
Киришүү
Заманбап дүйнөдө адал-продукцияны өндүрүү тамак-аш индустриясынын эң келечектүү жана тез өнүгүп жаткан тармактарынын бири болуп саналат.
Бул фактор дүйнөлүк коомчулуктун тамак-аш продукциясынын сапатына жана экологиялык тазалыгына карата талаптарынын пайда болушуна жана жогорулашына байланышкан. Көптөгөн адамдар тамак-ашка эмнени керектеп жатышкандыгы жана ал тамакта химиялык тамак-аш кошулмалары менен канцерогендер, ошондой эле гендик-модификацияланган организмдер (ГМО) барбы-жокпу деп олуттуу ойлоно башташты.
"Адал" сапат белгисиндеги тамак-аш продукциясы техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулукту билдирет. Кошумча түрдө адал-продукция адал продукциянын стандарттарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш жана анда генетикалык модифицикацияланган организмдер жана органикалык эмес кошулмалар болбошу керек.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтарына ылайык Кыргыз Республикасынын калкынын 80%ын мусулмандар түзгөндүгүн эске алып, азык-түлүк рыногунда адал-продукцияларга болгон суроо-талаптар жыл сайын өсүүдө. "Адал" логотиптүү коомдук тамактануу жайлары өлкөнүн калкынын негизги бөлүгүндө кеңири белгилүү болуп, алардын саны көбөйүүдө. Ошону менен бирге адал-продукцияларын өндүрүүчүлөр азыркы кезде бул продукцияларды "адал" белгисинде аныктоону баалоонун жана тастыктоонун бирдиктүү механизминин жоктугуна кириптер болушууда. Ошондуктан азыркы кезде "адал" логотибинин бар экендиги жалпы гигиеналык ченемдерге жана эрежелерге, ошондой эле адал стандарттарынын талаптарына коюлуучу эрежелерге ылайыктуулуктун кепилдиги болуп саналбайт.
Концепциянын негизги максаты - Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо, анын ичинде ички, ошондой эле тышкы рынокто ата-мекендик адал продукцияны өткөрүү.
Концепция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын 5.1 жана 10.1-пункттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-февралындагы № 110 "2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программаны ишке ашырууга карата 2014-жылга чаралар жөнүндө" токтомунун 10.5-пунктун ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
Концепция Кыргызстан үчүн келечектүү өнүгүү вектору болуп саналган "жашыл экономика" принциптерин жайылтууга негизделет, анткени өлкө бул демилгени өткөрүү үчүн жетиштүү жаратылыш ресурстарына ээ.
Концепция коопсуз тамак-аш продукцияларына калктын керектөөлөрүн канааттандырууга мүмкүндүк берет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын продукцияларын өндүрүү жана өткөрүү жаатында тышкы рынокто таза адал продукцияларды экспорттоочу катары өлкөнүн өнүгүү келечегин ачат.
1. Негизги принциптер
Адал-продукцияларды өндүрүүнүн негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
- "адал" продукцияга эл аралык же региондук\улуттук стандарттарды колдонуу;
- адал-продукциялардын техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугу.
2. Адал-индустрияны өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасы
Азыркы убакта адал-индустрия дүйнөдөгү эң кирешелүү жана өнүккөн тармактардын бирине айланды.
Малайзиялык "HalalJournal" басылмасынын маалыматтары боюнча, бүгүнкү күндө тамак-аш азыктарынын бүткүл дүйнөлүк рыногунун 16%ын адал-продукциялар түзөт. "EuromonitorInternational" изилдөө агенттигинин (керектөө рынокторун эл аралык изилдөөлөр жаатындагы дүйнөлүк лидер) маалыматтарына ылайык адал-продукцияларды сатуу - тамак аш азыктарынын дүйнөлүк рыногунун 20%ын түзөт. Тамак-аш товарларынын рыногундагы адал-продукциялардын жүгүртүмүнүн абсолюттук өсүшү жыл сайын 500 млн. АКШ долл. түзөт, 2010-ж. ал 1,2 триллион АКШ долл. түздү.
Дүйнөлүк банктын маалыматтарына ылайык адал-рынок 2013-жылга карата 800 млрд. АКШ долларына бааланган, мында ар жылдык өсүш - 25%ды түзөт.
Ислам өлкөлөрү "адал" стандарттагы товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдыңкы өндүрүүчүлөрү болуп саналат. Ошол эле убакта, адал-индустрия ааламдык дистрибьютордук тармактары өнүккөн башка өлкөлөрдө даты жигердүү өнүгүүдө.
Аргентина жана Бразилия экспорттогон эт продукциясынын көлөмүнүн басымдуу үлүшү "адал" бренди менен сатылат. "Адал" бренди менен Сауд Аравиясына жеткирилген тоок этинин көбү Бразилиядан жөнөтүлөт. Дүйнөдө "адал" бренди менен кой этин эң ири жеткирүүчү болуп Жаңы Зеландия эсептелет.
Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн дүйнөлүк рыногуна ислам банкинги жигердүү кирүүдө, ал "адал" брендин кыймылсыз мүлк жана камсыздандыруу чөйрөсүндө жайылтууда.
Малайзия "адал" экотутумун түзүүгө багытталган комплекстүү мамиленин негизинде адал-индустрияны өнүктүрүүдө. Адал баалуулук артыкчылыгына ээ, ал өнөр жайдын кесилишүүчү тармактарында жеткирип берүүлөрдүн чынжырчасында негизги элементтерден көрүнөт, ошондой эле чоң экономикалык натыйжага ээ. Бул артыкчылыкты максималдаштыруу үчүн бардык элементтер жалпы кабыл алынган "адал" стандарттарына жана тамак-аш азыктарын жеткирип берүүнүн практикасына ылайык келиши үчүн жеткирип берүүлөрдүн бүткүл чынжырчасына натыйжалуу көз салуу өзгөчө маанилүү.
Малайзиянын артыкчылыгы, анын "адал" стандарттары көп өлкөлөрдө таанылгандыгында жана кабыл алынгандыгында болуп саналат. Малайзияда "адал" стандарттарын иштеп чыгууда эл аралык тажрыйбадагы эң мыкты өндүрүүчүлөрдүн көрсөткүчтөрүнө так салыштырма талдоо жүргүзүү милдети коюлган болчу. Адалды малайзиялык тастыктамалоо өзүнө жакшы өндүрүштүк тажрыйбаны (good manufacturing practice - GMP) жана талаптагыдай гигиеналык практиканы (good hygiene practice - GHP) камтыйт, ушул себептен көпчүлүк ислам өлкөлөрү Малайзияда адал катары тастыкталган азыктарды сатып алышат.
Малайзияда адал продукциясын тастыктамалоо ислам принциптерине гана эмес, ошондой эле алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбага ылайык келет.
Европада калыптана баштаган тамактануунун тенденциясы көрсөткөндөй барган сайын европалыктардын көпчүлүгү адал-продукцияга кирген экологиялык жактан таза продукцияларга артыкчылык беришүүдө.
Тамак-аш өнөр жайы адал-индустриянын негизин түзөт, ал экономикалык каатчылыктын мезгилинде да туруктуу тармак болуп саналат. Адал тамак-аш азыктарынын европалык рыногунун жылдык жүгүртүмү бүгүнкү күндө 50 млрд. еврого бааланууда.
Дүйнөлүк ири компаниялар: "Tesco, McDonalds жана Nestle", адал-продукциялардын керектөөчүлөрү үчүн сатып өткөрүү рыногун дайыма кеңейтүү менен бүткүл дүйнөлүк адал рыногунун 90%га жакынын ээлейт. Голландия бийлиги экономикалык максаттардан улам, Европанын эң ири портторунун бири - Роттердамда адал стандарттарына шайкеш келген адал тамак-аш азыктары үчүн атайын кампаларды курду, анда импорттолгон товарларды тыюу салынган компоненттерден өзүнчө сактоо үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Адал печеньелерди жана шоколаддарды сатуучу голландиялык "Marhaba" компаниясына башка динди тутунган керектөөчүлөрдүн чейреги диний ой жүгүртүүлөрдөн эмес, тамак-аш азыктарынын коопсуздук ченемдеринен улам артыкчылык беришет.
Атаандаштык күрөшүндө өндүрүүчүлөр адал рыногуна үзгүлтүксүз улам жаңы азыктарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү чыгарышууда. "PrincipleHealthcare" (Великобритания) жана "Duchesnay" (Канада) сыяктуу фармацевтикалык компаниялар желатин же башка жаныбарлардын кычкылдыгы жок адал витаминдерди сатышууда.
"JawharaHotels" тармагынын адал-мейманканаларынын кардарларынын 60%ы түрдүү диндин өкүлдөрү болуп саналат, аларды бул мейманканалардагы бейпил жана жайлуу шарттар кызыктырат.
3. "Адал" рыногунун учурдагы абалын талдоо жана Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү өбөлгөлөрү
Адал-продукцияларды керектөөчүлөрдө жана өндүрүүчүлөрдө бүгүнкү күнгө чейин адал-продукциянын стандарттарынын талаптары жөнүндө жалпы түшүнүктөр калыптана элек, ошондой эле адал-продукцияны тастыктамалоонун бирдиктүү тутуму жок.
Ушуга байланыштуу малайзиялык стандарттын негизинде республикада "Адал продукцияны өндүрүү, даярдоо, иштетүү жана сактоо боюнча колдонмо" KMC MS 1500:2011 улуттук стандарт кабыл алынды, ал өзүнө мыкты өндүрүштүк практиканын (GMP) жана талаптагыдай гигиеналык практиканын (GHP) талаптарын да камтыйт.
Республикада адал-тастыктамалоону жүргүзүү тартибин бекитүү үчүн улуттук стандарт катары түркиялык "Адал тастыктамалоо органдары үчүн колдонмо" KMC TS OIC/SMIIC 2:2011 стандарты кабыл алынган.
Көрсөтүлгөн стандарттар өндүрүүчүлөрдө, керектөөчүлөрдө жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдарында адал стандарты, талаптары, ошондой эле продукциянын адал стандарттын талаптарына ылайыктыгын тастыктамалоонун жол-жоболору жөнүндө бирдиктүү түшүнүк болушу үчүн иштелип чыкты.
Республикада лабораторияларды модернизациялоо зарыл, алар адал стандарттардын талаптарына ылайыктуулукка адал продукцияларга сыноолорду жүргүзүүгө, кийинчерээк аккредитациялануу менен адистештирилет.
Эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык тармактарда төмөнкүдөй көйгөйлөр бар:
- айыл чарбасын "жашыл өнүгүүгө" өткөрүү үчүн жер ресурстарын натыйжасыз башкаруу;
- көз салуу тутумунун жоктугу этти өндүрүү жана кайра иштетүү сектору үчүн сапатты башкарууда олуттуу тоскоолдук болуп эсептелет;
- "Алиментариус Кодексинин" комиссиясы тарабынан жазуу жүзүндө эскертилген жалпы таанылган эл аралык стандарттардын сакталбагандыгы республикада адал-индустрияны өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизүүдө.
Кыргыз Республикасындагы жаратылыш климаттык шарттар адал-продукцияларга кирүүчү экологиялык жактан таза азыктарды өстүрүү үчүн абдан ыңгайлуу болуп саналат.
Кыргызстан - мал чарбачылыгынын продукцияларын өндүрүү көлөмү өсүмдүк өстүрүү продукцияларынын көлөмүнөн алдыга чыккан Орто Азиядагы жападан жалгыз өлкө. Тоолуу рельеф аныктоочу мааниге ээ, ал айдоого анча көп эмес үлүштөгү жарактуу жерлери менен, жана жайыттары басымдуу болгон аянттын 94% ээлейт.
Айыл чарба жерлеринин түзүмү жер иштетүү тармагынын бир аз башкачалыгы менен чарбанын мал чарбачылык тибин түптөөнү аныктаган.
Кыргызстандын өлкөнүн ички керектөөсүнөн ашыкча көлөмдө эт өндүрүү боюнча потенциалы адал-продукциянын экспортун өстүрүү жана өнүктүрүү үчүн индустриянын жагымдуулугун калыптандырат.
Азыркы убакта санитардык ченемдерди жана эрежелерди, ошондой эле заманбап технологиялык процесстерди эске албастан башаламан түзүлгөн чакан цехтер иштөөдө. Эт жана эт азыктары башаламан иштетилет, сакталат, ташылат жана сатылат, бул калктын саламаттыгы үчүн коопсуз эмес. Мал көзөмөлгө алынбаган жерлерде союлат: мисалы, мурунку эт комбинаттарында, жеке менчик үйлөрдө же эт күркөлөрүнүн короосунда. Транспорттук муздаткыч жабдууларынын жоктугунан эттин коопсуздугу тобокелчиликке салынууда. Республикада мал союучу 69 пункт жана аянтча катталган, бирок мал союучу пункттардын жана аянтчалардын аймагынын жабдылышы заманбап талаптарга жооп бербейт.
Мал союучу жайларды түзүү же иштеп жаткан мал союучу жайларды модернизациялоо, жана аларды эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү зарыл. Кыргызстанда азыркы учурда эттин чыккан жерин билүүгө мүмкүн эмес, ошондуктан эттен жана эт азыктарынан даярдалган азыктардын сапатын башкаруу татаал. Ветеринардык корутундулар союла турган малдын иш жүзүндө дени сактыгын бышыктабаган формалдуу мүнөзгө ээ. Бул көйгөй малдарды жекелештирүү тутумун киргизүүнүн зарылдыгын жаратууда. Бүтүндөй өндүрүш циклине көз салуу механизмин иштеп чыгуу үчүн комплекстүү жана конкреттүү чаралар талап кылынат.
4. Адал-индустрияны түзүү үчүн өбөлгөлөр
Чакан жана орто бизнес ишканалары тиешелүү атаандаштык артыкчылыктарына ээ болуулары тийиш. Атаандаштык жөндөмдүүлүгүн сактоо үчүн ишканалар өздөрүнүн иш тажрыйбаларын кайра карап чыгууга, жаңычылдыктарды киргизүүгө, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, жаңы өнөктөрдү издеп табууга жана өз ресурстарын кыйла натыйжалуу башкарууга тийиш.
Кыргызстандын бийик тоолуу жайыттарында, экономикалык жана логистикалык көз караштан алганда айыл чарба жаныбарларынын көп түрлөрүн кармоого мүмкүн эмес. Жайыттын гана малы болуп эсептелген топоздордон эң арзан продукция: аз чыгымдуу арзан эт, сүт, тери алынат. Андан сырткары, алар жумушчу мал жана унаа катары пайдаланат. Топоздордун эти жогору калориялуу, экологиялык жактан таза азык болуп саналат. Топозчулукту өнүктүрүү продукциялардын ассортиментин кеңейтүүгө жана канды, кан суюктугун, ошондой эле дүйнөлүк рынокто чоң суроо-талапка ээ болгон ички секреция бездерин кайра иштетүүнүн эсебинен фармацевтикалык өнөр жай үчүн чийки заттардын баалуу түрлөрүн өндүрүүгө шарт түзөт.
Мындан сырткары, өлкөнүн идеалдуу климаттык шарттары жогорку класстагы, экологиялык жактан таза, тоо балын алууга мүмкүндүк берет, аны адал-продукциянын катарына киргизүүгө болот. Сапаттуу жана дарылык касиетке ээ бал барууга кыйын болгон жерлерде жайгашкан уникалдуу тоо бал челектеринде жыйналат. Ошентип, аарычылык продукциясын да адал-продукция катары өткөрүүгө, ошонун өзү менен экспортту кеңейтүүгө болот. Бул үчүн шаардыктарга аарычы-өндүрүшчүлөр өздөрү аарычылыктын сапаттуу жана ынак азыктарын берүү иштерин жүргүзүү, аарычылыктын ынак азыктарын пайдаланууну жайылтуу зарыл.
Азыркы убакта, экологиялык жактан азыктарды өндүрүүдөгү өлкөнүн потенциалын, ошондой эле эл аралык коомчулуктун Кыргыз Республикасынын продукцияларына болгон кызыгууларын эске алганда, ата-мекендик адал-продукцияларды өндүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү артыкчылыктуу багыт болуп саналат.
5. Максаттар жана милдеттер
Концепция Кыргыз Республикасынын атаандаштыкка жөндөмдүү, экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын жана адал-продукциянын эл аралык стандарттарына жана талаптарына ылайык тышкы рынокко кайра иштетүү өндүрүшүнүн продукцияларын ири жеткирип берүүчү катары статусун түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасынын алгылыктуу стратегиялык багыттарын аныктоо максаттарына жетүүнү карайт.
Төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашыруу коюлган максатка жетүүгө өбөлгө болот:
- адал-индустрияны түзүү жана жөнгө салуу боюнча тутумдук документтерди иштеп чыгуу;
- адал-индустриянын инфратүзүмдөрүн түзүү жана өнүктүрүү;
- "Жашыл экономика" адал-индустриянын негизи катары;
- эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык тутумдарды жакшыртуу;
- адал-индустрияны башка тармактарга жайылтуу.
6. Кыргыз Республикасында адал-индустрияны түзүү боюнча милдеттерди ишке ашыруунун негизги багыттары
§ 1. Адал-индустрияны түзүү жана жөнгө салуу боюнча тутумдук документтерди иштеп чыгуу
Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн укуктук негизди өркүндөтүү максатында төмөнкүлөр зарыл:
- бул документтерди Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттары катары кабыл алуу үчүн малайзиялык адал стандарттардын жана башка ислам өлкөлөрүнүн адал продукцияларынын ар кыл түрлөрүнө жана кызмат көрсөтүүлөрүнө сертификациялоонун стандарттарынын республиканын экономикасы үчүн кыйла актуалдуу тизмектерин аныктоо;
- улуттук адал стандарттарды, ошондой эле Ислам өлкөлөрүнүн стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо институтунун (SMIIC) ишине катышуунун алкагында региондук стандарттарды иштеп чыгууда тийиштүү органдардын жана ишканалардын иштерин активдештирүү.
Адал-индустрияны координациялоо жана жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган адал-индустрия маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органды түзүү зарыл шарттардан болуп саналат. Ыйгарым укуктуу органдын иши ушул "адал" Концепцияны ишке ашырууда маанилүү кадам болуп эсептелет жана адал-индустрия институттарынын жана катышуучуларынын өз ара аракеттерин камсыздоого өбөлгө болот.
§ 2. Адал-индустрия инфратүзүмдөрүн түзүү жана өнүктүрүү
Транспорттук-логистикалык борбор. Логистикалык колдоону камсыз кылуу максатында донордук жардамдардын алкагында ички жана тышкы рынокко даяр продукцияларды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылган Транспорттук-логистикалык борборду (мындан ары - ТЛБ) түзүү белгиленүүдө.
Жогорку технологиялуу лаборатория. Ташып кирилген жана ташып чыгарылган продукцияларга кисипкөй санитардык жана фито-санитардык жана ветеринардык контролу жүргүзүү максатында ТЛБ базасында адал-продукциянын эл аралык, региондук жана улуттук стандарттарынын талаптарынын ылайыктуулугуна текшерүүлөрдү (тестирлөөнү) өткөрүүгө жөндөмдүү жогорку технологиялуу лабораторияны түзүү пландалууда.
Адал-индустрия маселелери боюнча квалификацияны жогорулатуу. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн да, ошондой эле түзүлгөн инфратүзүмдүк бөлүнүштөрдүн кызматкерлеринин да кесиптик деңгээлдерин жогорулатуу Кыргыз Республикасында эт кластерин уюштуруу боюнча иштин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Ушул максатта келечекте консультация алуу, ошондой эле окутуу үчүн эл аралык эксперттерди тартуу пландалууда. Тартылган тараптардын жергиликтүү адистери (мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, академиялык чөйрөнүн, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо ассоциациясынын жана башкалардын өкүлдөрү) эт кластерин түзүү жана өнүктүрүү, бул тармакта жөнгө салуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча тийиштүү алдыңкы чет өлкөлүк уюмдарда квалификациясын жогорулатуу курстарын өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Иштин бул өңүтү Кыргызстанда малчылыктын мындан ары туруктуу өсүшү жана өнүгүшү үчүн абдан зарыл, анткени, өндүрүштө персоналдын кесипкөйлүгү жана компетенттүүлүгү абдан маанилүү ролду ойнойт.
Чет өлкөлөрдө Соода үйлөрүн уюмдаштыруу (мындан ары - СҮ). Натыйжалуу иш жүргүзүү, анын ичинде бардык өлкөлөрдө сооданы өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасында адал-продукцияларды өндүрүүчүлөр ассоциациясын түзүү зарыл, бул жергиликтүү да, эл аралык деңгээлде да атаандаштыкка жөндөмдүү адал-продукциясын өндүрүү боюнча улуттук "брендди" түзүүгө шарт түзөт, ал келечекке бизнестин туруктуулугун камсыздайт жана сатып өткөрүү рыногун камтуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Айыл чарба тармагында иш жүргүзгөн операторлорго колдоо көрсөтүү. Айылдык өндүрүүчүлөр жетиштүү финансылык ресурстарга ээ эмес. Бул максатта айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн насыялоо боюнча агенттикти түзүү пландалууда (андан ары - айыл чарба тармагынын субъекттерине финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөткөн банкты ачуу), ал жаңы долбоорлорду жана өндүрүштүк кубаттуулукту ишке киргизүү максатында жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген шарттарда насыяларды берет.
Каржылоонун исламдык принциптери Кыргызстанда өнүгүүнүн баштапкы баскычында турат. Кыргыз Республикасынын насыялык рыногунда бул принциптер боюнча иш жүргүзүүчү бир гана банк (ЭкоИсламикБанк) иштөөдө. Бирок Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү үчүн каржылоонун исламдык принциптери боюнча иштеген башка финансылык институттарды ачуу үчүн бирдей атаандаштык шарттарын түзүү зарыл.
Бул багытта максаттарга жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу зарыл:
- адал стандарттарынын талаптарын сактоо менен республиканын региондорунда айыл чарба чийки заттарын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча чакан жана орто кооперативдерди уюштуруу;
- айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн адал-продукциясына суроо-талаптардын көлөмүн көбөйтүү;
- адал-продукциянын коопсуздугун камсыздоого багытталган жана Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүүгө дем берүүчү натыйжалуу жөнгө салуучу механизмдерди (институционалдаштыруу, заманбап ченемдик-укуктук жана инфратүзүмдүк базаны) түзүү;
- продукциянын коопсуздугун, "фермадан столго чейин" өндүрүштүн процесстерине байланышкан коопсуздукту кепилдеген (мисалы, асыл тукум чарбаларын түзүүдөн баштап керектөөчүлөргө даяр продукцияны жеткирип берүүгө чейинки процесстерди контролдоо) адал-продукцияны өндүрүүнүн бардык этабында тобокелдиктерди талдоо боюнча тутумду түзүүнү боолгологон продукция өндүрүүнүн заманбап ыкмаларына өтүү.
§ 3. "Жашыл экономика" адал-индустриянын негизи катары
"Жашыл экономика" көп сандаган технологиялык чечимдерден жана мамилелерден турат, алар Кыргыз Республикасынын экономикасынын белгилүү секторлоруна конкреттүү киргизилиши мүмкүн. "Жашыл экономика" салттуу экономикадан товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экологиялык таза өндүрүүгө карай өтүүнү боолголойт.
"Жашыл экономикалык өнүгүү" Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн келечектүү векторундай көрүнөт, анткени өлкө ушул багытты алга жылдыруу үчүн жаратылыш ресурстарынын потенциалына ээ. Суу, энергетика жана айыл чарбасынын таза продукциясы - бул "Кыргызстандын жашыл өнүгүү" концепциясынын ажырагыс түзүмү.
Органикалык өндүрүш. Кыргызстан "премиум" класс катарына кирген (даамдык, аш болумдуулук жана энергетикалык көрсөткүчтөрү боюнча) Борбордук Азияда органикалык өндүрүштү өнүктүрүү үчүн, адал-азыктарын өндүрүү үчүн жетиштүү потенциалга ээ.
§ 4. Эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык тутумдарды жакшыртуу
Кыргыз Республикасынын аймагында айыл чарба өндүрүшүнүн, керектөө рыногунун жана биологиялык коопсуздуктун натыйжалуу ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык чараларын камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр зарыл:
- кийин сатыла турган айыл чарба малдарын союу процессине мал союу пункттарында адал стандарттарды колдонуу менен адистештирилген талаптарды киргизүү, ал үчүн продукцияга да, аны менен байланышкан процесстерге да адал стандарттарын иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке киргизүү каралууда.
Республикада андан ары сатууга арналган жеке көмөкчү чарбалардын азыктуу малдары атайын мал союу пункттарында союлууга тийиш. Чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан кийин сатыла турган айыл чарба малдарын союуну уюштуруунун белгиленген ветеринардык-санитардык эрежелерин сактоо, ошондой эле бул эрежелерди сактоого тийиштүү мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдү камсыз кылуу коопсуз тамак-аш мал азыктарын өндүрүүгө жана сатууга мүмкүндүк берет;
- коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялардын табигый чыккан жерлерин социалдык-гигиеналык мониторингдөө, аларды эпидемиологиялык жана ландшафттык-климаттык картирлөөнү уюштуруу жана киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагын эпизоотикалык зоналоо;
- малды идентификациялоо тутумун киргизүү;
- тобокелдиктерди жана опуртал контролдук чекитти талдоо тутумунун элементтерин киргизүү (мындан ары - ХАССП). Бул үчүн Кыргызстанда төмөнкүлөр боюнча кеңири масштабдуу ишти жүргүзүү зарыл:
өндүрүш объекттеринде өндүрүүчүлөрдү ХАССП элементтерине окутуу жана аларды киргизүү;
ИСО 9001 жана ИСО 22000 эл аралык стандарттарына негизделген продукциянын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу тутумун киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын бизнес-коомчулугуна көмөк көрсөтүү.
Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна кирүү алкагында Кыргыз Республикасынын ветеринария жаатындагы ченемдик укуктук актыларын Евразия экономикалык союзунун келишимдик-укуктук базасына ылайык келтирүү зарыл. Атап айтсак, ветеринардык контролго жаткан товарлардын тизмегин Ветеринардык контролго (көзөмөлдөөгө) жаткан товарлардын бирдиктүү тизмегине жана ветеринардык контролго (көзөмөлдөөгө) жаткан товарларга коюлуучу Бирдиктүү ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптарга ылайыктуулугун кайра карал чыгуу зарыл.
Тамак-аштын коопсуздук маселелери боюнча санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык кызматтардын потенциалын чыңдоо:
- төмөнкүлөргө талаптарды белгилеген тийиштүү ченемдик-укуктук базаны түзүү:
а) продукцияларга жана аны менен байланышкан процесстерге, кызмат көрсөтүүлөргө;
б) адал-продукциянын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын (ченемдик документтеринин) талаптарына ылайыктуулугун баалоо (көзөмөлдүн ылайыктуулугун баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо), ылайыктуулугун бышыктоого байланышкан жол-жоболорду бекитүүнү жана адал-продукцияны чыгаруу жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча иш жүргүзгөн ишкердик субъекттерине аудит/инспекция жүргүзүүнү кошуп эсептегенде;
- "адал" продукцияны өндүрүү жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзүүнүн өзгөчөлүгү боюнча республиканын санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык кызматтар чөйрөсүндөгү органдардын квалификациясын жогорулатуу;
- эл аралык жана региондук стандарттардын талаптарына ылайык адалдык жагына сыноо жүргүзүүгө адистештирилген сыноо лабораторияларын модернизациялоо/куруу, андан соң аларды аккредитациялоо;
- заманбап мал союу цехтерин модернизациялоо/куруу;
- адал-продукцияны өндүргөн, саткан бизнес өкүлдөрүнүн, өндүрүүчүлөрдүн/фермерлердин квалификациясын жогорулатуу;
- адал-продукцияны керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ассоциацияларды жана коомдук органдарды түзүү.
§ 5. Башка тармактарга адал-индустрияны киргизүү
Кыргыз Республикасында төмөнкүдөй багыттар боюнча адал индустрияны түзүү жана өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар: тамак-аш өнөр жайы, банк чөйрөсү, билим берүү, парфюмерия жана косметика, фармакология. Ошону менен бирге эт продукциясын өндүрүү тармагында кыйла потенциал бар.
Соңку жылдары адал-индустрия дүйнөдө эбегейсиз зор күч алууда, анткени "адал" - керектөөчүлөрдүн белгилүү категориясы үчүн колдонууга уруксат берилген гана тамак эмес, ал адамдын ден соолугунун жана жашоо-тиричилигинин коопсуздугун камсыз кылган бүтүндөй индустрия, сапаттуулук жана ишенимдүүлүк. "Адал" маркалоосу бар продукция бүткүл дүйнөдө накта, органикалык, сапаттуу продукция катары кабылданат.
"Organicfood" - накта тамак-аш сыяктуу түшүнүк "адалдын маанисин мүнөздөйт, баарынан мурда, продукт адамдын организмине зыянсыз экендигин кепилдейт: жашылчалар - нитраттарды, эт азыктары - канцерогендерди жана генетикалык модификацияланган ингредиенттерди, йогурттар жана быштактар түстүн жасалма күчөткүчтөрүн жана консерванттарды камтыбайт, башкача айтканда, бул диний маанидеги азыктар гана эмес, ошондой эле заманбап экологиялык талаптарга жооп берген тамак-аш.
Эт-сүт азыктарынан тышкары Кыргыз Республикасында адал-индустрияны өнүктүрүү концепциясында, бул тармактын өнүгүшүнө жараша келечекте тамак-аш жана жеңил өнөр жайы, банк чөйрөсү, билим берүү, парфюмерия, косметика, фармакология сыяктуу башка багыттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эң кеңири спектрин этап-этабы менен өнүктүрүү пландалууда, бул баштапкы диний талаптарды бузбастан, сергек жашоону билдирет.
Башка тармактарда адал-индустрияны өнүктүрүү эл аралык тажрыйбага жана стандарттарга да негизделет.
7. Адал-индустрияны мамлекеттик координациялоо
Адал-индустрияны натыйжалуу өнүктүрүү мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын, ишкердик жана коомдук уюмдардын биргелешкен координацияланган аракеттерин талап кылат.
Мамлекет тарабынан координациялоо, биринчи кезекте, адал-индустрияны өнүктүрүүнү улуттук да, региондук да деңгээлдерде колдоого багытталууга тийиш.
Бул Концепцияны ишке ашыруу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасынан, өндүрүүчүлөрдүн ассоциацияларынан, айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдөн, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча уюмдардан, бизнес-коомчулуктардан жана донорлордон өнөктөр тартылууга тийиш.
§ 1. Мамлекеттик колдоонун формасы
Адал-индустрияны өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо төмөнкүдөй формаларда көрсөтүлүшү мүмкүн:
а) уюштуруучулук;
б) маалыматтык.
§ 1.1. Уюштуруучулук колдоо
Мамлекет тарабынан уюштуруучулук колдоо төмөнкүдөй көрсөтүлүүгө тийиш:
- адал-индустрияны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүдө;
- зарыл жана ченемдик документтерди (стандарттарды, методикалык сунуштоолорду) иштеп чыгууда;
- соода үйлөрүн ачууга, алдыңкы ата-мекендик адал-продукциясын өндүрүүчүлөрдүн региондук жана эл аралык жарманкелерге/көргөзмөлөргө катышуусуна көмөктөшүү аркылуу ата-мекендик адал-продукцияны чет өлкөлөргө өткөрүүгө.
§ 1.2. Маалыматтык колдоо
Кыргыз Республикасында адал-индустрияны түзүүнүн маалыматтык тутумун камсыз кылуу маалыматтык колдоонун негизги милдети болуп саналат, ал төмөнкүлөргө таянат:
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жана чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрүнүн маалыматтык ресурстарына;
- республиканын субъекттеринин экономикалык өз ара аракеттенүүсүнүн региондор аралык ассоциацияларынын, тармактык ассоциациялардын жана экспорттоочулар союздарынын маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүнө;
- мамлекеттик органдардын маалыматтык мүмкүнчүлүктөрүнө.
Ушундай консолидацияланган маалыматтык тутум кыргыз товар өндүрүүчүлөрүн - көргөзмө-жарманке иш-чараларынын потенциалдуу катышуучуларын маалыматтык камсыз кылууну уюштурууга мүмкүндүк берет. Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү артыкчылыктуу көргөзмөлөргө катышуусун уюштурууда Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода-экономикалык маселелер боюнча өкүлчүлүгү өзгөчө мааниге ээ.
8. Күтүлгөн натыйжалар
Адал-индустрия концепциясы натыйжалуу жана заманбап индустрияны түзүүгө мүмкүндүк берет жана төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө багытталган:
1) адал-продукцияны керектөөчүлөрдүн муктаждыгын канааттандырууга;
2) адал-индустрияны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө;
3) стандарттардын белгиленген талаптарына ылайык адал-азыктарды өндүрүүнүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга;
4) адал тамак-аш продукциясы үчүн техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарына жооп берген адал продукция тамак-аш өндүрүүчүлөрдүн улуттук ассоциациясын түзүүгө;
5) ата-мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн эл аралык рынокко жетүүсүн арттырууга, дүйнөнүн негизги товардык рынокторунда эл аралык атаандаштыкты күчөтүүгө;
6) адал-продукциянын өндүрүшүнө кластердик ыкмаларды өнүктүрүүгө.
9. Финансылык ресурстар жана булактар
Концепциянын милдеттерин натыйжалуу ишке ашыруу жана чечүү максатында адал-индустрияны өнүктүрүүдө донорлордун жана эл аралык өнөктөрдүн колдоосун тартуу боюнча ресурстарды мобилизациялоо пландалууда.
Донордук коомчулуктун катышуусун Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуунун жүрүшүндө Концепциянын багыттары боюнча аныктоо пландалууда.
10. Мониторинг жана баалоо
Ушул Концепцияны практикалык ишке ашыруу максатында конкреттүү чараларды, жооптуу аткаруучуларды, жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн караган иш-чаралар планы (мындан ары - План) иштелип чыгат жана бекитилет. Пландын иш-чараларын ишке ашыруу донордук каражаттардын, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдын иши үчүн каралган бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Ушул Концепцияны ишке ашыруу боюнча конкреттүү иш-чаралардын туруктуу мониторинги жана аткарылышын баалоо аны ишке ашыруу прогрессине көз салуунун натыйжалуу өбөлгөсү болуп калат, ал төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- ушул Концепциянын артыкчылыктарын илгерилетүү процессине оңдоолорду киргизүү боюнча алдын алуучу чечимдерди кабыл алууга;
- өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө алардын таасир этүүсүн баалоо. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан Концепцияны жана Иш-чаралар планын ишке ашыруу процесстеринин мониторинги, талдоосу дайыма жүзөгө ашырылат жана алардын негизинде тиешелүү сунуштар киргизилет.
Алынган натыйжалардын негизинде аларды ишке ашыруунун кийинки кадамдары менен альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү тандоо, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу, донордук коомчулук менен аракеттерди координациялоону жакшыртуу жана бизнес-коомчулуктун күтүүлөрүн толугураак канааттандыруу боюнча ыкчам чечимдер кабыл алынат.
Кыскартуулардын тизмеси
(ГМО) | - | гендик модификацияланган организмдер; |
ХАССП | - | ХАССП (англ. Hazard Analysis and Critical Control Points (HACCP) - тобокелдиктерди талдоо жана опуртал контролдук чекиттер) - продукциянын коопсуздугуна олуттуу таасир эткен коркунучтуу факторлорду тутумдук идентификациялоону, баалоону жана башкарууну караган концепция; |
ТЛБ | - | транспорттук-логистикалык борбор; |
CY | - | соода үйү; |
ИУВР | - | суу ресурстарына интеграцияланган башкаруу; |
GMP стандарты (англ. Good Manufacturing Practice- талаптагыдай өндүрүштүк практика) | - | төмөнкүлөрдү өндүрүүгө карата ченемдердин, эрежелердин жана көрсөтмөлөрдүн системасы: |
| - | дары-дармек каражаттарын; |
| - | медициналык түзүлүштөрдү; |
| - | диагностикалык буюмдарды; |
| - | тамак-аш азыктарын; |
| - | тамак-аш кошумчаларын; |
| - | активдүү ингредиенттерди. |