Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 816 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июну № 358
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 86 жана 282-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1-пункттун 2, 3, 6 жана 7-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
2-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "2015" деген цифралар "2016" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жободо:
- 9-пунктта:
биринчи абзацынын 4, 5 жана 6-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
экинчи абзацындагы ", 8, 10, 12" деген цифралар алып салынсын;
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Салык органы КНСтин эсептик-фактураларынын бланкаларын алууга арызды 1 күндүн ичинде карап чыгууга жана ушул Жобого ылайык КНСтин эсептик-фактураларынын бланкаларын берүү жөнүндө тиешелүү чечимди чыгарууга милдеттүү.
Салык органы тарабынан кабыл алынган КНСтин эсептик-фактураларынын бланкаларын берүү жөнүндө чечимге салык салынуучу субъектинин КНСтин эсептик-фактураларынын бланкаларын алууга арызы тиркелет.";
- 17-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 28-пункттагы "3, 4, 5 жана 6-пунктчаларында" деген цифралар жана сөздөр "3-пунктчада" деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын;
- 34-пункт "сатык салыгынын" деген сөздөрдөн мурун "КНС же" деген аббревиатура жана сөз менен толукталсын;
- 56-пункттагы "сатып алган" деген сөздөр "алган" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 65-пункттагы экинчи сүйлөм алып салынсын;
- Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобонун "Салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын (DОС STI-022) реестри" 8-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
- Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобонун "Салык салынган жеткирүүлөр боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарынын реестрин толтуруунун жана берүүнүн тартиби" 9-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
- Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобонун "Кыргыз Республикасынын аймагында алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын (DОС STI-023) реестри" 10-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
- Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобонун "Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган материалдык ресурстар боюнча КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарынын реестрин толтуруунун жана берүүнүн тартиби" 11-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
- Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланктарын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобонун "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинген товарлар боюнча жүк бажы декларацияларынын (DОС STI-024) реестри" 12-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
- Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобонун "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинген товарлар боюнча жүк бажы декларацияларынын реестрин толтуруунун жана берүүнүн тартиби" 13-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
- Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобонун "Салык салынуучу субъекттин КНСтин эсеп-фактураларынын бланкаларын алууга (DОС STI-045) арызы" 14-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү жана Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна кошулуусуна чейин колдонулуучу 1-пункттун үчүнчү абзацынан тышкары, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
|
| Кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобонун 14-тиркемеси |
DOC STI-045
КР Юстиция Министрилигинин архивинде сакталат