Загрузка документа…
2019-жылдын 24-октябры №12-р
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - К.А. Дуйшеев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, Э.Т. Мамыров, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы М.С. Раимбекованын,
кайрылуучу тарап - Нурбек Айтыевич Касымбеков, Асель Союзбековна Кодуранова, Ирина Юрьевна Карамушкина, Мурадыл Ганыевич Мадеминов, ошондой эле Н.А. Касымбековдун жана А.С. Кодуранованын ишеним кат боюнча өкүлү Нурбек Акбарович Токтакуновдун;
жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Алмазбек Тавалдыевич Молдобаев, Чынгызбек Муртазакулович Бердимуратов, Шабданбек Мурзакулович Алишевдин;
башка жактар - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Латип Пазылович Жумабаев, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча ѳкүлү Аида Маратовна Курманбаеванын катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасынын жана 2-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Бул ишти кароого Н.А. Касымбековдун, А.С. Кодуранованын, И.Ю. Карамушкинанын, М.Г. Мадеминовдун, А. Артыковдун, К.Б. Орозовдун, Т.Б. Усубалиевдин өтүнүчү себеп болду.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасынын жана 2-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Э.Ж. Осконбаевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 7-июнунда Н.А. Касымбековдун, А.С. Кодуранованын, И.Ю. Карамушкинанын, М.Г. Мадеминовдун, А. Артыковдун, К.Б. Орозовдун, Т.Б. Усубалиевдин «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасынын жана 2-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнө, 28-беренесинин 1-бөлүгүнө, 35-беренесине, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 64-беренесинин 11-бөлүгүнө, 70-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Арыздануучулар билдиргендей, «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасынын жана 2-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу кайрылууга себеп болду.
Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасы менен «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине өзгөртүү киргизилген, ага ылайык Кыргыз Республикасынын экс-президенти мамлекеттик бийлик органдарында саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө, ошондой эле саясий партиянын жетектөөчү органдарындагы кызмат орундарын ээлөөгө же болбосо саясий партиянын ишине башкача түрдө катышууга тийиш эмес. Кыргыз Республикасынын экс-президенти ушул статьянын 3-бөлүгүндө белгиленген чектөөлөрдү сактабаган учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин актысы менен ага ушул Мыйзамда каралган бардык кепилдиктерди берүү, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен материалдык жана башка камсыз кылуу токтотулат.
Мында «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде 1-беренесинин 9-пунктунун жоболору 2007-жылдын 23-октябрынан тартып келип чыккан укуктук мамилелерге колдонулат деп белгиленген.
Арыздануучулардын пикири боюнча, Мыйзамдын көрсөтүлгөн жоболору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө, 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнө, 28-беренесинин 1-бөлүгүнө, 35-беренесине, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 64-беренесинин 11-бөлүгүнө, 70-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келүүдө.
Кайрылуунун субъекттери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 35-беренесине ылайык ар ким биригүү эркиндигине укуктуу деп көрсөтүүдө. Мында Конституциянын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык саясий партиялар өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана жарандардын өз эркин коргоо, саясий, экономикалык, социалдык, эмгектик, маданий жана башка кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн эркин билдирүү жана кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлүшү мүмкүн.
Ошону менен бирге, кайрылуучулар көрсөткөндөй Кыргыз Республикасынын экс-президентинин саясий партиянын ишмердигине катышууга коюлган тыюу салуу анын биригүү жана саясий партия түзүү эркиндигин бузууда.
Арыздануучулар Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук тутумунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналат деп белгилешүүдө.
Андан ары, кайрылуучулар ар кимдин тынч чогулууга жана биригүүгө укуктарын белгилеген Адам укуктарынын жалпы декларациясына, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга шилтеме кылышууда. Арыздануучулар талашылып жаткан жоболордо караштырылган чектөөлөр мамлекеттин ар кимдин биригүү, бирикмелерди түзүү жана аларда мүчө болуу, тең мамиле жана кодуланбоо эркиндигине болгон укукту урматтоого, коргоого жана анын жүзөгө ашырылуусуна көмөктөшүүгө милдети болгон эл аралык принциптерине карама-каршы келет деп белгилешүүдө (2014-жылдын 13-14-декабрында Венеция комиссиясынын 101-пленардык сессиясында бекитилген Биригүүнүн эркиндиги боюнча Жетекчи принциптер).
Андан тышкары, кайрылуунун субъекттери өздөрүнүн негиздемелеринде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы Чечиминдеги биригүү эркиндиги атайын уруксат алуусуз бирикменин мүчөсү болуу укугун; башка адамдарды бириктирүүнү жана бир бирикмеге кошулуу же андан чыгууну; бирикменин ишине катышуусун камтыйт деген укуктук көз карашына шилтеме кылышууда.
Арыздануучулар «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасынын жоболору мамлекеттик бийлик органдарында саясий, атайын мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө Кыргыз Республикасынын экс-президентинин укуктарын чектөө менен экс-президенттин Конституциянын 42-беренесинин 3-бөлүгү менен кепилденген эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого укугун бузууда.
Кайрылуунун субъекттери эркин эмгектенүү укугу адамдын башка укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгилешүүдө, ал адамдын кадыр-баркынын бөлүнбөс жана ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.
Ошондой эле, арыздануучулардын пикири боюнча, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасынын жоболору Конституциянын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту менен караштырылган мамлекеттик бийлик органдарына шайланууга укугун дагы бузууда.
Ошентип, Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык шайлоо күнүнө карата 21 жашка чыккан, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат. Бирок, талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын экс-президентин мындай укуктан ажыратууда, демек ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайлана албайт, анткени депутаттын кызмат орду саясий болуп саналат.
Ошентип, кайрылуунун субъекттери Кыргыз Республикасынын экс-президенти Конституциянын 52-беренесинин 4-бөлүгү менен кепилденген мамлекеттик кызматка кирүүдө, мыйзамда каралган тартипте кызматка көтөрүлүүдө бирдей укуктарга, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ боло албайт деген тыянакка келүүдө.
Арыздануучулардын пикири боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн талашылып жаткан жобо Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген укугун бузууда.
Арыздануучулар өзүнүн жүйөлөрүн негиздөөдө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 3-октябрындагы Чечиминде мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принцип туурасында билдирген укуктук көз карашын келтиришүүдө, ошондой эле мыйзам алдында бардыгынын бирдейлик маселелерин жана принциптерин жөнгө салган Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдердин ченемдерине шилтеме кылышууда.
Арыздануучулар Конституциянын 16-беренесинин 2-бөлүгү кодулоону, анын ичинде саясий ынанымдар боюнча дагы кодулоону болтурбоону кепилдейт деп басым кылышууда. «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасы Кыргыз Республикасынын экс-президентин саясий ынанымдары боюнча кодулоодо, анткени ал саясий партиянын жетекчилик органдарында кызмат орундарын ээлебеш керек, же саясий партиянын ишмердигинде башка жол менен катышуусу болбошу керек.
Кайрылуучулар Мыйзамдын көрсөтүлгөн ченеми Кыргыз Республикасынын экс-президентин саясий ынанымдары боюнча чектөө менен ошол эле учурда улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо, саламаттыкты жана калктын адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатын көздөгөн жери жок, бул Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келүүдө.
Кайрылуунун субъекттери Президенттин милдетин аткаруунун коомдук маанилүүлүгүн эске алуу менен, Президентке ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин дагы ага мамлекет тарабынан белгилүү кепилдиктер берилээрин, анткени ал өзгөчө маанилүү маанилүү мамлекеттик сырлардан кабардар жана мамлекеттик кайтаруунун объекти болуп саналаарын белгилешүүдө. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 3-октябрындагы Чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясы экс-президенттин наамына конституциялык-укуктук статус берүү менен ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин да Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруунун коомдук маанилүүлүгүн, ошондой эле иштеп жаткан мамлекет башчысы үчүн каралган айрым укуктук кепилдиктерди сактоо зарылдыгын тааныйт. Арыздануучулардын пикири боюнча, талашылып жаткан ченем менен Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын экс-президентине берилген бардык кепилдиктерди Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Президенти тарабынан токтотуу укугунун берилиши, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт деп белгиленген тыюу салуунун 5-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келүүдө.
Өтүнүчтү авторлору жогоруда баяндалган мүмкүн болбой турган жагдай, анткени Конституциянын 64-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти Конституцияда гана каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат деп эсептешет. Конституцияда түздөн-түз белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары мыйзам менен өзгөртүлүшү, кеңейтилиши же чектелиши мүмкүн эмес. Демек, Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын экс-президентинин бардык кепилдиктерин токтотуу боюнча кошумча ыйгарым укуктарын мыйзам менен белгилөө Конституцияда аныкталган ыйгарым укуктар алкагынан чыгып кетүүдө.
Арыздануучулар эсептегендей, талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын экс-президентине карата Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан санкция формасында болууда.
Андан тышкары, мыйзамдарда Кыргыз Республикасынын Президентинин актын сотто талашып-тартышуу мүмкүнчүлүгү караштырылган эмес. Аны менен Кыргыз Республикасынын экс-президенти Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган укуктар менен эркиндиктердин соттук коргонуу кепилдигинен ажыраган.
Ошондой эле талашылып жаткан ченемдер ушул эле Мыйзамдын 1-беренесинин 10-бөлүгүнө карама-каршы келүүдө, ага ылайык Кыргыз Республикасынын экс-президентине карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын экс-президентине караштырылган бардык кепилдиктер токтотулат. Демек, Кыргыз Республикасынын экс-президентине карата кепилдиктердин токтотулушу сот актысынын негизинде гана болушу керек.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестигине тийиштүү жоболор 2007-жылдын 23-октябрынан баштап пайда болгон укуктук мамилелерге колдонууну белгилейт. Аны менен арыздануучулардын пикири боюнча, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу процедурасынын бөлүгүндө мыйзамды өткөн мезгилге карай колдонулушун күчүнө киргизген, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт деген 28-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет.
Өтүнүчтө «мыйзам өткөн мезгилге карай колдонулбайт» деген рим укугунун принциби келтирилүүдө, тактап айтканда, ченемдик укуктук акт күчүнө киргенге чейинки учурда болгон фактыларга жана юридикалык натыйжаларга колдонулбайт, бул принцип стабилдүүлүктүн кепилдиктерин камсыз кылуу үчүн зарыл жана коомчулукта мамилелердин өз билемдикке салып жөнгө салынышына бөгөт болуп кызмат кылат.
Андан тышкары, арыздануучулар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 3-октябрындагы Чечими менен кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын экс-президенти укуктук иммунитетке ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан мезгилде жасаган аракеттери же аракетсиздиктери үчүн жазык жоопкерчилигине тартылмак эмес, ал Конституциялык палата тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери тууралуу» Мыйзамдын 12-беренеси жокко чыгарылгандыгына байланыштуу күчүн жоготкон.
Бирок, арыздануучулар айткандай, талашылып жаткан ченем менен мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын экс-президентин жоопкерчиликке тартуу процедурасын белгилеп, аталган ченемдин өткөн мезгилге карай колдонулушун күчүнө киргизген, башкача айтканда 2003-жылдын 23-декабрынан баштап аны күчүнө киргизүүдө деп болжошууда. Ошентип, талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын экс-президенти 2018-жылдын 23-октябрына чейин ээ болгон абсолюттук кол тийбестиктен ажыратууда. Демек, Кыргыз Республикасынын экс-президентинин жоопкерчилигин белгилөөчү мыйзам Конституциянын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өткөн мезгилге карай колдонулбашы керек.
Кайрылуунун субъекттери баяндалгандын негизинде талашылып жаткан жоболорду Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келүүсүн таанууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 5-июлундагы аныктамасы менен талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 6-беренесинин 3-бөлүгүнө, 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнө, 28-беренесинин 1-бөлүгүнө, 35-беренесине, 40-беренесинин 1-бөлүгүнө, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө, 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө өндүрүшкө кабыл алган.
Арыздануучулардын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын саясий партияларды жана бирикмелерди түзүүнүн жалпы принциптерин белгилөөчү ченемдерине жасаган шилтемелери, мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын ишмердигине, эл аралык келишимдердин юридикалык күчүнө тийиштүү ченем-принциптер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин түзүү тартибин белгилөөчү ченемдер судьялар коллегиясы тарабынан арыздануучулардын укуктук көз карашын ченем контролдоону талап кылбаган, негиздемени кошумча бекиткен форма катары баамдалган.
2019-жылдын 14-октябрында мурда тапшырылган өтүнүчкө «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин конституциялуу эместиги туурасында кийинкини караштырган жана арыздануучулардын көз карашын негиздеген аргументтер келтирилген.
Өтүнүчтүн авторлору Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 3-октябрындагы Чечими менен Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарым укуктарын аткарып жаткан мезгилинде жасаган жосундары үчүн Кыргыз Республикасынын экс-президентин жоопкерчиликке тартууну карабаган бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин ченеми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келүүсү таанылган деп белгилешүүдө.
Ушуга байланыштуу, кайрылуучу тарап мыйзам чыгаруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн чечимди чыгарганга чейин көрсөтүлгөн берененин мурдагы редакциясы колдонууда турганына карабастан «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине өткөн мезгилге карай колдонулуу күчүн киргизген деп эсептешүүдө. Арыздануучулардын пикири боюнча, мыйзам чыгаруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимине карата ревизияга жол берилген жана аны менен чечимдин акыркы болуп саналат дегенине шек келтирилген, аны менен Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт деп жоболоштурулган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 8-бөлүгүнүн талаптарын бузган.
Кайрылуучулар өзүнүн аргументтерин далил кылышып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-апрелиндеги бийликтин бөлүштүрүлүү принциби туурасындагы укуктук көз карашын келтиришип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясында (1-берененин 1-бөлүгү, 3-берененин 4-пункту, 5-берененин 3-бөлүгү, 13-берене, 74-берененин 9-бөлүгү, 97-берененин 8-бөлүгү) каралган орнотмолордун алкагынан чыгып кеткен деген тыянакка келишүүдө.
Арыздануучулар Мыйзамдын талашылып жаткан 12-беренеси адамдын саясий-укуктук жоопкерчилигин орнотууда, андыктан Конституциянын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык өткөн мезгилге карай колдонулушу мүмкүн эмес, ага ылайык адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карай колдонулбайт деп эсептешүүдө.
Арыздануучулар КМШ мамлекеттеринин катышуучуларынын Парламент аралык Ассамблеясында жактырылган «КМШ мамлекеттеринин катышуучуларынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» 1995-жылдын 1-майындагы сунуштама мыйзам актысына шилтеме кылышууда, ага ылайык ченемдик укуктук акт, укук бузуу үчүн жоопкерчиликти жокко чыгарган же жеңилдеткен, же болбосо ченемдик укуктук акт күчүнө киргенге чейинки мамилелерге өзүнүн колдонулушун жайылтат деген аракет актынын өзүндө же актыны колдонууга киргизүү жөнүндө актыда каралган учурлардан тышкаркы, күчүнө киргенге чейинки мамилелерге өзүнүн колдонулушун жайылтпайт.
Арыздануучулар «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамдын жоболоруна шилтеме жасашууда, ага ылайык жарандардын, юридикалык жактардын жоопкерчилигин, белгилөөчү же күчөтүүчү, жаңы милдеттерин салуучу же алардын абалын начарлатуучу ченемдик укуктук актылар өткөн мезгилге карай колдонулбайт деп, «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине карата дагы мыйзам өткөн мезгилге карай колдонулбашы керек деген тыянакка келишүүдө.
Өтүнүчтүн авторлору экс-президенттин абалын начарлатуучу мыйзамга өткөн мезгилге карай колдонулушун күчүнө киргизүү, мурда колдонууда болгон мыйзамдарга ылайык алынган укуктарынын жокко чыгуусун билдирүүчү жана конкреттүү укуктук мамилелерде жүзөгө ашырылып жаткандыгы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнөн, 16-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынан, 20-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнөн, 28-беренесинин 1-бөлүгүнөн келип чыккан талаптар менен дагы айкалышпайт.
Арыздануучулар жогоруда көрсөтүлгөн жүйөлөрүн негиздеп берүүдө бир катар укук таануучу окумуштууларынын мыйзамдын өткөн мезгилге карай колдонулуунун укуктук табияты жөнүндө пикирлерин келтиришүүдө, кайрылуучулардын пикири боюнча, алар каралып жаткан маселеде мыйзамдын өткөн мезгилге карай колдонулушунун негизсиздигин далилдеп берүүдө.
Ошондой эле арыздануучулар мыйзамдарга өткөн мезгилге карай колдонулушуна тыюу салуу жөнүндө тыянактарды камтыган Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын жана Казакстан Республикасынын конституциялык контролдоо органдарынын укуктук көз караштарына, ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдигинин мамлекеттеринин катышуучуларынын укуктук көз караштарына шилтеме жасашууда.
Арыздануучулар бул толуктоосунда талаптардын көлөмүн көбөйтүшкөн жана талашылып жаткан ченемдерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 9-бөлүгүнө, 97-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерилишин суранышууда.
Кайрылуучу тарап сот отурумунда өзүнүн талаптарын колдогон жана аларды канааттандырууну суранган.
Жоопкер тараптын өкүлү А.Т. Молдобаев арыздануучулардын жүйөлөрүн кийинкидей негиздер боюнча жараксыз деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын укуктары менен эркиндиктерин артыкчылыкка ээ болгон жана өзгөчө маанилүү социалдык баалуулуктар деп жар салып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүндө, бекитип жана адамдын кандайдыр бир жеке же социалдык белгилерине карабастан мыйзам жана сот алдында бирдей болуу принцибин орнотуу менен адам укуктары жана эркиндиктери жаатында жалпыга кабыл алынган стандарттардын зарылдыгын тааныган.
Ошол эле учурда, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунда, А.Т. Молдобаевдин пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын экс-президенти үчүн тең укуктуулук принциптеринин сакталышынын жалпы эрежелеринен кандайдыр бир алып салуу катары баамдалган укуктук иммунитетти караштырган.
Жоопкер тараптын пикири боюнча, «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» Мыйзамдын 13-17-беренелеринде белгиленген укуктук социалдык кепилдиктер (материалдык камсыздоо, тиричилик жактан камсыз кылуу жана транспорт жагынан тейлөө, байланыш каражаттарын колдонуу, маркум болгон экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кепилдиктер жана алардын, материалдык жактан камсыздоо) Кыргыз Республикасынын Конституциясы кепилдеген тең укуктуулуктун жалпы эрежелеринен чегинүү дагы болуп саналат. Мына ошон үчүн мыйзам чыгаруучу экс-президентке мамлекетте өзгөчө орун ээлөөгө мүмкүнчүлүк берген өзгөчө укуктук статусту белгилеп, жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 11-беренесинде белгиленген атайын талаптар менен түйшөлткөн көтөрүңкү жоопкерчиликти караган, тактап айтканда, алар: мамлекеттик бийлик органдарына саясий, атайын мамлекеттик кызматтарды ээлебөө, ошондой эле саясий партиянын жетекчилик органдарында кызмат орундарын ээлөөгө же башкача жол менен саясий партиянын ишмердигинде катышууга тыюу салуу.
А.Т. Молдобаев мамлекеттик бийлик органдарында саясий кызмат орундарын, ошондой эле атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдар жөн гана башкаруучулук иш-милдеттерди жүзөгө ашырбастан, жалпы мамлекеттик программаларды жүзөгө ашырып жаткандыктан саясий чечимдерди кабыл алууга да таасирин тийгизе алат. Ушуга байланыштуу, коомдук бийлик органдарынын ишмердигин жөнгө салган ченемдердин тармактык тийиштүүлүгүн аныктоодо, жарандын мамлекеттин иштерин башкарууда катышууга болгон элдик бийликтин жана саясий укуктук принциптерин жүзөгө ашыруудан келип чыккан укуктук мамилелер экендиги эске алынууга тийиш, демек, ал эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынбайт.
Ушуга байланыштуу, А.Т. Молдобаев «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасында жана 2-беренесинде белгиленген экс-президентке карата талаптар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгү менен кепилденген саясий жана башка ынанымдарынын белгилери боюнча, мүлктүк же башка абалы боюнча кодулабоонун принцибин бузуу катары каралышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийликтин түзүлүшүнүн жана иштешинин өзгөчөлүгүн эске алып, мыйзам чыгаруучу экс-президенттин өзгөчө статусун белгилөө менен, административдик аппараттын ишмердиги мамлекеттик органдын максаттарын, милдеттерин жана функцияларын аткарууда бейтарап жана калыс мүнөздө болушу керек деп болжоп, мамлекеттик ишмердикти саясаттан ажыраткан чараларды да караштырган.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлүнүн айтуусу боюнча экс-президент тарабынан саясий жана мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө саясий-аныктоочулук мүнөзгө ээ, бул кийин, жагында кандайдар бир терс кесепеттерге (саясий жоопкерчилик чараларын колдонууда саясатташтырууга, туруксуздукка жана кыянатчылыкка) алып келиши мүмкүн.
Ошондой эле, ал экс-президент өзгөчө маанилүү маалыматтарды жана мамлекеттик сырларды алып жүрүүчү болуп кала бергендиктен, мыйзам чыгаруучу Кыргыз Республикасынын экс-президентинин саясий партиялардын ишине катышуусунун негиздүү жана объективдүү шарттарын аныктаган деп көрсөтөт.
А.Т. Молдобаев талашылып жаткан ченем менен каралган чектөөлөр жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 35-беренеси менен орнотулган экс-президенттин биригүү эркиндигине болгон кепилденген конституциялык укугун бузбайт жана бул укукту жүзөгө ашыруусун чектебейт деп белгиледи.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келбегендиги тууралуу А.Т. Молдобаев бул берене жазык мыйзамдарынын чөйрөсүндөгү укук мамилелерди жөнгө салат жана талашылып жаткан ченемге тиешеси жок деп белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экинчи өкүлү Ш.М. Алишев жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 1-беренесинин 9-пунктунун жобосун 2007-жылдын 23-октябрынан тарта пайда болгон укуктук мамилелерге карата колдонуу, талашылып жаткан Мыйзамдын ченемдерин «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы Мыйзамынын 12-беренесине ылайык келтирүү муктаждыгынан келип чыккандыгын белгиледи. Кыргыз Республикасынын экс-президенти үчүн абсолюттук кол тийбестикти, анын Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруу жана ыйгарым укуктарды алып салган убагында жасалган жосундары үчүн жол-жобосуз жоопкерчиликке тартууну орноткон «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (2003-жылдын 18-июлундагы редакциясындагы) 12-беренеси колдонулбашы керек эле.
Ошондой эле, Ш.М. Алишев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 25-сентябрындагы укуктук көз-карашына шилтеме жасады, ага ылайык, Конституциялык палата «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен табигый бирдикте жана ага шайкеш турат, турпаты менен анын өткөөл жоболорун, аны колдонууга киргизүү тартиби жөнүндө ченемдерди туюндуруу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын туундусу жана андан ажырагыс, мураскерликтин жана мамилелердин туруктуулугун камсыздоого багытталган деп белгилеген.
Мындан тышкары мыйзам чыгаруучу органдын өкүлү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 3-октябрындагы Чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган жосундары үчүн экс-президентти жоопкерчиликке тартуу процедурасын карабаган бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылгандыгы тууралуу белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жогоруда көрсөтүлгөн чечиминде баяндалган укуктук көз-караштарына шилтеме жасап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 67-беренесинде орнотулган Кыргыз Республикасынын Президентин кызматтан четтетүү процедурасына окшош “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинде мыйзам чыгаруучу менен экс-президентти жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн анын макамын алып салуу механизмин орнотуусу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык келет деген чечимге келди.
Жоопкер тараптын үчүнчү өкүлү Ч.М. Бердимуратов Ш.М. Алишевдин жана А.Т. Молдобаевдин жүйөлөрүн колдогон.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Л.П. Жумабаев «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрү менен каралган чектөөлөр Конституциянын ченемдерине карама-каршы келбейт, экс-президент саясий бийликтин органдарында саясий жана атайын кызматтарды ээлегенге карапайым жарандарга караганда көбүрөөк мүмкүнчүлүккө жана ресурска ээ болгондуктан, экс-президент болуп көрбөгөн жактардын мамлекеттик саясий, атайын кызматтарга бирдей жетүүнү камсыздоо максатын көздөйт деп белгилейт.
Ошондой эле, Л.П. Жумабаев «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасынын жоболору экс-президенттин саясий партиянын мүчөсү болуу укугун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4-беренесинин негизинде чектебейт деп эсептейт, ага ылайык партиялар, кесиптик бирликтер, дагы башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруу жана жарандардын өз эркин коргоо, саясий, экономикалык, социалдык, эмгектик, маданий жана башка кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн эркин билдирүү жана кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлүшү мүмкүн.
Муну менен бирге, анын пикири боюнча, саясий партиянын жетекчилик органдарындагы кызматтарды ээлөөгө болбосо башкача түрдө саясий партиянын ишине катышуусуна тыюу салуу түрүндөгү экс-президентке карата чектөө, мыйзам чыгаруучу менен экс-президент жетекчиси боло турчу саясий партиянын үстөмдүк кылуусуна жол бербөө максатында орнотулган.
Л.П. Жумабаев адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында, Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн деп белгиледи.
Ушуга байланыштуу, экс-президентке жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасында каралган чектөөлөрдү кабыл алууну болбосо аларды кабыл албоону жана экс-президенттин артыкчылыктарынан баш тартууну тандоо укугу берилген.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин Конституциянын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 28-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин туруктуу өкүлү төмөндөгүнү белгиледи.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-февралындагы Мыйзамы Кыргыз Республикасынын экс-президенти кол тийбестикке ээ деп орноткон. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана административдик жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес (Конституциянын 53-беренеси).
Көрсөтүлгөн редакциядагы Конституция, экс-президенттерди юридикалык жоопкерчиликке тартуунун жалпы учур менен салыштырганда так тартибин орнотпостон, аларга абсолюттук кол тийбестикти берген. Бул ченемди ишке ашырууда «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-июлундагы № 152 Мыйзамы кабыл алынган.
Экс-президенттин абсолюттук кол тийбестиги Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгү менен орнотулган сот жана мыйзам алдында бардыгы бирдей деген негизги принцибине ачыктан-ачык карама-каршы келгенин эске алып, «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 23-октябрындагы Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусун «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныктоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизилген.
Бирок, Л.П. Жумабаев эсептегендей, Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө карабастан, бул Мыйзам аны менен шайкеш келтирилбеген жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келген. Ошондуктан Конституциялык палатанын 2018-жылдын 3-октябрындагы Чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган жосундары үчүн экс-президентти жоопкерчиликке тартуу процедурасын карабаган бөлүгүндө аталган ченем карама-каршы келет деп таанылган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин туруктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык, Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат жана анын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат деп көрсөткөн. Конституциянын ченемдерине карама-каршы келген ченемдик укуктук акт Конституциянын ченемдеринин таасирин жокко чыгара жана токтото тура албайт. Ушуга байланыштуу, Л.П. Жумабаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, киргизилген өзгөртүүлөргө кайтарым күчүн мыйзамдуу берген деген тыянакка келген, алар 2007-жылдын 23-октябрынан тарта пайда болгон укуктук мамилелерге колдонулушу мүмкүн.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин туруктуу өкүлү «жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам» деген түшүнүктүн алдында укук бузуу үчүн тигил же башка мурда болбогон жоопкерчиликти киргизип жаткан мыйзам саналат деп белгиледи. Ал эми «жоопкерчиликти күчөтүүчү мыйзам» деген түшүнүктүн алдында жоопкерчиликтин катуураак түрүн болбосо жоопкерчиликтин ошол эле түрүнүн алкагындагы катуураак, жазасын орнотуучу мыйзам түшүнүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 2-беренесинин талашылып жаткан жобосу белгилүү бир иш-аракеттерди белгилүү бир шарттарда жасаганда, экс-президенттен кол тийбестикти алуу эрежесин да регламенттөөчү, ал экс-президенттин абалын начарлатуу фактысы катары каралышы мүмкүн эмес.
Ошентип, Л.П. Жумабаев талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М. Курманбаева дагы талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасы менен орнотулган жана жетектөөчү кызмат орундарын ээлөөгө же болбосо саясий партиянын ишине башкача түрдө катышууга тыюу салууну караган чектөөлөрдүн конституциялуулук маселеси боюнча көз карашы Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлүнүн көз карашына окшош.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси менен орнотулган бул Мыйзамдын 1-беренесинин 9-пунктунун жоболору 2007-жылдын 23-октябрынан тарта пайда болгон укуктук мамилелерге колдонулуусу боюнча А.М. Курманбаева төмөндөгүнү белгиледи.
Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам менен орнотулган экс-президенттен кол тийбестикти алуу процедурасы экс-президенттин кол тийбестигин жокко чыгарбайт, ал болгону белгилүү бир иш-аракеттерди белгилүү бир шарттарда жасаганда кол тийбестикти алуу гана эрежелерин аныктайт, ошону менен анын абалын начарлатпайт.
А.М. Курманбаева өзүнүн жүйөлөрүнүн аргументациясында, «Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын укуктук ченемдик актынын убакыт боюнча колдонулушун жөнгө салуучу жоболорун келтирди.
Мында Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 9-ноябрындагы № 180 Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын редакциясында экс-президенттин кол тийбестигинин укуктук негиздери орнотулган эмес.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы экс-президенттин кол тийбестигинин укуктук негиздеринин Конституцияга түзөтүүлөрдүн киргизилгендигине байланыштуу өзгөртүүлөрү менен шайкеш келтирилбегендигин эске алып, А.М. Курманбаева Мыйзамда экс-президенттин кол тийбестигинен ажыратуу процедурасынын жоктугу мыйзамдардагы боштуктар деп эсептейт.
А.М. Курманбаева Конституциялык палатанын 2018-жылдын 3-октябрындагы Чечими менен Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган жосундары үчүн экс-президентти жоопкерчиликке тартуу процедурасын карабаган ченемдин бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси Конституцияга карама-каршы келет деп таанылгандыгын көрсөткөн.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Конституция күчүнө киргенге чейин колдонулуп келген мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
Ушуга байланыштуу, ал «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, анын ичинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынганын белгилейт.
Иштин материалдарын изилдөөнү аяктагандан кийин, тараптардын өкүлдөрүнүн корутунду сөздөрүн угуу стадиясында, кайрылуучу тараптын атынан А.С. Кодуранова билдирилген талаптардын көлөмүн азайтуу тууралуу билдирген жана «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасынын конституциялуулугун текшерүүнү алып салууну суранган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын пикирлерин угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 32-беренесине ылайык, тараптар, башкалардын ичинде, өтүнүчтөрдү билдирүүгө, далилдерди берүүгө, процесстин жүрүшүндө келип чыккан бардык маселелер боюнча өз жүйөлөрүн жана пикирлерин билдирүүгө, талаптардын негиздерин же предметин өзгөртүүгө, алардын көлөмүн көбөйтүүгө же азайтууга укуктуу.
Муну менен бирге, бул процессуалдык укуктарды пайдалануу жөнгө салынбаган мүнөзгө ээ болушу мүмкүн эмес, болбосо, бул конституциялык сот адилеттигин ченемдүү жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан укукту ыксыз кыянат пайдаланууга алып келет.
Жогоруда белгиленген конституциялык Мыйзамдын 43-беренесине ылайык, эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын корутунду сөздөрүнөн кийин ишти чечүү үчүн маанилүү болгон кошумча жагдайларды аныктоонун же жаңы далилдерди изилдөөнүн зарылчылыгын тапса, ал маселени кайра кароо жөнүндө аныктама чыгарат. Бирок кайрылуучу тараптан изилдөөнү сөзсүз жана иштин материалдарын изилдөө стадиясын кайра кароо зарылдыгын таанууга мүмкүн боло турган кандайдыр бир жаңы материалдар берилген эмес.
Демек, жогоруда көрсөтүлгөн укуктук жөнгө салуунун маанисинен келип чыккандай, тараптар жогоруда көрсөтүлгөн процессуалдык укуктарды, анын ичинде өздөрүнүн талаптарынын көлөмүн азайтууну иштин материалдарын изилдөө стадиясы аяктаганга гана чейин иш жүзүнө ашыра алат. Ушуга байланыштуу, бул иштин алкагында кайрылуучу тараптын баштапкы талаптардын бардык көлөмү конституциялык контролго алынат.
2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкүдөй мазмундагы 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасы жана 2-беренеси саналат:
«1-берене.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 462-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
8) 11-статьяда:
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын экс-президенти мамлекеттик бийлик органдарында саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө, ошондой эле саясий партиянын жетектөөчү органдарындагы кызмат орундарын ээлөөгө же болбосо саясий партиянын ишине башкача түрдө катышууга тийиш эмес.
Кыргыз Республикасынын экс-президенти ушул статьянын 3-бөлүгүндө белгиленген чектөөлөрдү сактабаган учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин актысы менен ага ушул Мыйзамда каралган бардык кепилдиктерди берүү, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен материалдык жана башка камсыз кылуу токтотулат.
2-берене.
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 9-пунктунун жоболору 2007-жылдын 23-октябрынан тартып келип чыккан укуктук мамилелерге колдонулат.».
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 15-майындагы № 61 Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, «Эркин Тоо» гезитинин 2019-жылдын 17-майындагы № 40 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.
3. Эгемендүү Кыргызстандын башкы жетишкендиктеринин бири болуп адамдын өз баалуулугун жана уникалдуулугун, анын коомдон салыштырмалуу өз алдынчалуулугу болуп саналат. Социалдык коомчулуктун өзүнүн пайда болуусу үчүн зарыл болгон социалдык-маанилүү касиеттерге жана сапаттарга адам гана ээ, ал жерде индивиддин инсан катары көрүнүүсү ага берилүүчү укуктар жана эркиндиктердин чөйрөсүнө, ошондой эле алардын реалдуулугун камсыздаган колдонуудагы механизмдердин бар болуусуна жараша жүрөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жогорку баалуулук деп жарыялап, бул орнотмону жүзөгө ашыруу мамлекеттин бардык иш-аракетинин мааниси деп көрөт. Бул милдетти аткаруу мамлекеттин өзүнө объективдүү керек, анткени мында жалпы коомдун туруктуу жана илгери адымдаган өнүгүүсү үчүн ылайыктуу шарттар түзүлүүдө. Ушуну менен катар адам жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин калган социалдык баалуулуктарга карата артыкчылыгы инсанды басуу аракеттеринин жаралышын жана индивиддин муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын тоготпоону болтурбоого мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, анын баш сөзүндө бекитилген эркин жана көз карандысыз демократиялык мамлекетти куруу максатына берилгенинен келип чыккандай, өз аймагынын чегинде жана өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын жалпы дүйнөдө таанылган укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылат (16-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы), анын ичинде кайсы гана болбосун белгилер боюнча ар түрдүү кодулоого тыюу салуу менен мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей (16-берененин 3-бөлүгү, 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы), ар кимдин биригүү эркиндигине (35-берене), соттук коргонуу (40-берененин 1-бөлүгү), эркин эмгектенүү укугун (42-берененин 3-бөлүгү), ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайлануу укугун орнотот (52-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктчасы).
Мындан тышкары, Конституция мамлекеттик бийликти жүргүзүүнүн мүмкүн болгон чегин жана негиз салуучу эрежелерин орноткон ченем-принциптерди камтыйт, анын ичинде мамлекетке, анын органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыкпоо милдетин жүктөйт (5-берененин 3-бөлүгү), Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук тутумунун ажыралгыс бөлүгү экендигин тааныйт (6-берененин 3-бөлүгү), жаңы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулуусуна (6-берененин 5-бөлүгү, 28-берененин 1-бөлүгү), ошондой эле адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салат (20-берененин 1-бөлүгү).
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн чечимдеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы, 3-бөлүгү менен орнотулган бирдейлик жана кодулабоо принциби тууралуу укуктук көз карашын бир нече жолу билдирген. Маселен, 2018-жылдын 3-октябрындагы Чечимде мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принцип ар бир инсандын бирдей баалуулугун жарыялоо, индивиддерге коомдук жана мамлекеттик турмушка катышуу үчүн бирдей укуктук мүмкүнчүлүктөрдү берүү, алардын бирдей көлөмдөгү жана мазмундагы укуктар менен милдеттерге, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруу жана коргоо боюнча бирдей укуктук мүмкүнчүлүктөргө ээ болушун билдирет деп аныкталган.
Кодулабоо конституциялык принциби деп инсандын табиятынан же социалдык өзгөчөлүгүнө карай укуктарын, эркиндиктери менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын чектөөгө же кемсинтүүгө конституциялык тыюу салууну түшүнүү керек (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 16-ноябрындагы Чечими).
Биригүү эркиндиги конституциялык укугу бардыгы ээ болгон фундаменталдык жана негизги укуктардын бири болуп саналат.
Жарандардын бирикмеси жарандык коомдун маанилүү институту, аларды мамлекеттин саясий, экономикалык жана социалдык-маданий жашоосуна тартуунун жолдорунун бири болуп эсептелет. Биригүү мүмкүнчүлүгү жарандарга өздөрүнүн каалоолорун жана кызыкчылыктарын бир жерге топтоого, мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга, өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүүгө жана ошону менен бирге өз муктаждыктарын канааттандырууга жол берет. Муну менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы жарандын биригүү маселесинде толук эркиндигин баса белгилейт (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 11-мартындагы Чечими).
Соттук коргонууга болгон укук бул адам менен жарандын фундаменталдык конституциялык укуктардын бири. Соттук коргоо индивиддин укуктук корголгондугунун негизги шарты болуп турат, анын баалуулугу укуктар менен эркиндиктердин кеңири катарына ээ болгондугунда эмес, а аларды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүндө жатат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 16-январындагы Чечиминде билдирилген укуктук көз карашына ылайык, соттук коргонуу укугу укуктук мамлекеттин базиси болуп саналат жана адам менен жарандын Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилденген башка укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууга, зарыл болгон учурда аларды калыбына келтирүүгө жол ачат.
Башка бардык конституциялык укуктарга жана эркиндиктерге карата камсыздоочу-калыбына келтирүүчү функцияны аткаруучу укук катары Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен абсолюттук, эч кандай чектөөгө болбогон укуктардын ичине кирет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар кимге эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана талазыктын талаптарына жооп берген эмгектик коргоого жана эмгек шарттарын, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алуу укугун кепилдейт.
Жогоруда көрсөтүлгөн ар ким ал өзү эркин тандап алган же өз ыктыяры менен макул болгон эмгеги менен жанын багуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек дегенди билдирет. Дал ошондуктан эмгекти тандоо эркиндиги конституциялык кепилдиктердин өзгөчө категориясына бөлүнүп чыгарылат. Ошентип, эркин эмгектенүү укугу жарандарга алардын финансылык, социалдык, рухий жана башка муктаждыктарын канааттандырган шарттары бар эмгек ишмердигин өз ыктыяры менен тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүнү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы мажбурлоо эмгегине тыюу салат жана ар бир адамга эмгекке болгон жөндөмдүүлүгүн эркин пайдалануу, кесибин жана ишмердиктин түрүн тандоо укугун берет.
Ошентип, эркин эмгектенүү укугу ар бир инсандын субъективдүү укугу катары мамлекеттүүлүктүн демократиялык маңызын алдын ала аныктайт, анда инсандын экономикалык эркиндиги коомдун социалдык-экономикалык жашоосун укуктук жөнгө салууда баалуу ориентир болуп калат (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги жана 19-сентябрындагы чечимдери).
Ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык жана өзүнүн табияты боюнча ажырагыс болгон пайдубал укуктар жана эркиндиктер менен катар, Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болгондугуна шартталган бир нече укуктарды карайт. Адамдын укуктары жана эркиндиктери сыяктуу мамлекет аларды тааныйт жана коргойт. Бул укуктар, эреже катары, жарандардын мамлекеттик иштерге, бийликтин жогорку жана жергиликтүү органдарынын шайлоолоруна катышуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле адамдын мамлекет менен туруктуу саясий-укуктук байланышынан келип чыккан башка укуктарды жана милдеттерди божомолдойт. Мындай укуктардын бири болуп мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоо жана аларга шайлануу укугу болуп саналат.
Демократиялык укуктук мамлекетте шайлоо укуктары конституциялык түзүлүштүн негиздерин сактоо үчүн маанилүү болуп саналат, анткени шайлоо процессинен кѳпчүлүк бийликтин курамы жана анын конституциянын жана мыйзамдардын үстѳмдүгүнѳ, жарандардын укугун жана эркиндигин кармоого болгон мамилеси көз каранды (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 25-ноябрындагы Чечими).
Муну менен бирге, адам менен жарандын укуктары жана эркиндиктеринин келип чыгуусу табигый жаратылышка же жарандыгынын бардыгына шартталгандыгын, бирок алардын көлөмүнүн абалы кайсы бир адамдын жана жарандын конкреттүү социалдык шарттарда болгонуна жараша өзгөрүп туруусун эске алуу зарыл. Мындай шарттардын бири болуп индивиддин өз ыктыяры жана анын жүрүм-турумунун тиешелүү үлгүсүн таңуулаган социалдык ролду кабыл алуусу болуп саналат.
4. Коом жашоого анын жашоо аракетинин тартипке келтирилгендигин жана жөнгө салынгандыгын камсыздоочу механизми болмоюн кудуретсиз. Мындай механизм болуп Конституция менен анын негиз салуучу принциптерин орноткон мамлекет чыгат.
Мамлекет социалдык компромисстин институту катары коомдун кайсы бир бөлүгүнүн эмес, жалпы коомдун кызыкчылыгын билдирет. Мамлекеттик башкаруунун уюштуруучулук негизи жана анын ажырагыс элементи болуп мамлекеттик аппарат чыгат, мамлекеттик таасирдин ар түрдүү формаларын жана методдорун колдонуучу, коомдук мамилелерди мыйзам чыгаруучу, аткаруу, соттук жана башка мамлекеттик бийликтин институттарынын жардамы менен жөнгө салууну жүргүзгөн органдарын жана кызмат адамдарынын тутумун көрсөтөт жана ал кызматкерлерден турат.
Мамлекет жалпы коомго жана анын ар бир мүчөсүнө карата ар түрдүү кыстоонун методдорун легалдуу колдонуу монополиясына ээ, ошондуктан коом анын иш-аракетинин, анын ичинде мамлекеттик бийликтик ыйгарым укуктар энчиленген жактар тарабынан бийликтин зомбулугун жана башка мыйзамсыз жүрүм-турумдарды алып салууга багытталган белгилүү чектөөлөрдү жана тыюуларды киргизүү аркылуу катуу регламенттөөсүз тура албайт.
Ошентип, инсандын мамлекеттик бийликтик иш чѳйрѳгѳ тартылуусу анын укуктук статусун ага жүктѳлѳ турган милдеттерге жараша кыйла ѳзгѳртѳт жана жѳнѳкѳй адамдын же жарандын укуктук статусуна барабар болушу мүмкүн эмес.
Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин аскердик жана башка мамлекеттик кызматтын ѳзгѳчѳлүктѳрүн эске алуу менен чектѳөгѳ жол берилет (20-берененин 2-бѳлүгү). Баш мыйзам менен аскердик жана мамлекеттик кызматтар, аларды ээлѳѳ атайын чектѳѳлѳр менен коштолушу мүмкүн боло турган адамдын иш чѳйрѳсүнѳ таандык кылынат. Ошону менен мыйзам чыгаруучуга мамлекеттик кызматка кирүүнүн жана аны ѳтѳѳнүн ѳзгѳчѳ эрежелерин киргизүү, ошондой эле мамлекеттик кызматка келип жаткан адамдарга алардын кесиптик даярдыгына, ишкердик жана моралдык-этикалык сапаттарына тиешелүү жогорулатылган талаптарды коюу, ошондой эле жѳнү бар жүрүм-турумдун чектерин орнотуу укугу берилет.
Ѳзгѳчѳ эрежелерди жана жогорулатылган талаптарды орнотуу биринчи иретте бүткүл коомдун пайдасы үчүн мамлекеттик бийликти жүргүзүүнүн жогорку деңгээлин сактоого багытталган. Ошондуктан жарандар мамлекеттик кызматка кирүүдѳ, ошону менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин тийиштүү чектелишине ѳз ыктыяры менен макул болуп жаткандарын түшүнүшү керек.
5. Мамлекеттик бийлик саясий, атайын, административдик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер менен камсыздалат. Саясий мамлекеттик кызмат орду – аны ээлөөнүн жүрүшүндө адам бийликтик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу жана саясий программаларды жана долбоорлорду турмушка ашырууга багытталган саясатын аныктоочу чечимдерди кабыл алуучу, Конституцияда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген ыйгарым укуктардын алкагында коюлган саясий максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тартуучу кызмат орду.
Президенттин кызмат орду Кыргыз Республикасынын жогорку саясий мамлекеттик кызмат орду болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60-беренесине ылайык Президент мамлекет башчысы болуп саналат, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин кѳрсѳтүп турат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 3-октябрындагы Чечиминде Президент өз алдынча, мамлекеттик бийликтин башка органдарынан юридикалык жактан көз карандысыз, бирок алар менен тыгыз карым-катышта болуп мамлекеттик жана коомдук турмуштагы эӊ маанилүү маселелерди чечүү үчүн колдонулуучу кеңири ыйгарым укуктарга ээ деп белгилеген.
Кыргыз Республикасынын Президенти түздөн-түз же кыйыр мамлекеттик бийликтин бардык үч бутагын түзүүдө катышат, асыресе, Конституцияда каралган тартипте жана учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо тууралуу маселелерди чечет. Президент сот тутумун түзүүдө катышат, Өкмөт мүчөлөрүн, коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин, ошондой эле алардын орун басарларын кызматка дайындайт жана бошотот. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана кызматтан бошотот да Коопсуздук кеңешин жетектейт.
Мамлекет башчысына жүктөлгөн милдеттердин мазмуну менен мүнөзүнө жараша аларды толук кандуу жана натыйжалуу аткаруу ага көз карандысыздыктын өлчөмдөш кепилдиктери менен укуктук коргоо каражаттары берилгенде гана мүмкүн. Президенттин көз карандысыздыгынын маңызы ал чечимдерди эркин жана өз алдынча кабыл алуу жана Конституция менен мыйзамдарга гана баш ийип, бүткүл коомдун кызыкчылыгын көздөп, бирөөнүн кийлигишүүсүз аракеттенүүгө реалдуу мүмкүндүккө ээ болгон шарттарды түзүүдө камтылат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы ошол эле чечиминде Президенттин укуктук абалын, ал ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин да ѳзгѳчѳ жѳнгѳ салуу зарыл деген жыйынтыкка келген. Бул зарылдык шайлоо жолу менен бийликтин дайыма, легитимдүү жаңыланып туруу жана ротациялануу касиетине ээ болгон демократиялык мамлекет шартында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык бир эле адам эки жолу Президент болуп шайлана албай турганын эске алганда, экс-президенттин укуктук иммунитети Президенттин ыйгарым укуктарын жүзѳгѳ ашыруу мезгилинде ага жүктѳлгѳн функцияларды натыйжалуу жана сырткы факторлордон кѳз карандысыз аткарууну камсыз кыла ала турган тийиштүү жүрүм-турумга дурус мотивация берген эң маанилүү укук демилгелѳѳчү каражат болуп эсептелет дегенден келип чыгат.
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 3-октябрындагы Чечиминде иштелип чыккан укуктук кѳз караштарынын маңызы тѳмѳнкүлѳргѳ келип такалат:
биринчиден, укуктук иммунитетти, бийликти бѳлүштүрүү жана ар кандай бийлик бутактарынын тең салмактуу иштѳѳ принцибине ылайык мамлекеттик бийлик тутумун түзүүгѳ жетүүгѳ жол берген токтото туруу жана тең салмактуулук тутумунун легитимдүү зарыл аспаптарынын бири катары таанууга;
экинчиден, Президенттин укуктук иммунитети, ага жүктѳлгѳн милдеттерди натыйжалуу жана кѳз карандысыз аткарууга мүмкүндүк берген эң маанилүү укуктук каражат болуп эсептелет;
үчүнчүдѳн, экс-президенттин укуктук иммунитети президент институтунун ажырагыс элементи болуп эсептелет, анын жоктугу сѳзсүз иштеп жаткан Президенттин укуктук иммунитетинин алсыздыгына алып кетет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүнүн демократиялык табияты мамлекеттик бийликти бѳлүштүрүү принцибинин негизинде түзүү менен камсыздалып жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кѳптѳгѳн жоболорунда каралган тизгиндөө жана тең салмактуулук тутуму менен сакталышы керек. Мамлекеттик бийлик бутактары сыяктуу эле президент институту Баш мыйзам тарабынан анын кѳз карандысыздыгын камсыз кылган укуктук каражаттар тутумуна ээ кылынган. Маселен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 67-беренеси мамлекет башчысына аны жоопкерчиликке тартуунун ѳзгѳчѳ тартибин орнотуу аркылуу укуктук иммунитет берет. Аталган ченемге ылайык ал жазык жоопкерчилигине аны кызматтан четтетүүдѳн кийин гана тартылышы мүмкүн. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 69-беренесине ылайык кызматтан четтетилгендерден башка бардык мурдагы Президенттер Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болушат. Экс-президенттин статусу мыйзам менен орнотулат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциясы экс-президенттин укуктук статусу тууралуу маселени атайын бѳлүү менен Президенттин ыйгарым укуктарын токтоткон адамдын укуктук абалынын маанилүүлүгүн белгилейт. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жогоруда аталган чечиминде кѳрсѳтүлгѳндѳй укуктук иммунитет гана эмес, экс-президент үчүн «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган бардык башка ѳмүр бою берилген укуктук жана социалдык кепилдиктер да, ѳз жыйындысында Президент тарабынан ѳзүнүн функционалдык милдеттерин толук кандуу аткаруу үчүн зарыл шарт катары, иштеп жаткан Президенттин келечектеги ѳзүнүн абалынын аныктыгы жана туруктуулугундагы керектѳѳсүн канааттандыруучу укуктук механизмди түзѳт.
Ошондуктан, кѳрсѳтүлгѳн укуктук инструменттер экс-президент үчүн сыйлоо чарасы же жеке артыкчылык катары эч бир бааланышы мүмкүн эмес жана иштеп жаткан Президенттин ишмердигин тийиштүү камсыз кылуу боюнча тизгиндөө жана тең салмактуулук тутумун иштетүү үчүн зарыл конституциялык-укуктук жоболордун тутумун түзѳт. Ал эми бул укуктук каражаттардын жоктугу Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде аракетсиздикке же этият аракеттерге алып келет, бул Кыргыз Республикасынын жалпы мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыктарына залал келтириши мүмкүн.
Тизгиндөө жана тең салмактуулук механизминин негизги курамдык бѳлүктѳрүнүн бири болуп, конституциялык коопсуздук тутуму эсептелет, ал бийликтин натыйжалуулугун, анын алмашылып туруусун, жоопкерчилигин жана коомдун контролунун астында болуусун камсыз кылат, конституциялуулук жана мыйзамдуулук режиминин тобокелдерин минималдаштырат, экономикалык коопсуздукту жана улуттук эгемендүүлүктү, ошондой эле инсандын бийликтин ѳз билемдигинен укуктук корголуусун кепилдейт. Конституциялык коопсуздукту камсыз кылуунунун ыкмаларынын бири болуп, жогорку мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдарынын конституциялык-укуктук жоопкерчилигин, ошондой эле алардын жүрүм-турумунун тийиштүү моделин түзгѳн талаптарды жана чектѳѳлѳрдү алардын персоналарына карата орнотуу эсептелет.
Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруудан экс-президенттин наамына ѳтүү конституциялык процессинин динамикасы, ошондой эле мыйзамга ылайык экс-президентке бериле турган кепилдиктердин жыйындысы анын персонасына коомдун аң сезиминде маанилүү орунду жана позитивдүү да, терс да боло турган ѳлкѳнүн коомдук-саясий турмушундагы ѳзүнүн таасирин сактоого мүмкүндүк берет. Дал ушул экс-президенттин наамынын кыйла эл адында болушун алдын ала аныктайт, ушуга байланыштуу ал, ага карата конституциялык-укуктук жоопкерчилик чаралары, анын ичинде мыйзам чыгаруучунун пикири боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына залал келтире ала турган ишмердикти жүзѳгѳ ашырбоо талаптары формасындагы чектѳѳлѳр карала турган субъект болуп эсептелет.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасы менен орнотулган жаңы киргизүүлѳр экс-президентке мамлекеттик бийлик органдарында саясий, атайын мамлекеттик кызматтарды ээлѳѳгѳ, ошондой эле саясий партиянын башкаруу органында кызматтарды ээлѳѳгѳ же болбосо саясий партиянын ишмердигине башка жол менен катышууга тыюу салууну караштырат. Экс-президент тарабынан бул чектѳѳлѳр сакталбаган учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин акты менен ага бардык кепилдиктерди, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен материалдык жана башка камсыз кылууну берүү токтотулат.
Экс-президенттин укуктарына аталган чектѳѳлѳрдү киргизүү, ошондой эле бул талаптарды сактабаган учурда жоопкерчиликти орнотуу, мыйзам чыгаруучу тарабынан ѳзүнүн дискрециясынын алкагында жүргүзүлгѳн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан улуттук коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоого багытталган ѳлчѳмдѳш чаралар катары бааланат жана экс-президенттин укуктук абалы менен шартталган.
Ушуга байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасы экс-президенттин укуктарына чектѳѳнү жана ага бардык кепилдиктерди, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен материалдык жана башка камсыз кылууну берүүнү токтотуу формасындагы жоопкерчиликти орнотуу бѳлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бѳлүгү менен жол берилген даражада жүзѳгѳ ашырылган.
Ошону менен бирге, жогоруда аталган жагдайларга ылайык олуттуу милдеттендирмелер менен жүктѳлгѳн экс-президенттин наамына ээ болгон адам ѳз ыктыяры менен бул статустан баш тартууга жана жаран катары Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген адамдын жана жарандын бардык укуктары менен эркиндиктерин жүзѳгѳ ашырууга, ошондой эле жалпы негизде социалдык бакубаттуулуктар менен колдонууга укуктуу.
6. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт.
Аталган тыюу салууну киргизүү мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын функционалдык милдеттерин аларга жүктѳлгѳн милдеттерге жараша так ажыратуу зарылдыгы менен шартталган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги Чечиминде чагылдырылган укуктук кѳз карашына ылайык, демократиянын жана укуктун маңызы укуктун жаратуучу милдети, анын адамдын ѳзү менен болгон үзгүлтүксүз байланышы мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарына бѳлүүнүн негизинде жүзѳгѳ ашыруунун тартибин бекиткен, чыныгы акылга сыяр укуктук заманбап коомдук бийликке жетишүүгѳ жол берген шарттарды түзүүнү болжойт. Аталган принципти жүзѳгѳ ашыруу коомду мамлекеттик бийликтин ѳз билемдигинен гана коргобостон, анын ишмердигин уюштуруу боюнча натыйжалуу тутумду түзүүгѳ жол берет.
Ошондуктан орнотулган ыйгарымдардын алкагынан чыгуунун ар кандай формалары бийликти бир колдо концентрациялоонун жогорку тобокелдиги менен ѳкүмдүү ыйгарым укуктарды мыйзамсыз ээлеп алууга алып келет, бул мамлекеттик бийликтин узурпацияланышына алып келиши мүмкүн.
Бул конституциялык орнотмонун максаты болуп коомдук кызыкчылыктарды ѳкүмдүү ыйгарым укуктарды коомдук бийликтин субъекттери тарабынан кыянаттык менен пайдалануудан коргоо жана мамлекеттик бийлик органдары жана алардын кызмат адамдарына мамлекеттик маанилүү маселелерди ѳз кароосу боюнча чечүүгѳ жол берген дискрециялык ыйгарым укуктарды алып салуу эсептелет.
Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 11-бѳлүгүнѳ ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын толук тизмеги Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен гана орнотулат жана башка ченемдик укуктук актылар менен кеңейтилиши мүмкүн эмес.
Бирок, «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасына ылайык Кыргыз Республикасынын экс-президенти ушул статьянын 3-бөлүгүндө белгиленген чектөөлөрдү сактабаган учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин актысы менен ага аталган Мыйзамда каралган бардык кепилдиктерди берүү, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен материалдык жана башка камсыз кылуу токтотулат. Башкача айтканда, Президентке Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралбаган жана ѳкүмдүү ыйгарым укук берилүүдѳ.
Андан тышкары, ушул Чечимде белгиленгендей экс-президент статусу президент институтунан ажыратылгыс деген кѳз карашта, ошондой эле бийлик органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ажыратуу принцибинин негизинде иштеп жаткан Президентте экс-президентке карата мындай укуктун болуусуна жол берилгис.
Ошентип, талашылып жаткан ченем каралып жаткан бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 64-беренесинин 11-бөлүгүнө карама-каршы келет. Ушуга байланыштуу анын ар кимдин соттук коргонуу укугун кепилдеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келүүсү жагынан караганда аны баалоо зарылдыгы түшүп калууда.
7. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгү менен жаӊы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт деп бекитилген.
Бул собол мыйзамдар дайыма өзгөрүп турган шарттарда укуктук тутумдун бүтүндүгүн жана анын курамдык бөлүктөрүнүн ортосундагы макулдашылгандыкты сактоого, анын жашагычтыгын камсыз кылууга жана укуктук жөнгө салуунун оптималдуу формаларына жетүүгө мүмкүндүк берет. Бул конституциялык орнотмо укук колдонуунун эӊ негизги принциптеринин бири болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын бардык тармактардагы мыйзамдары үчүн күчү бар.
Бул принциптин жардамы менен укуктук мамилелер өз негизинде алардын катышуучулары үчүн туруктуулук жана аныктуулукка ээ болушат. Мында укуктук жөнгө салуунун бир формасынан экинчисине өтүүнүн негиз салуучу талабы болуп укук субъектилеринин жаӊы мыйзамдын күчүнө киришине чейин болгон абалынын начарлашына жол бербөө саналат.
Бул принцип укуктук тутумдун өнүгүү процессине позитивдүү мүнөз берүү менен юридикалык ченемдердин негизсиз колдонулушуна тоскоолдук болот.
Жаӊы милдетти киргизүү таптакыр жаӊы эрежелерди жана мурда укуктук категория болуп саналбаган, укуктук жөнгө салууга жатпаган милдеттүү жүрүм-турумдардын ченемдерин орнотууну түшүндүрөт. Жаӊы милдет тийиштүү аракеттерди жасоо же болбосо жасоодон баш тартуу, ошондой эле жасалган же жасалбаган аракеттер үчүн жооп берүү буйруусунун пайда болуусу менен коштолот.
Мыйзам тартип бузуучуга мыйзамсыз жоруктар үчүн жаӊы же мурдагыдан катуу мажбурлоо чарасын же анын субъективдүү укуктарына чектөө салууга алып келген, мурда орнотулган юридикалык жоопкерчиликтин өлчөмү жана көлөмү көбөйгөн учурда жоопкерчиликти оордотуучу болуп саналат.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт деп кепилдейт. Жасалган учурга карата укук бузуу деп таанылбаган иш-аракети үчүн эч ким жоопкерчилик тартпашы керек (28-берененин 1-бөлүгү). Аталган мурда мыйзамсыз деп таанылбаган жорук үчүн мамлекеттик мажбурлоо чараларын орнотууда мыйзам аны колдонууга киргизгенге чейин мурда болгон окуяларга тарашы мүмкүн эмес дегенди билдирет.
Ошону менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын жана жарандын укуктук абалынын туруктуулугун кепилдей ала турган жана юридикалык жоопкерчилик жаатындагы мамлекеттин мыйзам чыгаруу аракеттеринин адилеттиги жана гумандуулугунда ишенимдүүлүктү берген укуктук жөнгө салууну жана укук колдонууну орнотууну талап кылат.
«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестигинин көлөмү жана мазмуну маселелерин, ошондой эле аны четтетүү процедурасын жөнгө салган 1-берененин 9-пунктунун жоболору 2007-жылдын 23-октябрынан баштап пайда болгон укуктук мамилелерге карата колдонулат.
Ушуга байланыштуу, арыздануучулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бөлүгүн, 28-беренесинин 1-бөлүгүн бузуу менен экс-президенттин абалын начарлаткан мыйзамга өткөн мезгилге карай колдонууга жол берди деп белгилешүүдө. Мыйзам чыгаруучу экс-президентти жоопкерчиликке тартуунун процедурасын орнотуу менен аны 2007-жылдын 23-октябрынан баштап күчүнѳ киргизди, муну менен экс-президентти ал Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2018-жылдын 3-октябрында Чечим чыгарганга чейин ээ болгон абсолюттук кол тийбестиктен ажыратты.
Биринчи иретте, Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестигин алуу процедурасын камтыган мыйзам чыгаруучу менен кабыл алынган ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бѳлүгүндѳ, 28-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ каралган конституциялык-укуктук мааниде жаңы милдетти же мурда орнотулган юридикалык жоопкерчиликти оорлотууну киргизүүнүн белгилерин камтыбайт деп ѳзгѳчѳ белгилеп кетүү керек. Демек, талашылып жаткан ченем мыйзамдын ѳтүп кеткен мезгилге карата колдонулушуна орнотулган конституциялык тыюу салууга туура келүүчү укуктук ченем катары бааланышы мүмкүн эмес.
Ошол эле убакытта муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2003-жылдын 18-июлундагы № 152 редакциясындагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында экс-президенттин укуктук иммунитетин Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде жасалган кылмыштар үчүн юридикалык жоопкерчиликтин башталышы үчүн четтетүү процедурасынын болбогондугу, анын кол тийбестиги абсолюттуу болушу мүмкүн дегенди билдирбейт деп жыйынтыктайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы бир нече жолу белгилегендей, укуктук иммунитет тизгиндөө жана тең салмактуулук тутумунун легитимдүү каражаты болуп эсептелет, аны колдонуусуз бийликти бѳлүштүрүү принцибинин негизинде мамлекеттик бийликтин конструкциясын түзүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, мамлекеттик курулуш чѳйрѳсүндѳ гана мааниге ээ болгон укуктук каражат катары, укуктук иммунитет кандай гана мамлекеттик кызматка таандык болбосун, ѳзүнүн так чектерине жана четтетүү процедурасына ээ болушу керек. Андай болбосо, укуктук иммунитеттин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Конституциясында каралган конституциялык-укуктук мааниси жоготулат жана ал анын ээсинин жеке артыкчылыгына трансформацияланышына алып келет, бул укуктук мамлекеттин кѳз карашына туура келбейт.
Ошон үчүн укуктук иммунитетти алып салуу механизминин жоктугу анын ээсинин тийиштүү укуктук абалы катары таптакыр каралышы мүмкүн эмес жана мындай процедураны киргизүүдѳн кийинки абалга караганда ийгиликтүү катары жана жаңы милдеттерди камтыган же колдонуудагы юридикалык жоопкерчиликтин формаларын оорлотуучу укуктун жаңы ченемдеринин пайда болуусуна байланыштуу абалдын начарлашы катары бааланышы мүмкүн эмес.
Ошентип, арыздануучулардын пикири боюнча, мыйзам чыгаруучу тарабынан 2007-жылдын 23-октябрынан баштап Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестигин четтетүү процедурасын киргизүү менен шартталган экс-президенттин абалынын начарлашы, мыйзамдын ѳткөн мезгилге карай колдонулушуна тыюу салуу тууралуу конституциялык орнотмо менен себептик-натыйжалык байланышта турбайт.
Ушул себептен, «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ, 28-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келбейт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасы «Кыргыз Республикасынын Президентинин актысы менен» деген сѳздѳрдү алып салганда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө, 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 2-бѳлүгүнүн биринчи абзацына, 3-бѳлүгүнѳ, 35-беренесине, 42-беренесинин 3-бөлүгүнө, 52-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктуна, 74-беренесинин 9-бѳлүгүнѳ карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине ѳзүнүн актысы менен экс-президентке бардык кепилдиктерди, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен материалдык жана башка камсыз кылууну берүүнү токтотуу боюнча ыйгарым укукту берген «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-пунктунун «б» пунктчасынын «Кыргыз Республикасынын Президентинин актысы менен» деген сѳздѳр менен баяндалган ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ, 64-беренесинин 3-бѳлүгүнѳ карама-каршы келет деп таанылсын.
3. «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ, 28-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ карама-каршы келбейт деп таанылсын.
4. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
5. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
6. Ушул Чечим мамлекеттик органдардын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ