Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 15-майы № 61
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 4-апрелинде | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 462-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө";
2) преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын экс-президенти жана алардын багуусунда турган алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн укуктук, социалдык жана башка кепилдиктерди, алардын ар-намысын жана аброюн коргоо формаларын жана ыкмаларын белгилейт жана мамлекет башчысынын ишмердигин камсыз кылууга багытталган.";
3) 1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мамлекеттин башчысы, элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын эң жогорку кызмат адамы болуп саналат.";
4) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийбестиги
Кыргыз Республикасынын Президенти, аны кызматтан четтетүү учурун кошпогондо, кол тийбестик укугуна ээ. Эч бир адам, эч кандай мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийбестигине кол салуучу чараларды көрүүгө же аракеттерди жасоого укуксуз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышы, ошондой эле аны кызматтан четтетүү учурун кошпогондо, кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же болбосо жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийбестиги ал ээлеген турак жана кызматтык жайларга, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивдерге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына жайылтылат.
Кыргыз Республикасынын Президенти аны кызматтан четтеткенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Президентинин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун корутундусу менен бышыкталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан коюлган кылмыш жасагандыгы жөнүндө айыптоонун негизинде гана кызматынан четтетилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Президентин кызматтан четтетүү үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынышы керек.
Кыргыз Республикасынын Президентин кызматтан четтетүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими Кыргыз Республикасынын Президентине каршы күнөө коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими кабыл алынбаса, коюлган күнөө четке кагылган болуп эсептелет.";
5) 4-статьянын 2-бөлүгүндө ", эгерде прокурордук башка чаралар зарыл болгон натыйжаларды бербесе," деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин макулдугу жана моралдык зыяндын суммасын алдын ала макулдашуу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 5-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө:
- 1-пунктунда "мыйзамдарга ылайык белгиленүүчү" деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пунктунда "камсыздандыруу" деген сөздөн кийин ", анын үй-бүлө мүчөлөрүн кошуп алганда" деген сөздөр менен толукталсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын максаттарында Кыргыз Республикасынын Президентинин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чөйрөсүнө жубайы жана жашы жетелек балдары кирет.";
7) 6-статьяда:
а) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн күзөт, турак жай, транспорттук, медициналык, санаторийлик-курорттук жана ушул Мыйзамда каралган башка тейлөөлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан камсыз кылынат.";
б) 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 11-статьяда:
а) 1-бөлүгүндө "51" деген цифралар "67" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын экс-президенти мамлекеттик бийлик органдарында саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө, ошондой эле саясий партиянын жетектөөчү органдарындагы кызмат орундарын ээлөөгө же болбосо саясий партиянын ишине башкача түрдө катышууга тийиш эмес.
Кыргыз Республикасынын экс-президенти ушул статьянын 3-бөлүгүндө белгиленген чектөөлөрдү сактабаган учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин актысы менен ага ушул Мыйзамда каралган бардык кепилдиктерди берүү, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен материалдык жана башка камсыз кылуу токтотулат.";
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 24-октябрындагы чечими
9) 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестиги
Кыргыз Республикасынын экс-президенти ушул статьяда белгиленген чектерде кол тийбестикке ээ. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышы, ошондой эле буга байланыштуу кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же болбосо жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес.
Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестиги ал ээлеген турак жана кызматтык жайларга, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивдерге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына жайылтылат.
Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратылгандан кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде Кыргыз Республикасынын экс-президентинин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун корутундусу менен бышыкталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан коюлган өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы жөнүндө айыптоонун негизинде гана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратылышы мүмкүн.
Аны статусунан ажыратуу үчүн Кыргыз Республикасынын экс-президентине каршы күнөө коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин кем эмесинин демилгеси боюнча жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынышы керек.
Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими Кыргыз Республикасынын экс-президентине каршы күнөө коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими кабыл алынбаса, коюлган күнөө четке кагылган болуп эсептелет.";
10) 13-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын экс-президентине карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда, ушул статьяда каралган бардык кепилдиктер токтотулат.";
11) 17-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 18-статьяда "колтийгис жана мыйзам менен корголот" деген сөздөр "ушул Мыйзамдын 4-статьясында белгиленген тартипте корголот" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 9-пунктунун жоболору 2007-жылдын 23-октябрынан тартып келип чыккан укуктук мамилелерге колдонулат.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 24-октябрындагы чечими
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 17-майындагы N 40 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |