Редакцияот 23.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 23-июну № 397

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын курал-жарактарына кирген атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруунун алкагында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын курал-жарактарына кирген атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев