Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-июну № 398
Республикалык бюджеттин каражаттарынан куруу жана реабилитациялоо боюнча иштерди каржылоо үчүн суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин тандоо критерийлерин жактыруу жөнүндө
Суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттери чөйрөсүндөгү капиталдык салымдарды каржылоого республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттарды пайдаланууну тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттин каражаттарынан куруу жана реабилитациялоо боюнча иштерди каржылоо үчүн суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин тандоо критерийлери тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Республикалык бюджеттин каражатынан куруу жана реабилитациялоо боюнча иштерди каржылоо үчүн суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин тандоо КРИТЕРИЙЛЕРИ
Жаңы курулуш объекттери | ||||
№ | Критерийлер | Балл (көрсөткүч) | Жалпы балл | Максималдуу балл |
1 | Калктуу конуштун башкы планынын болушу | Жогору (10) |
| 10 |
Төмөн (0) | ||||
2 | Географиялык жайгашуусу | Чек ара жанындагы айылдар (45) |
| 35 |
Райондун борборунан алыстыгы (20) (40 км ашык) | ||||
Башка айылдар (15) | ||||
3 | Калктын саны | Жашоочулардын саны: 3000 адам жана андан ашык (15) |
| 15 |
2000 адам жана андан ашык (10) |
| |||
2000 адамга чейин (5) |
| |||
4 | 1000 адамга жыл ичинде суу аркылуу жуккан оорулардын (ичеги, ич келте, жугуштуу гепатит) катышы | Жогору (15) |
| 15 |
Орточо (10) |
| |||
Төмөн (5) |
| |||
5 | Жергиликтүү коомдоштуктун иштердин долбоорун кошо каржылоого ниетин ырастоо | Бар (15) |
| 15 |
Жок (0) | ||||
6 | Долбоордук-сметалык документтердин болушу (ДСД) | Бар (10) |
| 10 |
Жок (0) | ||||
| Жыйынтык: | 100 | ||
Реабилитациялануучу объекттер | ||||
7 | Техникалык абалы | Система 1960-жылга чейин курулган (35) |
| 70 |
Система 1980-жылга чейин курулган (20) | ||||
Система 1990-жылга чейин курулган (15) | ||||
| Жыйынтык: | 170 | ||
Эскертүү:
жаңы курулуш объекттеринин жана реабилитациялануучу объекттердин тизмеси ушул критерийлерге ылайык түзүлөт;
бөлүнгөн акча каражаттары бюджеттик жылда конкреттүү объектти куруу жана/же реабилитациялоо боюнча иштердин толук бүткөрүлүшүн камсыз кылгыдай болуп бөлүштүрүлүшү керек;
эгерде бир нече калктуу конуштар бирдей сандагы максималдуу баллды топтошсо, каржылоонун кезеги калктуу конуштун республиканын областтык борборунан алыстыгын эске алуу менен аныкталат.