Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-июну № 401
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мергенчилик ырастамасын берүү эрежесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында мергенчилик ишин жүргүзүүнү иретке келтирүү максатында, "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мергенчилик ырастамасын берүү эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы (бланк үчүн төлөөнү кошкондо) төмөнкүдөй белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мергенчилик ырастамасын берүү боюнча - 1500 (бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мергенчилик ырастамасынын жупнускасын берүүдө жана алмаштырууда - 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |