Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 401 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мергенчилик ырастамасын берүү ЭРЕЖЕСИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мергенчилик ырастамасын берүү эрежеси (мындан ары - Эреже) "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мергенчилик ырастамасын тариздөө, даярдоо, эсепке алуу, сактоо, берүү, алып коюу, кайтаруу, жокко чыгаруу (жараксыз деп таануу) тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мергенчилик ырастамасы (мындан ары - мергенчилик ырастамасы) - жеке адамдын мергенчи статусун алуусун ырастоочу мамлекеттик документ.
Мергенчилик ырастама бирдиктүү формага, эсептик серияга жана номерге ээ. Белгиленген тартипте берилген мергенчилик ырастама Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында көрсөтүү үчүн жарактуу жана башка мамлекеттердин аймагында да таанылышы мүмкүн.
3. Мергенчилик минимуму - мергенчиге, аңчылыкты пайдалануучуга, алгыр жырткыч куштарды кармоочуга билиши зарыл болгон мергенчилик кылынуучу жаныбарлардын биологиясы, аңчылыктын эрежелери жана ыкмалары, курал колдонуудагы коопсуздук чаралары, аңчылык эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жана аңчылык менен мергенчилик чарбасына байланышкан башка маселелер боюнча минималдуу маалыматтардын комплекси.
Мергенчилик минимуму аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) буйругу менен бекитилет.
2. Мергенчилик ырастамасына документтерди кабыл алуу, сынак тапшыруу, тариздөө, даярдоо, эсепке алуу, сактоо, берүү, алып коюу, кайтаруу жана жокко чыгаруу (жараксыз деп таануу) тартиби
4. Мергенчилик ырастамасы "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде каралган талаптарга ылайык мергенчилик минимуму боюнча сынак тапшырган жеке адамга берилет.
5. Мергенчилик минимуму боюнча сынак тапшыруу үчүн жеке адамдар жашаган жериндеги ыйгарым укуктуу органга арыз-анкетаны беришет.
Арыз-анкетанын формасы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) арыз ээси көрсөткөн жашаган жери боюнча анын каттоосун ырастоо менен Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүк ырастамасынын (ID-карта) көчүрмөсү;
2) 3x4 см өлчөмүндөгү сүрөт (3 даана);
3) психо-неврологиялык же наркологиялык диспансерде эсепте жоктугу жөнүндө медициналык маалымкат;
4) ички иштер органдары берген жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы (тартылбагандыгы) жөнүндө маалымкат.
6. Ыйгарым укуктуу орган жеке адамдан арыз-анкета түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде аны карап чыгат жана сынакты өткөрүү датасы жана орду тууралуу маалымат берүү менен сынакка киргизүү же сынакка киргизүүдөн жүйөлүү баш тартуу тууралуу жазуу (электрондук) жүзүндө кабарлайт.
7. Ушул Эреженин 5-пунктунда көрсөтүлгөн талап кылынуучу документтер жок болгон учурда сынактык комиссия мергенчилик минимуму боюнча сынакка киргизүүдөн баш тартат.
8. Мергенчилик минимуму боюнча сынак айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
9. Мергенчилик минимуму боюнча сынак ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилген тест тапшырмалары боюнча тестирлөө методу менен жүргүзүлөт жана жаныбарлар дүйнөсүн, жапайы жаныбарлар биологиясын сактоо, көбөйтүү жана колдонуу, мергенчилик куралын жана башка кармоо куралдарын колдонуу, аңчылык иттери жана алгыр куштарды салуу жаатындагы ченемдик укуктук актылар боюнча суроолорду камтыйт.
10. Мергенчилик минимуму боюнча сынакты кабыл алуу курамы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилген 5 адамдан кем эмес сандагы сынактык комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат, буга сынактык комиссиянын катчысы кирбейт, ал комиссиянын ишине мергенчилик минимуму боюнча сынакты кабыл алууда добуш берүү укугусуз катышат.
Комиссиянын курамы ыйгарым укуктуу органдын, ички иштер органынын, экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, ошондой эле мергенчилер жана балыкчылар коомдук бирикмелеринин (макулдашуу боюнча) региондук өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринен аныкталат.
Сынактын жыйынтыгы боюнча документтерди кабыл алууну жана тариздөөнү ыйгарым укуктуу органдын региондук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринен дайындалган сынактык комиссиянын катчысы жүзөгө ашырат.
11. Мергенчилик минимуму боюнча сынак тапшырган жеке адамдарга "А", "Б" жана "Л" тиешелүү атайын категорияларды көрсөтүү менен мергенчилик ырастамасы берилет.
"А" категориясы мергенчилик ырастамасын алган бардык адамдар үчүн милдеттүү болгон мергенчилик минимумунун негизги бөлүгүн жеке адамдын билгендигин тастыктайт. Бул категорияга сынак арыз ээси жалпы 60 тесттик суроолордун 40 суроосуна бир сааттын ичинде туура жооп бергенде тапшырылган болуп эсептелет.
"А" категориясына сынактарды тапшырганда жеке адам аңчылыкты пайдалануунун жетекчиси ("Б" категориясы) жана алгыр куштарды кармоочулар ("Л" категориясы) үчүн маалыматтарды билгендигин тастыктаган кошумча категорияларды да алуу үчүн мергенчилик минимуму боюнча сынак тапшыра алат.
Атайын "Б" жана "Л" категорияларын алуу үчүн милдеттүү шарт болуп атайын "А" категориясына сынак тапшыруу эсептелет.
Атайын "Б" категориясын алуу үчүн мергенчилик минимуму боюнча сынак жалпы 20 тесттик суроодон 15 суроого 20 мүнөттүн ичинде арыз ээси туура жооп бергенде тапшырылды деп эсептелет.
"Л" категориясын алуу үчүн мергенчилик минимуму боюнча сынак жалпы 10 тесттик суроодон 7 суроого 10 мүнөттүн ичинде арыз ээси туура жооп бергенде тапшырылды деп эсептелет.
Сынакты тапшыра албай калган учурда арыз ээсине сынактан өткөн күндөн тартып бир жылдан кийин гана мергенчилик минимуму боюнча сынакты тапшыруу үчүн арыз берүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
12. Мергенчилик ырастамасы арыз ээсинин жашаган жери боюнча 10 жылдык мөөнөткө ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет. Мергенчилик ырастамасынын мөөнөтүн узартуу мергенчилик минимуму боюнча сынакты тапшырганда жүзөгө ашырылат. 55 жаш курагына жеткен адамдарга мергенчилик ырастамасы мөөнөтсүз берилет.
13. Мергенчилик статусун алган адамдар ыйгарым укуктуу органдын региондук өкүлчүлүктөрүндө эсепте турууга тийиш.
14. Мергенчилик ырастамасын алганда мергенчинин эсептик карточкасы толтурулат жана мергенчинин өздүк иши түзүлөт. Кыргыз Республикасынын мергенчисинин эсептик карточкасынын формасы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
15. Мергенчилик ырастамасын сынакты тапшырган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органдын региондук өкүлчүлүгүнүн жооптуу адамы берет.
Мергенчилик ырастамасын берүү үчүн негиз болуп сынактык комиссиянын протоколу эсептелет.
16. Эгерде мергенчилик ырастамасы жоголсо же аны колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жараксыз болуп калса, мергенчилик ырастамасынын жупнускасын берүү, ошондой эле аны кайтаруу мергенчинин эсептик карточкасынын жана өздүк ишинин негизинде анын арызына ылайык жүргүзүлөт.
Мергенчилик ырастамасын колдонуу мөөнөтү аяктаганда, жеке маалыматтарды өзгөртүү жана кебетеси (жүзү) физиологиялык жактан олуттуу өзгөргөндө мергенчинин арызына ылайык анын эсептик карточкасынын жана өздүк ишинин негизинде мергенчилик ырастамасы алмаштырылат.
17. Толтуруп жатканда бузулган, алмаштырылган, жокко чыгарылган жана алып коюлган, ошондой эле мөөнөтү өткөн (жараксыз деп таанылган) мергенчилик ырастама бланктар үчүн так отчёттуулуктун белгиленген тартибинде жок кылынууга тийиш.
18. Мергенчилик ырастама мергенчинин тартип бузуу фактылары (браконьерлик) аныкталган учурда мамлекеттик мергенчилик инспекторлору же мамлекеттик мергенчилик инспекторлорунун укуктары берилген башка адамдар тарабынан алып коюлат. Алып коюлган мергенчилик ырастама тартип бузуу фактысы (браконьерлик) аныкталган жери боюнча ыйгарым укуктуу органга же анын региондук өкүлчүлүгүнө белгиленген тартипте өткөрүлөт.
Мергенчилик ырастамасы тартип бузган мергенчиге салынган айыптын жана доо суммалары төлөнгөндөн кийин кайтарып берилет.
Мергенчилик ырастамасы бир нече жолу (3төн ашык) алып коюлган учурда мергенчи өз статусунан мергенчилик минимуму боюнча сынакты кайрадан тапшырганга (кайра тапшыруу) чейин ажыратылат.
19. Мергенчилерди эсепке коюу, эсебин жүргүзүү жана каттоодон чыгаруу тартиби ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
20. "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин берилген, тигил же бул мергенчилер бирикмесинде алардын ээлери мүчө болгондугун тастыктаган мүчөлүк мергенчилик билети бар мергенчилерге мергенчилик ырастамалар алардын мүчөлүк мергенчилик билеттеринин негизинде мергенчилик минимуму боюнча сынактан өткөрүлбөстөн жогоруда аталган Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып эки жылдын ичинде берилет.
21. Мергенчилик ырастамаларда басмаканалык ыкма менен басылган номерлер болот жана так отчёттуулук документи катары сакталат.
22. Мергенчилик ырастамаларынын бланктарын даярдоо, колдонуу жана эсептен чыгаруу так отчёттуулук бланктары үчүн белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.