Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-июну № 404
Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Туманов Т.Т., Никитенко Н.В., Текебаев О.Ч., Абдиев К., Скрипкина Г.А., Шайназаров Т.У., Кочкарова Э.А.-А., демилге кылган Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 404 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Туманов Т.Т., Никитенко Н.В., Текебаев О.Ч., Абдиев К., Скрипкина Г.А., Шайназаров Т.У., Кочкарова Э.А.-А., демилге кылган Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин долбоорун (мындан ары - долбоор) карап чыгып, төмөнкүдөй корутунду берет.
Кодекстин долбоору боюнча төмөнкүлөрдү эске алууну сунуш кылабыз:
1. Долбоордо жаңы жана мааниси ачык эмес өзгөчө бир түшүнүктөр, маселен, "уят ырлары" термини (119-берене) болгондуктан, глоссарийди ага кирбей калган терминдер менен кеңейтүүнү сунуштайбыз.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине ылайык адамдын укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс жана ар бир адамга туулгандан тартып таандык. Адамдын укуктары жана эркиндиктери - эң жогорку баалуулук. Алар түздөн-түз мыйзам чыгаруучу, аткаруучу бийликтин жана жергиликтүү аткаруу органдарынын ишинин маани-маңызын жана мазмунун аныктайт.
Ошондой эле ушул беренеге ылайык Кыргыз Республикасы анын аймагындагы жана анын юрисдикциясындагы адамдардын укуктары менен эркиндиктерин сыйлайт жана камсыз кылат.
Мына ушуга байланыштуу долбоордун 1-беренесинин 3-бөлүгүн "коргоо" деген сөздөн кийин "укуктары жана эркиндиктери" деген сөздөр менен толукталсын деп сунуштайбыз.
3. "Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк граждандардын укуктук абалы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинде Кыргыз Республикасынын жарандары болбогон жана чет мамлекеттин жарандыгына таандык далилдери бар чет өлкөлүк жарандар болуп таанылат деп аныкталган.
Ушундан улам долбоордун 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацындагы "чет өлкөлүк" деген түшүнүктү аталган Мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Долбоордун 43-беренесинин 3-бөлүгүндө жоруктар үчүн жазалардын түрлөрүнүн катуулугунун жагдай-шарты бул Кодекстин 2-тиркемесинде берилген эрежелерге ылайык белгиленет деп айтылган.
Анткен менен аталган термин долбоордо да, Жазык кодексинде да андан ары колдонулган жери жок. Ушуга байланыштуу аны "катаалдыгы" деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
"Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пенсиялык куракка жеткен жана 63төгү эркектер, 58деги аялдар улгайган жарандар деп белгиленген.
Ага байланыштуу "улгайган адамга" деген сөздү "улгайган жарандар" деген термин менен алмаштырууну, ошондой эле бул жарандардын курагын аталган Мыйзамга ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Долбоордун бүт тексти боюнча "пробация кызматы" деген сөз "пробация органы" деген сөз менен алмаштырылсын.
4. Долбоордун 6-беренесинде адилеттик принциби белгиленген. Бул берененин 2-бөлүгүндө соттун мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде соттолгон, же жазык жоопкерчилигинен акталып, бошонуп чыккан же жаза тартуудан бошотулган адам кылмыш же жорук белгилери бар иши үчүн кайтадан жазык жоопкерчилигине тартылбаш керек деген түшүнүк аныкталган.
Буга байланыштуу "кайтадан" деген сөз "акталган" деген сөз менен сүйлөм ичинде такыр тогошпой калууда.
Белгилей турган нерсе, жазык жоопкерчилиги дегендин жалпы калыптанган түшүнүгү - жеке адам тарабынан жасалган жазык кылмышы үчүн мамлекеттик органдар тарабынан жазыктык-укуктук чараларды колдонуу жаатындагы мамлекеттин колдонгон чарасы.
Бирок, "жазык жоопкерчилиги" деген терминдин ачык аныкталбагандыгы укук колдонуу тажрыйбасында кыйла кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Маселен, долбоордун 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн редакциясы пробациялык көзөмөлдү же шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу сыяктуу белгиленген жазасынан бошотулган адам белгиленген жазык-укуктук тартипти бузган учурда эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес дегенди билдирбейби?
5. Ошондой эле жазык жоопкерчилигин жекелик принципке айлантуу (долбоордун 8-беренеси) жана жасалган кылмыштын оордугу, келтирилген зыяндын көлөмү, жабыр тарткандын пикири аркылуу белгилөө анча туура эмес, себеби аталган принциптин өзүнө таянганда да көрсөтүлгөн жагдай-шарттар кылмышты жасаган адамга таандык эмес. Андан тышкары, ал принциптер долбоордун 6-беренесинде каралган адилеттик принцибинде тике же кыйыр түрүңдө белгиленип кеткен.
6. Долбоордун 7-беренесинде белгиленген жазык жоопкерчилигинин жана жазанын жекелик принциби туурасында, анын мааниси күнөөнүн принцибин белгилеген долбоордун 5-беренесинде жана жорук түшүнүгүн белгилеген долбоордун 15-беренесинин 2-бөлүгүндө толугу менен ачылганын белгилейбиз, Мына ушуга байланыштуу бул берененин редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
7. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптары ченемдик укуктук актылардын негизинен эриш-аркактуу жана ырааттуу болуусун карайт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 1 жана 2-долбоорлорунун баптарынын беренелеринин шайкеш түзүмүн иштеп чыгууну сунуштайбыз.
8. 43-берене боюнча.
Жосуну үчүн күнөөлүү деп табылган адамдын эркиндигин чектөө айып пул сыяктуу жазага салыштырганда укугун жана эркиндигин алда канча катуу жазалап жаткандыктан, жаза түрлөрүнүн анча катаал эместен өтө катаалга чейинки иретин кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
9. 45-берене боюнча:
4-бөлүктө "кыянаттык менен коомдук жумуштарды аткаруудан адамдын баш тартуусу" түшүнүгү каралат. Ушундан улам "кыянаттык менен баш тартуусу" деген эмнени билдирери түшүнүксүз болуп калууда, натыйжада бул ченемди тактабай туруп укук колдонуу тажрыйбасында пайдалануу татаал экендиги көрүнүп турат.
Тактоо максатында долбоордун 45-беренесинин 5-бөлүгүндө "347" деген цифраларды "346" деген цифралар менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Ошондой эле долбоор жазанын ушул түрүнө соттолгондон кийин бул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурларга туш болгон коомдук иштерге жазаланган адам коомдук иштерди аткаруудан бошотулабы же жазаны аткаруу токтотулуп турабы, ошентип бул берене ушул сыяктуу жазаларды аткарууга байланыштуу маселелерди жөнгө салууну чагылдырылган эмес.
10. 48-берене боюнча.
Долбоордун 48-беренеси түзөтүү иштерине байланыштуу мамилелерди жөнгө салат. Мында бул берененин 4-бөлүгүндө эгер сот түзөтүү иштери түрүндө жаза бергенден кийин адам жумушунан ажыраса же эмгекке жарамсыз болуп калса, сот ага түзөтүү жумуштарын II категориядагы айып пулга алмаштырары белгиленген.
Мына ушундан улам, жоругу үчүн күнөөлүү деп табылып, түзөтүү иштеринен кийин эмгекке жарамсыз болсо, айып пулду төлөп берүү үчүн акча каражатын кайдан таап берет. Анын үстүнө, ушул берененин 5-бөлүгүндө белгиленген айып пул төлөнбөсө, анын көлөмү 2 эсе көбөйөт экен. Адам айып пулду төлөөдөн дагы деле баш тарткан болсо, анда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 346-беренесине ылайык жоопко тартылат.
Жалпысынан алып караганда, долбоордун 43-беренесинде жазанын түрлөрү анча катаал эместен өтө катаалына карай тизмектелгенин белгилейбиз. Мында айып пул коомдук, түзөтүү иштерине, эркиндигинен ажыратуу ж.у.с жазанын түрлөрүнө салыштырмалуу жазанын катаал түрү катары көрсөтүлүүдө. Мына ушуга байланыштуу түзөтүү иштери сыяктуу жазанын түрүн жүйөлүү себеп менен (оору, ишинен ажыроо) аткарбай калган үчүн айып пул сыяктуу алда канча катаал жазанын түрүн колдонуу акылга сыйбай калууда.
11. Долбоордун 71-беренесинин аталышы "адам органдарын же ткандарын трансплантациялоо, ага тете аларды мыйзамсыз соодалоо мыйзамда белгиленген тартипти бузуу болуп саналат". Мында бул берененин өзүндө мыйзамсыз соодалоо сыяктуу жосун каралган эмес.
12. Долбоордун 75-беренеси үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн жоопкерчиликти карайт. Мына ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 99-беренесинин 2-бөлүгүндө зомбулук жосунун жашырган адамдар мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылаарын белгилейбиз.
Жогоруда айтылганды, ошондой эле балдарга карата зомбулуктун терс тенденциясын эске алып долбоордун 75-беренесин кылмыштын тиешелүү курамы жана андай кылмыш үчүн жаза менен толуктоону сунуштайбыз.
13. Тактоо максатында долбоордун 90-беренесинин эскертүүсүндө "89-93" деген цифраларды "90-94" деген цифралар менен алмаштырууну сунуштайбыз.
14. Долбоордун 96-беренесине ылайык "бирөөнүн жер участкасын өзү билип ээлеп алуу" жорук деп каралган.
Ал эми Кылмыш-жазык кодексинин долбоорунда бирөөнүн жер участогун өз эркинче ээлеп алууга байланыштуу кылмыш каралган (205-ст.). Ошентип, бирөөнүн жер участогун өз эркинче ээлеп алуу менен тартып алуунун ортосунда кандай айырма бар экени күмөн бойдон калууда. Ченемдердин даана эместиги укук колдонуу практикасында татаал, ал тургай коррупциялык иштерге алып келиши мүмкүн.
15. "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык микрофинансы уюму банк эмес жана бул Мыйзамдын талаптарына ылайык айрым банк операцияларын жасай алат.
Ушуга байланыштуу долбоордун 97-беренесин "банк иши" деген сөздөн кийин "же банк операциялары" деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.
16. Долбоордун 104-беренеси контрафакт продукция жасагандык үчүн жазык жоопкерчилигин карайт. Бирок бул ченем бүгүнкү күндө интеллектуалдык менчик объекттерине болгон укуктардын бузулушун толугу менен камтыган жери жок.
17. 162 жана 170-беренелер боюнча.
162-беренеде судья же башка сот ишин тескеген адамдар, сот аткаруучулары, жабыр тарткандар, күбөлөр, жазык кодексинин башка катышуучулары, ага тете алардын жубайлары, же алардын баарынын жакын туугандары катышкан жазык процессинин катышуучуларына карата коопсуздук чаралары тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгаргандык үчүн жазык жоопкерчилиги белгиленген.
170-беренеде укук коргоо же контролго алуу органдарынын курамына кирген кызмат адамдарына, ага тете алардын жубайларына карата колдонулуучу коопсуздук чаралары тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгаргандык үчүн жазык жоопкерчилиги белгиленген.
Биздин көз карашыбызда, аталган кылмыш курамдары жоруктун жана жоруктун жалпы белгилерине ээ. Мында бир гана предмети боюнча айырмаланып турат.
Бирок аты аталган жоруктар өз алдынча жоруктарга бөлүнүп, ал тургай долбоордун башка баптарында да жүрөт.
Ошондой эле 162-беренеде "сот ишин тескеген адамдар" деген терминде жана 170-беренеде "укук коргоо органдарынын кызмат адамдары" деген терминде бир эле адамдар тууралуу кеп болуп жатат, мисалы, тергөөчү, баштапкы тергөө органынын кызматкери.
Жогоруда баяндалгандын негизинде аталган беренелердин редакцияларын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
18. 171 жана 177-беренелер боюнча.
171-беренеде Кыргыз Республикасынын, Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун укук берүүчү же милдеттерден бошотуучу расмий документин же мамлекеттик сыйлыгын мыйзамсыз алгандык үчүн жазык жоопкерчилиги белгиленген.
Ушуга байланыштуу бул контекстте "алуу" деген терминдин күмөн экендигин белгилеп кетүү керек, анткени расмий документтер жана мамлекеттик сыйлыктар сатыкта турбайт да, тиешелүү мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары тарабынан белгиленген тартипте гана берилет. Ушул себептүү Кылмыш-жазык кодексинин долбоорунун 353-беренесинде каралган документтерди жасоодогу кылмыш курамын эске алуу менен бул берененин редакциясын кайра карап чыгуу зарыл деп эсептейбиз.
Долбоордун наамды же бийликти өз эркинче ээлеп алгандык үчүн жоопкерчиликти белгилеген редакциясы боюнча да дал ушундай эскертүү бар.
19. 176-беренеде мамлекеттик символдорду шылдыңдагандык үчүн да жаза белгиленген. Бирок, бул берене боюнча укук колдонуу практикасында көптөгөн суроолор болоорун белгилейбиз. Маселен, мамлекеттик органдардын мамлекеттик герби бар расмий бланктарын же мамлекеттик символдор бар басылмаларды бузуу жорук болуп саналабы?
Мына ушуга байланыштуу, бул берененин өңүтүн "басмырлоо" деген түшүнүктү ачуу аркылуу тактоону сунуштайбыз.
20. 178, 179, 181-беренелер боюнча:
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык чакырык - Мыйзамда жарандарды аскердик милдетти аткарууга белгиленген чакыруу. Ушуга байланыштуу, 178-беренедеги "иш-чара" деген сөздү алып таштоону сунуштайбыз, анткени жоопкерчилик аскердик кызматка тартуу иш-чараларына эмес, аскердик кызматтын өзүнөн баш тарткандык үчүн келип чыгыш керек;
аталган Мыйзамдын 1-беренесине ылайык аскерге милдеттүүлөр деп запаста жүргөн жана аскердик кызматты өтөөнүн белгиленген курактык чегине жеткен, аскердик эсепте турган жарандар эсептелет. Ошондуктан долбоордун 179-беренесинде "резервист" деген сөздү алып салууну сунуштайбыз;
- көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык отставка - аскер кызматчыларынын запаска өтпөстөн аскер кызматынан кетүүсү.
Аскердик кызматта жаш чегине жеткен аскер кызматчылары ушул Мыйзамга ылайык запаска чыгууга же отставкага кетүүгө тийиш.
Андан тышкары, мөөнөттүү аскер кызматы - ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик түзүмдөргө милдеттүү чакырыкка негизделген жарандардын аскердик кызматы.
181-беренеде баяндалгандарга байланыштуу "чакырык боюнча аскердик" деген сөздөрдү "мөөнөттүү аскердик" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
21. Жазык кодексинин долбоорунун 364-беренесинде Кыргыз Республикасына кол салууну өз убагында аныктоо жана кол салуунун мизин майтаруу боюнча, анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аскердик кызматтын эрежелерин атайын же этиятсыздыктан бузгандыктын натыйжасында олуттуу зыян келтиргени үчүн жазык жоопкерчилиги каралат.
Бирок аскер кызматчыларынын аскердик нөөмөттүн эрежелерин бузгандыктын натыйжасында ден соолукка анча оор эмес зыян келтиргени үчүн Жоруктар жөнүндө кодексте жоопкерчилик каралган эмес. Ушуга байланыштуу маселе толугу менен камтылбай калганын белгилейбиз.
22. Долбоордун 187-беренесинде автоунааларды айдоонун же аларды эксплуатациялоонун эрежесин бузгандык үчүн жоопкерчилик каралган. Мында долбоордун 155-беренесинде дал ушундай жоруктун курамы каралган.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бир эле укук бузуу үчүн эч ким кайталап юридикалык жоопкерчиликке тартылбашы керектигин белгилейбиз.
Бул мыйзам колдонуу тажрыйбасында кыйынчылыктарды туудурары шексиз. Долбоордун 150 жана 188-беренелери боюнча эскертүүлөр дал ушундай эле.
Андан тышкары, көрсөтүлгөн беренелерде, ошондой эле долбоордун башка беренелеринде "айдоо эрежелерин бузуу", "жол коопсуздугунун эрежелерин бузуу" терминдери колдонулууда. Бирок, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (КРӨ 04.08.1999-ж. № 421 токтом) токтому менен бекитилүүчү Жолдо жүрүү эрежелери иштейт.
23. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 18-беренесине ылайык ар бир адам ушул Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка дагы ар кандай иш-аракеттер менен иштерди жүзөгө ашырууга укуктуу.
Ошентип, жазык жоопкерчилиги Конституция жана мыйзам тыюу салган аракеттер (аракетсиздик) үчүн гана белгилениши керек.
Ушуга байланыштуу долбоордун 118, 127, 133, 134, 136, 137, 141, 142, 146, 148, 150, 153, 155, 156, 157, 158, 183-188-беренелери боюнча ушундай эле пикир бар.
24. Долбоордун 20-бабында баптын аталышына ылайык акча-кредиттик жана валюталык чөйрөдөгү жоруктарды караштыруу сунушталган. Ошону менен бирге эле, баптын 110, 111 жана 112-беренелери менен баалуу кагаздарды чыгарууда (эмиссиялоодо) кыянаттык кылуу, баалуу металлдарды, табигый баалуу таштарды мыйзамсыз жүгүртүү жана мамлекетке баалуу металлдарды жана баалуу таштарды берүү эрежелерин бузгандык үчүн жоопкерчилик каралууда. Саналып кеткен жоруктардын түрү акча-кредиттик жана валюталык чөйрөдөгү жоруктарга кирбейт, баалуу кагаздар чөйрөсүндөгү жана баалуу металлдар жана баалуу таштар чөйрөсүндөгү жоруктарга кирерин эске алыш керек.
Жогоруда баяндалгандын негизинде долбоордун 20-бабынын аталышын башка редакцияда берүүнү сунуштайбыз.
25. Долбоордун 114-беренеси менен жеке күзөт кызматынын жетекчисинин же кызматчысынын лицензияга ылайык берилген ыйгарым укуктарын ашыкча пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө сунушталууда.
Ал эми "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинде лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрүнүн толук тизмеси берилген, ага жеке күзөт кызматын лицензиялоо кирген эмес. Ушундай болгондуктан, долбоордун 114-беренесин толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
26. Долбоордун терминологиясын бирдей түргө келтирүү максатында 124-беренедеги "ири эмес өлчөмдө" деген сөздөрдү "көп эмес өлчөмдө" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
27. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө чакыруу боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылардын качуусу барган сайын тынчсыздандырып жаткандыгын, ошондой эле контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын дагы ушундай эле укук бузуу жасашы мүмкүн экендигин эске алып, долбоордун 181-беренесин "чакыруу боюнча" деген сөздөрдөн кийин "контракт боюнча" деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.
28. Сунушталган долбоор кылдат лингвистикалык экспертизага да муктаж, анткени мамлекеттик тилдеги долбоордо 186-берене болсо, расмий тилдеги долбоордо 188-берене бар.
29. Жалпысынан Кодекстин долбоорунда каралган, коомдон ажыратууга байланышпаган жазаларды аткаруу иши жана түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда бошонуп чыккан адамдарды контролдоо иши жүктөлүүчү пробация органдарын түзүүгө тиешелүү новеллаларды практикада ишке ашыруу үчүн уюштуруу, техникалык жана финансылык каражат чаралардын комплекси зарыл болот деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин долбооруна карата мүмкүн болуучу финансылык-экономикалык эсептөөлөр жана баалоо жөнүндө корутундуга ылайык каржылоо үчүн жалпы керектөө 89,0 миллион сомду түзөт.
Орто мөөнөттүү келечекте республикалык бюджетте дефициттин жогорулугун эске алганда жакынкы 2-3 жылда финансылык каржылоо булагын табуу кыйын.
Ушуга байланыштуу, Кодекстин долбоорунан келип чыгуучу маселелерди 2016-2017-жылдардан мурда жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес, себеби 2015-жылга республикалык бюджетте жана 2016-2017-жылдарга болжолдо Кодекстин долбоорунан келип чыгуучу иштерди жүзөгө ашырууга каражат каралган эмес.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин долбоорун айтылган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен, ошондой эле өлкөнүн реалдуу финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен айрым институттарды этаптуу ишке киргизүүнү караштырган мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан шартта кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.