Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-июну № 405
"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
"Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-жыл, № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1-берене.
1. 4-статьянын он тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдар;".
2. 11-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактарда жашаган калктын муктаждыктарын эске алуу менен кошумча социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аймактык тизмегин аныкташат жана бекитишет.".
3. 25-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|