Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-июну № 360
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин
долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.-А.Кочкарова тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2015-жылдын «15» июнундагы
№ 360 токтому менен
жактырылган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.-А.Кочкарова тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Жалпысынан, жазаны аткаруу, соттолгондорду оңдоо жана алар тарабынан жаӊы кылмыштардын жасалышынын алдын алуу боюнча мамлекеттин ишинин методдорун жана түрлөрүн, принциптерин жана негизги багыттарын, максаттарын жана милдеттерин аныктаган мамлекеттин жазык аткаруу саясатына кылмыш-жаза саясаты түздөн-түз таасир тийгизет.
Ошого байланыштуу Жазык-аткаруу кодексинин долбоорунун ченемдерин андан ары талаптагыдай жеткире иштөө үчүн биринчи кезекте Кылмыш-жаза кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин долбоорунун жоболорун биринчи кезекте иштеп чыгуу зарыл экенин белгилейбиз.
Ошону менен бирге, Кодекстин долбоору боюнча төмөнкүлөрдү эске алууну белгилейбиз:
1. Долбоор жаңы жана өзгөчө түшүнүктөрдү камтыгандыгын эске алып, терминдердин глоссарийин иштеп чыгууну жана Кодекстин долбоорун сунуштайбыз.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.
Буга байланыштуу, Кодекстин долбоорунун 1-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн бириктирип, төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз.
«1. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда бекитилген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле жаза мөөнөтүн өтөө жана башка жазыктык-укуктук мажбурлап таасир көрсөтүү чараларын колдонуунун аткаруу шарттарын жана тартибин бекиткен эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине негизделет.».
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесин эске алып, Кодекстин долбоорунун бүткүл тексти боюнча «Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамдардагы тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер» деген сөздөрдү тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
3. Кодекстин долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда Кодекс Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу мыйзамдарында коюлган маселелерге ылайык Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинде, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин долбоорунда каралган жалпы жоболор жана жаза аткаруу жана башка жазык-укуктук таасир берүүнүн мажбурлоо чараларынын принциптерин аныктаары айтылган. Бирок, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин кайсы бөлүгүндө жазык-укуктук таасир берүүнүн мажбурлоо чараларынын принциптери жана жоболору белгиленген деген суроо туулат.
4. 19-берененин 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөмдө камтылган, 22-берененин 2-бөлүгүндө, ошондой эле Кодекстин долбоорунун 22-беренесинин 2-бөлүгүндөгү жана 23-беренесинин 7-бөлүгүндөгү ченемдер боюнча жеке менчиктеги саламаттыкты сактоо мекемелеринде медициналык жардам көрсөтүү механизмдерин аныктоого, аралыктан туруп башкаруу технологиясын колдонуу менен соттолгондорду жогорку билим менен камсыз кылуу, соттолгондор тарабынан диний ырымдарды жүзөгө ашыруу үчүн орун-жайларга тиешелүү маселелерди кылдат иштеп чыгуу зарылдыгына көӊүлдү бурмакчыбыз, анткени бул айтылган ченемдерди жүзөгө ашыруу тийиштүү финансылык чыгымдарды талап кылат, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна алып келиши мүмкүн.
Мындан тышкары, 19-беренени төмөндөгүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз:
«4. Соттолгондордун майыптык фактысын аныктоо боюнча күбөлөндүрүү жана кайра күбөлөндүрүү жазаны ишке ашыруунун жана кылмыштык укуктук таасир берүүнүн башка чараларын өтөөчү түзөтүү мекемелери жайгашкан жери боюнча аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссияларында өткөрүлөт (МСЭК).».
5. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасында берилген ченем чыгаруу ыкмаларынын талаптарын эске алуу менен Кодекстин долбоорунун 24-беренесинин 6-бөлүгүндөгү «биринчи жана экинчи» деген сөздөрдү «1 жана 2» деген цифралар жана сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Ушундай эле учурларды 30-берененин 2-бөлүгүндө, 38-берененин 2-бөлүгүндө, 41-берененин 5-бөлүгүндө, 46-берененин 5-бөлүгүндө, 47-берененин 3-бөлүгүндө, 56-берененин 5-бөлүгүндө, 67-берененин 4 жана 5 бөлүктөрүндө, 48-берененин 4-бөлүгүндө, 92-берененин 1-бөлүгүндө, 98-берененин 3-бөлүгүндө, 100-берененин 2-бөлүгүндө, 104-берененин 1-бөлүгүндө, 107-берененин 3-бөлүгүндө, 116-берененин 3-бөлүгүндө, 117-берененин 3-бөлүгүндө, 118-берененин 4-бөлүгүндө, 120-берененин 1 жана 4 бөлүктөрүндө, 125-берененин 6-бөлүгүндө, 127-берененин 7-бөлүгүндө, 130-берененин 6-бөлүгүндө, 131-берененин 7-бөлүгүндө, 138-берененин 2-бөлүгүндө, 152-берененин 5-бөлүгүндө, 153-берененин 8-бөлүгүндө, 154-берененин 2-бөлүгүндө, 157-берененин 2-бөлүгүндө, 162-берененин 2-бөлүгүндө, 169-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө, 170-берененин 1-бөлүгүндө да эске алууну сунуштайбыз.
6. Жогоруда аталган Кодекстин долбоорунун 29-беренесинин 3-бөлүгүндөгү «дисциплинардык аскер бөлүктөрү» деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз, анткени дисциплинардык аскер бөлүгү, аскер кызматында жооптуу кызматтарды ээлебеген мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларынын жазаларын өтөө жөнүндөгү соттун чечимдерин аткарат.
Мындан тышкары, Өкмөткө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына, функцияларына тиешелүү кайсы-бир ченемдерди мыйзам чыгаруу деӊгээлинде бекитүү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине каршы келээрин эске алууну сунуштайбыз. Буга байланыштуу, Кодекстин долбоорунун 29-беренесинин 11 жана 12-бөлүктөрүнүн редакцияларын кайра кароону сунуштайбыз.
Кодекстин долбоорунун 69-беренесинин 4, 5 жана 8-бөлүктөрүндө да ушундай эле учурлар бар.
Мындан тышкары, 29-берененин 5-бөлүгүндө атайын, аскердик, ардак наамдардан же класстык чендерден, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу менен кошо «дипломатиялык рангдан ажыратуу» да каралышын сунуш кылабыз.
7. 31, 37-беренелердеги «жергиликтүү аткаруу бийлик органдарынын» деген сөздөрдү «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
8. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө» Мыйзамынын ченемдерин эске алуу менен, долбоордун 38-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктундагы «байкоочу комиссиялар» деген сөздөрдү «коомдук кеңештер» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
9. Жаза жана коомдон бөлүү менен байланышкан башка жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүчү мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелер республикалык жана облустук маанидеги шаарларда жайгашканын эске алып, Кодекстин долбоорунун 41-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчылары менен катар жаза жана башка жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерине ал үчүн атайын уруксатсыз баруу укугун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчыларына да берүүнү сунуштайбыз.
10. Кодекстин 41-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пункту менен Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазага каршы комитетинин ыйгарым укуктуу мүчөлөрүнө жана анын өкүлдөрүнө, атайын уруксатсыз эле жаза өтөө мекемелерине жана башка коомдон бөлүү менен байланышкан жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын жана жазаларды аткаруу мекемелерине баруу укугун берүү сунушталган.
Мында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет экенин белгилеп кетүү керек.
Ушуга байланыштуу, эгемендүүлүк – бул кайсы-бир сырткы күчтөрдөн көз карандысыз, эркин мамлекеттик бийликтин үстөмдүгү экендигин эске алып, Кодекстин долбоорунун 41-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун алып салууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
11. 43, 81, 89, 98, 100, 104, 108, 109, 114, 121, 162 жана 164-беренелердеги ар кайсы жөндөмөлөрдөгү «биринчи жана экинчи топтогу майыптар» деген сөздөрдү «I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар» деген тиешелүү жөндөмөдөгү сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
12. Аталган Кодекстин долбоорунун 43-беренесинин 4-бөлүгүн «соттолгон адам аскер кызматына чакырылганда» деген сөздөрдөн кийин «согуш мезгилинде же мобилизация боюнча» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз, анткени «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктунун үчүнчү абзацына ылайык аскердик кызматка өтүү убагында Мыйзам тарабынан белгиленген тартипте жоюлбаган же алынып салынбаган соттолгондугу болсо же ага карата кылмыш иши козголсо, жаран контракт боюнча аскер кызматына чакырыла албайт. Согуш мезгилинде өлкөнүн жогорку жетекчилигинин же аскер башчылыгынын чечими боюнча запаста турган соттолгон жактар аскер кызматына чакырылышы мүмкүн.
Ушундай эле, 47-берененин 5-бөлүгүн жана 52-берененин 4-бөлүгүн «соттолгон адам аскер кызматына чакырылганда» деген сөздөрдөн кийин «согуш мезгилинде же мобилизация боюнча» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
13. Кылмыш-жаза жана Жазык-аткаруу кодекстеринин долбоорлорунда айтылган терминдерди бирдейлештирүү максатында Кодекстин долбоорунун 45-беренесин Кылмыш-жаза кодексинин 65-беренесинин жоболоруна ылайык келтирүүнү сунуштайбыз. Атап айтканда:
1 жана 3-бөлүктөрдөгү «коомдук иш түрүндөгү жазаны өтөөдөн» деген сөздөрдү «коомдук иштерди аткаруу үчүн» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз;
1-бөлүктүн 5-пунктундагы «жазаны өтөөдөн» деген сөздөрдү «коомдук иштерди аткаруудан» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
14. 46-беренеде:
4- бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
«4. Коомдук жумуштарды аткаруудан кыянат качкан же жазаны өтөөдөн качуу максатында жашырынып жүргөн соттолгондорго карата пробация органы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 65-беренесине же Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин долбоорунун 45-беренесине ылайык сотко сунуштама киргизет.»;
- бир түрдүү укук колдонуу практикасынын максатында, 6-бөлүктү төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
«6. Жашаган жери аныкталбаган соттолгон адам коомдук жумуштарды аткаруудан жашырынып жүрөт деп төмөнкү учурларда таанылат, эгер:
1) соттун өкүмү (токтом, аныктама) мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он күндүн ичинде жазаны өтөөгө тартылуу жана эсепке коюу үчүн пробация органдарына келбесе;
2) пробация органы дайындаган күндөн тартып он беш күндүн ичинде коомдук жумуштарды аткарууга же алдын алуучу маектешүүгө катышууга жана каттоо үчүн келбесе»;
3) 7-бөлүктү алып салууну сунуштайбыз, анткени бул жобо Кылмыш-жаза кодексинин долбоорунун 65-беренесинин 5-бөлүгүнө каршы келет, ага ылайык коомдук иштерди аткаруудан адам кыянаттык менен качса жазаны аткарууну тейлеген органдын сунушу боюнча сот бул жазаны адам соттолгон берененин (берененин бөлүгүнүн) тиешелүү санкциясында каралган башка жаза менен алмаштырат.
15. 52-беренеде:
- 52-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Соттолгон аял кош бойлуу болуп калганда, соттолгон I же II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болуп таанылганда, соттолгон адам аскер кызматына чакырылганда же ал эмгекке жараксыз болуп калганда пробация органдары Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин долбоорунун 48-беренесине же Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесинин ченемдерине ылайык сотко сунуштама жөнөтөт.»;
- 52-берененин 5-бөлүгүндө соттолгон адам жумуш ордун жоготкон же эмгекке жараксыз болуп калган учурда, пробация органдары Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин жана Кылмыш-жаза кодексинин долбоорлорунда каралган тартипте түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны айып пулга алмаштыруу жөнүндө сунуштамасын сотко жөнөтөөрүн белгилөөнү сунуштайбыз;
Мында, Кылмыш-жаза кодексинин долбоорунун 67-беренесинин 6-бөлүгүндө соттун өкүмүнүн токтомунан кийин жумушун жоготкон жана 1 айдын ичинде өз каалоосу менен жумушка орношпогон адамга түзөтүү иштерин сот коомдук иштерге алмаштырат деп белгиленген.
Мындан тышкары, түзөтүү иштерине жөнөтүү жөнүндөгү соттун өкүмүнүн токтому чыккандан кийин эмгекке жараксыз болуп калган адамдарга карата жазаны алмаштырууну жөнгө салуучу жоболор Кылмыш-жаза кодексинин жаӊы долбоорунда жок экендигин белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу, Кодекстин долбоорунун 52-беренесинин 5-бөлүгүн, сунушталган эскертүүлөрдү эске алуу менен Кылмыш-жаза кодексинин долбоорунун 67-беренесинин жоболоруна ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Кодекстин долбоорунун 53-беренесинин 4-бөлүгү алып салынсын, анткени бул бөлүктүн жоболору Жазык-аткаруу кодексинин долбоорунун 52-беренесинин 5-бөлүгүн кайталайт.
18. 56-беренеде:
Укуктук буйрутмаларды туура баяндоо максатында 5-бөлүктү төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
«5. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөдөн соттолгондун кыянат качуусу катары ушул Кодекстин 52-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн соттолгондордун милдеттерин кайталап бузушу жана түзөтүү жумуштарынын башка жаза менен алмаштырылышы мүмкүндүгү жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү эскертүүдөн кийин ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөө тартибин жана шарттарын кайталап бузуу таанылат.».
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин долбоорунун 56-беренесинин жоболорунун жана Кылмыш-жаза кодексинин долбоорунун 67-беренесинин жоболорунун ортосундагы карама-каршылыкты жоюу максатында 6-бөлүктү төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
«6. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жаза өтөөдөн кыянаттык менен качкан же жазаны өтөөдөн качуу максатында жашынып жүргөн соттолгондорго карата, пробация органы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесине ылайык катуураак жаза колдонуу жөнүндө сотко сунуштама киргизет.»;
Бир түрдүү укук колдонуу практикасынын максатында, 7-бөлүктү төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
«7. Жашаган жери аныкталбаган соттолгон адам коомдук жумуштарды аткаруудан жашырынып жүрөт деп төмөнкү учурларда таанылат эгер:
- соттун өкүмү (токтом, аныктама) мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он күндүн ичинде эсепке коюу үчүн жазаны өтөөгө тартылуу үчүн пробация органдарына келбесе.»;
- пробация органы дайындаган күндөн тартып он беш күндүн ичинде коомдук жумуштарды аткарууга же алдын алуучу маектешүүгө катышууга жана каттоо үчүн келбесе;
Ошондой эле, мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө жүргүзүлгөн мамлекеттик реформанын натыйжасында мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын аталышынын өзгөрүп жаткандыгын эске алуу менен Кодекстин долбоорунун 56-беренесинин 8-бөлүгүн мыйзамдын конкреттүү аталышынын ордуна « ___________ чөйрөсүндөгү мыйзамдар» деген универсалдуу терминин колдонууну сунуш кылабыз.
Ушундай эле сын-пикирлер Кодекстин долбоорунун 40-беренеси, 56-беренесинин 9, 10-бөлүктөрү, 58-беренесинин 2, 3, 4, 5 жана 6-бөлүктөрү, 59-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү, 67-берененин 9-бөлүгү, 68-беренесинин 2-бөлүгү, 70-беренесинин 2-бөлүгү, 71-беренесинин 3-бөлүгү, 156-беренесинин 3, 4-бөлүктөрү боюнча да бар.
8, 9 жана 10-бөлүктөр алынып салынсын, анткени бул бөлүктүн жоболору Кодекстин долбоорунун 59-беренесинин жоболорун кайталайт.
19. Кодекстин долбоорунун 57-беренесинин 2-бөлүгү менен үч эселенген айып акчалай түрүндө же болбосо натуралай төлөнүлүшү мүмкүндүгү каралган. Бул боюнча, азыркы учурда үч эселенген айыпты натуралай төлөөнүн механизми аныкталбагандыгын белгилейбиз.
20. Кодекстин долбоорунун 58-беренесинин 5 жана 6-бөлүктөрүн алып салууну сунуштайбыз, анткени алар Кодекстин долбоорунун 58-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүнүн жоболорун кайталайт.
21. 69-берененин 8-бөлүгүндө чыгымдардын ордун толтуруу үчүн чыгарып жиберилүүчү адамдын каражаты жок же жетишсиз болгон учурларда чыгарып жиберүү бюджеттик каражаттардын эсебинен ишке ашырылаарын белгилөө сунушталган. Буга байланыштуу соттолгон адамды чыгарып жиберүү кайсы мамлекеттик органдын каражаттарынын эсебинен ишке аша тургандыгы боюнча суроо туулат.
22. Кодекстин долбоорунун 70-беренесинин 1-бөлүгүндөгү «соттун өкүмү» деген сөздөрдү «аткаруу барагы» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз, анткени келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча өкүм аткаруу барагынын негизинде ишке ашырылат, ага соттун аткаруучусунун аткарылгандыгы жөнүндө белгиси коюлган.
23. Укук колдонуу практикасында так эмес туюндурмалар коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болуусуна түрткү болот, анткени тиешелүү субъектке кенен дискрециялык ыйгарым укуктарды бергендиктен, Кодекстин долбоорунун 73-беренесинин 6-бөлүгүндө «бул түзөтүү мекемелеринде соттолгондордун андан ары болуусуна тоскоол боло турган башка жагдайларда» деген сөздөрдү алып салууну же кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
24. Көңүл бура турган нерсе, жыл сайын террористтик мүнөздөгү же экстремизмдин белгилери кылмыштары боюнча соттолгондордун саны өсүп жаткандыгын эске алуу менен соттолгондордун арасында экстремисттик идеологияны жайылтууга жол бербөө максатында экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштар боюнча соттолгондорду өзүнчө кармоо маселесин кароо зарыл болуп жатат.
Буга байланыштуу Кодекстин долбоорунун «Соттолгондорду түзөтүү мекемелеринде өз-өзүнчө кармоо» деген 80-беренесинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин беренелери менен каралган жогоруда белгиленген мүнөздөгү кылмыштарды атап чыгуу зарылдыгын белгилейбиз.
25. Жаза жана коомдон бөлүүгө байланышкан башка кылмыштык-укуктук таасир көрсөтүүчү мажбурлоо чараларын ишке ашыруучу мекемелер республикалык жана облустук маанидеги шаарларда жайгашкандыгын эске алуу менен Кодекстин долбоорунун 82-беренесинин 8-бөлүгүндөгү «жергиликтүү аткаруу органдары менен» деген сөздөрдү «жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
26. Кодекстин долбоорунун 84-беренесинин 4-бөлүгүндө жатак абактардан бөлөк түзөтүү мекемелеринин аймагында уюлдук байланыштын, радио сигналдарын жайылтууга тыюу салуу сунушталган, ал үчүн байланыш операторлору жана тармактын ээлери үчүн өздөрүнүн байланыш тармактарын оптималдаштырышат же мекемелердин аймактарына атайын техникалык жабдууларды орнотушат.
Мында «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердик жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасири талдоого алынууга тийиштигин айтмакчыбыз.
Буга байланыштуу бул ченем боюнча жөнгө салуунун таасирин талдоо зарыл экенин белгилейбиз.
27. Кодекстин долбоорунун 85-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдери аталган берененин 1-бөлүгүнүн жоболорун, ошондой эле «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин 1-бөлүгүн кайталагандыктан, 85-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз.
28. Кодекстин долбоорунун 90-беренеси боюнча:
- 4-бөлүгүндө, соттолгондордун жакын туугандарынын, жашы жете элек балдарынын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу, профилактика жана ооруган соттолгондорду дарылоого тартуу максатында кургак учуктун ачык формасы менен ооруган соттолгондорго узак мөөнөттүү жолугушууларды үчүнчү жактар менен байланышын чектөө шарттарын сактоо менен гана берүүнү сунуштайбыз;
5-бөлүгүндө соттолгондор менен жолугушууга келген адамдардын узак мөөнөттүү жолугушуу бөлмөсүндө жашап турушу өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен төлөнөөрүн белгилөө сунушталган.
Мында, «жашап турушу» деген термин эмнени билдирээрин жана ал кимге жана кандайча төлөнөөрү түшүнүксүз экендигин белгилейбиз.
29. Кодекстин долбоорунун 91-беренесинин 2-бөлүгүндө посылканын жана бандеролдун максималдуу салмагы почта эрежелери менен аныкталаарын белгилөө сунушталган, муну менен жогоруда көрсөтүлгөн эрежелер ким тарабынан аныкталары түшүнүксүз.
Буга байланыштуу “аныкталат” деген сөздөн мурда “белгиленген эрежелер” деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз. Кодекстин долбоорунун 94-берененин 2-бөлүгү боюнча да ушундай эле сунуш бар.
30. Кодекстин долбоорунун 97-беренесинин 2-бөлүгүн соттолгон адамдын жаӊы кылмыш жасашынын алдын алуу максатында, мурда түзөтүү мекемесинен же кайтарыктан качкандыгы үчүн соттолгон адамдарга, ошондой эле качканга ыктуу же эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн качып жүргөн адамдарга соттолгондорду кайтаруучу аймактан сыртта конвойсуз же коштоосуз жүрүүгө тыюу салуучу жобону камтыган пункт менен толуктоону сунуштайбыз.
Кодекстин долбоорунун 98-беренесинин адамдардын айрым категорияларына ушул Кодекстин 98-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча сыртка чыгууга тыюу салган 3-бөлүгү боюнча да ушундай эле сунуш бар.
31. Кодекстин долбоорунун 98-беренесинде «майып балдар» деген сөздөрдү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө мыйзамга ылайык «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, Кодекстин долбоорунун 98-беренесинин 6-бөлүгүндө соттолгондорго түзөтүү мекемесинин начальнигинин жеке өзү тарабынан тийиштүү жагдайларда түзөтүү мекемелеринен сыртка чыгууга уруксат берүү жол-жобосу каралган.
Түзөтүү мекемелеринин начальниктери тарабынан кыянаттык кылуу жана уруксаттарды мыйзамсыз берүү фактыларынын алдын алуу максатында жогоруда көрсөтүлгөн беренеге прокурорго андай чечим жөнүндө милдеттүү билдирүүнү караган толуктоо киргизүүнү сунуштайбыз.
32. Жогоруда көрсөтүлгөн Кодекстин 99-беренесинде социалдык жөлөкпулдарды төлөө боюнча жоболорду чагылдыруу зарыл, анткени «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, мамлекеттик жөлөкпулдар эркиндигинен ажыратуу жайларында жүргөн жашы жеткен жарандарга, - дайындалган ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун 25 пайызы өлчөмүндө төлөнөт.
33. Кодекстин 100-беренесинин 5-бөлүгү менен жатак-абактарда жазасын өтөп жаткан соттолгондор карантиндик бөлүмдө жүргөн мезгилде гана акысыз тамак-аш менен камсыз кылынат деп белгилөө сунушталган.
Ушуга байланыштуу, жатак-абактардын ишинин өзгөчөлүгүнө ылайык ар кандай мөөнөттөргө айыптык изоляторлорго 15 суткага чейин киргизүүгө жол берилээрин эске алуу менен, Кодекстин долбоорунун ушул беренесинин 5-бөлүгүн «карантиндик бөлүмдө» деген сөздөрдөн кийин «жана айыптык изоляторлордо» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
34. 1991-жылы Мальта шаарында 43-Бүткүл дүйнөлүк Медициналык Ассамблеяда кабыл алынган Ачкачылык жарыялаган адамдарга врачтардын мамилеси жөнүндө декларацияга ылайык, ачкачылык жарыялаган адамдар аларга карата күч менен басым жасоонун бардык түрүнөн корголуусу зарыл. Врач медициналык кийлигишүү жол-жобосунун ар кандай түрлөрүн жүзөгө ашыруудан мурда, өзгөчө кырдаалда өзүнүн түшүнүгү боюнча оорулуунун кызыкчылыгы үчүн аракет кылууга мажбур болгондон башка учурларда пациенттен өзү билип туруп берген макулдугун алууга милдеттүү.
Ушуга байланыштуу, Кодекстин долбоорунун 102-беренесинин 4-бөлүгүндөгү «врачтын корутундусу боюнча мажбурлап тамактандырууга» деген сөздөрдү «медициналык кийлигишүүнүн жол-жобосун өткөрүүгө» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
35. Кодекстин долбоорунун 104-беренесинин 3-бөлүгүндө пенсиялык куракка жеткен соттолгон эркектерди жана аялдарды, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды эмгекке өздөрүнүн каалоосу жана алардын ден соолугунун абалын эске алуу боюнча тартууну сунуштайбыз.
36. Кодекстин долбоорунун 108-беренесинин 1-бөлүгүндөгү «жөлөк пулунан» деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз, анткени «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, мамлекеттик жөлөкпулдун суммасынан ашыкча төлөнгөндөн башка эч кандай кармап калууларга жол берилбейт.
Мындан тышкары, соттолгондун айлык акысынан, пенсиясынан, жөлөк пулунан жана башка кирешелеринен 70% кармоо кандай эсептөөнүн негизинде аныкталгандыгы түшүнүксүз. Андыктан, Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу кодексинин колдонуудагы редакциясында, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө соттолгондун айлык акысынан, пенсиясынан, жөлөк пулунан жана башка кирешелеринен 50% ашпай кармаларын белгилейбиз.
Буга байланыштуу Кодекстин долбоорунун 108-беренесинин 1-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
37. Кодекстин долбоорунун 114-беренесинин 6-бөлүгү менен, соттолгондордун негизги жалпы жана орто билим алышын уюштуруу, жазык аткаруу системасында билим берүү мекемелерин түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат деп белгилөө сунушталган.
Мында жогоруда көрсөтүлгөн акт адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелерин камтыган ченемдик укуктук актынын мүнөзүнө ээ болот, ошондуктан «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аныкталган ченем жаратуучу органдар тарабынан гана бекитилиши мүмкүн, бирок бул мамлекеттик орган алардын катарына кирбейт.
Кодекстин долбоорунун 153-беренесинин 4-бөлүгү боюнча да ушундай эле сунуш-пикир бар.
38. Жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузууну болтурбоо максатында Кодекстин долбоорунун 122-беренесинин 6-бөлүгүн «саламаттыкты сактоо» деген сөздөрдөн кийин «, денеге залал келтирүү жана ооруларды симуляциялоо менен байланышкан учурлардан тышкары» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
39. Социалдык адилеттикти калыбына келтирүү, соттолгондорду оң жолго салуу жана жаңы кылмыштардын жасалышынын алдын алуу максатында жаза колдонулаарын эске алуу менен, соттолгондорго узак мөөнөткө жолугушууга мүмкүнчүлүк берүү жана узартуу жазанын максатына жетүүгө оң натыйжа берет, ошондой эле соттолгондорго социалдык байланыштарын сактоого мүмкүндүк берет деп эсептейбиз.
Ушуга байланыштуу Кодекстин долбоорунун 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда катуу шартта кармалган өмүр бою эркиндигинен ажыратылган соттолгондорго жыл ичинде бир жолу узак мөөнөттүү жолугушууга укук берүүнү сунуш кылабыз.
Долбоордун 131-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда жалпы шартта кармалган өмүр бою эркиндигинен ажыратылган соттолгондорго жыл ичинде эки жолу узак мөөнөттүү жолугушууга укук берүү караштырылсын. Ошондой эле Кодекстин долбоорунун 131-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктунда жеңилдетилген шартта кармалган өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго үч жолу узак мөөнөттүү жолугушууга укук берүү караштырылсын.
40. 148-берененин 4-бөлүгүндөгү «куралдуу күчтөрүнүн аскердик уставдары» деген сөздөрдөн кийин «жана башка ченемдик укуктук актылар» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз, анткени соттолгон аскер кызматчыларын гауптвахтада кармоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 28-ноябрындагы № 846 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тартип бөлүгү жөнүндө жобо менен аныкталат.
41. Кодекстин долбоорунун 160-беренесинде террористтик мүнөздөгү кылмыштар же экстремизмдин белгилери бар кылмыштар жана башка өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондорго карата жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну алып салуу жөнүндө ченемдерди караштырууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
42. Жалпыланган, так эмес туюндурмалар укук колдонуу практикасында коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болуусуна шарт түзөт, анткени тиешелүү субъектиге кенен дискрециялык ыйгарым укуктарды берет, андыктан төмөнкү туюндурмаларды алып салууну же кайра карап чыгууну сунуштайбыз. Атап айтканда: Кодекстин долбоорунун 25-беренесинин 1-бөлүгүндө «зарыл болгон учурларда» деген сөз айкашы, 97-берененин 1-бөлүгүндө «өзгөчө учурларда», «зарыл болсо» деген сөз айкаштары, 155-берененин 3-бөлүгүндөгү «зарыл болгон учурда» деген сөз айкашы, 169-беренесинин 1-бөлүгүндөгү «зарыл болгон учурда» деген сөз айкашы.
43. Практикада аларды колдонуунун түшүнүксүздүгүн, туура эместигин же карама-каршылыгын болтурбоо максатында жана «эркинен ажыратуу жайлар» деген түшүнүк кеңири мааниде чечмеленээрин эске алуу менен Кодекстин долбоорунун текстинде, атап айтканда 26-главанын аталышындагы, 164, 165-беренелердеги ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «эркинен ажыратуу жайлары» деген сөздөрдү тийиштүү жөндөмөлөрдөгү «түзөтүү мекемелери» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
44. Кылмыш-жаза кодексинин долбоорунун 84-беренесинин 1-бөлүгүндө соттолгондорго көзөмөлдүк талаптар белгиленип жаткандыктан Кодекстин долбоорунун 166-беренесинин 2-бөлүгүндөгү «милдеттери» деген сөздү «көзөмөлдүк талаптар» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз. 167-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда «милдеттери» деген сөздү «көзөмөлдүк талаптар» деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
45. 167-берененин 2-бөлүгүндөгү соттолгон адамдын өздүгүн жана турмуштук жагдайларын изилдөөнүн негизинде пробация органы анын түздөн-түз катышуусу менен пробациялык көзөмөл планын (соттолгонду кайрадан социалдаштыруу планын) жана социалдык-укуктук жардам берүүнүн жекече программасын түзөт. Мында, социалдык-укуктук жардам берүүнүн жекече программасы эркинен ажыратуу жайларынан бошотулган соттолгондорду татаал турмуштук кырдаалдан чыгарууга жана социалдык адаптациялоого (кайрадан социалдаштырууга) багытталган социалдык жардам чараларынын комплексинен турат. Мында пробациялык көзөмөл планы аталган программанын курамдык бөлүгү болуп саналат. Буга байланыштуу, Кодекстин долбоорунун 167-беренесинин редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Жалпысынан, Кодекстин долбоорунда каралган жоболорду, баарынан мурда, коомдон бөлүү менен байланышпаган жазаларды аткаруу жана түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган соттолгондорду контролдоо тапшырылган пробация органын түзүүгө тиешелүү жоболорду практикада жүзөгө ашыруу үчүн уюштуруучулук, техникалык жана финансылык чаралардын комплексин кабыл алууну талап кылаарын белгилеп коюу зарыл деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, финансылык-экономикалык эсептөөлөр жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин долбоору боюнча мүмкүн болуучу чыгымдарды баалоо жөнүндө корутундуга ылайык ыктымалдуу орчундуу чыгымдардын эки варианты каралган:
1) соттолгондордун баардык категориялары кармалуучу атайын комплексти куруу (иштеп жаткан 7 түзөтүү мекемесинин ордуна). Жалпы керектөө 1 млрд 794 млн 480 миң сом болот;
2) иштеп жаткан түзөтүү мекемелерин модернизациялоо, ошондой эле кылмыштуу уюмдун, куралдуу бирикменин, банданын, экстремисттик коомдук бирикменин, мыйзамсыз диний же башка уюмдун курамында же кызыкчылыгы үчүн террористтик кылмыштарды жасаганы үчүн тийиштүү мөөнөткө, бирок беш жылдан ашык эмес соттолгон эркектер үчүн, ошондой эле жазаны өтөө тартибин такай бузган - түзөтүү мекемелеринен которулган соттолгондор үчүн түрмө куруу. Жалпы керектөө 466 млн 794 миң сомду түзөт.
Мында орто мөөнөттүү келечекте республикалык бюджеттин тартыштыгы жогору экендигин эске алганда, жакынкы 2-3 жылда каржылоонун булактарын табуу кыйын болот.
Буга байланыштуу, Кодекстин долбоорун 2016-жылдан кийин жүзөгө ашыруу мүмкүн экендигин белгилейбиз, анткени 2015-жылга республикалык бюджетте жана 2016-2017-жылдарга болжолдо Кодексти ишке ашырууга каражат каралган эмес.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жазык-аткаруу кодексинин долбоорун көрсөтүлгөн сын-пикирлерди жана сунуштарды, ошондой эле өлкөнүн реалдуу финансылык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен айрым институттарды этап менен ишке киргизүүнү караштырган мыйзамдын долбоору иштелип чыккан шартта кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.