Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-июну № 381
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык)
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын сертификаттоо борбору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору болуп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын сертификаттоо борбору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борборуна;";
- 4-пункттун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору жөнүндө, 14-тиркемеге ылайык.";
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын сертификаттоо борбору жөнүндө жободо:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору жөнүндө жобо";
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын сертификаттоо жана ветеринариялык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо боюнча функцияларды ишке ашыруучу ведомстволук бөлүнүшү болуп саналат.";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору";
- расмий тилде "Центр по регистрации и сертификации ветеринарных лекарственных средств, кормов и кормовых добавок Министерства сельского хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики".";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Борбордун ишинин максаты ветеринариялык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүнү, экспорттоону жана импорттоону мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу;
- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын сертификаттоо, каттоо жана алардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү.";
- 8-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо, сертификаттоо жана алардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;";
- 9-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын мамлекеттик каттоону, сертификаттоону ишке ашырат жана алардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;";
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан ветеринариялык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын өндүрүлүшүнүн, даярдалышынын, сакталышынын, дүң жана чекене сатылышынын шайкештигине баалоо жүргүзөт.";
- 10-пунктта:
экинчи-төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын көзөмөлдөө компетенциясына кирген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- рекламацияларды карайт, маалыматтарды чогултат жана ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын колдонуунун жана алардын өз ара аракеттенүүсүнүн өзгөчөлүктөрүнүн натыйжасындагы терс таасирлерге талдоо жүргүзөт жана корутунду берет;
- жаныбарлар үчүн ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүргөн ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин эсебин жүргүзөт;";
бешинчи абзац "препараттардын" деген сөздөн кийин ", тоюттардын жана тоют кошулмаларынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Кызмат көрсөтүү функциясы:
- Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү ветеринариялык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын сапатына, коопсуздугуна, натыйжалуулугуна, алардын стандарттардын, техникалык регламенттердин, ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келишине экспертиза жүргүзөт, буга наркотикалык каражаттар, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору кирбейт;
- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошумчаларын мамлекеттик каттоону жана сертификаттоону жүргүзөт, буга наркотикалык каражаттар, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору кирбейт;
- белгиленген тартипте акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтарды көрсөтөт.";
- 12-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары "дары-дармек каражаттарын" деген сөздөрдөн кийин ", тоюттарды жана тоют кошулмаларын" деген сөздөр менен толукталсын";
- 16-пунктта:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ветеринариялык дары-дармек каражаттарына, тоюттарга жана тоют кошулмаларына сертификаттарга жана ветеринариялык дары-дармек каражаттарына жана тоют кошулмаларына каттоо күбөлүктөрүнө кол коёт;";
- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- жүктөлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде финансылык жана банк документтерине кол коюуга укуктуу.";
(45-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |