Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-июну № 400
Кыргыз Республикасын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 "Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоо тутумун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 "Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствосу (макулдашуу боюнча)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы (мындан ары - БКМК)" деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесинде:
3-пункту "өндүрүүгө" деген сөздөн кийин ", даярдоого" деген сөз менен толукталсын, "сатууга" деген сөздөн кийин "берүүгө, соода-сатыкка" деген сөздөр менен толукталсын;
9-пунктта:
сегизинчи абзацындагы "баңги каражаттарын, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү реестрине (мындан ары - Реестр) киргизилген ишкердик субъекттердин" деген сөздөр "Лицензиаттардын реестрине (мындан ары - Реестр) киргизилген баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташып кирүүгө, ташып чыгууга, транзитке лицензиясы жана уруксаты бар юридикалык жактардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
тогузунчу абзацындагы "көрсөтүлгөн уюмдардын Реестринин" деген сөздөр "Реестрдин" деген сөз менен алмаштырылсын;
онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду камтыган продукциялардын белгилүү санын ташып кирүүгө уруксат (мындан ары - Уруксат) Реестрге тиркемеде көрсөтүлгөн камсыздоо ченемдиктеринин негизинде юридикалык жактарга таризделет (1-тиркеме).".
он алтынчы абзацтагы "Субъекттердин мыйзамдуу жүгүртүү (эксперттик, криминалисттик жана оперативдүү-издөө иштери) Реестрине" деген сөздөр "Реестрге (эксперттик, криминалисттик жана оперативдүү иштери)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10-пунктунун 2-пунктчасындагы "Реестрге киргизилген ишкердик субъекттер" деген сөздөр "Лицензиаттар" деген сөз менен алмаштырылсын;
15-пунктунда:
жетинчи абзацындагы "баңги каражаттарын, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү субъекттердин Реестрин" деген сөздөр "Реестрди" деген сөз менен алмаштырылсын;
тогузунчу абзацындагы "(алып келүүгө күбөлүк жана алып чыгууга уруксат берет)" деген сөздөр "ташып кирүүгө (ташып чыгууга) уруксат берет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
24-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу бекитилген квоталардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен иштин бул түрүнө уруксаты бар юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат.
Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду Евразия экономикалык союзуна кирбеген өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу БКМКнын берген уруксатынын негизинде жүргүзүлөт.
Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүү жана баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык союзуна мүчө мамлекеттерге ташып чыгуу БКМКнын берген уруксатынын негизинде жүргүзүлөт.
Арыз ээси лицензиардын уруксат берүүдөн баш тартуусун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.";
25-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ташып кирүүгө/ташып чыгууга уруксат (1-тиркеме) баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду камтыган продукцияларды экспорттоого же импорттоого бир гана жолку уруксат болуп саналат.
Ташып кирүүгө (ташып чыгууга) уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт: баңги каражаттын, психикага таасир этүүчү заттын же прекурсордун аталышы; баңги каражаттын, психикага таасир этүүчү заттын же прекурсордун эл аралык аталышы, эгерде андайы болсо; ордун которуштурууга жаткан баңги каражаттын, психикага таасир этүүчү заттын же прекурсордун саны; баңги каражаттын, психикага таасир этүүчү заттын же прекурсордун ордун которуштуруу жүргүзгөн юридикалык жактын аталышы жана жайгашкан дареги жана (же) юридикалык дареги; анын дарегине баңги каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын же прекурсорлордун ордун которуштурууну жүргүзгөн юридикалык жактын аталышы, анын жайгашкан дареги жана (же) юридикалык дареги; уруксаттын колдонулуу мөөнөтү.
Уруксаттын колдонулуу мөөнөтү лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык аны берген орган тарабынан бир жылга узартылат.
Арыз ээси уруксаттын мөөнөтүн узартуудан баш тартууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.";
26-пунктунда:
1-пунктчасындагы "алып келүүгө Күбөлүктү (алып чыгууга Уруксат)" деген сөздөр "ташып кирүүгө (ташып чыгууга) Уруксатты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктчасында:
биринчи абзацтагы "алып келүүгө Күбөлүктү/алып чыгууга Уруксатты" деген сөздөр "ташып кирүүгө (ташып чыгууга) Уруксатты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы "(алып келүүгө Күбөлүк үчүн)" деген сөздөр "(ташып кирүүгө Уруксат үчүн)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
алтынчы абзацындагы "(алып келүүгө Күбөлүк үчүн)" деген сөздөр "(ташып кирүүгө Уруксат үчүн)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
27-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27. Ташып кирүүгө/ташып чыгууга Уруксаттын колдонулуу мөөнөтү бир жылды түзөт.".
28-пунктундагы "Алып келүүгө берилген Күбөлүк/алып чыгууга Уруксат" деген сөздөр "Ташып кирүүгө/ташып чыгууга Уруксат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
29-пунктунун экинчи абзацындагы "алып келүүгө берилген Күбөлүктү/алып чыгууга Уруксатты" деген сөздөр "ташып кирүүгө/ташып чыгууга Уруксатты)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташып кирүү (ташып чыгуу) бажы органдарынын бланкында белгилөө менен импортчулар жана экспортчулардын ортосунда ташып кирүүгө (ташып чыгууга) Уруксаттын бланктарын алмашуу аркылуу ишке ашырылат. Ташып кирүүгө (ташып чыгууга) Уруксаттын бланктарынын тиешелүү түп нускалары жүктү тариздөөчү бажы органына берилет.";
31-пунктундагы "алып келүү күбөлүгүн" деген сөздөр "ташып кирүүгө уруксатты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
32-пунктундагы "Күбөлүктүн" деген сөз "Уруксаттын" деген сөз менен алмаштырылсын;
33-пунктундагы "ишкер субъектти" деген сөздөр "лицензиатты" деген сөз менен алмаштырылсын;
34-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Кирешелер боюнча комитеттин Бажы кызмат департаменти" деген сөздөр "Бажы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
36-пунктунун экинчи абзацындагы "алып келүүгө Күбөлүктү/алып чыгууга Уруксатты" деген сөздөр "ташып чыгууга Уруксатты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
44-пунктунун 6-пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилүүчү күзөт иштерин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар" деген сөздөр алып салынсын;
50-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарындагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген, күзөт иштерин жүргүзүү укугуна лицензиясы бар" деген сөздөр алып салынсын;
64-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"64. Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду жок кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында ээсиз калган, ташталган, жоголгон (табылган) же мыйзамсыз жүгүртүүдөн тартып алынган баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду колдонуу тартиби жөнүндө жобого ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралындагы № 54 "Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу, сактоо жана колдонуу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлөт";
79-пунктунун экинчи абзацындагы "баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү тармагында күзөт ишин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин органдарынын уруксаты бар" деген сөздөр алып салынсын;
82-пунктунун экинчи абзацындагы "Транзиттик сертификаттын" деген сөздөр "Транзитке уруксаттын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
83-пунктунун биринчи абзацындагы "Транзиттик сертификат" деген сөздөр "Уруксат" деген сөз менен, экинчи абзацындагы "Сертификат" деген сөз "Уруксат" деген сөз менен алмаштырылсын;
84-пунктунун биринчи абзацындагы "Транзиттик сертификатта" деген сөздөр "Уруксатта" деген сөз менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацындагы "Транзиттик сертификаттын" деген сөздөр "Уруксаттын" деген сөз менен алмаштырылсын; "Эгерде баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду камтыган продукциянын транзити көрсөтүлгөн мөөнөттө ишке ашырылбаса, Транзиттик сертификат жокко чыгарылат" деген сөздөр алып салынсын;
85-пунктунда:
экинчи абзацындагы "Транзиттик сертификатты" деген сөздөр "Уруксатты" деген сөз менен алмаштырылсын;
3-пунктчасындагы "же сертификаттын" деген сөздөр алып салынсын;
89-пунктундагы "Транзиттик сертификатты" деген сөздөр "Уруксатты" деген сөз менен алмаштырылсын;
90-пунктундагы "берилген Транзиттик сертификат" деген сөздөр "берилген Уруксат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
91-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"91. Уруксаттардын колдонулуу мөөнөтү лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык аларды берген орган аркылуу бир жылга узартылат.
Арыз ээси уруксатты узартуудан баш тартууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.";
93-пунктунун биринчи жана төртүнчү абзацтарындагы "Транзиттик сертификатты" деген сөздөр "Уруксатты" деген сөз менен алмаштырылсын;
94-пунктунун экинчи абзацындагы "Транзиттик сертификаты" деген сөздөр "Уруксаты" деген сөз менен алмаштырылсын;
96-пунктунун экинчи абзацындагы "транзитине сертификатты" деген сөздөр "транзитине уруксатты" деген сөз менен алмаштырылсын;
97-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"97. Уруксат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте токтотулушу же жокко чыгарылышы мүмкүн.";
98-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"98. Бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду камтыган продукциянын транзити жөнүндө маалыматты баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу ай сайын жиберип турат.";
101-пунктундагы "транзиттик сертификатта" деген сөздөр "уруксатта" деген сөз менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Эрежеге 1-тиркеме төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-тиркеме
Форма
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы
The State Drug Control Service under the Government of the Kyrgyz Republic
Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду ТАШЫП КИРҮҮГӨ УРУКСАТ
IMPORT AUTHORIZATION for Narcotic Drugs, Psychotropic Substances, precursors
(берүүгө болбойт, көчүрмөсү жараксыз) (Is not subject to transfer, the copy is not valid)
А, В, C, D *
Лицензиялардын реестри боюнча каттоо номери _________ 20__-жылдын "__" _____________
Registration number according to licence registry
Импортчунун аты, иши жана дареги __________________________________________
Name, profession and address of the Importer
Экспортчунун аты жана дареги ______________________________________________
Name and address of the Exporter
Акыркы жүк алуучу ________________________________________________________
Ultimate consignee
Ташып кирүүчү заттын/препараттын аталышы (заттын салмагы, негизи/түзү) (Эгер фармацевтикалык препарат болсо - фармацевтикалык формасы, дозасы, саны), (Эгер прекурсорлор болсо - жүк бирдигинин саны/ар бир бирдиктин салмагы/көлөмү)
Name of the substance/preparation to be imported (Weight of the substance - base/salt) (In case of pharmaceutical preparation - pharmaceutical form, dosage, amount of number of preparation) (In case of precursors - number units of substances, weight and volume of each unit)
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
Таза баңги каражат же психикага таасир этүүчү зат _____________________________
Pure Narcotic Drugs, Psychotropic Substances
Жүрүү жолу _______________________________________________________________
Route of the Consignment
Өзгөчө белгилери __________________________________________________________
Special conditions
Берилген датасы ___________________________________________________________
Date of issue
Уруксаттын колдонулуу мөөнөтүнүн аяктоо датасы ______________________________
Date of licence (authorization) expire
Mөөp/Stamp
Уруксат берген адамдын ээлеген кызматы, колу ________________________________
Position, signature of person issuing licence (authorization)
Баңги каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын жана прекурсорлордун жүгүртүлүшүн контролдоого ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы жогоруда аталган баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташып кирүүгө уруксатты ушуну менен ырастайт.
The State Drug Control Service under the Government of the Kyrgyz Republic, being of the competent authority to control narcotic drugs, psychotropic substances and precursors hereby authorizes the import of the above mentioned narcotic drugs, psychotropic substances and precursors.
* 3-тиркемеге эскертүү:
A формасы - баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан экспортчу өлкөнүн контролдоочу органына жөнөтүлөт.
В формасы - жеткирип берүүчүгө берилет жана жүктү жеткирүү үчүн паспорт болуп эсептелет.
С формасы - баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жүктү ташып киргенге чейин жүктү коштогон "D" бланкы менен салыштыруу үчүн бажы органына берет. Так отчёттуулук документтерди сактоо тартибине ылайык бажы органында сакталат.
D формасы - жүктү коштойт. Жүргөн жолу боюнча бажы постторунда партиянын саны, ташып кирген датасы жана бажы органынын инспекторунун өздүк мөөрү менен аты-жөнү жөнүндө белги коюлат. Баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет.
* Note to Annex 3:
Form A - to be sent by the drug control authorized body to the supervisory authority of the exporting country.
Form В - to be submitted to the provider and is a passport to load.
Form С - the drug control authorized body passes to the customs authority until the moment of entry, for verification with the form "D" accompanying the load. Preserved by the customs authority in accordance with the procedure of storing of documents of strict accountability.
Form D - accompanies the load. Notes on the number of consignment, date and name of the customs authority import inspector are made at customs checkpoints along the way and are transmitted to the drug control authorized body.
Бланктын сериясы _____________________________________________________
Form series
Форма
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы
The State Drug Control Service under the Government of the Kyrgyz Republic
Баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду ТАШЫП ЧЫГУУГА УРУКСАТ EXPORT LICENCE (AUTHORIZATION) for Narcotic Drugs, Psychotropic Substances, precursors (берүүгө болбойт, көчүрмөсү жараксыз) Is not subject to transfer, the copy is not valid
А, В, C, D *
Лицензиялардын реестри боюнча каттоо номери __________ 20__-жылдын "__" _____________
Registration number according to licence registry
Экспортчунун аты, иши жана дареги ________________________________________
Name, profession and address of the Exporter
Импортчунун аты жана дареги _____________________________________________
Name and address of the Importer
Ташып чыгуучу заттын/препараттын аталышы (заттын салмагы, негизи/тузу) (Эгер фармацевтикалык препарат болсо - фармацевтикалык формасы, дозасы, саны), (Эгер прекурсорлор болсо - жүк бирдигинин саны/ар бир бирдиктин салмагы/көлөмү)
Name of the substance/preparation to be exported (Weight of the substance - base/salt) (In case of pharmaceutical preparation - pharmaceutical form, dosage, amount of number of preparation) (In case of precursors - number units of substances, weight and volume of each unit)
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
Таза баңги каражат же психикага таасир этүүчү зат _____________________________
Pure Narcotic Drugs, Psychotropic Substances
Ташып кирүүгө сертификат берген ведомство _________________________________
Authority, issuing import certificate
Ташып кирүүгө сертификаттын датасы жана номери № __________
Date and number of the Import certificate
Жүрүү жолу ______________________________________________________________
Route of the Consignment
Өзгөчө белгилери _________________________________________________________
Special conditions
Берилген датасы __________________________________________________________
Date of issue
Уруксаттын колдонулуу мөөнөтүнүн аяктоо датасы _____________________________
Expiration date of the licence (Authorization)
Mөөp/Stamp
Уруксат берген адамдын ээлеген кызматы, колу _______________________________
Position, signature of person issuing licence (authorization)
Баңги каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын жана прекурсорлордун жүгүртүлүшүн контролдоого ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы жогоруда аталган баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташып чыгууга уруксатты ушуну менен ырастайт.
The State Drug Control Service under the Government of the Kyrgyz Republic, being of the competent authority to control narcotic drugs, psychotropic substances and precursors, hereby authorizes the export of the above mentioned narcotic drugs, psychotropic substances and precursors.
* 4-тиркемеге эскертүү:
A формасы - баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан импортчу өлкөнүн контролдоочу органына жөнөтүлөт.
В формасы - жеткирип берүүчүгө берилет жана жүктү жеткирүү үчүн паспорт болуп эсептелет.
С формасы - баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жүктү ташып чыкканга чейин жүктү коштогон "D" бланкы менен салыштыруу үчүн бажы органына берет. Так отчёттуулук документтерди сактоо тартибине ылайык бажы органында сакталат.
D формасы - жүктү коштойт. Жүргөн жолу боюнча бажы постторунда партиянын саны, ташып чыккан датасы жана бажы органынын инспекторунун өздүк мөөрү менен аты-жөнү жөнүндө белги коюлат. Баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет.
* Note to Annex 4:
Form A - to be sent by the drug control authorized body to the supervisory authority of the importing country.
Form В - to be submitted to the provider and is a passport to load.
Form С - the drug control authorized body passes to the customs authority until the moment of entry, for verification with the form "D" accompanying the load. Preserved by the customs authority in accordance with the procedure of storing of documents of strict accountability.
Form D - accompanies the load. Notes on the number of consignment, date and name of the customs authority import inspector are made at customs checkpoints along the way and are transmitted to the drug control authorized body.
Бланктын сериясы ________________________________________________
Form series
Форма
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы The State Drug Control Service under the Government of the Kyrgyz Republic
Баңги каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын, заттардын жана прекурсорлордун ТРАНЗИТИНЕ УРУКСАТ LICENCE (AUTHORIZATION) OF TRANSIT for Narcotic Drugs, Psychotropic Substances, precursors (берүүгө болбойт, көчүрмөсү жарабайт) Is not subject to transfer, the copy is not valid
А, В, C, D *
Лицензиялардын реестри боюнча каттоо номери _________ 20__-жылдын "__" _____________
Registration number according to licence registry
Экспортчунун аты, иши жана дареги ____________________________________
Name, profession and address of the Exporter
Импортчунун аты жана дареги _________________________________________
Name and address of the Importer
Акыркы жүк алуучу ___________________________________________________
Ultimate consignee
Ташып кирүүчү заттын/препараттын аталышы (заттын салмагы, негизи/тузу) (Эгер фармацевтикалык препарат болсо - фармацевтикалык формасы, дозасы, саны), (Эгер прекурсорлор болсо - жүк бирдигинин саны/ар бир бирдиктин салмагы/көлөмү)
Name of the substance/preparation to be exported (Weight of the substance - base/salt) (In case of pharmaceutical preparation - pharmaceutical form, dosage, amount of number of preparation) (In case of precursors - number units of substances, weight and volume of each unit)
_________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
Арыз ээсинин декларациясы (фамилиясы, колу, датасы) ________________________
Declaration of applicant (name, signature, date)
Жүрүү жолу, транспорттун түрү, жол каттамы (экспортчу өлкөдөн ташып чыккан жана импортчу өлкөгө ташып кирген пункттарын көрсөтүү менен) ___________________________
Route of the Consignment, type of transport (indicate points of entry and exit)
Ташып кирүүгө пландалган датасы ___________________________________________
Planning date of import
Бажы экспорттук декларациясынын номери № _________________________________
Number of the Custom import Declaration
Заттардын болжолдонгон колдонулуусу, пайдаланылуусу _______________________
Assumed employment of the substances
Өзгөчө белгилери _________________________________________________________
Special conditions
Берилген датасы __________________________________________________________
Date of issue
Уруксаттын колдонулуу мөөнөтүнүн аяктоо датасы _____________________________
Expiration date of the licence (authorization)
Mөөp/Stamp
Уруксатты берген адамдын ээлеген кызматы, колу _____________________________
Position, signature of person issuing licence (authorization)
Баңги каражаттардын, психикага таасир этүүчү заттардын жана прекурсорлордун жүгүртүлүшүн контролдоого ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы жогоруда аталган прекурсорлордун транзитине уруксатты ушуну менен ырастайт.
The State Drug Control Service under the Government of the Kyrgyz Republic, being of the competent authority to control narcotic drugs, psychotropic substances and precursors hereby authorizes the export of the above mentioned precursors.
* 5-тиркемеге эскертүү:
A формасы - баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан импортчу өлкөнүн контролдоочу органына жөнөтүлөт.
В формасы - жеткирип берүүчүгө берилет жана жүктү жеткирүү үчүн паспорт болуп эсептелет.
С формасы - баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жүктү ташып чыкканга чейин жүктү коштогон "D" бланкы менен салыштыруу үчүн бажы органына берет. Так отчёттуулук документтерди сактоо тартибине ылайык бажы органында сакталат.
D формасы - жүктү коштойт. Жүргөн жолу боюнча бажы постторунда партиянын саны, ташып чыккан датасы жана бажы органынын инспекторунун өздүк мөөрү менен аты-жөнү жөнүндө белги коюлат. Баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет.
* Note to Annex 5:
Form A - to be sent by the drug control authorized body to the supervisory authority of the importing country.
Form В - to be submitted to the provider and is a passport to load.
Form С - the drug control authorized body passes to the customs authority until the moment of entry, for verification with the form "D" accompanying the load. Preserved by the customs authority in accordance with the procedure of storing of documents of strict accountability.
Form D - accompanies the load. Notes on the number of consignment, date and name of the customs authority import inspector are made at customs checkpoints along the way and are transmitted to the drug control authorized body.
Бланктын сериясы ________________________________________________
Form series".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген учурдан тартып жарыяланууга тийиш.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |