Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 417 токтому менен бекитилген |
Конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын каттоонун, сактоонун ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул, Конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын каттоонун, сактоонун тартиби (мындан ары - Тартип) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын каттоонун, сактоонун тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги - айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруу жана мамилелерди жөнгө салуу боюнча аткаруучу бийликтин мамлекеттик органы (мындан ары - Агенттик);
Агенттиктин аймактык жана ведомстволук органдары - облустук аймактык башкармалыктар, токой чарбалар, өз алдынча баланстагы токойчулуктар, мамлекеттик жаратылыш парктары, мамлекеттик жаратылыш коруктары;
жаңгак уюлу - уктап жаткан бүчүрлөрдүн өсүүсү менен бир учурда алардын тегерегинде жыгач булаларынын пайда болуп өсүүсүнөн жаралган уюл (түбүндөгү жана сөңгөгүндөгү);
жаңгак уюлунун паспорту - уюлдуу жаңгак жыгачынын абалы, анын өсүп турган жери жөнүндө маалыматтарды жана жаңгак жыгачын жана жаңгак уюлун баалоо жөнүндө маалыматтарды камтыган документ;
катуу отчёттуулуктагы документтер - тизмелөө жана баалоо актысы, кабыл алуу актысы, токой эрежелерин бузгандык жөнүндө протокол, сактоого кабыл алуу тууралуу тил кат.
2. Конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын сактоо
3. Конфискацияланган жаңгак уюлу, тамырлары жана жаңгак жыгачы ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары тарабынан Агенттиктин аймактык жана ведомстволук органдарына эсепке алуу жана сактоо үчүн тизмелөөнүн жана баалоонун актысы боюнча өткөрүп берилет.
4. Конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын Агенттиктин аймактык жана ведомстволук органдарына жеткирүүгө мүмкүн болбогон учурда алар ишкананын, уюмдун жооптуу кызмат адамына же жаранга сактоого кабыл алуу жөнүндө акты боюнча убактылуу сактоого тапшырылышы мүмкүн.
5. Конфискацияланган жаңгак уюлу, тамырлары жана жаңгак жыгачы парафинделген абалда Агенттиктин аймактык жана ведомстволук органдарынын жабык, атайын жабдылган кампаларында сакталат.
Агенттиктин аймактык жана ведомстволук органынын буйругу боюнча конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын эсепке алуу жана сактоо үчүн жооптуу жак (мындан ары - жооптуу жак) аныкталат. Жооптуу жак менен материалдык толук жоопкерчилик жөнүндө келишим түзүлөт.
6. Конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын өткөрүүдө-кабыл алууда жооптуу жак жаңгак уюлунун паспортунун негизинде жаңгак уюлунун, тамырларынын жана жыгачынын баасын (сом), санын (даана), салмагын (кг), кубмассасын (м3) көрсөтүп, өзгөчө белгилерин баяндап жана фотоматериалдарды тиркеп эки нускадагы кабыл алуу актысын түзөт, ал Агенттиктин аймактык жана ведомстволук органынын мөөрү менен бекитилет. Кабыл алуу актысынын бир нускасы протоколго тиркелип, экинчи нускасы жооптуу жакта сакталат.
7. Агенттиктин аймактык жана ведомстволук органдарынын жетекчилери конфискацияланган жаңгак уюлунун, тамырларынын жана жаңгак жыгачынын эсепке алынышын контролдоого, ошондой эле документтерди тариздөөдө болгон кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга милдеттүү.