Редакцияот 25.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 25-июну № 417

Конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын каттоонун, сактоонун тартибин бекитүү жөнүндө

Дарактардын өзгөчө баалуу породаларын сактоо максатында жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Конфискацияланган жаңгак уюлун, тамырларын жана жаңгак жыгачын каттоонун, сактоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 183 "Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Конфискацияланган жаңгак жыгачтарын, жаңгак тамырларын жана уюлдарын пайдалануу тартибинин 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев