Редакцияот 29.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 29-июну № 423

Пенсиялык резервдердин ченемдик өлчөмдөрү жана аларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Топтолмо пенсиялык фонддордун финансылык туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо, топтолмо пенсиялык фонддордун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Пенсиялык резервдердин ченемдик өлчөмдөрү жана аларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев