Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-июнундагы № 423 токтому менен бекитилген |
Пенсиялык резервдердин ченемдик өлчөмдөрү жана аларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо топтолмо пенсиялык фонддордун пенсиялык резервдерин түзүүнүн жана пайдалануунун жалпы тартибин, ошондой эле минималдуу ченемдик өлчөмдөрүн белгилейт.
2. Аманатчылардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын алдындагы милдеттенмелерди туруктуу аткарууну камсыз кылуу үчүн топтолмо пенсиялык фонд (мындан ары - Фонд) пенсиялык резервдерди түзөт.
3. Фонд милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу жана мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык резервдерди түзөт жана калыптандырат.
4. Аманатчылардын, катышуучулардын жана камсыздандырылган адамдардын кызыкчылыктарын коргоо максатында Фонд үчүнчү жактардын милдеттенмелерди аткарышы үчүн өзүнө кепилдик алууга, пенсиялык резервдердин каражаттарын күрөөгө берүүгө укуктуу эмес.
2. Пенсиялык резервдерди түзүүнүн булактары жана аларды пайдалануу
5. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык резервдер төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) өткөн финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоодон түшкөн кирешенин бөлүгүнөн;
2) пенсиялык резервдерди жайгаштыруудан түшкөн Фонддун кирешесинин бөлүгүнөн;
3) кайрымдуулук төгүмдөрүнүн жана башка максаттуу түшүүлөрдүн бөлүгүнөн;
4) Фонддун уставдык ишин камсыз кылууга багытталган каражаттарды үнөмдөөдөн.
6. Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык резервдер төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) өткөн финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоодон түшкөн кирешенин бөлүгүнөн;
2) пенсиялык резервдерди жайгаштыруудан түшкөн Фонддун кирешесинин бөлүгүнөн.
7. Пенсиялык резервдер Фонд тарабынан төмөнкү учурларда гана пайдаланылышы мүмкүн:
1) мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо келишимдери боюнча милдеттенмелерди аткаруунун кепилдигин камсыздоо үчүн;
2) милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу келишимдери боюнча милдеттенмелерди аткаруунун кепилдигин камсыздоо үчүн.
Пенсиялык резервдердин каражаттары түзүлгөн пенсиялык келишимдерге ылайык Фонддун катышуучуларына мамлекеттик эмес пенсияларды төлөп берүүнү камсыз кылууга тийиш.
8. Фонддун пенсиялык резервдерди жайгаштыруудан алган кирешелери топтолмо пенсиялык фонддордун ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт.
9. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо жана милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу келишимдери боюнча пенсиялык резервдерди жайгаштыруудан алынган инвестициялык киреше белгиленет, ал толугу менен Фонддун резервдик эсебине киргизилүүгө тийиш.
10. Фонддун жыл ичинде пенсиялык резервдерди пайдаланууга негиздемеси финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Фонд тарабынан берилүүчү актуардык корутундуда ырасталууга тийиш.
3. Пенсиялык резервдердин ченемдик өлчөмү
11. Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык резервдин минималдуу ченемдик өлчөмү төмөнкү булактардын эсебинен белгиленет:
1) топтолмо пенсиялык каражаттарды инвестициялоодон түшкөн кирешеден - 10 пайыздан кем эмес өлчөмдө;
2) пенсиялык резервдердин каражаттарын жайгаштыруудан түшкөн кирешеден - 5 пайыздан кем эмес өлчөмдө;
3) кайрымдуулук төгүмдөрүнөн жана башка максаттуу түшүүлөрдөн - 5 пайыздан кем эмес өлчөмдө;
4) фонддун уставдык ишин камсыздоого багытталган каражаттарды үнөмдөөдөн - толук өлчөмдө.
12. Милдеттүү пенсиялык камсыздандыруу боюнча пенсиялык резервдин минималдуу ченемдик өлчөмү төмөнкү булактардын эсебинен белгиленет:
1) топтолмо пенсиялык каражаттарды инвестициялоодон түшкөн кирешеден - 10 пайыздан кем эмес өлчөмдө;
2) пенсиялык резервдердин каражаттарын жайгаштыруудан түшкөн кирешеден - 5 пайыздан кем эмес өлчөмдө.
13. Фонд финансылык туруктуулукту жана төлөм жөндөмдүүлүгүн камсыздоо үчүн минималдуу ченемдик өлчөмдөн ашык пенсиялык резервдерге ээ болушу мүмкүн.
14. Пенсиялык резервдердин өлчөмү ушул Жободо белгиленген минималдуу ченемдик өлчөмдөн аз болбошу керек.
Эгерде Фонддун пенсиялык резервдеринин өлчөмү минималдуу ченемдик өлчөмдөн аз болсо, анда Фонд пенсиялык резервдерди минималдуу ченемдик өлчөмгө чейин калыбына келтирүү боюнча тиешелүү иш-чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга милдеттүү. Бул Фонддун административдик жана башка чыгымдарын азайтуу, Фонддун тарифтик саясатына түзөтүү киргизүү боюнча чаралар болушу мүмкүн.
4. Отчеттуулук
15. Пенсиялык резервдерди түзүү жана пайдалануу жөнүндө отчётту Фонд жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирбей, ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук жана кагаз түрүндө берет.
16. Пенсиялык резервдердин ченемдик өлчөмү сакталбаган учурда Фонддор тарабынан резервдерди ушул Жобонун талаптарына ылайык келтирүү боюнча иш-чаралардын планы жылдык бухгалтердик жана атайын отчеттун курамында финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
5. Контролдоо
17. Пенсиялык резервдердин ченемдик өлчөмүнүн сакталышын, анын түзүлүшүн жана пайдаланылышын контролдоо финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан отчеттуулуктун негизинде жүзөгө ашырылат.
|
| Пенсиялык резервдердин ченемдик өлчөмдөрү жана аларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Лицензиянын номери: _____________________________________________________
СЖН: ___________________________________________________________________
Аталышы: _______________________________________________________________
Иштин түрү: _____________________________________________________________
Иш жүзүндөгү дареги, индекси: _____________________________________________
Телефон/факс: ___________________________________________________________
E-mail: __________________________________________________________________
Мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык резервдерди түзүү жана пайдалануу жөнүндө ОТЧЕТ
_______________________________________________________________
(фонддун аталышы)
_________________ жыл үчүн
(отчет берилген мезгил көрсөтүлөт)
(миң сом)
Көрсөткүчтүн аталышы | 20__-жылга | 20__-жылга |
Резервдик эсепте топтолгон акча каражаттарынын суммасы |
|
|
Пенсиялык активдерди жайгаштыруудан алынган киреше |
|
|
Пенсиялык резервдерди жайгаштыруудан алынган киреше |
|
|
Кайрымдуулук төгүмдөрүнөн жана башка максаттуу түшүүлөрдөн киреше |
|
|
Уставдык ишти камсыз кылууга багытталган каражаттарды үнөмдөөдөн алынган киреше |
|
|
Резервдик эсепти түзүүчү бардык акча каражаттары |
|
|
Топтоо жана төлөө келишимдери боюнча пенсиялык милдеттенмелерди аткаруу үчүн резервдик эсептен пайдаланылуучу акча каражаттарынын суммасы |
|
|
Жетекчи: |
| Башкы бухгалтер: |
_________________________ (аты-жөнү) |
| _________________________ (аты-жөнү) |
____________________ (колу) |
| ____________________ (колу) |
Мөөрдүн орду |
|
|
|
| Пенсиялык резервдердин ченемдик өлчөмдөрү жана аларды түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Лицензиянын номери: ______________________________________________________
СЖН: ____________________________________________________________________
Аталышы: ________________________________________________________________
Иштин түрү: ______________________________________________________________
Иш жүзүндөгү дареги, индекси: ______________________________________________
Телефон/факс: ___________________________________________________________
E-mail: ___________________________________________________________________
Милдеттүү пенсиялык камсыздоо боюнча пенсиялык резервдерди түзүү жана пайдалануу жөнүндө ОТЧЕТ
____________________________________________________________________
(фонддун аталышы)
______________ жыл үчүн
(отчет берилген мезгил көрсөтүлөт)
(миң сом)
Көрсөткүчтүн аталышы | 20__-жылга | 20__-жылга |
Пенсиялык резервдер | ||
Өткөн финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча топтолмо пенсиялык каражаттарды инвестициялоодон түшкөн кирешенин бөлүгүнөн алынган акча каражаттардын суммасы |
|
|
Пенсиялык резервдерди жайгаштыруудан киреше |
|
|
Резервдик эсепти түзүүчү бардык акча каражаттары |
|
|
Келишимдин шарттары боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн резервдик эсептен төлөнгөн акча каражаттарынын суммасы |
|
|
Жетекчи: |
| Башкы бухгалтер: |
_________________________ (аты-жөнү) |
| _________________________ (аты-жөнү) |
____________________ (колу) |
| ____________________ (колу) |
Мөөрдүн орду |
|
|