Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июлу № 433
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, бюджеттер аралык мамилелердин жаңы принцибине өтүүгө жана райондордун жергиликтүү бюджеттеринин жоюлушуна байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө жободо:
- 5-пункту "ведомстволук бөлүмдөрдү," деген сөздөрдөн кийин "республикалык, облустук, райондук" деген сөздөр менен, "аймактык органдарды" деген сөздөрдөн мурда "райондук деңгээлдеги" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |