Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-сентябры № 626
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-декабрындагы N 710, 2014-жылдын 17-июнундагы № 340, 2015-жылдын 11-сентябрындагы № 626, 2015-жылдын 7-декабры № 834, 2017-жылдын 8-июнундагы № 348, 2017-жылдын 13-июлундагы № 431, 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 , 2018-жылдын 6-декабрындагы № 567 , 2019-жылдын 31-январындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ишин регламенттештирүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү функциялар өткөрүлүп берилгендигин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы N 120 "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому, 3-пунктунан тышкары.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы N 236 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81, 2018-жылдын 6-декабрындагы № 567 , 2019-жылдын 31-январындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)