Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июлундагы № 438 токтому менен бекитилген |
Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоого жана курууга атайын техникалык шарттар жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Негизги жоболор
1. Ушул Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоого жана курууга атайын техникалык шарттар жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) объекттерди долбоорлоодо жана курууда коопсуздуктун милдеттүү талаптарын белгилейт.
2. Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоого жана курууга атайын техникалык шарттар (мындан ары - АТШ) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык иштелип чыккан.
3. АТШ ченемдик техникалык акт жана эксперименттик объектти газ менен камсыздоо тутумдарын курууга долбоорлоо-сметалык документтердин курамдык бөлүгү болуп саналат.
2. Атайын техникалык шарттарды иштеп чыгуунун жана тариздөөнүн эрежелери
4. АТШны даярдоо үчүн негиз болуп газ менен камсыздоо тутумунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумун долбоорлоого техникалык тапшырма (мындан ары - ТТ) саналат.
5. Конкреттүү объекттин өзгөчөлүгүнө жараша бир же андан көп бөлүмдөрдү камтыган АТШ иштеп чыгууга жол берилет.
Бөлүмдөрдүн конкреттүү курамын жана алардын мазмунунун толуктугун ТТнын талаптарына ылайык АТШны иштеп чыгуучу аныктайт.
6. АТШнын талаптары ата мекендик жана чет өлкөлүк илим, техника жана технологиянын алдыңкы тажрыйбасына жана заманбап жетишүүлөрүнө негизделиши керек.
7. Газ менен камсыздоого АТШда колдонулуудагы ченемдик документтерде белгиленген талаптар көрсөтүлбөйт, тийиштүү бөлүмдөрүндө МамСТ 2.105-79 "КДБТ. Тексттик документтерге жалпы талаптарга" ылайык ушул ченемдик документтерге шилтемелер берилет.
8. Бекитилген АТШны эсепке алуу жана сактоо тартиби долбоорлоо-сметалык документтер үчүн кабыл алынган тартипке окшош.
9. АТШ киришүү бөлүгүн жана төмөндөгүдөй тартипте жайгашкан бөлүмдөрдү камтышы керек:
- капиталдык курулуш объектисинин арналышын жана жалпы мүнөздөмөсүн;
- бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын газ менен жабдуу тутумдарын инженердик камсыздоого талаптарды;
- бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын газ менен камсыздоо тутумдарына мониторинг жүргүзүү боюнча талаптарды;
- санитардык-гигиеналык талаптарды эске алган коопсуздук боюнча талаптарды;
- бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын газ менен камсыздоо тутумдарынын конструктивдик, өрт, биологиялык, химиялык коопсуздук, анын ичинде антитеррористтик корголушу боюнча талаптарды.
10. АТШнын тексти МамСТ 2.114-95 "КДБТ. Техникалык шарттардын" талаптарына ылайык кыска, так, ар түрдүү түшүндүрмөлөргө жол бербеген, логикалык жактан ырааттуу жана билдирилген колдонуу жаатына ылайык пайдалануу үчүн жеткиликтүү болушу керек.
11. АТШнын тексттик бөлүгү А4 форматындагы баракта таризделет. АТШнын белгилөөлөрү ар бир баракта үстүңкү оң бурчунда (бир беттүү басып чыгарууда) же так беттердин сол бурчунда жана так эмес беттердин оң бурчунда (эки беттүү басып чыгарууда) көрсөтүлөт.
12. АТШнын кээ бир жоболорун иллюстрациялаган схемалар, чиймелер жана таблицалар МамСТ 2.301-68 "КДБТ. Форматтар" боюнча тийиштүү форматтагы барактарда аткарылат.
13. АТШнын белгиленишин иштеп чыгуучу уюм ыйгарат.
АТШны белгилөөгө мисал:
АТШ 001-2015 "Бийиктиги ___ кабатка чейинки турак жай имараттарын газ менен камсыздоо тутумуна атайын техникалык шарттар, объекттин жайгашкан жери", мында:
001 - үч орундуу каттоо номери;
2015 - АТШ бекитилген жыл.
14. АТШны иштеп чыгуучу бардык берилген АТШны тийиштүү реестрде каттоого милдеттүү.
15. АТШ иштеп чыгуучу тарабынан колдонулуу мөөнөтү чектелбестен бекитилет, эгерде анын негизинде иштелип чыккан ченемдик документтерине толуктоолор жана өзгөртүүлөр жок болсо.
16. АТШны башка кызыкчылыгы бар уюмдар менен макулдашуу зарылдыгын алардын компетенциясына таандык талаптар бар болгондо архитектуралык-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.