Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-июлу № 438
Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобону жана Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоого жана курууга атайын техникалык шарттар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Табигый газды ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарынын ар бир батирин жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын долбоорлоого жана курууга атайын техникалык шарттар жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 46 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобого ылайык бийиктиги 11ден 18 кабатка чейинки турак жай имараттарын жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ менен камсыздоо тутумдарын эксперименттик долбоорлоо жана куруу объекттеринин тизмегин түзсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |