Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-июлу № 445
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Бакир уулу жана Н.А.Мадалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Бакир уулу жана Н.А.Мадалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 445 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Бакир уулу жана Н.А.Мадалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөндөгүлөрдү билдирет.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгү жана 2-бөлүктүн алтынчы абзацы менен "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото жана видео түзүлүштөргө тартып-белгилөөнү жана унаа каражатын токтоткондо айдоочуга бул далилдерди көрсөтүүнү милдеттендирген ченемдер менен толуктоо сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине ылайык Кыргыз Республикасындагы аткаруу бийлигин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жүзөгө ашырышат. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Өкмөт конституциялык Мыйзамда аталган ыйгарым укуктарга негизденип, аларды ишке ашыруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосундагы функцияларды бөлүштүрөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы Жол кыймылынын эрежелеринин бузууларын табуу жана жазып-белгилөө үчүн атайын техникалык жана унаа каражаттарын белгиленген тартипте колдонууга укуктуу. Ошентип, мындай укук Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген.
Муну менен бирге, финансы каражатынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлеринин техникалык камсыздалышынын чектелгендигине байланыштуу Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото жана видео түзүлүштөргө жазып-белгилөөнүн техникалык каражаттарын колдонуу мүмкүнчүлүгү дайыма эле боло бербейт, буга байланыштуу бул техникалык каражаттарды колдонууну милдеттендирүү туура эмес деп эсептейбиз.
Андан тышкары, эрежени бузуу жазылган учурда гана ички иштер органдарынын кызматкери тарабынан унаа каражатын токтотуу жана жазманы күнөөлүү адамга далил катарында көрсөтүү ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана адамды жоопкерчиликке тартуу боюнча ишин төмөндөгү негиздер боюнча оорлотот:
биринчиден, жазып-белгилөө белгилүү аралыкта кыймылдын бир гана багыты боюнча жүргүзүлгөндүктөн, унаа каражаттарынын кыймылынын агымы өтө чоң болгондуктан Жол кыймылынын эрежелеринин бардык бузууларын фото жана/же видео жазмага жазып-белгилөө техникалык жактан мүмкүн эмес. Муну менен бирге, сутканын түнкү убагында фото/видео жазманы колдонуу менен укук бузууларды жазып-белгилөө мүмкүн эмес экендигин белгилеп кетүү керек;
экинчиден, жасалган укук бузуулардын фото/видео жазма түрүндөгү тийиштүү далилинин жоктугуна байланыштуу, бул күнөөлүү адамдын Жол кыймылынын эрежелерин айкын жана орой бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен качуусуна алып келет.
Буга байланыштуу жол кыймылын контролдоо өзүнө ошондой эле визуалдуу байкоону да камтуусу керек жана жасалган административдик укук бузуунун фактысынын фото жана/же видео жазмасынын жоктугу ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан түздөн-түз табылганда административдик укук бузуу тууралуу иш козгоодон баш тартуу үчүн негиз катарында болбошу керек, анткени бул Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин административдик укук бузуу жөнүндө иш козгоо үчүн себептерди белгилеген 547-1-беренесинин талаптарына каршы келет.
Баяндалгандарга байланыштуу 1-берененин 1-бөлүгүн жана 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацын алып салуу зарыл деп эсептейбиз.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 26-1-пунктунун сунушталган редакциясында унаа каражаттарын токтотуунун учурлары белгиленген.
Ушуга байланыштуу баяндалган жоболор "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жөнгө салуунун предмети болуп эсептелбей тургандыгын белгилеп кетүү зарыл, анткени Мыйзамдын преамбуласына ылайык бул Мыйзам аткаруу бийлигинин тутумундагы ички иштер органдарынын ордун жана ролун аныктайт, негизги милдеттерин, укуктарын жана жоопкерчилигин, укуктук жана социалдык коргоонун кепилдиктерин, аларды каржылоонун жана материалдык-техникалык жактан камсыздоонун тартибин белгилейт.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конституциялык Мыйзамда аталган ыйгарым укуктарга негизденип, аларды ишке ашыруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосундагы функцияларды бөлүштүрөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы жөнүндө жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматына кылмыштарга жана укук бузууларга тез арада чара көрүү, ошондой эле кылмыштарга жана укук бузууларга бөгөт коюунун, кылмышты жана укук бузууну жасаган деп шектелген адамдарды кармоонун зарыл чараларын колдонуу боюнча милдеттер жүктөлгөн.
Мындан тышкары, баяндалган учурлардын ченемдери Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 224, 226, 229 жана 238-беренелеринде камтылган, аларды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчилик каралган.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 547-1-беренесинде административдик укук бузуу жөнүндө ишти козгоонун себептери каралгандыгын белгилөө зарыл.
Баяндалгандарга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн алтынчы-он экинчи абзацтарын алып салуу зарыл деп эсептейбиз, буга ылайык мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи-төртүнчү абзацтарын алып салуу керек.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 17-беренесине ылайык жасалган административдик укук бузуу анча маанилүү болбосо, сот (судья) же ишти кароого ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) бузуучуну административдик жоопкерчиликтен бошотот жана оозеки эскертүү менен чектелет.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "оозеки эскертүү" деген сөздөрдү "оозеки сын пикир" деген сөздөр менен алмаштыруу сунушталат.
Муну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин административдик жазанын түрлөрүн регламенттөөчү 27-беренеси эскертүүнү административдик жазанын түрү катары карайт.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин VI бөлүгүнө ылайык, эскертүү - ыйгарым укуктуу орган, кызмат адамы тарабынан бузуучуга карата жазуу жүзүндө берилген сын пикир. Бузуучуга карата оозеки берилген сын пикир эскертүү катарында эсептелбейт.
Баяндалгандардын негизинде мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүн алып салуу зарыл деп эсептейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 234-1-беренесин жаңы редакцияда баяндоо боюнча эскертүү каралууда.
Бул оңдоолор ашыкча, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин жобосун кайталап турат деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, жайгашуу картасы кызматтык документ болуп эсептелерин жана бул документти Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин алкагында кароо туура эмес деп эсептейбиз.
Ошондой эле 2014-жылдын 3-июлундагы № 110 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган учурдан тартып, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 234-1-беренесине ылайык ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата ушул беренеде каралган укук бузуулардын белгилери боюнча бир дагы административдик материалдарга иш козголгон эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 556 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставынын 67-пунктуна ылайык ички иштер органдарынын кызматкерлери атайын наамына жана ээлеген кызматына карабастан, мыйзам алдында бирдей жана алар тарабынан жасалган укук бузуулардын оордугуна жана мүнөзүнө карабастан, тартиптик, административдик, жарандык-укуктук жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 22-беренесине ылайык Жол кыймылынын эрежелерин, аңчылык, балык уулоочулук жана балык запастарын коргоо эрежелерин, өрт коопсуздугунун, айлана-чөйрөнү коргоонун башка эрежелерин жана ченемдерин бузган ички иштер органдарынын кызматкерлери жалпы негизде административдик жоопкерчиликти тартат.
Мисалга алсак, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 400-беренесинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткарбаган кызмат адамдарынын административдик жоопкерчилиги белгиленген.
Баяндалгандарга байланыштуу, мамлекеттик органдын кызмат адамдары болуп саналган ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин караган кошумча ченемдерди киргизүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейбиз, анткени алардын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мурда эле каралган.
Ошондуктан, мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи-бешинчи абзацтарын алып салууну зарыл деп эсептейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүндө унаа каражатынын айдоочусунун документтерин үчүнчү жакка бергендиги үчүн ички иштер органдарынын кызматкерлеринин административдик жоопкерчилигин киргизүү каралган.
Баяндалган редакцияда тактык жок, атап айтсак, үчүнчү жак болуп ким эсептелери түшүнүксүз, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жол берилген бузуулардын далилдерин топтоонун механизми иштелип чыккан эмес.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы менен бирге айдоочулук күбөлүктү албастан, Жол кыймылынын эрежелерин бузуулардын автоматтык жазып-белгилөө долбоорун киргизүүнүн Ведомстволор аралык планы иштелип чыккандыгын билдиребиз.
Учурда бекитилген план ишке ашырылууда, анын алкагында Кодекстин айрым беренелери боюнча айдоочулардан айдоочулук күбөлүктү алып коюуга тыюу салууну караган Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору иштелүүдө. Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан кароо укуктарына кирүүчү материалдар боюнча айдоочулук күбөлүк алынат жана чечим кабыл алуу үчүн сот органдарына жиберилет.
Мындан тышкары, Жол-кайгуул кызматынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук актылары административдик укук бузуулар болгон учурда административдик материалдарды түзүү Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлерине жүктөлөөрү көрсөтүлөт, алар башка адамдарга же ички иштер органдарынын кызматкерлерине бул укуктарды өкүлдөөгө укуксуз.
Жогоруда белгиленгендей, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароочу кошумча ченемдерди киргизүүнүн зарылчылыгы жок, алардын жоопкерчилиги мурда эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган.
Баяндалгандарга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүн алып салуу зарыл деп эсептейбиз. Ошондой эле мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 4-бөлүгүн да ылайыгына жараша алып салуу керек.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 549-беренесин, Кодекстин 585-беренесинде каралган административдик укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар, протоколдордун жана/же иштин башка материалдарынын туура эмес таризделген жагдайлары, административдик укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун мөөнөттөрүнүн аякташы менен толуктоо максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Протоколду жана/же иштин башка материалдарынын туура эмес толтурулушуна карата сунушталган ченем Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 558-беренесинин 3-бөлүгүнө каршы келет жана "протоколду жана/же иштин башка материалдарын туура эмес толтуруу" деген түшүнүккө так аныктама бере албайт, бул бардык так эместиктерге, ал тургай административдик протоколдордо кетирилген грамматикалык каталарга да укук бузуучулардын даттанууларды берүү жолу менен жазалоодон кутулуусуна мүмкүндүк берет.
Ошону менен бирге, Кодекстин 585-беренесинде караштырылган административдик укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун мөөнөттөрүнүн аякташы, административдик укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайларды эсептөөнү ылайыксыз деп эсептейбиз, анткени бул ченем административдик укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болуусуна өбөлгө түзөт; Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин колдонуудагы 549-беренесинин редакциясында укук колдонуу практикасында пайда болуучу административдик укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу бардык зарыл жагдайлар каралган.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 558-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүн алып салуу ички иштер органдарынын ишине терс таасирин тийгизет, анткени практикада протоколду түзүүдө жана иштин башка материалдарын тариздөөдө аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн кошумча убакыт бөлүү зарыл, анда колдонуудагы редакцияда пайда болуучу жагдайларды чечүү жөнгө салынган.
Баяндалгандарга байланыштуу 2-берененин 5 жана 6-бөлүктөрүн алып салуу зарыл деп эсептейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 7-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 566-беренесин буюмдарды кароо процессинде эки калыс-күбөнүн катышуусунан башка менчик ээси (ээси) жок болуп, кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда, аны менен бирге кароонун бардык процессинде видео-тартуу жүргүзүүнү милдеттендирүүчү ченемдер менен толуктоо сунушталган.
Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин финансы каражаттарынын жана техникалык камсыздалышынын чектелүүлүгүнө байланыштуу видео-жазуу техникалык каражаттарын колдонууга мүмкүнчүлүк дайыма эле боло бербейт, ушуга байланыштуу буюмдарды кароо процессинде видео-тартуу жүргүзүүнү милдеттендирүү алгылыксыз деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 556-беренесинин колдонуудагы редакциясына ылайык менчик ээси (ээси) жок болуп, кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда эки калыс-күбөнүн катышуусу менен буюмдарды кароо жүргүзүлөт.
Өздүк кароодо жана буюмдарды текшерүүдө протокол түзүлөт, же административдик укук бузуулар жөнүндө протоколго же административдик кармоо жөнүндө протоколго тиешелүү жазуулар жазылат.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 575-беренесине ылайык иштин натыйжасына кызыкдар болбогон жашы жеткен адам күбө болуп саналат. Калыс-күбө жүргүзүлүп жаткан аракеттер боюнча протоколго киргизиле турган билдирүүлөрдү жана эскертүүлөрдү берүүгө укуктуу. Зарылчылыкка жараша калыс-күбө күбө катарында суралышы мүмкүн.
Баяндалгандарга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 7-бөлүгүн алып салуу зарыл деп эсептейбиз.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде мыйзамдын долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алуу жол кыймылынын коопсуздугунун деңгээлине терс таасирин тийгизет, Жол кыймылынын эрежелерин бузган унаа каражаттарынын айдоочуларынын жазаланбай калуусуна жана жол-унаа кырсыктарынын, жолдордогу жаракат алуулардын жана курмандыктардын санынын өсүшүнө алып келет.
Фото жана/же видео-белгилөө, фото жана/же видеотаануу автоматташтырылган видео-байкоо тутумун орнотууну караган "Коопсуз шаар" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун толук киргизгенден, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери зарыл болгон техникалык каражаттар менен жабдылгандан кийин сунушталган мыйзамдын долбоорун кароо максатка ылайыктуу.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.